Шайлоо-2010

"Ата-Журт" партиясынын төрагасы
Садыр Жапаров:
"ШАЙЛООДО ЖЕҢИП ЧЫГААРЫБЫЗГА ИШЕНЕМ"
- Садыр Нургожоевич, айтыңызчы,сиздердин "Ата-Журт" партияңыздарды - мурдагы Акаевчи, Бакиевчи, министр, губернаторлор топтолгон акчалуулар партиясы деп айтып жатышат. Эгерде бул шайлоодо утуп кетишсе, Бакиевди кайра алып келип олтургузушат деген кептер бар. Бул пикирде канча чындык бар?
С.Ж.: Биринчиден: Акаевчи, Бакиевчи Түндүк, Түштүк деп Кыргызстанды бөлгөндү токтотуш керек.
Экинчиден: Эгерде антип бөлө турган болсок, анда кечээ жакында эле бүтүндөй кыргыз эли шайлап алган Роза Отунбаеваны кимдики деп бөлөбүз Акаевдикиби же Бакиевдикиби? Акаев менен мамилеси абдан жакшы болгон, элчиликтерде иштеген, Тышкы иштер министри болгон. Бакиевди болсо 2005-жылы жоогазын гүлүн көтөрүп алышып бийликке алып келгендердин бири эмес беле. Ал учурда дагы элчи болду, Тышкы иштер министри болуп иштеп турду. Кийинчерээк Жогорку Кеңештен кандидатурасы өтпөй калып, элчилик кызматка кетти, болбосо кечээки 7-апрелге чейин министр болуп иштеп турмак.
Үчүнчүдөн: Роза Исаковна түзгөн өкмөттүн курамын кимдики десек жарашат? Муралиев, Костюктар Акаевдин эң жакын адамдары болгон. Өктөмкан Абдуллаева, Айгүл Рыскулова Бакиевдин эң жакын адамдары. Булардын баары кечээ 7-апрелден кийин кызматтан кетишкенин бүтүндөй кыргыз эли көрдү го? Аларды кайра алып келип койду.
Атамбаевди кимдики дейбиз? Бакиевдики дейбизби? Кечээ жакында эле Бакиевдин колунан орден алып, кетип жатып Бакиевди мактап кетти эле го! Сариевди кимдики дейбиз Акаевдики дейбизби? Кыскасы, санай берсек баары эле Акаев менен Бакиевдики болуп чыгат. Ошондуктан, карындашым, антип бөлүп карабастан ишине жараша бөлүш керек.
- Бул көз карашыңызды кандайча түшүнсөк болот?
С.Ж.: Ким болбосун, министр, губернатор болуп келгенде ошол министрлик же ошол область кандай абалда эле, ал адам кеткенден кийин кандай абалда калды- көтөрдүбү же итке мингизип кеттиби? Пара алчу беле же алчу эмес беле. Кызматкерлерге мамилеси кандай эле? Патриотпу же патриот эмеспи? Мына ушундай өңүттө караш керек.
Төртүнчүдөн: Мен так кесе айтып коёюн: "Кан төгүп кеткен Бакиев эмес, тынч качып кеткен Акаевке дагы мындан ары Кыргызстанда орун жок". Бул "Ата-Журт" партиясынын ачык позициясы. Антип сөз таркатып жүргөн эргулдар унутушпасын: "Ата-Журт" партиясы эмес, 160 партия биригип Бакиевди алып келип кайра отургузабыз дешсе дагы ишке ашпайт.Себеби кыргыз эли жана 7-апрелде каны төгүлгөн эр-азаматтардын тууган-уруктары буга жол бербейт.
- Баса, партиялар демекчи, шайлоо башталаардын алдында эле белгисиз партиялар чөптөй өсүп чыкты. Бардыгы эле шайлоодо: "Талкалайм, жоготом, жеңип чыгам!" деп кыйкырат. Жашоосу жарым айга жетпеген мындай партиялардан эл кандай жакшылык күтсүн? Деги силердин "Ата Журт" партияңардын тарыхы канча жылды камтыйт?
