Укмуштуунун төөсү жорго

Кадыры кеткен Кадыржан
кайсы арына актанат?
Редакциядан:

17-сентябрда түштүктөгү коогалаңды баштаган деген айып менен издөөдө жүргөн Кыргызстандагы өзбек лидери Кадыржан Батыровдун кеңири маеги Украинанын "2000" аттуу гезитине жарыяланган. Батыровдун көп кызыктардын башын ачкан бул маегин кыргызчага которуп, кыскартып берүүнү туура көрдүк. Мындан мурда Кадыржан Батыров "http://www.youtube.com/watch?v=BmuQvXONass" интернет булагы аркылуу кыргыз элине кайрылуу жасаган. Бирок таң калычтуусу Кадыржандын учурда жасаган аракеттерине Убактылуу Өкмөттүн бир да мүчөсү жооп кайтарышпаганы болууда. Ал эми эч кандай жоопко тартылбастан качып кеткен Батыров шайлоонун алдында кылтыйып чыга калып, Убактылуу Өкмөттүн жүзүн ачып жатабы же алдыда дагы бир чагым чыгарууну көздөп жатабы? Кандай болгон күндө да амалкөй өзбектин "божураган" маеги баарыбызды кызыктырууда. Ошондой эле бул туурасында окурмандардын пикирлерин күтөбүз.

- Мындан 5 жыл мурда Бакиев бийликке келгенде айтышты эле "бийлик түштүктүктөргө өттү" дешип. Эми ошол бийликти кайра "түндүктүктөр" кайтарып алыштыбы?
- Мунун түшүндүрмөсү жөнөкөй эле. Келгиле мисалы 7-апрелдеги окуядан кийин кырдаал кандайча өнүккөнүн алалы. 7-апрель күнү кечинде Бакиев Бишкектен качты. Ал түз эле чет өлкөгө учуп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар эле. Анткендин ордуна ал Ошко бет алды. Бир нече күн жашырынып, андан кийин бир туугандары тарапкерлерин чогулта баштады. Ошондон кийин Бакиев отставкага кетпей турганын жарыялады.
15-апрелде өзү туулуп өскөн "Тейит" айылында митинг өткөрдү. Элди акча менен чогултушту. Ар бирине 1000 сомдон, ал эми аксакалдарга 100 доллардан төлөп берип жатышты. Мындан тышкары ал жерде жаш спортсмен балдар дагы чоң роль ойноду. Андан кийин алардын баарын машинага отургузуп, Ошко митинг кылганы барышты. Оштон аларды кыжырданган эл ушунчалык ачуу менен тосуп алышканда Бакиев жандоочулары менен бутун араң сүйрөп качты. Бакиевди катардагы карапайым жергиликтүү кыргыздар кубалап чыкты. Андан кийин Бакиев Жалал-Абадга кайра барып, ал жерден кайра митинг өткөрдү да, сүйлөшүү жүргүзүп баштады. Акыры Бакиевди Нурсултан Назарбаев жөнөткөн атайын аскердик учак алып кетти. Андан ары Белорусияга өтө качты.
- Назарбаев эмне үчүн мындай кылды?
- Менимче ал "революциянын" этеги эмне менен бүтөөрүн түшүндү го дейм. Мүмкүн өзгөчө кырдаалдарда жардам берем деп убада кылгандыр.
- Бирок Бакиевдин айылында "тазалоо" иштери жүргөндөй болду эле?
