Улуу Манастын урпактары
"Замандаш" менен!
16-сентябрда "Замандаш" саясий партиясынын лидерлери Токтогул районунун тургундары менен жолугушууларды өткөрүштү. Райондун борбору Токтогул шаарчасынын борбордук аянтында уюштурулган жолугушууга 3 миңдей райондун тургундары менен меймандары катышты. Жолугушуу учурунда Россиянын Магнитогорск, Казань, Екатеринбург шаарлары менен атайын он-лайн сүйлөшүүлөр уюштурулуп, келген эл алыстагы уул-келини, кыз-күйөөсү менен кабарлашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Талас аймагына болгон жолугушуу "Манас Ордо" тарыхый комплексинде ата-бабалардын, апрель жана июнь айларында шейит кеткендердин арбагына багышталып куран окутуу менен башталды. Талас шаарынын борбордук аянтында өткөрүлгөн жолугушууга беш миңден ашык аймактын тургундары партиянын лидерлеринин сөздөрүнө назар салып, республикадагы азыркы саясий, экономикалык кырдаал, өлкөнүн келечеги тууралуу өз пикирлерин билдиришти. Жолугушуу учурунда Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин жакындары сөз алып, Россиянын Воронеж шаарына баатырдын эстелигин орнотуп берген "Замандашка" ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалашты. Таза, туруктуу позицияда бара жаткан, реалдуу иштерди жарата алган "Замандаш" саясий партиясын Манас атанын урпактары ак батасы менен узатышты.





"АТА ЖУРТ" "АТА МЕКЕНГЕ" ТАЙКЕ ТУРА
Бул жаңылыкты Таластагы шайлоочуларыбыз тилипон шыңгыратып айтышты. "Далилдегиле" десек, "Эки партиянын тизмесин алгыла" дейт. "Алдык" десек "Ата Журттун" ичинде Жусуп Иманалиев деген адамдын аты-жөнү жүрөбү?" дейт. "Жүрөт". "Эми "Ата Мекендин" тизмесин ачкыла" дейт. Ачтык. "Марат Назарбеков деген тизмеде 30-талапкер болуп жүрөбү?". "Бар экен, ооба." "Бар болсо ошол Жусуп Иманалиевдин Кара-Буурадагы бир тууган жээни" дейт. "Жээни болсо эмне экен, ал башка адам, Жусуп башка адам" дедик. "Жусуп 2005-жылдагы депутаттык шайлоодо Акаевчилерге көчүгүн такап алып, Равшан Жээнбековдун шайлоочуларын тебелеп-тепсеп, Акаевдин балдызкасы Аязгүл экөө чаң-тополоң чыгарбады беле. Акаев качып кетип, бийликке Бакиев отурганда "Ак жолдун" тегирменин тартып,Талас элине Жусупжан Жээнбеков деген губернатор экөө кара ун жегизебиз дегенин унуттуңарбы" дейт ачууланып. ""Эсте, эсте, унуткан жокпуз" десек, "Таласта "Ата Мекендин" эски "ярый" активисттерин тээп таштап, киши табылбай калгансып, Жусуптун жээнин кошуп алыпсыңар, минтсеңер жаңы бийлигиң деле, жаңы парламентиң деле элди жыргатпайт ко?" дейт. Оозубуздан сөзүбүз түшүп, жооп бергиче - тилипон тү-үт, тү-үт...
Таластын бул мисалы башка аймактарда, башка партиялардын тизмесинде деле толгон-токойдур. Тилипон ургула, билгениңерди ушинтип элге айтып туралы.





Чолпон Орозобекова
"тышкы иштерди" тейлейби?
"Dе-факто" гезитинин редактору Чолпон Орозобекова менен жолдошу Жеңишбек Эдигеев каякта, эмне эле унчугушпайт деп сурагандар көп. "Dе-факто" чыгабы деп күткөндөр андан көп. Ушундай фанат окурмандарына Чолпон Орозобекова жакын арада маек берип, "Dе-факто" качан чыгаарын өз оозу менен айтып берет деп ойлойбуз. Ага чейин окурмандарга айтарыбыз, Чолпон Орозобекова жолдошу Жеңишбек Эдигеев экөө тең Женевада окуп-иштеп жатышат. Биздеги маалыматка караганда, кечээ 20-сентябрда Чолпон Орозобекова Женевада өткөн жыйындардын биринде аңглисче доклад окуп, Борбор Азиядагы чоң державалардын кызыкчылыгы жана тиреши тууралуу сөз кылды. Дагы бир баса белгилеп кое турган жагдай, Чолпон Женева Эл аралык университетинде Эл аралык мамилелер магистратурасында окуп жаткан кези. Чолпон кызыбыз Кыргызстанга түз эле Тышкы иштер министри болуп келет окшойт.




