Поэзия

Эй замана, замана...
Ыйман
Көбөйдү мечиттер жерибизде.
Бирок да ыйман кетти элибизде.
Беш убак намазды окуганга,
Мечиттерге барышат
күнөөлөрүн кечиргенге.

Андайлар алдашат пенделерди,
Коркушпай кудайдан өзүлөрү.
Кечирет күнөөбүздү кудай дешип,
Алдашат өзүлөрүн өзүлөрү.

Бизнес деген балээ чыкты элибизде,
Алдамайдын бир түрү экен аны көрсө.
Кызыл кулак өнөр менен алпурушуп,
Келе жатышат турмуш куруп алар деле.

Мектептерде ыйман кетти,
Окуучулар рэкет болуп чыга келди.
Уруп, сабоо, тоноо күчөп мектептерде,
Кулач жайып көбөйгөндөн көбөйдү.

Ыйман кетти дарылаган доктурлардан,
Акчасыз оорулууну карабаган.
Гумпомощко келип түшкөн дарыларды,
Кымбат баада сатып жатат алар деген.

Ыйман кетти токтотууга болобу?
Ар бир адам аны сезсе болгону.
Тамыр жайып кетпесе экен дегеним,
Ыйман кетип жеп ичкендер көбөйдү.


Эй замана,
замана...

Эй замана, замана эмне болдуң?
Байлык, бийликти ойлодуң.
Жакыр тарткан элди ойлобой,
Шылуундарды колдодуң.

Эй замана, замана эмне болдуң?
Жалганчы, кошоматчыларга толдуң.
Чындыкты айтып чыкырагандарды
колдобой,
Алар менен күрөшчү болдуң.

Эй замана, замана эмне болдуң?
Жаратылышты колдободуң.
Кылымдап жаткан мөңгүлөрүң эрип,
Ал жагын ойлободуң.

Эй замана, замана эмне болдуң?
Токойлоруңдун токойлору кыйылып,
Тойбогондорго толдуң.

Эй замана, замана эмне болдуң?
Элиңде сойкуларың көбөйүп,
Жолуңдан торолдуң.
Акча табуунун амалын ойлоп аларың,
Оорулуу болду адамың.

Эй замана, замана эмне болдуң?
Акты ак дебей каралап,
Караны ак деп тазалап.
Ушул беле үмүт биздин сенден?
Белеги деп, замандын берген.

Эй замана, замана эмне болдуң?
Мааниси жок гезит,
Журналдарга толдуң.
Элдин башын айлантып,
Акчасын алмай болдуң.

Эй замана, замана эмне болдуң?
Элди алдаган депутаттарга молсуң,
Эл үчүн ураан- чакырык салып,
Өз чөнтөгүн толтургандарга толдуң.

Эй замана, замана эмне болдуң?
Сени сындагандарды куугунтуктамай...
Кабарчыларыңдын октон учуп
өлгөнүн угуп,
Заман менен коштошконун көрдүм.

Эй замана, замана эмне болдуң?
Ойлоп көрчү өзүңсүң, бул заманга
тараза.

Эй замана, замана эмне болдуң?
Муну айткым келди, мен сага.
Жыйынтык болот го деп, сенден мага.
Илгери үмүт, ишенич менен карайлы
Бул заманга.
Мелис Сатаров,
Жалал-Абад шаары




Мезгил дагы жаңыланат, жашарат,
Мезгил өтпөйт,
Адам өтөт
дүйнөдөн

Адам барбы арман кылып күйбөгөн,
Адам барбы Жашоо, Өмүрдү сүйбөгөн.
Менин оюм, Тирүүлүктөн карасак, -
Мезгил өтпөйт, Адам өтөт дүйнөдөн.

Максат өңдүү өлүм дүйнө топтомой,
Жашап жатсак Мезгил агат токтобой.
Бул жашоонун кем-карчына карабай, -
Жашасак не, Жан дүйнөбүз онтобой?..

Адам менен Мезгил эгиз, бүтүндүк,
Келдик, кеттик, биз эмнени түшүндүк.
Өмүр деген асмандагы жылдызбы,
Жанып барып жарым жолдо үзүлдүк.

Мезгил менен Айтматов эч бөлүнбөй,
Мелт-калт болгон Жан дүйнөбүз төгүлбөй.
Ойлогонбуз Түбөлүктүү дегендей, -
Көрсө ажал аңдып жүргөн көрүнбөй.

Айтматовду байкап көрсөм кайрадан,
Мезгилинен эрте келген көрүнөт.
Айтматовго чейин, андан кийин деп, -
Мезгил дагы эки башка бөлүнөт...

Мезгил болсо чалкып жаткан асмандай,
Булут өңдүү Адам сызат шашкандай.
Шамал жүрсө булут кетээр таралып, -
Жамгыр болуп жаңы өмүр тапкандай.

Дарактардын жалбырагы түшкөндөй,
Ар адамдын жашоосу - анан бүткөндөй.
Мезгилинен кала берет адамдар, -
Бир жашоосу бир үзүмгө түткөндөй.


