АЛИМЕНТ
(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

Күйөөсүнө деги мынчалык ызаланбыптыр. Анын "инвалид деген справка алып аламын" деген сөзү Перизаттын жан дүйнөсүн биротоло карартты. Башта да, "Ай, ушу өзүмөн кетип калды го. Жылаан чакпай, жылкы теппей эле өзүм кетип калбадым беле. Балким, туура эмес кылгандырмын. Карасаң, башкалар деле жашоо өткөрүп жатышат, өйдө-төмөн болушуп. Айланасындагы үй-бүлөлөрдү карасаң, бала-чака, тирилик менен эле алпурушуп, өздөрүнөн жеке жашоосун анчалык деле кооздогону көрүнбөйт. Ошондой ондогон эрди-катындын бири болуп жашай беришет беле..." деген ой башына келип-кетип турчу. Эми андай оюнан биротоло баш тартты. Кален деген атты өзүнүн тагдырынан биротоло сызып-чийип таштады! Кайра барып сотко берген арызын алып алгысы да келди.
- Койчу, ботом, улам бир нерсени чыгарбай. Сотко бербесең болот эле, эми кайра "арызымды аламын" деп барсаң, а соттогулар эмне дейт? Ал жерде да адамдар отурат да. Алар деле айтпайбы: Бу келин өзү соо эмес. Башында бир мандем бар го, бир күнү бирди айтып, экинчи күнү бирди айтып келе берет,- дешет да. Кой, болоору - болду. Эми аягына чык. Ошонуңдун эле кыйратып алимент төлөп жиберерине көзүм деле жетпейт...- деп апасы кызынын алдын кайрып койду.
Перизат ичинен сызды. Календен өтө катуу сөз укканын ал апасына айта алган жок.

ХХХ
...Райондук соттун чечими менен Календен алимент кесилгени кача-аан. А бирок, ал уулуна ушу кезге чейин бир тыйын төлөй элек.
- Азырынча иштей элекмин, иштегенде оптом эле төлөп беремин, - деп Перизаттын апасын жолго салып турду.
Шаардагы кызынын өтүнүчүнөн улам барып аткан апасы: "Деги, өздөрү билсинчи, мен айт деген сөзүн айтып келип атам. Чынында да эмнесин берет? Чиедей үч баласын багып алса кана. Аялы байкуш да түйтөйүп жүдөө. Ага караганда Перизатымдын жашоосу жакшы. Баласын эч нерседен кем кылбай багып атпайбы...Ай, ушунун алиментине иш түшкүлүк кылбай эле койсунчу" -деп ичинен сызат. А бирок, сот аркылуу чечилген соң, мыйзамдуу нерсени доолабай да койчу беле.
Ошентип жүрүп жыл айланып кетиптир. Баягыда сотко барып жүрүп, ал жердегилер менен да тааныш болуп калыптыр. Өгүнү капыстан сот аткаруучу жаш бала менен кезигип калбаспы райондун сентринен.
- Эже, жакшысызбы? Небереңиздин алименти төлөнүп атабы? - деп сурап калбаспы ал жигит.
- Төлөгөн деле жок, балам. Али бир тыйын да колдоруна тийген жок, -деп ачыгын айтып алакан жайды.
- Анан, унчукпай эле жүрөсүздөрбү?
- А эмне кылмак элек. Мушташалыбы?
- Жо-ок, мушташпай эле, кайра эле сотко кайрылсаңар болот да.
- Эми, эмнесине кайрылалы. Аны деле көрүп турабыз. Үй салып устачылык кылып жүргөн болот. Иши ошол.
- Колунда мал-сал барбы?
- Бирин-экин жандыгы бар болсо керек. Анысын деле билбейбиз.
- Анда, эртең бизге келиңиз. Бир жылдыгын чогултуп, өндүрүп беребиз.

