23-сентябрь - мамлекеттик тил майрамы!

Кыргыздар, кыргыз тилин коргойлу!

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын ага аттанышкан партиялар ар кыл программаларын калың элге сунуш кылышууда. Мен шайлоочу катары ал программаларда азырынча эч бир сөз айтылбаган жана жазылбаган кыргыз тилин мамлекеттик жана турмуштук деңгээлдерде коргоо боюнча айрым ойлорумду ортого салууну туура таптым.

Ачуу чындык, дүйнөнүн башка бир дагы өлкөсүндө мамлекеттик деңгээлди коёлу, жөнөкөй турмушта сүйлөшкөнгө кудурети жок болгону менен Кыргызстандагы болжол менен 3,5 млн. кыргыздар үчүн канынан бүткөн кыргыз тили азыркы эгеменбиз деп ооз көптүрүп жаткан учурда атактуу орус акыны Александр Сергеевич Пушкиндин белгилүү жомогундагы балыкчы абышка-кемпирдин сынык таштегинин кейпин кийип турат. Анткенимдин себеби, адеп СССР кулаарга чукул кайра куруунун шарапаты менен бир аз болсо дагы демократиянын илеби келип, анан өлкөбүз эгемендикти алганда өзүбүздү өзүбүз көтөрмөлөп жатып, мамлекеттик тил деп жарыялап, кагаз жүзүндө мыйзамдык статус алып, жогорудагы жомоктогу чалпоо кемпирдей көз ачып-жумганча "алтын сарайлуу" болгону менен, бара-бара кайра эле мурдагы таз кейпин кийген кыргыз тили өнүкмөк турмак, жоголуп баратат. Ошондуктан, кыргыз тили коргоого муктаж.
Сөзүм кургак болбосун деп, өзүм жашаган Бишкек шаарынын мисалында кыргыз тилин колдонуунун абалын айтайын. Адегенде, мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу кандай деген суроо коюп, чечмелеп көрөйүн.
Жеке ишкер катары ай сайын Бишкектин бир районунун салык жана социалдык коргоо, үч айда бир жолу статистика башкармалыктарына отчет берем. Бардык отчет берилүүчү бланкалар орус тилинде болгондуктан, орусча толтурам. Отчет алынуучу жогорудагы башкармалыктарда иш кагаздарынын үлгүлөрү дагы орусча толтурулган. Кабинеттердин көрнөктөрү, кызматчылардын аты-жөндөрү баягы эле Толстойдун тилинде. Кээ бир суроо менен кабыл алуу бөлмөлөрүнө кайрылып, кыргыз улутундагы катчыларга кыргызча сурооңузду айта калсаңыз, орусча жоопторду аласыз. Акча которулуп келип, кайра акча алуучу банкта да келген билдирүүлөр жана аласа-бересени тактаган кагаздар орус тилинде.
"Самолёттун коноор жери - аэропорт" дегендей, ишиң жеке өзүңдүкү болгону менен, баары бир маморгандарга кайрылып турбасаң ишиң жүрбөйт. Моюндан байлаган иттей болуп, анда-санда министрликтерге, мамкомдорго жана агенттиктерге, шааррайакимчиликтерге кайрылууга туура келет. Анын үстүнө 2-3 жыл мурун аттуу-баштууу бир министрликте да үстөл кучактап иштеп калганым бар. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралганга карабастан, дээрлик министрликтерде, мамкомдордо жана агенттиктерде иш кагаздары 100 пайыз орусча алынып барылат: чу дегенде эле иш башы деп ар жуманын башында өткөрүлүүчү планеркалар орус тилинде жүрөт, протоколдору да анан ошол тилде кагазга түшөт, министрликте ишке тандап алышат: орусча кагаз жаза албагандар мамкызматка алынбайт, жумушка кабыл алуу жана бошотуу арыздары ошол тилде толтурулат, "Личный листок по учету кадров" деген Россиянын орус тилиндеги бланкы колдонулуп, орусча толтурулат, Кыргыз Республикасынын министри же анын орун басарлары жумушка байланыштуу иш кагаздарына көрсөтмөлөрдү Россия Федерациясында резолюциялар кайсы тилде жазылса, ошондой тилде жорголотушат, жалпы бөлүмдөрдө кириш иш кагаздарын жана чыгыш иш кагаздарын толтуруу, ага жоопторду даярдоо, башкармалыктарда жана бөлүмдөрдө мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу орусчалашкандан таптакыр арыла элек. Кабинеттер, көрнөктөр дагы орусча. Кыргыз тилин коргоп калсак гана, "итибиз чөп" жейт.