Мезгил дагы жаңыланат, жашарат,
Адам келет, адам кетет, тазарат.
Артыбызга кылчайганда билгендей, -
Улуу адамдар тарых бетин жазалат.

Мезгил катаал, алды карай чамынган,
Байге алчу күлүк аттай чабылган.
Сулуу кыздай адаштырат, мас кылат,
Көз тайгылткан түрдүү кийим жамынган.

Жаштык мезгил - жашыл гүлү өмүрдүн,
Таза, аппак, тунук кези көңүлдүн.
Убакыттын кымбаттыгын билбейсиң, -
Ойго келбейт укуругу өлүмдүн.

Анан зуулап өтүп кетээр жаштыгың,
Карылыкка жетип бараар - баттыгын.
Өмүр, Жашоо секунддардан башталат, -
Кудай гана өлчөп тураар тактыгын.

Жашагын Сен, Мезгил менен үндөшкүн,
Бошоң болбо, артта калба - күрөшкүн.
Канат каккын, кезегинде ойноп күл, -
Токтогондой саат жебесин мүнөттүн.

Мезгил, мезгил маанайларды көтөргөн,
Кээ учурда көңүлдөрдү чөгөргөн.
Мезгил мага дал ушундай сезилет, -
Наристени ат үстүндө өңөргөн.

Мезгил шашпа, Адамга ызаат карагын,
Улам ачсын жаңыруунун барагын.
Жашап өтсүн бир келүүчү өмүрдө, -
Бүркөлбөстөн ачып дайым кабагын.


Өтүп кетээр өмүрдү эч аңдабай,
Адам келет Мезгилди эч тандабай.
Заманынан алга озуп кетишкен, -
Эрлер чыгат эр жүрөктүү тайманбай.

Мезгил - кайык, Адам калак айдаган,
Мезгил - дарак, Адам мөмө байлаган.
Кайгы-капа басып турса көңүлдү, -
Мезгил - дары унуттуруп алдаган.

Кечээ - тарых, басып өткөн жолубуз,
Бүгүн - жашоо, тирүүлүктө тоюбуз.
Эртең - үмүт, жетебизби ким билет, -
Тизмектелет чырмалышкан оюбуз.

Адам барбы арман кылып күйбөгөн,
Адам барбы Жашоо, Өмүрдү сүйбөгөн.
Менин оюм, Тирүүлүктөн карасак, -
Мезгил өтпөйт, Адам өтөт дүйнөдөн.

Көңүл

Көңүл калуу кандай кыйын баарынан,
Муздай түшүү ысып турган табынан.
Калтырабыз көңүлдөрдү заматта, -
Болоор-болбос пендечилик айынан.

Пендебиз го мүнөздөрдү оңдобой,
Ооздун желин аябайбыз, ойлобой.
Келсек кана сабырдуулук карманып, -
Катуу кетпей, ачуу сөздөн кордобой.

Көңүл деген гүл сыяктуу көктөгөн,
Тамчы суудан жагалданып көрктөгөн.
Жабырланат, гүлүн ачпай бүрүшөт,-
Орой сууктан назиктикти жектеген.

Көңүл-маанай, ачык турган асмандай,
Нурлуу мээрин ар адамга чачкандай.
Ойлор чалкып, сезим балкып көшүлөт,-
Кооз кыялдын бешигинде жаткандай.

Көңүл-катуу, ачуу уулуу жыландай,
Заарын төгөөр учур күтүп тургандай.
Тунук булак агып жатса киргилдеп,-
Ак көңүлгө кара көңүл куйгандай.

Көңүл барда иш жасалат жакшылап,
Турган ишти алга сүйрөйт тарткылап.
Көңүл өзү-ден соолуктун негизи, -
Өмүрүңдүн таттуулугун так курап.

Көңүл жокто жашоо бопбош көрүнөт,
Жан дүйнөң да түбү тешик, төгүлөт.
Даамы, түсү, жыт, өңүнө келе албай,-
Пендечилик пастыктарга көмүлөт.

Көңүлүндө болсоң эгер адамдын,
Гүл мейкинде басып тураар кадамың.
Шаттык дагы, кубаныч да көп болот,-
Жан дүйнөңдө бөксөрүлүп арманың.

Көңүл айтуу жакындардын белгиси,
Мамиленин жакшыртуунун эмчиси.
Кирди кууп да, көңүлдөрдү тазартып,-
Жаркын өмүр булагынын элчиси.

"Көңүлүнө кетет" дейбиз, аяйбыз,
Чындык сөздү жашырабыз, камайбыз.
Көзүн көрүп, дүйнөң туюп турса да,-
Көңүл коштон тартынабыз, тарайбыз.

Көңүл алуу кошоматтап-күнөөлүү,
Чын жүрөктөн, көңүлдөрдөн сүйөлү.
Бийлигине, байлыгына карабай,-
Калтырбастан көңүлдөрдү жүрөлү.

Көңүл калуу кандай кыйын баарынан,
Муздай түшүү ысып турган табынан.
Калтырабыз көңүлдөрдү заматта, -
Болоор-болбос пендечилик айынан.

11-июль, 2010-жыл.

Абдылдажан Акматалиев