Беспредел

"Черный Айбек" өзбек
аксакалдарын Кадыржан үчүн неге сабаган?
Жакында кан кускур Кадыржан калың журтка кайрылуу жолдоп, өзүнүн түштүк окуяларында апапакай экенин айтып чыкты. Анда бир топ азыркы кыргыз жетекчилери анын алдынан жардам сурап өтүшкөнү тууралуу кеп козгойт. Түштүк окуялары өзбектердин сепаратизминен эмес, саясий, экономикалык, кылмыштык көйгөйлөрдөн улам чыккандыгын айтып, өзү өңдөнгөн "ак ниет" адамдардын күнү алыс эмес деп сөзүн жыйынтыктайт.
Түштүк окуялары кыргыз элинин жүрөгүнө ийне сайгандай эле болду. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп туруп, эми алыс жерден актанып анан тактанып кыргызга акыл айтып чыккан Кадыржанга Кыргызстандын тузу эми буюрбай калды го! Өзбек коомчулугунда дагы болуп өткөн окуяларга себепчи катары Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдрасуловдун аттары көп аталып, алардын коогалаңга өтө чоң салымы бар деп айтылып келет. Өзбек коомчулугунда азыр ушундай эки элди кагылыштырууга алып келгендерди бийлик таап, камап, катуу жазага тартсын деген талаптар айтылып жатат. Айрыкча башкасынан да негизги баштоочулар катары К. Батыров менен И. Абдрасуловду. Жаңжалдын башаты катары Бакиевдердин Тейиттеги үйүнүн Кадыржан Батыровдор тарабынан өрттөлүшү болуп, ошол учкундан жалбырттап отуруп өрт чыгып кетпедиби. Бакиев өлкөдөн чыгып кетээрин сезген белем, Жалал-Абаддан келген "К" аттуу адамдын айтуусунда, Бакиев Тейиттеги үйлөрүнүн баарын айылдаштарына "мектеп кыласыңарбы же бала бакча кыласыңарбы алгыла" деп калтырып кеткен экен. Окуяны жандантуу үчүн дал ошол Кадыржан чыңалып турган элди тукуруу жана бакиевчилер тараптын бийликке каршы үндөө максатында Тейит айылындагы Бакиевдердин үйүн өрттөп жиберген. Кадыржан мындай карасанатай иштерине өзбек улутундагылар деле каршы чыгып, ынтымакка чакыргандарын "асып салам" дегенге дейре барган. Эки элдин достугуна арачы түшкөндөрдүн бири кадимки крим чөйрөсүнүн өкүлү маркум "черный Айбек" болгон экен. Кадыржандын өзбек улутунун ичиндеги кылган жоруктарын көрүп, адам катарына кошкуң келбейт. "Черный Айбектин" өз айланасында жүргөн аксакал өзбектерди "Кадыржан чогулткан жыйынга эмнеге бардыңар" деп, сакалынан алып сабап жаткан жеринен тартылып алынган видео тасмасы колубузга тийди. Анда маркум Айбек: "Эй эшектер, силерде намыс деген барбы? Бириңдин кызыңды зордуктады, бириңдин карындашыңды зордуктап отурса кайра ошол Кадыржанды бийик тутуп барасыңарбы? Башыңарга иш түшкөндө эмнеге Кадыржанга барган жок элеңер? Сени атамдын досу экен деп сыйлап жүрсөм, сен жеткен акмак, эшек турбайсыңбы. Кыргыздардан эмне жамандык көрүп жатасыңар. Жеринде жашап, кылбаганды кылып тайраңдап жүрөсүңөр. Силерге кайсыл кыргыз кыянаттык кылды? Жаман болдуңарбы деги эшектер" дейт. Мына ушул видео тасмадан соң "черный Айбектин" эмнеге өлтүрүлүп, аны кимдер жайлап койгонун деле ачыктай берсек болот. Ал эми "апапакай" Кадыржандын өзбек ичинде кадыры канчалык экени айтылып жатат. Түштүк окуяларын эске албаганда да, К.Батыров бир кезде өзбек диаспорасынын анабашы, ЖКнын депутаты болуп жүргөн кездеринде кылбаганды кылып жүргөнү жалган эмес. Маркум Айбек сөз кылгандай, биринин жаш кызын зордуктаса, кай биринин карындашын каратып туруп кордосо, Кадыржандын адамдык абийиринен кеткени ошол эмеспи. Мындан улам ал тирүү басып жүргөнгө акылуу эмес да.
Кантип гана актанбасын Кадыржан түштүк окуяларынын анык корбашысы катары кала берет. Дегеле өзбек тараптагылар түштүк окуяларына алдын ала даярдалган деген ой-божомолдор дагы чындык болуп чыга келди. Анын башында уюштуруучусу катары Кадыржан Батыров экенин эми билип алсаңар болот. Тасмада Айбек Кадыржандын өзбек улутунун аксакалы, көксакалы дебей баарын жыйып кыргызга тукурганын ачык айтпаса да "ал жыйынга эменеге бардыңар, кыргыздан эмне жамандык көрдүңөр эле" деп, Батыров топтогон топ жыйындын маанисин даана сүрөттөп жатат. Тасма атайын Айбекти актоо үчүн даярдалганбы дейин десең, анын ким үчүн пайдасы бар эле. Бул тасма уюлдук телефондор аркылуу баарыңардын колуңарга жетээр. Андан соң жыйынтыгын да өзүңөр чыгараарсыңар. Азырынча булардын баары биздин гана көз караш.