- Ооба, качан ал аэропортко кетип баратканда аны бир туугандары коштоп барышкан. Бул убакта алардын баарына издөө жарыяланган болучу. Эң башкысы алардын ичинде Жаныш Бакиев болгон. Аларды Улуттук Коопсуздук Комитетинин жаңы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев колго түшүп берүүгө чакырган. Жаныш болсо ошол күндү өзүнүн үй-бүлөсү менен өткөрүп, эртеси жаңы бийликтин колуна түшүп берүүнү өтүнгөн. Бирок, ошол күнү кечинде ошол кездеги Ички иштер министри Болотбек Шерниязов Улуттук Коопсуздук Комитетинин төрагасынын орун басары экөө келип калышты. 20 чакты үйдөн турган чакан айылдын үстүнөн вертолеттор айланып айылды курчоого алып, Бакиевдин бир туугандарын камакка алууга даярданып жатышкан. Анан мага Шерниязов чалып: "Мен азыр мобу "бакиевчилерди" талкалайм, бирок силер чоочубагыла. Элге да айткыла, өзбектер тынч жашай беришсин" деди. Жалал-Абад УВДсында атайын штаб түзүштү. Бирок, ошончо операция толук кыйроо менен бүттү. Көрсө ага чейин эле Бакиевдин инилери түн жамынышып айылды таштап чыгып кетишкен экен. Шерниязов болсо өзүнүн милиция кызматкерлери менен атайын уюштурулган аялдардын тобунан чириген помидор, сасыган жумуртка менен чокуга жеп кайтты. Жалпысынан уят болуп кайтты. Мага кетээринде коштошуп кетем деп убада берген, бирок чалган жок...
- Учурда саясатта криминалдык кландын ролу кандай?
- Бакиевдин убагындагы башкаруудан бир мисал келтирейин. Ош шаарынын мэри болуп Мелис Мырзакматов дайындалган. Бул киши жергиликтүү наркобарон. Убагында Жаныш Бакиев менен достошуп алып бир шаарды каалагандай башкарууга укук алган. Ал азыр да иштеп жатат.
- Аны Бакиевдин кадры катары кызматтан кетиришкен жокпу?
- Жок. Менимче азыркы бийликтин курамындагы кээ бир адамдар бар "черныйлар" менен жакшы мамиледе жүргөн.
- Алар кимдер?
- Биз криминал чөйрөсүндөгүлөрдү ушинтип атайбыз. Айрыкча түштүктө көп, алар наркотрафикте контрабанда менен алектенишет.
- Кызык, а Роза Отунбаева дагы "черныйлар" менен доспу? Аны теледен көрсөткөндө өзүнчө эле периште го...
- Анын криминал менен байланышы туурасында менде маалымат жок. Бирок ал мобу Шерниязов, Бекназаров жана башкалар менен турганда эмне кыла алат? Эч нерсе. Тигилердин жанында ал бечара алсыз. Мен башында буга абдан таң калгам.
- Кандайча?
- Революциянын алгачкы күндөрүндө мени Убактылуу Өкмөт өзүнө чакырды. Алар менин ордум Жалал-Абадда эмес, Бишкекте экенин айтышты. Бирок мен Бакиев түштүктө турганда ал жакты таштап кетүүгө болбостугун, эң алгач тартипке келтирип, анан кийин гана кызмат бөлүшүү туура болоорун айттым. Анан Роза Отунбаева мага президенттин алдындагы консультативдик кеңешке мүчө болууну сунуш кылды. Отунбаева андан так маалыматтарды баары жашырып жатышкандыгын, СНБга дагы, милицияга дагы ишенбей тургандыгын, ошондуктан бир маселе болсо түз байланышып чогуу чечүүгө жардам берип туруумду суранган.
- Өзүңүз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып бербейсизби...
- Көп бир тууган болчубуз, бирок азыр бир эркек бир тууганым жана эки эжем калды. аялым, 5 балам бар. Алар 8 жылдан бери Дубайда жашашат. Себеби кичүү уулум төрөлгөндөн бери өпкө оору менен ооруйт. Биз аны Кыргызстандан дарылайлы деп аракет кылдык, бирок врачтар деңиздин абасы зарыл деп кеңеш бергендиктен үй-бүлөмдү Дубайга жөнөтүүгө туура келди.
- Бул жылы болуп өткөн кыргыз-өзбек жаңжалы мындан 20 жыл мурун болгон окуя менен бир нече күн гана айырмалуу датада башталды. Бул Сиздин оюңузча кокустукпу же кандуу окуянын "юбилейин" белгилөөнү максат кылган күчтөрдүн аракетиби?
- Бул эми журналисттердин окурмандарды кызыктыруу үчүн жасаган интригалары. Чындыгында бул 90-жылдагы окуяга эч байланышы жок. Болгону апрелдеги окуялардан кийин кырдаал башка нук менен өнүгүшү мүмкүн эмес эле.
