"Ак шумкардын" реформалары

Парламенттик шайлоого карата "Акшумкар" саясий партиясынын лидери Темир Сариев менен журналист, жазуучу Кален Сыдыкова маектешкен.

- Темир Аргенбаевич, байыртадан эл "жок дей берген бай болбойт, эмгектенген кор болбойт" дейт эмеспи, "7 кадам" деген программаны кабыл алды деп уктук, ошо жөнүндө айтып берсеңиз?
- Ырахмат "Акшумкар" партиясынын милдети - Кыргызстанды байгер, өзүн - өзү камсыздай алган, демократиялуу, экономикасы гүлдөгөн өлкөгө айландыруу. "7 кадам" программасы жалаң реформадан турат. Биринчиден, менчиктин кол тийбестигин камсыз кылуу, аларды мыйзамсыз мамлекеттештирүүдөн, рейдерлик басып алуудан коргоо; Экинчиден, мамлекет тарабынан теңдештирилген акча - кредиттик саясат жүргүзүү; Үчүнчүдөн, ишкердик маселелерин теске салган ченемдик - укуктук базаны реформалоо; Төртүнчүдөн, салык реформасы; Бешинчиден, мамлекеттин тарифтик саясаты; Алтынчыдан, агрардык секторду өнүктүрүү; Жетинчиден, өлкөнүн жаркын келечегинин образын жана аны өнүктүрүүнүн милдет - максаттарын калыптандыруу.
- Бул канча мөөнөткө эсептелген?
- "7 кадам" деп аталган бул "бизнести жана экономиканы колдоо планы" өлкөнү кризистен чыгаруу планы. Кыска мөөнөткө эсептелген. Бул кризистен чыгуу планын ишке ашыргандан кийин, биз орто жана узак мөөнөттүү программаларды ишке ашырууга өтөбүз. Алдыда дагы үч программабыз бар.
- Бродиндин бир "Жакшы жетекчи бийлигинен пайдаланбайт. Ал болгону өз жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт" деген сөзү бар. Ал программалар кайсы маселелерге багытталган?
1. Мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча; 2. "Ак шумкар" партиясынын агрардык секторду өнүктүрүү багыттары; 3. "Ак шумкар" партиясынын кичи шаарларды өнүктүрүү боюнча долбоору. Биздин милдетибиз өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү.
- Кыргызстан гүлдөгөн өлкө болуш үчүн ириде эмнелерди жасоо керек деп ойлойсуз?
- Биринчиден, мамлекетти элге кызмат кылдырыш керек. Кызмат натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү болот. Сот адилеттигине жетишүү зарыл. Экинчиден, келечектеги кайра түзүүлөр үчүн элдин биримдиги жана ырыс - ынтымагы камсыз кылынууга тийиш. Үчүнчүдөн, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негиз катары атаандашууга жөндөмдүү, модернизацияланган экономиканы түзүү керек. Аймактардын өнүгүүсүнө шарт түзүү зарыл. Төртүнчүдөн, ички эмгек рыногун өнүктүрүү жана адам капиталынын сапатын арттыруу менен ар бир адамга, ар бир үй бүлөгө татыктуу жашоону камсыз кылуу зарыл. Эң төмөнкү пенсия 8000 сомдон аз болбош керек. Эң төмөнкү эмгек акы 15 000 сомдон кем болбоого тийиш. Бешинчиден, тышкы саясатты ишенимдүү жүргүзүү керек, ал Кыргызстандын улуттук мүдөөсүнө негизделбесе болбойт. Кыргызстан өзүнүн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай сыяктуу тарыхый кошуналары менен жакшы коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык позицияда бекем туруусу керек. Биздин стратегиялык өнөгүбүз - Россия менен саясий - экономикалык байланыштарыбыз бекемделе берүүгө тийиш. Евробиримдиги, АКШ, Япония жана башка өлкөлөр менен биз чынчыл, узак мөөнөттүү негизде кызматташа бермекчибиз.
- Эң төмөнкү пенсия 8000 сомдон, эң төмөнкү эмгек акы 15 000 сомдон кем болбош керек дегенге өзүңүз ишенесизби?
- Ишенем. Экономиканы көтөрсөк эле бул көйгөй чечилет. А биздин "Ак шумкар" партиясы буга кризистен чыгаруучу "7 кадам" программасына жөн жерден токтолгон жок.
- "Келечек жаштардыкы" дегенибиз менен мамлекет көп жыл бул маселеге колу жетпеди. Убактылуу өкмөт жаштар министрлигин түздү. Алар эмне кылып жатканын эч ким билбейт. Бул багытта "Акшумкардын" позициясы кандай?
- Учурдун курч көйгөйү ушу жаштар маселеси. Чынында бийлик тарабынан көп убакыттан бери жаштарга көңүл бурулбай келген. Айрыкча айыл жергесиндеги жаштарды тарбиялоодо чоң кемчиликтер кетип жатат. Айыл жерлериндеги мектептерде билим берүү деңгээли төмөн. Мугалимдер жетишпейт. Жаштар толук, ар тараптуу билим ала албай жатышат. Спорт менен машыкпайт. Орто мектепти бүтүргөн таланттуу жаштарыбыз билим деңгээлинин төмөндүгүнөн жогорку окуу жайларына өтө албай, арабөк калууда. Атайын орто, жогорку окуу жайларын бүткөн жаштардын көпчүлүгү жумушсуз калууда. Жаштар - биздин келечегибиз. Эгер биз жаштар менен иш алып барбасак, биздин өлкөнүн келечеги жок. "Акшумкар" партиясынын программасында жаштар саясатын заманбап жүргүзүү боюнча комплекстүү иш - чаралар артыкчылыктуу багыт катары каралган.
- Жана жогоруда мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча айтып кеттиңиз. Бир аз чечмелей кетсеңиз?
- "Ак шумкар" партиясы мамлекеттик башкарууда дагы олуттуу реформаларды жүргүзүү зарыл деп эсептейт. Мамлекеттик аппаратта чакан, натыйжалуу жана коррупциясыз иштегидей реформа жүргүзүлүшү шарт. Бизде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштелип чыккан чаралардын планы бар. Биз мамлекетте үч тепкичтүү башкаруу системасына өтүүнү сунуштайбыз. Ошондой эле эки тепкичтүү бюджет системасына биротоло өтүү зарыл. Алдыда боло турган Жогорку Кеңешке шайлоолор биз үчүн өтө маанилүү, анткени, мамлекеттик бийликтин жогорку органдары аркылуу гана өз максаттарыбызды толук ишке ашыра алабыз. Өкмөттү түзүү ишине таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуш үчүн алдыдагы шайлоолордо утуп чыгып, жеткиликтүү сандагы парламенттик орундарга ээ болууну биз алдыбызга максат кылып койдук. "Таптаган билет тулпарды" дегендей, "Акшумкардын" жактоочулары шайлоодо калыстык кылып толук колдойт деп ишенебиз.
- Маегиңизге ырахмат. Шайлоодо ийгилик каалайм.
Маектешкен
Кален Сыдыкова
Жазуучу, публицист.
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Коомдук Манас академиясынын академиги