Күнболот МОМОКОНОВ



  Ичибизди ириткен мите курттар…

Калайык, кантип таландык?

Мамлекетибиздин таланып-тонолушуна, элибиздин тентип-тозушуна эки президенттин үй-бүлөсү, жакын санаалаштарынан тышкары калк алдында калыс сөзүн айталбаган "киргиз" интеллигенция күнөөлүү экендигин ачык айтчу маал келди. Сыйлык, наам, кызматтын кулу болгон эл каймактары Акаев, Бакиевдин кыргызга каршы жасаган саясатын бөжөңдөп колдоп, ачык сөздөрүн айта алышпай, кошоматтын коюн союп жүрүштү. Дооронбек Садырбаев сындуу саналуу адамдардан башкасы аксакалдык парзын аткара алышпай, дүжүр чалдардын деңгээлинде калышты. Бул өлкөбүзгө өзгөчө зыянын тийгизди. Азыр да асмандын башын сүйлөгөн интеллигент сөрөйлөрдүн кимиси менен баарлашпа, иренжигенден башка пайда таппайсың. Биринде дагы эл, мамлекет деген түшүнүк жок. Өздөрүнүн гана кара башын ойлогонун көрүп, зээниң кейийт. Кыргыздын бактысына эмес шоруна жаралган "майкурсактардын" айынан өлкөбүз бүгүнкүдөй абалга кептелбедиби.