Бир сөз менен айтканда, улуту кыргыздар кабинеттерде олтурушканы менен Кыргызстандын мамлекеттик жогорку жана Бишкектин шаардык жана райондук органдарына кайрылып калганда, Россиянын маморгандарына барып калгандай болуп кетем. Эки жогорку окуу жайында окуп, ар кыл кызматтарда ар улуттар менен иштеп, орустун түшүн жорубасам да, орусча оюмду толук билдире же "киргиздин" орусча жообун кабылдай алган мага кыйынчылык келтирбегени менен, мыйзамдуу тилибиздин мамлекеттик деңгээлдерде колдонулбай жаткандыгына аябай кыжырданып да, арданып да кетем. "Айлам кеткенде арызчыл болдум" деп бирөө арман кылгандай, ушундан улам газетага жазып, бир бугум чыгып калса экен деген кыязда колума калем алып олтурам.
Тамырыбыз айылдан болгондон кийин, айылдан келгендер менен көп жолугуп калабыз. Азыркы тартыш учурда айылдык фермер (азыр айылдыкты өкмөт тилинде ушинтип атап калдык) чоң калаага же балдарын окууга алып келет, же ооруп, доктурга көрүнгөнү келет, же бирөөнүн үстүнөн арызданып келет. Аргасыз ар кыл органдарга барат. Анан орус тилин анча билбеген кыргызбай тууганым мамлекеттик жогорку органдарга кайрылышса, ал жердеги орус тилинде кабыл алуучуларга же ойлорун толук айта алышпайт, же алардын орусча берген жоопторун толук түшүнө беришпейт. Орус тилдүү доктурга ооруган жерин толук айтышы кыйын, жаңдап атып эптеп түшүндүрөт. Арызы кыргыз тилинде жазылгандыктан, кабыл алган кызматкер окубай эле каттап коёт, "жообун беребиз" деп далыдан таптап узатат. Ушундай теңсиздикти жоюу үчүн кыргыз тилин коргошубуз керек, кыргыздар!
Кыргыз тили күндөлүк саясий, экономикалык жана социалдык турмушта бекем орун алмайын, кыргыз коому эч качан өнүгө албайт. Улуттук идеология деп эмдигиче бир нерсени издеп эле жүргөндөй болобуз. Идеология деген мына ушул: кыргыз тилин бардык жерде колдонуу. Ошондо кыргыз орус тилдүүгө кыргызча сүйлөбөйт деп капа болбойт, орус тилдүү кыргызга өз туугандай болуп калат. "Балык башынан сасыйт" дейт кыргыз. Биринчи кезекте кайсы деңгээлде болбосун Президент, Өкмөт башчы, министр, директор, айтор жетекчи мамкызматкер кыргызча сүйлөмөйүн, мамлекеттик органдарда кыргыз тили эч качан колдонулбайт, кыргыз тилин жакшы билгени менен орусча кагаз жаза албаган кыргыз жаштары ал органдарга кызматка алынбайт. Муну айрыкча саясатка аралашып алган кыргыз жакшы түшүнүп эле турат, бирок, бийликке келгенде эле өз көмөчүнө күл тартып, көр оокаттын айынан аны унутуп калат же "менден кийин эмне болсо, ошо болсунга" өтөт. Мындай мамиле менен эч качан кыргыз коому өнүкпөйт, орусча сүйлөгөн кыргыз башчыларга кыргыз ынанбай жана ишенбей келатат.
