Миграция

МОСКВА-ДАЙРА, КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫНЫН КӨЗ ЖАШЫНАН ТАШЫЙСЫҢБЫ?
- Алло! Бул Бишкек бекен?!
- Ооба…
- Мен Москвадан чалып жатам.
- Угуп атам.
- Силерге айта турган чоң көйгөйүбүз бар...
- Айта бергиле.
- Эже, менин айтайын дегеним - кыздар маселеси. Кыргыз кыздары тууралуу айтайын деген элем. Москвада иштеген кыздар жөнүндө. Ушу, өзүбүздүн кыздардан күйүп бүттүк. Жапжаш, жакшынакай кыздар бул жакка келип алып, ар кимдер менен ойноп-күлүп, абийирин кетирип жүрүшөт!
- Ок! Эмне дейсиң?!
- Чын эле. Көзүбүз менен көрүп, чындыкты айтып жатабыз. Керек болсо, бул жактагы уруш-талаштардын баары ушу кыздардын айынан чыгат. Мен бир топ жашап калган, үй-бүлөлүүлөр тууралуу айтып жаткан жокмун. Алар айылда, Кыргызстанда калган бала-чакасына акча иштеп таап, салып жиберүү үчүн таңдан кечке жан үрөп иштешет. Биздин кыжырыбызга тийген жаш кыздар болуп жатпайбы!..
Ушинтип, телефондун тиги учундагы жигит Орусияга жумуш издеп келип, "иштеп" жатышкан кыргыз кыздары тууралуу узун сабак сөз кылып берди. Анын айтымында, курагы 20лардын тегерегиндеги кыргыз кыздар тиги жакка барган соң, "кой деген кожо, ай деген ажосу жок" эркин басып-туруп, анан биротоло...ичкиликти тартынбай эле ичип, тамеки чегип, "гулять этип", чектен чыгып кетишет - деп кейийт телефон чалып аткан жигит.
- Эми алардын "жүргөндөрү" өздөрүнүн теңи болсо, мейли дейт элек го. Курсактары салаңдаган, ооздорунан арак буркурап, башка нерсесин да чеккен алтымышка барып калган немелер, көбүнчө кавказ улутундагылар. Алар кыргыздын жаш кыздарына аракты өлө ичиришип, ар түрдүү жаман жорук-жосундарды үйрөтүшөт. Убактысынча пайдаланып, акчага сатып алышып, таштап кете беришет. А кыздарыбыз айылдагы ата-энелерине "ошентип" тапкан акчаларын салып жатышканын билишет болду бекен?!
- Ал кыздардын жашы канчаларда?
- 18-25 жаштардын эле тегерегинде. Силерден суранаарыбыз,биздин бүгүнкү телефон аркылуу сүйлөшүүбүздү айылдардагы ата-энелерге, айыл өкмөттөргө, миграция комитеттерине жеткирип койсоңуздар экен. Биздин сиздерден көптөн көп өтүнөөрүбүз эле ушул. Жаш кыздарын ата-энелер алыска иштөөгө жибербей эле коюшсунчу. Кыздардын ушинтип тапкан акчаларына күнү түшүп калыптырбы?! Андан көрө окутуп, окутпаса, айылга эле алып калып күйөөгө беришсе, кыргызга дени сак уул-кыздарды төрөп беришмек. Аларың эми кайра Кыргызстанга оорулуу болуп барышарын ойлогондо кейип кетесиң! Психологиялык жактан да жакшы эмес болуп калышат. Кыргыз кыздарындай ийменчээктик, мөлтүр таза сезимдерден куру жалак калышып, эркек чалыштанып, эч нерседен тартынышпай бети ачылып кетишет... Ушулардын баарын ачык эле жазыңыз. Окусун баары. Айылдагы ата-энелер окуп, билимдүү айыл өкмөттөрү окуп, өз айылындагы кыздарды тыйышсын!
- Силер, кыргыз жигиттер, "кой-ай" деп тыйып койбойсуңарбы?
