Бир собол

Алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтөөрүнө ишенесизби?

Убакыт өтүп, шайлоо марасы жакындаган сайын үгүт иштери кызып, атаандаштар ортосундагы кызуу күрөш апогейине чыгып баратат. Бул ортодо шайлоону бурмалоого кызыкдар тарап эмитен ар кандай аракеттерди жасап жаткандыгы туурасында кептер айтылып жаткандыгына байланыштуу биз бүгүн ар кайсы партиялардын өкүлдөрүнөн сурамжылоо жүргүздүк.


Бегалы Наргозуев,
"Содружество" партиясынын өкүлү:
Шайлоонун таза өтөрүнө ишенгим келет. Бирок саясатчылардын деңгээлин, түрүн көрүп туруп, баары бир башкача ойлор келет да. Булар таза өткөрөбүз деп айтып жатышат. А чындыгында колдорунан келишинче административдик ресурстарды пайдаланганга аракет кылышат. Колдорунан келишинче бурмалашат го. Ошентсе дагы ага жол берүү же жол бербөө шайлоочулардын өздөрүнүн гана колдорунан келе турган жумуш да. "Өңдү көрсө жүз таят" деген бир кыргыздын жакшы сөзү бар. Анын сыңарындай шайлоонун таза эмес өтүшүнө жол берип коебуз да анан бийликти сындайбыз. Негизи баарын чече турган эл, шайлоочулар. Ошондуктан жогору жакты карап отура бербей эл, шайлоочулар өздөрү аракет жасоого тийиш. Бийлик бурмалоого аракет кылат, бирок бурмалатпай сактап калыш элдин өзүнөн.


Токтайым Үмөталиева,
"Жашасын Кыргызстан" партиясынын төрайымы:
Акыркы күндөрү бийликтин жасап жаткан аракеттери буга ишеним туудурбайт. Себеби, бул ирет алар өздөрүнүн партияларын парламентке өткөрүүгө аракет жасашат. БШКнын регистрация процесстеринде жасаган тоскоолдуктары муну далилдеп жатат. Шайлоо кодексиндеги 72-статья боюнча так аныктама бербегени көп нерсенин туура эмес жасалып жатканынан кабар берет. Ошол эле учурдагы жер-жерлерде жасалып жаткан иштер, акча таратуулар да көп нерсени каңкуулайт. Азыр элдин казынасынан, бюджеттен уурдалган акчалардын баары массалык түрдөгү рекламалоого жумшалып жатат. Элди дагы алдашат булар. Анан кайсы тазалыкты айтабыз? Эми эл тазалыкты өзү камсыздабаса көрдөй турмуш көрдөй бойдон кала берет.


Эдил Байсалов,
"Айкөл Эл" партиясынын лидери:
Таза өтөөрүнө ишененм. Анткени мен элиме ишенем. Тарыхка ишенем. 7-апрелде чындык үчүн жалындап чыгып, өмүрүн кыйган балдардын арбагына ишенем. Жогорку критерийлерден алганда шайлоо таза өтүшү керек.
Бирок, тарыхтын тамашасын карабайсыңарбы. Кечээ эле Бакиевдин убагында президенттик шайлоого аттанган Атамбаевдин плакатын илип жүргөн жаш балдарды милиция түнү менен кармап, суракка алып, кийин Бишкек шаардык кеңеши "эч бир жерге плакат илинбесин" деген токтом чыгарган. Бүгүн запкы көргөн адамдар бийликке келгенден кийин кайра мурдагы жолуна түшүп жатышат. Кечээ бизге шаардык мэриядан кагаз келиптир, "плакат илбегиле" деген. Мына бул нерсе алардын ажыдаарга айланып баратканын билдирет. Анткени бул нерсени Бакиевдин адамдары жасап жаткан жок. Муну ошол эле шаардын мэри жасап жатат. Албетте мен буга чычалабайм. Мен буга тамаша, күлкү менен гана карайм.


Өмүрбек Абдрахманов,
"Ата Мекен" социалисттик партиясынын өкүлү:
Шайлоо таза өтөт. Мен буга ишенем. Мурда шайлоону ким бурмалачу эле? Бир адамдын үстөмдүгүнөн куралган бийлик бурмалачу. Азыр андай зордукчул бийлик жок. Азыр бийлик бурмалайын десе дагы ага күчү жетпейт. Бирок аракет жасашы мүмкүн. Жер-жерлердеги партиялардын коюп койгон, айрым жергиликтүү бийликтеги адамдары аракет жасашы мүмкүн. Бирок ага күчтөрү жетпейт. Анкени, борбордук шайлоо комиссиясынын курамында дагы, жергиликтүү комиссиялардын курамында дагы ар кыл партиялардын, атаандаш күчтөрдүн өкүлдөрү отурат. Алар бири-бирине алдатпайт. Ошон үчүн негизинен анча-мынча кемчиликтердин орун алганына карабастан, шайлоо таза өтөт деп ишенем.


Ренат Самудинов,
Социал-Демократтар партиясынын жаштар канатынын лидери:

Шайлоо мурдагыга караганда таза өтөт. Себеби бир нече партиялардын өкүлдөрүнөн куралган өкмөт, жер-жерлердеги саясий күчтөрдүн атаандаштыгы шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейт менимче. Анын үстүнө азыр элдин активдүүлүгү да жогору. Шайлоочулар дагы шайлоонун жыйынтыгын жетиштүү көзөмөлдөгөнгө аракет кылат деген ойдомун.


Эрнис Кыязов,
"Мекен ынтымагы" саясий партиясынын өкүлү:
Таза өтөрүнө ишенбей калдым. Себеби, алдын ала эле айрым бийликте турган партиялар тарабынан мыйзам бузуулар башталды. Мисалга алсак, мыйзамга туура келбеген нерселерге барып жатышат. Уруксат берилбеген жерлерге, а түгүл ак үйдүн алдындагы дарактарга, ак үйдү курчаган темир коргонго дагы өздөрүнүн үгүт баракчаларын чаптап жатышат. А түгүл мык менен да кагып жатышат. Муну айтып жатканымдын себеби, эмитен шайлоону бурмалоого жол ачылып жатат. Мындай аракеттер шайлоо күнү дагы уланышы мүмкүн. Шайлоо кодексине ылайык айрым тыюу салууларды биз аткарып жатабыз. Ал эми кээ бир партиялар көздөрүнө илбей жатышат. Аны кой деп койгон БШК жок. Муну кандай түшүнсө болот?


Суроо узаткан Адилет АЙТИКЕЕВ