Калманбетовдун портретине штрихтер

Акимден колуңду тарт!
Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылында Кулмырза Калманбетов деген өтө кызыктуу жана активдүү адам бар. Ал айылда же райондо бирөөгө таарынып калса же бирөө аны өзүнүн мүнөзүнө карата кагып-силкип койсо эле, ич күптүлүгүн чыгарып, андан өч алуу максатында бирде жугуп, бирде жукпай калган калеминен макала жаратып, гезиттерге жөнөтмөй адаты бар.
Айтайын дегеним, үстүбүздөгү жылдын апрель окуяларынан соң да, бул эргул жөн жатпай, "Эл Сөзү" деген гезитке "Элдик революция СДПК үчүн болду беле?"- деген темада суу кечпеген бир нерселерди чиймелемиш этип, анда Кара-Буура районуна жаңы аким болгон өзүнүн айылдашы Төлөгөн Наралиевди негизсиз көөлөп, СДПК партиясын каралоого аракет кылган. Ушул макаланы окуган соң, мен да жөн жата албай, кыздын сыры төркүнгө маалым дегендей, бул жигиттин чыныгы жүзүн ачып, ал неге мындай кадамга барып жаткандыгы тууралуу өз оюмду ортого салсам.
Калманбетовдун айтымында, Наралиев Кара-Буура райадминистрациянын башына элдик революциянын эпкини менен эле кокусунан олтуруп калган имиш. Ой Кулмырза мырза, бир нерсени айтканда баарын көрүп-билип турган эл бар деп, оңду-солду карап койсоңуз боло... Т.Наралиев Бакиев заманында ичип-жегич аткаминерлер өз дооранын сүрүп турган мезгилде, СДПКнын райондук координатору болуп, акыркы эки жылдан бери эл мүдөөсүн ойлобогон мурдагы бийликке каршы ачык эле элди үндөп, анын айынан бийликтин далай куугунтуктарына, кысымдарына кабылып жүргөнүн сиз билбей калдыңызбы? Т.Наралиевдин өткөн жылкы президенттик шайлоодо жасаган эмгектери эске алынып, элдин колдоосу менен акимдин креслосуна олтурганын сиз билбесеңиз да, башкалар эң сонун билишет...Район чогулуштарында да, азыркы аким Т.Наралиевди К.Калманбетов "бул өзүмдүн окуучум, иштин көзүн билген жигиттерден, ушуларды колдойлу"- деп, бир канча ирет бакылдап айтканын өзү унутса да, аксакалдар кеңеши унута элек. Аксакалдар кеңеши демекчи, ал жерге да бир айылдан өзү жалгыз барып, өзүн-өзү көрсөтүп, ага мүчө болуп алган. Деги, Кулмырза мырзада принцип деген барбы? Себеби, принциби жок адам, рулу жок деңиздеги кемеге окшош. Шамал кайда айдаса, ошол жакка кете берет, максаты жок.
Эң кызыгы, СДПКны азыр шыбап жаткан сиз дагы, убагында анын пайдасын көрбөсөңүз зыянын тарткан эмес элеңиз. "Суу ичкен кудугуңа түкүрбө да, какырба!"- деген кыргыздын жакшы накыл сөзү бар, бирок сиз үчүн бул учкул сөз эч нерсеге арзыбайбы же кулак сыртынан кетиргенсизби, айтор жогоруда келтирген макал сизге таасир этпейт көрүнөт. Айтайын дегеним, сиз жамандап жаткан партиянын каржылоосунда 2009-жылы сиз дагы Ысык-Ата курортунда болуп, ден соолугуңузду бир аз чыңап, СДПКга аябай ыраазы болуп келбедиңиз беле? Бирок, ага да топук кылбай, СДПКнын райондук координатору болууга бир канча ирет жан далбас урганыңыздан майнап чыккан жок. Анан 2009-жылдын апрель айында өткөн СДПКнын конференциясына катышып, партиянын саясий кеңешине мүчөлүккө кирүү оюңуз таш каап, "мен бул партияга мүчө болуп кирген эмесмин"- деп, ушундай эле оюңузду эми "Ата Мекен" партиясынан ишке ашырайын деп, ага арыз жазгансыз. Бирок, сиздин чыныгы оюңузду илгиртпей байкаган Талас облусу боюнча Ата Мекен партиясынын координатору, азыркы губернатор Койсун Курманалиева жакын жолотпой, алыс кууган. Ак шумкар партиясына жасаган жүрүшүңүз да жемишин бербеди.
Эч жерге батпаган жазарман байкебиз жакында дагы чоң казаттка аттанып, Бишкекти көздөй барып келди. Билгендердин айтымында, Кулмырза мырза көлгө барып эс алып, "Мекен Туу" партиясынын райондук координатору болуп, штабын жетектеп берүүнү убадалашат. Бирок, анын саясий карьерасы жогору көтөрүлбөй, Барыктабасовдун 5-августта кармалган окуясы менен чекит коюлат да калат. Эми, бул мырзанын өз айылдаштарына жасаган "жакшылыктарын" жаза берсек, кагаз түтчүдөй эмес.
К.Калманбетовго окшогон адамдар мындай ыплас ишин таштамак турсун, түшүнөн чоочуп ойгонсо эле, айылдын тың чыкма жигиттерин гезитттерге жамандай коюп, бир нерсе өндүрүп алсам дегенде эки көзү төрт. Бетке айткан сөздүн заары жок дегендей, менин бул айткандарыма Кулмырза агам таарына койбос, себеби ал сөздү көтөрө билген дөө, то есть төө эмеспи.