- "Ата Журт" партиясы 2006-жылы уюшулган. Кыскача тарыхы төмөнкүчө. Ошол мезгилдеги саясий кырдаал өлкөдө жаңы партиялардын жаралышына негиз түзгөн. Ошондо түндүктөн-түштүктөн болуп, Кыргызстан боюнча 13 депутат биригип, ушул - "Ата Журт" партиясын түзгөнбүз. Негизги максатыбыз - кыргыз элине ак кызмат кылуу максаты эле. Кийин 2007-жылдын аягында Бакиев дагы "Ак Жол" партиясын түзүп чыккан болчу. Биздин баарыбызды "Ата Журт" партиясын кулагыбыз укпасын, жапкыла дагы "Ак Жолго" киргиле, деп кыйнай башташты. Ошондо он үч кишиден төрт эле адам калдык. Алар кимдер эле? Ысык-Көлдөн мен, Жалал-Абаддан Камчыбек Ташиев, Чүйдөн Жаныш Кудайбергенов, Оштон Акматбек Келдибеков болчу. Калган тогуз депутат бир күндүк кысымга чыдабай, "Ак жол" партиясына өтүп кетишти. Бүгүнкү күнгө чейин төртөөбүз бул партияны сактап, анын артында жигиттик-достугубузду, адамгерчилигибизди, эң башкысы эл алдында абийирибизди таза сактап келдик. Бүгүнкү шайлоону биз беш жыл мурда эле билип, түшүнүп ошого даяр келдик. Демек, биздин партиябыздын тарыхы быйыл бешинчи жылды кечирип жатат.
- Сиздердин партияны жалаң гана түштүктөр чогулган партия, түштүктөн добуш алат, түндүктөн добуш ала алышпайт деп айтып жатышат, буга кандай жооп айтар элеңиз?
С.Ж.: Мен жогоруда айтпадымбы түндүк, түштүк деп бөлгөндү токтотушубуз керек. Мындан ары түндүк, түштүк деп бөлгөн кыргыз ал өз айылынан алысты көрө албаган кыргыз. Себеби минтип бөлүнүп олтурсак Кыргызстан жакынкы аралыкта мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучунда. Муну кечээки Ош окуясы тастыктады.
- И, баса, ошол Ош окуясына "Ата-Журт" партиясынын лидерлери упай топтош үчүн түштүккө биринчилерден болуп чуркап барышты деп жатышат, ушул чынбы?
С.Ж.: Биринчиден: Ошентип упай топтош үчүн барышты деп айтып жүргөндөргө наалат айтам, кудай өзү жазаласын.
Экинчиден: Кыргыз болгондон кийин жүрөгүбүз ооруп чыдап тура алган жокпуз. 12- июнь күнү эртең менен бардык. Үч күн бою эки жакты тең басып, октун арасында, оттун арасында жаныбызга кайыл болуп эл арасында жүрдүк. Бүгүн упай топтош үчүн барышкан деген биздин атаандаштарыбызды да туура түшүнсөк болот. Себеби алар ошол күндөрү ажалдан коркуп үйлөрүндө, Бишкекте өздөрүнүн көрпенделик турмушу менен убара болушту. Болбосо башкаларга Ошко барам десе ким тоскоолдук кылды. Бийликте отургандардан бирөө да басып барган жок. Качан гана ызы-чуу басаңдап, эл тынчый баштагандан кийин эки жума өткөн соң ийинден чыккан суурларча чыга келишти. Буга жалпы кыргыз эли күбө болду го.
- Баса, айрым адамдардын пикиринде "Ата-Журт" түштүк аймактын партиясы деп айтылып жатат. А балким ошондон улам "атажуртчулар" Ош окуясында тартынбай, октон жалтанбай, ажалдан коркпой жүрүштү окшойт.