- Ой, тыйганыбызга болбой жатышпайбы! Алиги чоң курсактардын арам акчасына көөп, керек болсо аларды бизге тукуруп, уруштуруп да коюшат. Кыздар үчүн чыккан чыр-чатактар көп.
...Ушул күнгө чейин канчалаган ачуу чындыкты угуп келатсам да, телефондогу ачуурканган үн дагы бир олчойгон чындыкты айтып жатканын мойнума алууга аргасызмын. Болбосо, интернет-сайттардагы кыргыз мигранттары жөнүндөгү жаңылыктарды күнүгө эле окуп жатпайбызбы. Үстүбүздөгү 2010-жылы Орусиянын укук коргоо органдары - төрөп, баласын ар түрдүү жолдор менен өлтүрүп кетишкен Кыргызстандын жети жаранына кылмыш ишин козгогон маалымат жакында жарыяланды. Алардын жашы 18ден 25ке чейинки деп жазылган. Бирөөлөрү жарык дүйнөгө жаңы келген наристесин бийик көпүрөлөрдөн сууга ыргытышса, дагы бирлери алыс барбай, ваннасына эле кызыл эт ымыркайды тумчуктуруп өлтүрүүгө барышыптыр... Мындай көрүнүштөр кыргыз эле эмес, мусулман эле эмес, жалпы адамзаттын табигатына жат көрүнүш эмеспи. Өз жатынын жарып чыккан үрөндү өз колу менен тындым кылуу - бери болгондо айбандык... Жо-ок! Мен да жаңылышып жатам, керек болсо айбандар да өз балдарын өлүмгө кыйбайт, бутуна тургузуп, өз алдынча болуп кеткичекти телчиктирип, анан бөлүшөт...
Кыздар төрөгөн балдарын уялганынан Москва-дайрага ыргытып ийип жатышканын билип эле турабыз! Бирок, бул жерден дагы бир чындыкты бетке айтпаса болбойт: Эгер алардын уяты бар болсо, атасынан да улуу, курсактары салаңдаган катынпоздорго сатылбайт эле го. Уят деген улуу журтту Москвага барып эле өрттөп ийбей!
Кыргызда: "кызга кырк үйдөн тыюу" деген сөз бар. Биздин бул макалабызды дал өзүндөй кабыл алсаңар экен, окурман. Качан эле кыргыздын кызга күнү түшүп калды эле?! Кудайга шүгүр, уучубуз кур эмес, канчалаган эр-азаматтарыбыз төш кагып турушат.
Илгери айылда кыздарды дайыма төргө өткөрүп, "кыздарды улагага отургузбайт", "кыздан алган - байыбайт" дешип өзгөчө сый көрсөтүшчү. А эми азыр болсо таптакыр андай эмес. Жети атасы көрбөгөн алыскы жактарда чычкандай кыз-келиндердин талаалап жүргөнүнүн өзү эле көп нерседен каңкуулап турбайбы. Баягы, "Бириң кеттиң Каңгайга, бириң кеттиң Алтайга" дегендей. Кыргыз элинин таза гени улам минтип бузулуп, аты булгана берсе, анда элдигибизди кантип сактап кала алабыз?!
...Ушул макаланы окуган ар бир эненин эмчеги зыркырап, уул-кызынын ууздай абийирлери тынчсыздандырса деймин...
Ушул макаланы окуган ар бир атанын жүрөгүндө намыс ойгонсо деймин.
Ушул макаланы окуган эр-азаматтарыбыз депутаттык ээрге отурган күндөн тартып кыргыз кыздары "т...алаадан таап" салып жаткан акчага Кыргызстандын күнү түшпөгүдөй аракеттерди жасап, иш орундарды камсыз кылып, республиканын казынасын толтурса деймин...
Ушул макаланы окуган азыркы Өкмөт мүчөлөрү Миграция жана жумуштуулук комитети кандай иштеп жатканына чыныгы баасын берсе деймин...
Себеби, бүгүнкү кыздарыбыз - эртеңки энелер. "Бейиш - энелердин таман астында" деп келебиз го. Ошондо, эртең кандай бейишке туш болобуз, бурадар?!

