Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Ак ийилет, бирок сынбайт!

"Ишти иш билги адамдар гана илгерилетет. Куру сөз курсак тойгузбайт..."

Теле-радио, гезит, журнал болуп, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарым кылымдан ашык эмгек өтөгөн, жетимиш бир жаштагы карыя калемдешибиз Кенжалы Сарымсаковго суроо узаттык.


- Кимдин ким экендигин билгиң келсе: бийлик берип бир сына, байлык берип бир сына, деген сөз бар. Ушул сынак жөнүндө Сиздин карыялык, журналистик сөзүңүздү уксак.
- Өткөн кылымдын 70-жылдары. Өлкөбүздүн четки шаарларынын бириндеги жогорку окуу жайында философиядан сабак берип жүргөн жакшы таанышым көчөдөн жолугуп: "бу кыргыздар мансапка маашыркаган пастыктан качан тазарабыз?" деп калды. Эмне болду, десем: "ээ, мынабу театрдын жанынан өтүп баратсам баланча (аты жөнүн айтпай эле коеюн, ал киши азыр катардагы карыя) теке маңдай жолугуп калды. Кучакташып көрүшмөкчү болуп, бапырап салам айтып колумду сунсам, ал жайды сурашканга жарабай, башын ийкеп коюп өтүп кете берди, жанындагы жан жөкөрлөрү менен. Делебем сууп, туруп калдым. Экөөбүз университетте, бир бөлмөдө чогуу жатып окуганбыз да" дейт. Мүнөздүү мисал.
Кайсы бир жерден окудум эле: миллиардер Рокфеллер түшкү азыгын үйүнөн ала келип, иш бөлмөсүндө тамактанарын, бул деген анын табигыйлыгы, байлык ал үчүн тек гана иш, иш кумары экендиги. Маргарет Тэтчер жөнүндө да айтылып жүрөт: үйүнө келгенде ал кадимки эле катардагы аял заты, кир жууйт, тамак аш даярдайт, депчи.
Египеттин президенти Хосни Мубарак таңынан туруп, үй-бүлөсүнө эртең мененки тамак ашты өзү даярдап, өзү тейлеп коюп, анан мамлекеттик маселелерге өтөт экен. Политехникалык институтта окутуучу болуп иштеп жүргөн Октябрин деген жигит, өзү техникалык илимдин кандидаты эле, Жапониядагы дүйнөгө таанымал чоң окумуштуунун лабораториясында бир жыл үйрөнчүк болуп иштеп келери менен студияга чакырып, маек курсам айтып атпайбы: "күн сайын бир маал чогуу чай ичебиз, бирөөлөрү үйүндө коноктоп калат, академик, аспирант, лаборант, жөнөкөй эле тейлөө кызматкерлер болуп аралаша олтурабыз. Кимиси дүйнөлүк атак даңктуу окумуштуу, кимиси катардагы карапайым кызматкер, айтылып аткан сөздөрүнөн, бири-бирине мамилелеринен эч байкай албайсың" деп.
- Жолу болуп, ким бийликтин бийик мунарасына чыкса, байлык күтсө, аларга карата эл арасында мамиле өзгөрүлүп, өздөрү да обочолонуп, кандайдыр бир сөөлөт күтө баштагандыктын өзү не деген маселе. Баары ушундан бшталып аткан жокпу?
- Кытай Эл Республикасында, мисалы айталык тармактык жетекчилер, министрликтердин кызматкерлери атайын жер-жерлерге барганда барган жериндеги ишке пайдасы тийбеген болсо, барган келген жана башка чыгымдарын эмгек акысынан кармап калмай тартип киргизилгендигинен улам, ошонун өзү өлкөдө иштин илгерилөөсүнө кадимкидей өбөлгө болуп аткандыгы да өзүнчө бир үлгү, өрнөк.
- Биздеги, өзүбүздүн өлкөбүздөгү абал туурасында эмнелерди айтар элеңиз?
