Азыркынын казалы

Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз, сен Манастын тукуму!

Дүйнөгө атагы чыккан чыгыш изилдөөчүсү, академик В.В Бартольд "Кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринин бири. Азыркы убакытта Орто Азияда жашаган элдеринин ичинен тарыхта аты ушунча эрте жолуккан бир да эл жок болушу керек. Өзбек мамлекетинин окумуштуусу, тарых илимдеринин доктору Хамид Зияев айткан: "Түркстан аймагындагы түрк калктарынын ичинен байыртадан бери тарыхый өз атын сактап келаткан кыргыздар" деген. Бул элдин улуулугунун белгиси. Ал үчүн кыргыздар көптөгөн кандарын төгүп, өмүрлөрүн кыйышты. Эгерде кыргыздар болбосо кытайлар Түркстанды басып алмак экен деген ойго келем. Кыргыздар болбосо Кокон хандыгы түптөлмөк эмес, Кокон хандыгын башкарууда кыргыздар негизги орунду ээлеп келишкен. Атактуу Алымкул Аталык да кыргыз. Ал Ташкент шаарын орусиялык баскынчылардан коргоо үчүн болгон согушта курман болгон. Сөөгү Ташкентте коюлган. Кокондун акыркы ханы Полот хан (Болот) да кыргыз элинин уулу болгон.