С.Ж. Андай десеңиз жаңыласыз. "Ата Журт" түштүктүн эмес, Кыргызстандын аймагын толук камтыган республикалык партия болуп саналат. Бүгүн "Ата Журт" партиясынын бардык жерде элдин терең урматына ээ болуп колдоп жатышы да буга күбө.
Биздин партиянын түштүктө позициясы абдан жакшы экенин биздин атаандаштарыбыз жакшы билишет. Ошондуктан алар бизди түндүктөн добуш аз алышсын деп ошондой ушак жүргүзүп атышат. Ошондо дагы мен так айтып коёюн, биздин партияда 50 адамдан турган саясий кеңеш бар. Анын ичинде 11 кишиден турган тең төраганын курамы, ошол эле мезгилде ар бири областтардын өкүлдөрү.
- Алар кимдер ?
- Чүй областы боюнча - Абдылдаев Мыктыбек Юсупович, Кангельдиев Азамат Нургалиевич, Бишкек шаары боюнча Кудайбергенов Жаныш Камчыбекович, Ысык-Көл областы боюнча Жапаров Садыр Нургожоевич, Чолпонбаев Улан Сапарбекович, Талас областы боюнча Жумабеков Дастанбек Артисбекович, Иманалиев Жусуп Умарович, Нарын областы боюнча Молдобаев Нарынбек , Жалал-Абад областы боюнча Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, Ош областы боюнча Келдибеков Акматбек Келдибекович, Баткен областы боюнча Бурханов Арзыбек Орозматович. Бардыгы болуп 11 тең төрага. Ошондуктан биздин партия - жалпы Республикалык партия. Кандай маселе болбосун биздин партия аны демократиялык негиздеги добушка коюу менен чечет.
- Сиз Республикалык партиябыз деп жатасыз бирок, элдер айтып жатышпайбы мурдакы "акжолчулар" кирип алышты деп?
- Эмне, башка партияларда "акжолчулар" жок бекен бардык партияларда бар. Себеби бул шайлоо-бир гана округ. Мурдакыдай Көл округу, Талас округу деген жок. Эгерде Көлдүктөр топтолуп алып Көлдө эле иштей берип, Оштон добуш ала албай калсак партиябыз өтпөй калат. Ошондуктан бардык региондордон, ошол региондун эли сүйгөн кулундарын алышыбыз керек. Себеби областтык курултайларда ошол региондордун элдери жылдырган кандидаттар. Мисалы: Нариман Түлеевди Бишкек эли анан Нарын эли, Динара Исаеваны болсо Чүй эли анын ичинен кадимки Жайыл баатырдын урпактары Кара-Балта эли жылдырышыптыр анан кантип албай коёбуз. Алар да биздин элдер да. Жок башка региондордун элдерине жакпайт экен деп койсок туура эмес болуп калат да.
- Эл арасында сизди эки жылдан ашуун өлкөбүздөгү коррупция менен күрөшкөн агенттиктин комиссары болуп иштеп, эч кандай натыйжа жараткан жок деп айтышат. Буга эмне дейсиз?
- Ким ошентип жатат? Мен билгенден мындай пикирди өзү коррупционер, же анын жек-жааттары гана айтышы мүмкүн. Комиссар болгондо кыйратып жибердим деп айтпасам да, эл оозунда, элдин эсинде калган бир катар натыйжаларды жараттык. "Комиссар эскертет" деген коррупция темасындагы теледолбоорубуз эсиңизде барбы? Ошол программа менен Балыкчы шаарынын 50 миңге чукул элин ууланган суу түтүктөрдөн сактап калдык. Буга бүтүндөй Балыкчы эмес Көл эли күбө. Ал гана турсун, бул факты боюнча шаардын үч жетекчиси камалып, үстүлөрүнөн кылмыш иши козголгон. Бирок айрым прокуратура кызматкерлери бул ишти бурмалоого аракет кылгансып жатышат. Эч кандай андай болбойт. Эл тагдыры менен ойногондор үчөө эмес, 7-8 болуп сот алдында жооп берет.