Нурбүбү
БӨДӨШОВА

P/S: "Бишкек-Москва" маршрутундагы поездде бара жаткан кыргыз кызды 17-сентябрда "Жайсаң" бекетинде казак чек арачылары зордуктап, бул поезддеги мекендеш жүргүнчүлөр 5 саат бою поезддин жолун тороп, Казакстандын прокуратура жана улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери келгиче токтотуп турушкан.




АВАРИЯ КИМДИКИ?
Шайлоонун үгүт иштери кычап турган кезде кызыл акчалар самандай сапырылып, кызыл-кызыл кекиртектер кайран кыкеңдерди кыйла жерге секиртет кылып жатат.Ушундай иш чаранын шарапатыбы -ким билсин,16-сентябрь күнү кечки саат 6 жарым чамасында Талас шаарына кире бериш жерде шаардан чыгышка Кырк-Казык айылына келаткан ушул айылдын тургуну, мурдагы милийса, "Хонда Степ Вагон" аталыштагы Е 14 57 А номерлүү машинанын рулундагы кызылдай мас Адыл Көкүмбаев, алгач Назарбек Иманалиев айдап келаткан Т26 10Д номерлүү "Ауди С-4" автомашинасын кууп өтөм деп капталга капшыра сүзүп, каршы тараптагы жол жээгине жапшырат. Кылмыш болгон жерден качып кетем деген аракет кылдыбы, же кызылдай мастыгыбы-андан бери келип, жолдун оң жээгиндеги кара жыгачты сүзөт. Сүзгөн боюнча токтоп калбай, кайра айдап чыгып, түз жолдо, жолдун тиги четинде келаткан ВАЗ 2109 маркасындагы В 15 15 номерлүү экинчи жеңил автомашинаны оң капталга сүзүп, ошондон кийин гана айдоочу рулда уктап калып, машина токтоп калат. Тилекке жараша "Аудиде" келаткан айдоочу аялы менен, ВАЗ 21 09да келаткан айдоочу эки жүргүнчүсү менен аман-эсен, болгону денелеринен жеңил жаракат алышты.Эки кырсыкты жасаган автоунаанын терезесинде "СДПК" деген баракча жабыштырылган. Машинанын ичиндеги айдоочунун жолдоштору да мас абалда экен.
Тергөөнү Талас РИИБнын тергөөчүсү Эркин уулу Искен, МАИ кызматкери Кубат Субанбеков калыс жүргүзөбү, жокпу РИИБнын начальниги У.Береналиев жана район прокурору Т.Ахуновдун абийирине койдук. Түнүндө жабырлануучуларды "керек болсо энеңерди Үч-Коргондон көрсөтүп коёбуз" деп жулкунуп жаткандар эртеси курун моюнга салып,"мастык-жаштык" деп келеби десек тоотуп да коюшпаптыр.
ВАЗ 2109дун ичиндегилер Манастын күмбөзүнөн зыяраттан келаткандар эле. Манас бабанын арбагы аларды бул жерден да бир сактады.





Шалаакы өкмөт, санаа тарткан эл
Бу бийликке түшүнүп болбойт. Майда-чүйдө маселеге баш оорутуп, теледен бөөдөй жакшылыгын төөдөй көрсөткөнгө эле уста. Ал эми түштүктө үйсүз калгандардын үйлөрү жакында бүтчүдөй түрү жок. Көпчүлүгү жаңы гана пайдубалы түптөлүп жатыптыр. Бир айга жетпеген убакытта кычыраган кыш кылычын суунуп кирип келет. Ийнеликтей калчылдаган бечара эл учурдагы катуу суукта чатырда күн кечирүүдө. Аларды ойлоп койгон өкмөт жок. Бир нерсе десең эле таарынышат. Жазбайын десек чындык чыркырайт. Буга чейин бул бийликти бөөдө учкан чымындан да коргоп келдик. Эми абийир жапкандын да чеги болуш керек да, туурабы?


"Алиби" пресс