"Ата Мекен" күчү - чындыкта!
"Ата Мекен" Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жамгыр, күндүн суугу, эл арасын аралаган ушак-айың... Булардын бири да Жалал-Абад тургундары менен "атамекенчилердин" кезигүүсүнө тоскоол боло албады. Жамгырга карабай, "Ата Мекен" лидеринин кебин тыңдап, ниеттеш партиянын алдыдагы иш-пландарынан кабар алууга миңдеген жалалабаддыктар чогулду. Эки саатка созулган жолугушууда "Ата Мекен" лидери учурдун талылуу көйгөйлөрүнөн кеп салып, аларды чечүү боюнча партиянын программасына токтолуп өттү. Биринчи кезекте, апрель, июнь окуяларынан соң сокку алган өлкө экономикасынын маселелерин чечүү керектигин белгиледи. Андан тышкары, баш "атамекенчинин" пикиринде, бажы кызматын да кайра түзүү керек. Анткени, буга дейре айыл чарба товарлары чек арада чектен чыккан текшерүүлөргө кабылып келген. Жалал-Абад тургундарынын дагы бир көйгөйлүү маселелеринин бири - билим сапаты. Бул жаатында жолдонгон соболдордон улам, Өмүрбек Текебаев "Ата Мекендин" орто жана жогорку билим берүү тутумун реформалоо концепциясы бар экенин белгиледи. Жолугушуунун соңунда кандуу кагылыштан каза тапкан мекендештер бир мүнөт эскерилди.
"Атамекенчилер" Баткендин алты миңден ашуун (былтыркы президенттик шайлоодо К.Бакиев аталган шаарда 1500 адамды араң чогултканы туурасында маалымат бар) тургундары менен шаардык стадиондо кезигип, шайлоо алдындагы платформасы менен тааныштырып, жергиликтүү элдин көйгөйү менен үмүт-тилектерин тыңдай алышты. "Ата Мекен"лидери өз сөзүндө бийлик алмашуусунан көз каранды болбой турган приоритеттүү программалардын бири - жаңы айдоо аянттарынын өздөштүрүлүшүн шарттаган жаңы каналдардын курулушу сугат суу менен гана эмес, калкты иче турган суу менен камсыз кылуу да мамлекеттин мойнунда экенин белгиледи. Баткен жергесиндеги жолугушууда "Ата Мекен"лидери дин темасына да токтолуп, исламдын принциптерин 20 жылдан бери таппай келаткан улуттук идеологиябыздын негизи катары алуу ылайык экенин, ал эми идеология келечек муунду тарбиялоого, ыймандуулукту жогорулатууга багытталышы керектигин билдирди.
"Ата Мекендин" Ош жергесиндеги ири иш-чарасына үрөй учурган ушактардан чочулабастан, 25 миңге чукул эл чогулуп, баштан оор күндөрдү кечирген шаар баарын унуткарып, майрамдык шаңга бөлөндү. Элдин маанайы жакшырганына курсант болгон "атамекенчилер" өз программасынан сөз козгоп, экономикабызды жакшыртууга бардык күчтү жумшап, анүчүн биринчи кезекте талаптагыдай инвестициялык климатты жаратып, атамекендик өндүрүштү бар тараптан колдоп, кыргызстандык товарлардын экспортун көбөйтүүгө шарт түзүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле бул жолугушууда Өмүрбек Текебаевдин дарегине Кадыржан Батыров менен байланыштын чын-төгүнүн билгиси келген суроолор да болбой койгон жок. Анткени, эл арасын атайын дүрбөлөңгө салган ушактардын бир тобу "атамекенчилерди" эл алдында каралоо ниетинде жүргөнү анык эмеспи. Негизсиз ушактарды төгүндөгөн Өмүрбек мырза Ош-Жалал-Абаддагы кайгылуу окуяларга тиешеси барлар аныкталып, айыптуулар жазаланаарын убада кылды.
"Ата Мекен" партиясы Таласта 25 миңдин тегерегинде эл чогултту. Талас тургундарына "атамекенчилердин", "Ата Мекенге" таластыктардын маанайы төп келип, жолугушуу кадимки майрамга айланды. Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө аталган аймак калкынын киреше булагы болгон айыл чарбасын колдоо, дегеле, өлкө экономикасын өргө сүрөө керектигин белгилөө менен бирге өлкөнүн бир катар көйгөйлөрүн жана алардан чыгуу жолдорун атады.
Өмүрбек Текебаев революция идеясын сактоо керектигин белгилесе, анын соңунан сөз алган Болот Шер жердештерине революция маалындагы колдоосу үчүн ыраазычылыгын айтып, башын ийип, таазим этти. "Атамекенчилер" Равшан Жээнбеков, Карганбек Самаков, Эркин Алымбеков сөз сүйлөп, "атамекенчилер" алдыдагы шайлоодо элдин колдоосуна ишеним артышарын, ал эми таластыктар "Ата Мекен" шайлоодо утуп чыкса, Кыргызстан өнүгүүгө багыт аларына ынанышарын билдиришти.
Даярдаган
Күнболот МОМОКОНОВ