Мен эки жыл комиссар болуп иштедим, ушул мезгилде бир далай сот, прокуратура, милиция кызматкерлерин коррупцияга аралашканы үчүн жоопко тарттык. Жети-Өгүздүк бир адамдын өлүмүн бурмалагандыгы үчүн бир эле факты боюнча Нарын облусунан үч прокуратура кызматкерин жумуштан бошоттук. Мындан сырткары эки жылда 8 сот, 5 прокуратура кызматкери, анын ичинен бирөө камалды жана 12 милиция кызматкери, анын ичинен бирөө камалды. Бардыгы болуп жетимиштен ашык коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынышты. Алардын ичинде ректорлор, акимдер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары бар. Баары кызматтан бошотулушуп сот жообуна барышкан. Эмне булар натыйжаларга кирбейби? Мен жетектеген Улуттук Агенттиктин аракети менен өткөн жылы жогорку жана атайын окуу жайларында абитуриенттерди кабыл алуу ишинде, атайын сессияларда экзамен берүү кезинде мугалимдердин студенттерден пара үмүт кылган аракеттерин кан буугандай кыстык. Буга бүтүндөй коомчулук күбө.
- Садыр Нургожоевич ушул мезгилде "Ата-Мекен", СДПК, "Ак Шумкар" партиялары тараптан коюлган губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөрү элдерди кысымга алып аталган партияларга добуш бересиңер деп кыйнап жатышпайбы буга сиздин көз карашыңыз кандай?
С.Ж.: Тилекке каршы, бул туура эмес көрүнүш. Акаев мындай бийликке 15 жылда жеткен, Бакиев болсо 5 жылда жетти. А бул бийлик 2 эле айда экөөнөн тең ашып түштү.
Мен так айтып коёюн азыркы министрлер, губернаторлор,акимдер,айыл өкмөттөрү булар убактылуулар. Шайлоодон кийин жеңип келген партия премьер министрден баштап айыл өкмөттөргө чейин алмаштырышат, ошондуктан эл азыр шайлоо өткөнгө чейин чыдап турушу керек. Эгер ачыктан-ачык кыйнап жаткан болсо, анда эл чогулуп туруп ошол чиновникти желкеден алып жетелеп көчөгө чыгарып коюш керек. Себеби мыйзам мамлекеттик чиновниктерге кандайдыр бир партияга иштегенге жол бербейт. Мындан сырткары участкалык, ройондук, областык шайлоо комиссиялары так, таза иштеши керек. Эгер мурдакыдай жасалма жолдорго барышып ошол участоктордон чыр-чатак чыга турган болсо, ошол участоктордун төрагасы, катчысы андан кийин мүчөлөрү жооп беришет. Мен бул маселеге партиянын төрагасы катары айрыкча көңүл бурамын. Эгер мыйзам бузуулар болсо соттолушат. Парламенттик шайлоодон кийин бардыгы иликтенет. Себеби көрүп турган эл ошол комиссиянын кандай жасаганын өздөрү эле айтып беришет.
- Сизди 2005-жылы депутат болуп шайлангандан кийин Түп элине солярка алып барып тек кана өзүнө чуркаган кишилерге таркатып берип элди экиге бөлгөн деген сөз бар экен буга кандай дейсиз?