Жээнбай Итибаев, Көк-Сай айылынын тургуну, СДПКнын мүчөсү




  Сурагыла! Жооп беребиз

Кыргызстандын карызы канча?
Кыргызстандын мамлекеттик озуйпасы кандай? Биздин өлкөнүн тышкы карызы канча?
Б.Даиров

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 2009-жылдын 30-ноябрына 2729857 миң АКШ долларын түзгөн, анын ичинен: Кыргыз Республикасынын ички карызы - 181605 миң АКШ доллары, Кыргыз Республикасынын тышкы карызы - 2548252 миң АКШ доллары. Карыз алуу булактары боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы карызы:
Көп талаптуу кредиторлор - Эл аралык Валюталык фонд, Мунай Экспортерлору - Өлкөлөр Уюмунун Эл аралык Өнүктүрүү фонду, Азия Өнүктүрүү Банкы, Айыл чарбасын өнүктүрүү Эл аралык фонду, Түндүк Өнүктүрүү фонду, кайра конструкциялоо жана Өнүктүрүү Европа Банкы:
Эки тараптуу кредиторлор - Кытай эл Республикасы, Франция, Япония, Германия, Корея, Кувейт, Россия, Дания, Туркия.
Тараптар корреспонденттик эсеп-чот ачканга чейин 1992-жылдын 1-январынын берки мезгил ичинде карыз милдеттенмелерин жөнгө салуу тууралуу 1996-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү. Улуттук банкы менен Молдова Республикасынын Өкмөтү. Улуттук банкы ортосунда макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын алдында Молдова Республикасынын алдында Латвия Республикасынын Литва Республикасынын жана Эстон Республикасынын карыздары жогоруда көрсөтүлгөн өлкөлөр менен Кыргыз Республикасынын ортосунда 1992-жыл үчүн (корреспонденттик эсеп-чот боюнча эсептешүүлөр өткөнгө чейин) соода-экономикалык мамилелердин натыйжасы боюнча мамлекеттер аралык эсептешүүлөрдүн натыйжасында келип чыккан.
- Латвия 9, 817, 166, 10 руб (Латвия Банкынын 30.08.1994-ж. №04.1-006) катына ылайык) же 84000 АКШ доллары (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөмдөрдү жүргүзүү мезгилинде орточо алынган курс боюнча баалоо эсебине ылайык).
- Литва 82, 336, 844, 66 руб (бул жыйынтык каражаттар кыймылы жөнүндө 16.12.1994-ж. 053-1 маалыматта тастыкталган жана күбөлөндүрүлгөн) же 694200 АКШ доллары (Кыргыз Улуттук банкынын төлөмдөрдү жүргүзүү мезгилинде орточо алынган курс боюнча баалоо эсебине ылайык).
- Эстония 53, 982, 414, 46 руб же 573, 435, 76 АКШ доллары (бул жыйынтык 1995-жылдын ноябрында мамлекеттер аралык эсептешүүлөрдүн тууралыгын билүү Актысы менен күбөлөндүрүлгөн).
Финансы министринин орун басары А.Нишанов