ХХХ
- Ой, эмнеге бермек элем. Болгон малым ушул болсо. Бул балдарым эч болбосо сүт ичип турсун деп былтыр эптеп саан уйга жеттим. Быйыл ушул торпокту алдык эле...- деп каңырыгы түтөп катуу айбат көрсөтүп атты Кален.
- Ал деле сиздин балаңыз экен. Бул балдарыңыз сүт ичип атса, тиги балаңыздын да өз энчиси бар, сиз бере турган. Ошону берип турууга сиз мыйзам алдында милдеттүүсүз.
- Ал катын өзү кетип калган!
- Сөз - сиздин балаңыз жөнүндө болуп жатпайбы! Бул торпокту азыр бересиз. Болбосо, башкача иш-чара көрөбүз!
- Алар шаарда торпок бакмак беле?!
- Бакпаса, сатып акча кылышат. Сентябрдын ортосунан ооп баратат. Балаңыз кышкы өтүк, куртка алып киет.
Канчалык каршылык көрсөткөнүнө карабай эле байланып турган торпокту жетелеп бараткандарга мыйзам алдында алы жетпесин билген Кален эми куулана баштады.
- Ой, өзүм эле бу жердеги базарга алып чыгып сатып берейин анда. Ушу базарга алып чыгам. Мейли, бир торпок менен кутулса оңой эле экен го...- деп ал күнү торпогун эптеп алып калды. Өзү айткандай торпогун сатып... бирок акчасын алиментине берген жок.
- Ичкиле, эртең да ичебиз, бүрсүгүнү да ичебиз! Торпоктун акчасы түгөнгүчө ичебиз! Хайлайбыз! Энеңди! Мен ага торпок жетелетет экем го, кезинде көзүн канча карадым! Ошондо да болбой басып кеткен. Эми керек болдумбу? Ага мен эмес, менин торпогум керек экен го. Торпок түгүл, торпоктун кыгы да жок ага! Ха-ха-ха!
Бөтөлкөлөш досторун малбазардын жанындагы чайканалардын бирине киргизип, улам-улам арак алып берип кыйнап атты Кален. Алар да улам бир кезде "күйгүзүп кеткен" аялдарын айтып сөгүнүп отуруп ичип атышты, ичип атышты... Акыры, "болду эми, түн кирип кетти, силерден башка эч ким калган жок жабабыз" деп ашканада иштегендер кубалап отуруп араң чыгарышты аларды.

ХХХ
Айылдын ээн жолунда келе жатышты. Баса албай темтеңдеп, жыгылып-туруп, бири-бирин жөлөп таяган үч эркектин деле көңүлдөрү шат.
Артыңдан барсам бакчага-аа! - деп зоңкулдап кое берди бири .
Ой, артылып колуң башкага, эй! - деп бакырды экинчиси.
Ушу маалда арттан машиненин бипилдеткени угулду. Жолду бербей тартаңдай баскан адамдардын карааны машиненин фарасынын жарыгынан даана көрүндү. А бирок, алардын четке чыга турган ою жок.
- Эй! Токто! Бизди ала кет!- деп кыйкырган Кален машиненин капотуна жабышты. Өз жолу менен жүрүп келе жаткан машинени тык токтото калуу оңойлукка турган жок. Ошол замат тормозду тепкен күндө да, баары бир болоор иш болду. Машине бир топ жерге чейин сүрүлүп барып араң токтоду. Дөңгөлөк алдында буту жарым-жартылай тебеленген Кален канга боелуп, арак ичкенден калган торпоктун акчасы ар жерде чачылып жатты...
- Кокуй! Кален торпок сатып, анын акчасын бүт ичип өлөрчө мас болуп машиненин алдында калыптыр!- деген кабар эртеси эле айыл-айылга дүң дей түштү. Ал күнкү болгон окуяны баштарын мыкчыган достору сот алдында төкпөй-чачпай айтып беришти.

ХХХ
- Түбүмө жетмек эле - жетти, албарсты! Ушуну кылмак болучу. "Алимент, алимент!" деп отуруп, акыры, алименттин ордуна эки бутумду алып тынды! - деп өңгөчүн тартып солкулдаган Кален жер чапчып отуруп калды. Эми ого бетер быкшып ичип, үй-жайына тынчтык бербей, катын-баласына күн көрсөтпөй кыялы чатак болуп баратты. Ансыз да жаш балдары менен жүдөп отурган зайыбынын маңдайындагы шоруна айлана жаздады. А бир күнү Календин тууган-туушканын чогултуп, ак көз, кара көздүн ортосунда бир маселени чечип алды шордуу аял.
- Мунун эми - барынан жогу! Белди бек бууп, өзүм эле балдарды жерден боорун көтөрүүгө аракеттенейин. Бир гана бул аракечти бизден оолак алып кеткилечи. Бизди аракка, ачуу сөзгө уулап бүтмөк болду. Алиментинин да кереги жок! - деп зыркырады.
Туугандар ары кеңешип, бери кеңешип отуруп, акыры, майыптар үйүнө өткөрөбүз деп алып кетишти Календи.
Мунун баарын Перизат апасынан уккан. Жүрөгү дагы бир ирет зыркырап алды. Баягы: "Инвалид деген кагаз алып алам. Инвалидден алимент алынбайт!" деп телефондон кыйкырган үн кулагында эмес, жүрөгүндө жазылып калган өңдүү сезиминде жаңырат да, турат.
А бүгүн Календи көрдү. Баласына кышкыга өтүк алабыз деп базар аралап жүргөн. Улам бир өтүктү кармалап көрүп жаткан апасын жеңден тарткылаган Алтай:
- Апа, мага акча берчи, мобу кишиге берип коеюн,- деп майыптардын арабасында отурган эки буту жоон санынан жок адамды көрсөттү.
- Болуптур,- деп капчыгындагы майда акчаларды санап атып тиги майып адамга көз жүгүрткөн Перизат оозу ачылып туруп калды. Анын бет алдында Кален отурган эле...

Нурбүбү
БӨДӨШОВА