"Алиби" үчүн баары бирдей
Акыркы күндөрү экс-президент Аскар Акаев менен болгон кабарчыбыздын маегинен кийин, редакцияга ыраазылык айтып дагы, ашата сөгүп да чалгандар көбөйүп кетти. Бири туура кылыпсыңар десе, экинчиси Акаев силерди тойгузуп койдубу деп, айтор укпаган сөзүбүз калбай баратканда атайы тактоого туура келди. Урматтуу окурмандар, "Алиби" гезити бардык күчтөр менен нейтралдуу кызматташат. Ал эми Аскар Акаевдин үй-бүлөсү тууралуу жазылган макала кабарчыбыз Адилет Айтикеевдин жеке позициясы. Биз ар бир журналисттин көз карашын сыйлайбыз. Андыктан жогорудагы макаланы гезиттин көз карашы деп ойлогондор терең жаңылышат. Биз үчүн Эшмат дагы, Ташмат дагы бирдей.


А.Атамбаевдин
маалымат жыйыны партиялардын үрөйүн учурду...
Кечээ "Хаят" мейманканасында КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаев баш болгон социал-демократтар маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда азыркы кырдаал, экономикалык маселелер талкууланып, тийиштүү жооптор берилди. Өз сөзүндө партия төрагасы Алмазбек Атамбаев өндүрүштү өнүктүрүү аркылуу экономиканы көтөрүүгө салым кошоорун, алдыда көптөгөн кыйынчылыктар түзүлгөнүнө карабастан Кыргызстандын келечеги кең болоорун айтты. Алмаз мырзанын мындай чукул даярдалган маалымат жыйынына көпчүлүгү таң калуу менен кызыкса, КСДПчылардын ийгиликтерин укканда ичине таруу айланбаган айрым партиялар уу-дуу болуп эле жатып калышты. Бул тууралуу гезиттин кийинки санында кеңири маалымдайбыз. Кызыктын баарын ошондо көрөсүңөр.




40тай жоокер курман болуп,
Кыргызстан чек арасын жапты
19-сентябрь күнү капилеттен кол салган козголоңчулардын огунан Тажикстандын чыгышындагы Рашт районунда кыркка чукул аскер (анын ичинде беш офицер) көз жумуп, бир канчасы оор жаракат алды. Кооптуу абалдан улам, Кыргызстан Тажикстан менен болгон чек арасын жабып, Тажик өлкөсү менен чектешкен аймактардагы мерчемдүү капчыгайларды катуу кайтарууга ала баштады. Кечээ Баткен облусуна шашылыш түрдө Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынан атайын бөлүктөрдүн аскерлери жөнөтүлдү. Ошондой эле Чоң-Алай ж.б аймактарда чек ара толук жабылып, Тажикстан тараптан куралчан топтордун кирип келүүсүнүн алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Тажик бийлиги кол салууну террор катары баалап, муну талаа командирлери Аловуддин Давлатов менен Абдулло Молдо деген ат менен таанымал Абдулло Рахимовдун куралчан топтору уюштурганын айтышууда. Аталган талаа командирлеринин кол алдында Ооганстан, Пакистан жана Орусиядан келген жалданма адамдар бар экени айтылууда.





Губернатор айымдын жоруктары
Бу Таластын татына чалыш жарымпашасына түк түшүнө албай койдук. Канчалык жаап-жашыралы десек эле болбой, улам бир былыгы былгып жаткан чак. Башкасын айтпаганда дагы, учурда шайлоого "шайма-шай" "даярдыкты" катуу баштаганы байкала баштады. Өгүнү шайлоо ж.б. маселени караган облустук жыйынды чагылдыруу үчүн барган "Азаттык" үналгысынын кабарчысын киргизбей койгону кызык. Кыязы шайлоо алдындагы "такаламай" процессинин элге жетип калуусунан чоочулап жаткан го. Болбосо кечээ эле "Азаттыктын" көмөгүнө муктаж болуп, жардамын далай көрбөдү беле. Учурда облустун ар тарабынан ат тезегин кургатпай Койсун айымдын кеңсесине келип, анын кызматтан кетишин талап кылгандардын аягы суюлчудай түрү жок. Аны көрсө да көрмөксөнгө салган Койсун эжебиз каалаганын жасап жаткан кез. Анын чектен ашкан жоруктары, кыңыр иштери туурасында далилдүү фактылар редакциябызга келип түштү. Бул туурасында "Алибинин" кийинки сандарында кабарлайбыз, барактай жүргүлө.


"Алиби" пресс