Мына ошондуктан, Президентибиз баштап, Президенттик Администрацияда, Өкмөттүн Аппаратында, Жогорку Кеңеште, министрликтерде, мамкомдордо, агенттиктерде ж.б. маморгандарда иш кагаздарын кыргызча жүргүзүүнү жаңы парламент ишке кирээри менен биринчи кезекте колго алуусу зарыл. Бул үчүн эч кандай акча каражаты талап кылынбайт, болгону саясий эрк гана керек. "Кыргыз тилин коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын кабыл алып, анда "Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тил катары кыргыз тили колдонулат жана мамлекеттик бардык органдарда, менчигинин түрүнө карабастан бардык мекемелерде жана уюмдарда иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет" деген мыйзамды кабыл алып, газеталарга жарыялап койгон күндөн тартып, иш алга жылат. "Буга даяр эмеспиз" дегендер дароо эле четтен чыгат. Дап-даяр элебиз. Мамлекеттик тил комиссиясы мындан ондогон жыл мурун эле кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүүнүн үлгүлөрүн иштеп чыгып, атайын китеп кылып чыгарып, таратып берген. Кыргыздарга кыргызча сүйлөбөгөн менен көпчүлүк орус тилдүүлөр кыргызча жакшы эле билишет. Эгер муну жаңы парламент аткара алса, ал кыргыз тарыхында сөзсүз түрдө калаары шексиз.
Эми Бишкекте күндөлүк турмушта кыргыз тилинин колдонулушу тууралуу ойлорум. Көчөдөн көздөрү жүлжүйгөн, анда-санда ак калпак кийген, ургаачылары чачтарын сары түскө боёткон кыргыздарды көп эле көргөн менен сүйлөшкөн сөздөрдү укканда Россиянын кайсы бир шаарында жүргөндөй болосуң. Мисалы: "Салон красоты" деген көрнөктөрдү илип алышкан чач тарачтарда жалаң орус тилдүүлөр, же кыргызча билбеген киргиздер иштешет. Кандай кылып чачтарын алдырууну толук түшүндүрө албагандан кыйналган кыргыздар бар экенин көп уктум. "Народный" дүкөндөрүндө кассирлер да орусча сүйлөшөт. Сүрөт чыгарган "Кодак" ж.б. жайлар да орус тилдүүлөргө таандык, кыргызча кандай сүрөт керектигин түшүндүрүү тозокко турат. Жада калса "Кудайберген" автотетик базары да орус тилинде сүйлөйт. Поликлиникаларга барсаң, каттоодо олтургандар орусча сүйлөгөндөр. Дарыгер да орусча сүйлөйт, кай жериң ооруганын так айтып бере албасаң, анан кантип так диаг-ноз коюлсун? Оору кагаз да орус тилинде толот, эмне деп жазганын билбеген кыргыз "ой, эмне деген оору эле" деп кайра жанындагыдан сурайт. Милиция да орус тилинде кайрылат, алардын бланктары да орус тилдүү. Паспорт алам десең иш кагаздарын орусча толтур. Көчөлөрдөгү жарнактар орусча. Телефон аркылуу 109 номуруна бир нерсе сурап кайрылсаң, орусча айтпасаң, жооп ала албайсың. "Бител", "Кател", "Мегаком" ж.б. уюлдук телефондор да орусча. Ашканага кирсең, меню дагы орусча. Ал жерде жаңырган музыка орусча же башка тилде. Кварталдык комитет деген бар, таштанды үчүн ким канча акча алаарын эсепке алган, ал да справкасын орусча толтуруп берет. Нотариустун кагаздары орус тилинде толот. Китепканаларда толтурган кагаз да кыргызча эмес. Айтылбай калган тармактар толтура.
Мен шайлоонун тынч өтүшүн жана ага татыктуу кыргыз жарандары депутат болуп келишин тилейм. Шайлоого дагы убакыт бар. Он чакты партиянын шайлоо алдындагы программалары менен тааныштым. Бирок, бирөөнөн дагы шайлоодо бийликке келишери менен кыргыз тили мамлекеттик тил катары кеңири жана бардык жерде колдонулаарын окуй алганым жок.
Урматтуу партия жетекчилери!
Мен шайлоого чейин кайсы партия "Кыргыз тилин коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын алгачкы эле жыйындардын биринде кабыл ала тургандыгын расмий билдирсе, ошол партияга добуш берем. Бир добуш эмнени чечет дегендер да болоор, бирок мен кыргыздардын арасында мындай талапты койгон жалгыз эмес экениме терең ишенем.
А.АДАМАЛИЕВ,
жеке ишкер