Мына ушундай окумуштуулардын, тарыхчылардын, саякатчылардын жана башкалардын кыргыздар жөнүндө айткандары жана жазгандары өтө көп.
Кыргыз эли журт катары - уруучулук тамырдын тереңдигинен уланып ушул кезге чейин жашап келет.
Казак элинин акыны М.Шаханов жазгандай (Кыскача мааниси): "Чөлдө эки өсүмдүк өсөт бири - "камгак", экинчиси - "төө тикен" "Камгак" чөөттөн суу ичип, эптеп көгөрүп, чөлдүн катуу шамалына туруштук бере албай жулунуп, жумгалакташып оролуп, кум аралаша калдактап учуп сапырылып жок болот. Ал эми "төө тикен" болсо байтүбүн сактап, өзүн-өзү бекемдеп жер астына тамырын жайып барат. Ошондон ным тартып, дайыма көгөрүп, өңүнөн жазбай, долу куюн менен кармашып, жаба төгүлгөн ысык кумга туруштук берип, какшыган куу чөлгө жашыл түс таштап өсүп турат экен".
"Төө - тикендин" терең кеткен тамыры сыяктуу, ар бир элдин түпкүргө кеткен тамыры болуш керек. Алар: ата-журту, тарыхы, эне тили, каада - салты.
Кыргыздардын уруучулук тамырынан башка дагы мына ушул жогоруда аталган тамырлары менен улут катары калыптанышкан. Ал эми ошол аталган тамырлардын бирөөсү гана жок болуп, улут катары калыптанбай калгандар да жок эмес. Аларга таза кандуу деп аталган Европада: Лужичтер, Азияда, Брахманда, Ишкашимдер, андан сырткары таза кандуулардын катарына кирбегендер: цыгандар, күрттөр, уйгурлар, дунгандар ж.б.
Акыркы изилдөөлөргө таянсак, окумуштуулардын бир тобу илимий негизде жер бетиндеги улуттардын генетикалык изилдөөсүн аталык багыты боюнча, б.а. атадан балага өткөн багыты (илимий тилде V-DNK) изилдөө жүргүзүшүп, кыргыздардан 52 адамдын гении (каны) изилденген. Эң негизгиси ар бир генетикалык топ (кыргызча "кан") гаплогруппаларга бөлүшкөн R1b, R1a, I, E, J, G, N, T, L. Бир сөз менен айтканда кыргыздардын генинде R1a (63%), J (4,9%), N (2,4%), I (1,9%), R1b (1,9%) гаплогруппалары кездешкен. Демек, кыргыздардын генинде эң орчундуу орунду R1a гаплогруппасы ээлеген (К.Субанов "Назар" 02.10.09 № 28). Кыскасы окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн негизинде кыргыздар башка элдерден айрымаланып таза кандуу улуттардын катарына кирет экенбиз, б.а. кыргыздар "арийлер".өз учурунда Адольф Гитлер чыныгы "арийлер" - "бул немец улуту, жер жүзүндө немец улуту гана бийлеш керек" деп жар салып келбеди беле. Акаев убагында 2200 жылдык тарыхыбыз бар деп айтылган, азыр болсо 6000 (миң) жылдык тарыхыбыз бар деп чыгышты. Тарыхыбыз терең кеткен болсо, эң таза кандуу эл болсок, эмне үчүн башка элдерге, мамлекеттерге окшоп өнүкпөйбүз деген суроо туулат.Согуштан кийинки пайдубалына чейин тып - тыйпыл болуп талкаланган Германияны эске түшүрөлү. Кайрадан жаралышына генералдык пландар жана ошондой эле американын жашыл акчасы да жардам бермек эмес. Ошондо - "дүйнө жүзүнө биз ким экенибизди көрсөтөбүз" деген улуттук улуу идея пайда болгон. Мына ушинтип немец эли улуу улуттук идеянын негизинде бардык нерсени бир гана акча менен чечүүгө мүмкүн эмес экенин бүткүл дүйнөгө далилдешти. Таза кандуу, 6000 жылдык тарыхыбыз бар, Манастын урпактары, кыргыздар - немец улутунан эмнебиз кем? "Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз, намысыңа кел кыргыз!" - деп асман карап, аба жарып кыйкыргың келет. Мамлекетибизде үй-бүлөлүк башкаруунун орношуна, коррупциянын терең тамыр жайышына, элдик мүлктүн мыйзамсыз менчиктештирилишине жана толгон токой нерселерине ким күнөөлүү? Мунун баарына өзүбүз күнөөлүүбүз.
Бакиевдин канкор бийлигин кулатуу кыргыз элине оңойго турган жок. Кырчындай болгон жаш жигиттерибиздин өмүрлөрү кыйылды. Кыргыздын кыраан жигиттери байлык, бийлик же болбосо мансап үчүн көкүрөгүн окко тоскон жок. Алар чындык үчүн чыркырап, кыргыз элинин келечеги үчүн атылган октон тайманбай коррупцияга чырмалышкан үй - бүлөлүк бийликти кулатууда баатырларча курман болушту. Ушундай эр-азаматтарыбыз бар экендигине төбөбүз көккө жетип, кыргыз элин эч кандай душман чөгөлөтө албасына ынандык. Эр-азаматтарыбыз, кыргыз эли баатыр эл экендигин бүт дүйнө жүзүнө даңазалашты.
Бирок, таяктын эки учу бар демекчи эң өкүнүчтүүсү, азыркы жат көрүнүштөр биздин эр азаматтарыбыздын жараткан эрдиктерин жууп таштай турган болду. Убактылуу бийликтин мындай жоругун шейит кеткен эр-азаматтарыбыздын арбактары кечирбейт. Кадр тандоодо Акаев, Бакиев доорундагыдай ыплас ыкмалар болууда. Башы иштебесе да, чөнтөгү иштегендердин ити чөп жеп, иши жүрүшүүдө. Тоок уурдагандар камалып, миллиондогон долларларды, сомдорду мойсогондорго (кайтарып берсе) мунапыс жарыялоодо. Мындай жосунсуз жоруктар мамлекетибиздин өсүп өнүгүшүнө алып келбейт. Учурунда Акаев, Бакиевдерди шайлап биз өнүккөн мамлекет болобуз, Швецарияга жетебиз деп акырында А. Пушкиндин "Алтын балык" жомогундагы кемпирдин абалында калдык. Мамлекетибиз көп улуттуу түптүү журт. Мекеним, элим деген чыныгы атуул кадрлар бардык район шаарларында кездешет. Бир аз артка кылчайсак, мамлекетибизди түптөөдө биздин аталарыбыз Ж. Абдрахманов, А. Орозбеков, И. Айдарбеков, И. Арабаев, К. Тыныстанов, Т.Айтматов, Б. Исакеев ж.б. зор салымдарын кошушкан. Ошол кездеги каары күчтүү замандын кыйынчылыктарына каршы турушуп, кыргыз элинин эркиндиги, билимдүүлүгү, жакшы турмуш жашоосу үчүн күч аракеттерин жумшап келишкен. Зулум бийликке кошомат кылып калдайган Ала-Тоомду, Каркырамды, Үзөңгү - Куушту же болбосо башка жер, сууларымды ал деп, тизе бүгүп чөгөлөгөн эмес.
Түрмөдө жатып канчалаган кыйноолор, азаптарды башынан кечирген бирок, ошондо да кыргыз эли үчүн, мекен үчүн кыянаттык кылган эмес. Ошол кезде өз кызыкчылгын көздөгөн болсо, буларда да мүмкүнчүлүктөр болгон, мамлекеттин казынасындагы акчаны атка - төөгө жүктөп алып күндөп - түндөп Кытайга же болбосо башка тарапка өтүп кетип, өз башын аман сактап калса болмок. Бирок антишпеди, элдин ырыскысын уурдоо алар үчүн өлүм менен барабар болду.
Азыркы бийликтин башында тургандар ошолордон үлгү алышы керек. Алдыда келечегибизди чече турган шайлоо. Жыйырма жыл аралыгында журт башчыларын, эл өкүлдөрүн шайлоодо жаңылыштык, кара курсактын айынан алдандык. Учур келип жетти, курсак менен ойлонбой акылыбызга келели. Келечек өзүбүздүн абийирибизде, кара курсактын айынан келечегибизге балта чаппайлы.
Кыргызды жогорку аты аталган аталарыбыздын жана Кабылан Манас бабабыздын руху колдосун!
Кеңешбек Тургунбаев,
коомдук ишмер,
Жалал-Абад облусу