Шерниязовдун баягы жеңилүү менен аяктаган операциясынан кийин Жалал-Абадга Бекназаров келди. Ал мени облустук прокуратуранын имаратына чакырып: "Милицияга ишеним жок. Бизге Сиздин жардамыңыз керек. Элдик кошуун түзүш керек. Мейли ал жакта кыргыз болсун, өзбек болсун, айырмасы жок. Бул Республикадагы бардык улуттар бирдиктүү экенин көрсөтөт. Биз ошондо гана Бакиевдин адамдарын сүрүп чыгарабыз"деди.
- Сиз анын айткандарынан күмөн санаган жок белеңиз?
- Жок. Убактылуу Өкмөт ал убакта жардамга муктаж болчу. Андан кийин мага Өмүрбек Текебаев чалып, ал дагы жардам сурады. Мен парламентте депутат болуп иштеп жүргөндө чогуу иштегенбиз. Ал спикер болгон. Менден Текебаев гана жардам сураган эмес. Бизге анын иниси Асылбек Текебаев келген. Ал биздин университетте болуп, Улугбек Абдусаламов менен сүйлөшкөн. Андан кийин эл алдына чыгып, мындан ары Бакиевдерсиз жашай турган учур келгенин, бардык улуттарга бирдей шарт түзүлөөрүн айткан. Андан кийин жанагынтип мени Убактылуу Өкмөт бир тааныштар аркылуу чакыртып жибериптир.
- Эгер бийликтин өзбектерге мамилеси жакшы болсо, анда эмне үчүн кырдаал улуттар аралык кагылышка чейин жетти?
- Апрелде эле кээ бир кыргыздар, Бакиевдин жактоочулары улуттар аралык кагылышууларды уюштурганга аракет жасашкан. Бирок биз бул аракеттер Бакиев, Сыдыковдор тарабынан уюштурулуп жаткандыгын билгенден кийин алардын бардык аракеттерин токтотууга жетиштик.
- Бул убакта Убактылуу өкмөт эмне иш кылып жатты эле?
- Бекназаров жана башка өкмөт мүчөлөрү чогулуп, элге кайрылуу жолдошту. Революция коркунучта экенин айтышып, элден жардам сурашты. Мага дагы кайрылышты. Отунбаева чалды, ошондой эле байланышка Бекназаров, Текебаев, Эмиль Каптагаев чыкты. Ошондой эле Темир Сариев кайта-кайта чалып жатты.
Текебаев "Ата-Мекен" партиясынын мүчөлөрү ыктыярдуу топ түзүп жатканын, аларды мага жөнөтүп жатышканын айтты. 14-май күнү эртең менен алар партиянын желектери менен Жалал-Абаддагы автовокзалга чогулушту. Биздин университет ошонун жанында эле болучу. Биз алардын артынан 2-3 миң адам кошулдук. Жалпысынан 8 миң адам чогулуп, аянтка келдик. А Бакиевчилер ал жерге баррикадаларды орнотуп, таяк, таш менен турушуптур. Биз аларга жакын келип сүйлөшүүлөрдү баштайбыз деп ойлогонбуз. Бирок биз жакын барганда эле таштар менен ура башташты. Андан кийин куралсыз адамдарды автоматтар менен ата башташты.
- Мындай окуя Бишкекте болбоду беле. Анан эмнеге автоматчан адамдарга бардыңар?
- Бишкекте аскер адамдары болгон. Алар буйрукту аткарышкан. А бул жерде баррикада түзүшүп, өзүбүздүн жердештер отурушкан да. Биз алар менен компромисс табабыз деп ишенгенбиз. Анткени Бакиевдин Кыргызстанга келбеси айкын болуп калган. Көрсө, алардын кишилери түштүктү толугу менен басып алууну пландашкан экен. Качан атыш башталганда баары туш тарапка качышты. Мага ошондо Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асанов келди. Калтырап, титиреп: "Кетпеңиз. Эгер Сиз кетсеңиз эмне болоорун билбейм. Ар бир 10-15 мүнөттө Отунбаева, Бекназаровдор менен сүйлөшүп жатам. Бишкектен спецназ күтүп жатабыз. Сураныч, кетпегиле"деди.