"Пенсионерлерди дары-дармек менен
камсыз кылуу боюнча кандай жеңилдиктер бар?
"Алиби" гезитинин окурманы Г.Иманалиеванын "Пенсионерлерди дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча кандай жеңилдиктер бар?" деген суроосуна КР Өкмөтүнө караштуу ММК фонду төмөнкүлөрдү билдирет: Кыргыз Республикасынын пенсионерлери милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандар категориясына кирет. Алардын камсыздандырылган статусун далилдеген документ болуп пенсиялык күбөлүк саналат.
Республиканын бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда амбулаториялык шартта ММК Кошумча программасы ишке ашырылып келатат, ал боюнча дарылар наркынын бир бөлүгү милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан кайтарылып берилет, ал эми калган бөлүгүн пациент өзү төлөйт. Көрсөткүчтөр боюнча ММК рецептти клиникалык протоколдорго ылайык үй-бүлөлүк дарыгер жазып берүүгө милдеттүү. ММК Кошумча программасы боюнча медикаменттердин тизмеги үй-бүлөлүк дарыгерде бар.
Мамлекеттик гарантиялардын кошумча программасы менен амбулаториялык деңгээлде дарыкана тармагы аркылуу бейтаптарды төмөнкү ооруларда жеңилдетип дары-дармек менен камсыз кылуу каралган: терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулар, параноялык шизофрения жана өнөкөт жөөлүү бузулуштар, ар кандай генездеги аффективдик бузулуштар, талма, бронхтук астма. Препарат наркынын бир бөлүгүн пациент төлөйт (10-15%ке чейин), калган бөлүгүн - ММК фонду. Медикаменттердин тизмеги Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча кайтарып бериле турган Дары каражаттардын маалымдамасында берилген, аны менен өзүңүздөрдүн үй-бүлөлүк дарыгерден таанышсаңыз болот.
Мындан тышкары, Бишкек шаарында жашаган жарандардын айрым категориялары социалдык жана медициналык көрсөткүчтөр боюнча шаардык бюджеттин каражаттарынан жеңилдетип дары каражаттарын алууга жана алар катталган Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда даректүү социалдык корголууга укуктары бар.
Эгерде сиз:
- Мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө толук маалымат алгыңыз келсе;
- өз укуктарыңар тууралуу көбүрөөк билгиңиз келсе;
- медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдирүүнү кааласаңыз;
- саламаттык сактоо уюмунун ишин жакшыртуу боюнча сунуш киргизсеңиз

ММК фондунун ишеним телефондору боюнча бизге чалыңыз:
Бишкек шаары (0 312) 31-40-96; 31-87-72
Чүй облусу (0 312) 66-62-66; 66-53-62
Ош облусу (0 3222) 7-16-34
Жалал-Абад облусу (0 3722) 5-31-82; 2-03-53
Баткен облусу (0 3622) 5-06-40; 5-06-39
Ысык-Көл облусу (0 3922) 5-11-72
Талас облусу (0 3422) 5-32-99
Нарын облусу (0 3522) 5-04-67; 5-56-86
ММК фонду (0 312) 66-05-29; 66-74-37

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду саламаттыкты сактоо тармагында Сиздин укуктарыңызды коргойт!

Даярдаган Г.Холкин