Жакында Улуттук деп аталган университеттеги кыргыз тилин, адабиятын, тарыхын иликтеген окумуштуулар менен баарлашып, булардын оңолбошуна биротоло ишендим. Алардын айтканын уксаң төбө чачың тик турат. Анын баарын айтып отурсаң кагаз түтчүдөй эмес. Илимдин артынан сая түшкөндүктөн гезит окуганга колу бошобойбу десең, жыргаткан ачылыш деле жасап ийишпеди. Билимди сатып жатышканына маашыр. Элди алдыга сүрөй турган адамдардын мамлекет тагдырына кейип койбогонуна таң каласың. Кайсы партия акча таратса, ошону колдойбуз дегенин угуп, эртеңки күндөн түңүлөсүң. Кызыгы, Кыргызстандан башка жерде жашагансып, партлидерлерди түзүктөп таанышпайт, тааныгандары кайсы партияда турганын билишпейт. Өйдө жактан тигини же муну колдо деген айдактамага көнүп бүтүшүптүр. Бизди таза жолго баштай тургандардын абалы мышык ыйлаарлык экен.
Бактыбызга жараша тоо койнундагы элибиздин акылман, көрөгөчтүгүнөн улам, ата-бабалар аздектеген мамлекетибизди оюнчукка айлантып, каалагандай тайраңдагандардын такымына таш толгоп, катыгын беришти. Манастын урпактары Кыргызстандын бүтүндүгүн, кыргыз элинин эркиндигин сактап калышты. Муну 7-апрель, Түштүк окуяларынан даана билдик. Тилекке каршы азыр Ош, Жалал-Абаддагы боордошторубуз жаралуу болуп турат. Оор кайгыдан айыга алыша элек. Аларга биздин материалдык жана моралдык колдообуз зарыл экендигин унутпаганыбыз оң. Кээ бирөөлөр ушундан саясат жасаганга аракеттенип, кыргызды кыргызга тукурушууда. Аттуу, баштуу агалар, интеллигент эжелер мындай чагымчыл иштен уялбастан, түрдүү сөздөрдү таратышууда. Эптеп бийликке жетели дегендер элдин тынчтыгын ойлобой жатышат.
"Алиби" гезитинин жарым окурманы түштүктө болгондуктан, жарыяланган макалаларга карата сын пикирлер, сунуштар, колдоолор күн кур эмес түшүп турат. Батыш-чыгыш дебестен баарына тегиз карап, бардык аймакта эл менен тыгыз байланышы бар. Жакында кыргыздын дагы бир интеллигенти Бөкөнбай Боркеев деген адамдын тил маселесине арналган макаласы жарыяланды. Аттуу-баштуу адам болгондуктан макаласын кылдат окуп көрдүк. Ал түштүк элинин айыгып келаткан жарасына катуу тийгенин маданий ишмерге эскерткибиз келет. Акаев, Бакиев мезгилинде жашынып жатып, эми ар нерсенин башын баштаган Боркеевдин айтканына кыргыздын уулу катары менин да жаным кашайды. Анткени, Боркеев: "…түштүктө нашаа тартып, аракка тоюп алып окко учкандарды да, орус менен милийсага каяша айткандарды да "мекенчил", "улутчул" деп ашмалтайын чыгарып ийдик" дейт. Бөкөнбай мырза Ошто окко учкан жигиттердин кимиси нашаа тартып, кимиси аракка тоюп окко учканын далилдеп бере алаар бекен? Элдин көңүлүн көтөрүп, кайгысын бөлүшөөр кишинин ушинтип айтканы акылга сыябы? Эл-жер үчүн же капилеттен бейкүнөө шейит кеткен мекендештерибизге таазим кылбастан, шылдыңдаганга жол берген агабызга азырынча айтар сөзүбүз жок. Бул да кыргыздын интеллигенциясынын күзгүсү. Бийликти мактап дооран сүргөндү үйрөнгөн Б.Боркеев: "…элибиздин чыныгы көйгөйүн түшүнүп, анын жаркын келечеги үчүн бардык курмандыктарга барып жаткан ушу өкмөт "мекенчил" деген түшүнүктүн туткасы болуп атат" деп, кошоматтын коюн союптур. 7-апрелде шейит кеткен жигиттерге тийишкени да өтө өкүнүчтүү. Б.Боркеев: "…Закиржан-Курманбек Бакиевдин кыйтылыгынын айынан алакөөдөн "улутчул" кыргыздар кырылып атат" дейт. Кыргыз эли, мамлекет үчүн жанын берген жигиттерибизди эч нерсени түшүнбөгөн ала көөдөн атап, улутчул дегенди тырмакчага алганы акылсыздык эмей эмне?! Мындай адамдардан, интеллигенттерден эмнени күтүүгө болот?
Мамлекетибиздеги түшүнүгү төмөн, өз курсагынан башканы ойлобогон адамдардан арылмайын, оңолушубуз кыйын. Жыйырма жылдан бери карапайым кыргыздын канын кактабай соргон аткаминерлерден, аларды сүрөөнгө алып, кимиси бийликке келсе кошоматтын коюн сойгондордон арылбасак, өлкөбүздү өргө карай сүйрөй албайбыз. Ондогон жылдардан бери жыргатабыз дегендер кой терисин жамынып, кайра эле бийликке жүткүнсө, кошомат менен жанын баккан "мите курттар" бийликке жеткендерге түрдүү жолдор менен жагынышууда. Муну кылдат ойлонушубуз керек мекендештер. Регионалдык кызыкчылыкка алдырып, жердешчиликке берилип, Акаев-Бакиевдин куйруктарын, алардан калган "маңкуртташкан" интеллигенттерин колдоодон алыс бололу. Жаңы доорду, жакшы заманды жаштар курат. Бул талашсыз факты. Таза, булганбаган жаштарды алып келүү үчүн Парламенттик системаны сактаганда гана жетишебиз. Муну сактоо үчүн демократияны колдогон, эл деген партияларды колдошубуз кажет. Ушуну, туура ойлонолу замандаштар!
Памир Манас