С.Ж.: Өзүңүзгө белгилүү, шайлоо 2005-жылы февраль-март айларында болбодубу. А мен шайлоодо жүргөндө залда 100 киши отурса 90ну жазгы талаачылыкка соляркадан жардам бергиле деп суранышкан. Депутат болуп Түптөн мен өтүп калдым. 5-6 миллион сомго солярка алып барып бердим дагы, биринчи кезекте жетим жесирлерге, багар көрөрү жокторго турмушу начар жерин айдай албай кыйналып жаткандарга, алардан артса анан байгерчиликте жашагандарга бере бергиле дегем. Себеби турмушу кудайга шүгүрлөр менин жардамымсыз эле сээп алышат да. Анан эмне болду өзүңөр билесиңер ошол кезде 24-мартта революция болуп мен баш аламанда жүрдүм. Москвага чейин барып, Акаевдин арызын алып келдик. Ошентип жүрүп баягы соляркалардын таратылышын көзөмөлдөй албай калдым. Түпкө барганга убакыт болбоду. Кийин өлкө турукташканда жайкы каникулда барып бүт айылдарды кыдырып эл менен жолугушуп чыктым. Ошондо ар бир айылдан элдер айтышты: "саналуу гана кишилер бөлүштүрүп алышты",- деп. Мен ошондо бардык айылдарга айттым: "солярканын акчаларын 1 тыйынын дагы кайра албайм, кайсыл айылда канча акча бар болсо ошол акчаны ошол айылга иштеткиле" - деп ошондон ушул күнгө чейин мен Түп районунан 1 тыйын дагы алган жокмун, тескерисинче, кээ бир айылдарга устүнө акча кошуп бергем. Бүгүнкү кундө 20дай айыл ийгиликтүү иштетип атышат. 15тей айыл чогулткан эмес экен. Бирок баары бир мен бул акчаны элге таштагам. Менин элди экиге бөлөйүн деген эч ниетим жок. Тескерисинче: учурдан пайдаланып 2005-жылы түп көтөрүлүп колдоп беришкен Түптүк жердештериме ыраазычылыгымды билдирем, өмүр бою унутпайм. Мен муну бардык жерде айтып келе жатам.
- Түп элине мындан сырткары эки жылдык депутаттыгыңызда эмне убадаларды аткара алдыңыз?
С.Ж.: Көп эле убадаларды аткара алдым деп эсептейм. Эсте калганы 2005-жылы шайлоодо жүргөндө бардык жерде айтчу элем: "мектептин ремонттору, китептерге ата-энелерден акча чогулттурбайм" деп. Парламентке келип эле ушул маселени көтөрдүм. Депутаттар баары бир добуштан колдоп ошол эле жылы бюджеттен Түп элине эле эмес, жалпы Республика боюнча "100 миллион сом ремонтко, 100 миллион сом китепке" деп бөлүп бердик. Бүгүнкү күнгө чейин ремонт да, китеп да мамлекеттин эсебинен жүрүп жатат. Ата-энелерден акча чогултулбайт.
Экинчиси: Бакиевге жана Транспорт министрине жума сайын кире берип "Түп - Кеген" жолун 2007-жылы бюджетке киргизгенге үлгүрдүм. Бүгүнкү күндө жасалып кетип бара жатат.Үчүнчүсү, Түп эли суранган Боронбай хандын эстелигин тургузуп бердим. Эки жылдын ичинде үч миңге чукул адамды кабыл алып аларга колумдан келген жардамымды көрсөттүм. Анын баарын эл жакшы билет. Мына ушул сыяктуу жана башка көп эле иштерди жасаганга үлгүрдүм. Анын баарын майдалап айтып олтурбайын.
Мен айтып коюшум керек кудай буюрса, биздин партиябызда биринчи турасыңбы же он бешинчи турасыңбы баары бир депутат болосуң. Себеби, эсеп боюнча 5% барьерди өткөндөн кийин эле 17-18 мандат болот. Кудай буйруса, "Ата Журт" башкаруучу алдыңкы партия катары шайлоодо биринчилерден болуп жеңип чыгаарына ишенем. Жогоруда айткандай, "Ата Журттун" катарында кыргыз элинин ишенген мыкты уул-кыздары бар. Алар кыргыз элинин келечеги үчүн талбай эмгек кылууга, жашоодогу адилеттүүлүктүн салтанаты үчүн, карапайым калктын жыргал келечеги үчүн эмгегин эмес, өмүрүн арнаганга даяр. Андыктан өз келечегиңиздерди "Ата Журт" партиясы менен бирдикте аныктап, биз менен болуңуздар!

Маектешкен Бермет
Байышбекова