- "Вечерний Бишкек" гезитинин 10-сентябрдагы чыгарылышында "Кыргызстанцы сидят на золотом диване и жалуются, что он холодный" ("Кыргызстандыктар алтын мамыкта олтуруп алып, а мунуң муздак экен деп наалышат") деген суроо-жооп макала жарыяланыптыр. Жапония парламентинин Билим берүү комитетинин мүчөсү, Хоккайда Токай университетинин мурдагы профессору Суто Нобухико деген дасыккан дипломат жакында Кыргызстанда, Ысык-Көл жана Чүй облустарында болуп, биздеги адистер, жетекчилер, ишкерлер, саясатчылар менен жолугуп, акырында журналисттин берген суроолоруна жоопторунда минтип айтып атпайбы: "дээрлик бардык саясатчыңар Кыргызстан кедей өлкө дешти. Мен болгону Ысык-Көлдө жана Чүй облусунда болдум. Өлкөңөрдүн өнүгүү дарамети абдан чоң экендигине ушул көргөндөрүм эле жетиштүү. Алтын мамыкта олтуруп алып, аны өтө муздак деп наалый берет экенсиңер. Силер жан үрөп иштеп, акчалуу боло билгиле де. Алтын мамыкка бизнесмендерди отургузгула да. Мен бул жакка саясатчы катары келген элем, көөрү төгүлгөн көркөм табиятыңарды көрүп, баарын токтотуп, бул жерде бизнес баштагым келип кетти... Республикаңардын ушул кезге чейин эл аралык демөөрчүлөргө көз каранды болгонуна зээним кейийт. Жалдырап жардам сурагандан көрө, өз ара пайдалуу долбоорлорду сунуштагыла да... Коррупция деп ар кайсыны айтышты. Бирөө да конкреттүү маселе козгоп, аларды чечүү жолдорун айта алышпады. Жапонияда ар бир саясатчы иштей турган иштерин, кандай чара көрүү керек экендигин так билишет. Казынаңар какшып бараткан экен. Абалдан чыгуу планыңар, программаңар жок... Партияларыңар анын лидерлеринин гана партиясы сыяктуу пикирде калдым. Мындайча атйканда бийлик кайрадан эле бир адамдын колунда топтолуп, мурдагы кейпиңерде кала берчүдөйсүңөр" деп.
Чыныгы билерман адамдар ар нерсени дароо таамай аныктай билгендиктери менен айырмаланат эмеспи. Анын үстүнө бул киши эл аралык саясат жана кыйчалыш кырдаалдуу региондорду изилдөө жагынан чоң адис экен. Көргөн билгенин, болгонун болгондой ачык айтып атканы жакшы, батыш тараптан келгендерге окшоп курулай бапестей бербей.
Ишти иш билги адамдар гана илгерилетет. Куру сөз курсак тойгузбайт, деп айтылат эл оозунда. Элим, мекеним деп күйүп жанган билимдүүлөр гана калайык калкка тээк боло алат. Оозу менен орок оргондор эмес, колунан иш келгендер коомубузда кош колдоп колдоого алынмайын эл турмушу оңолгон эмес жана эч качан оңолбойт, өнүгүү, өсүү болбойт. Көралбастыктардан, кыянатчылыктардан, көрпенделик пастыктардан арылмайын арабыз коошпойт.
- Ушул айткандарыңызга мисал, факты келтире аласызбы?
- Соңку тарыхыбыздын соңку эле мезгилдерин алып көрөлү. Эреже катары кыргыз турмушунда билимдүү, илимдүүлөр, эл керегине жарачу атуулдар куугунтукталып, кордолуп, кордукталып келгендиги жана азыр деле ошондой болуп аткандыгы, бул эмне оорубу, илдетпи же биз ушунчалык кем акылбызбы? Мисал керекпи? Айтайын.
Кыргыз элинен чыккан юридикалык илимдердин эң алгачкы доктору Кубаныч Нурбеков: "Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыгууга, конституциялык укугу бар" деп китебинде баса көрсөтүп жазып койгондугу үчүн аеосуз куугунтукталып, акыры кайран киши ден соолугунан ажырап болгону 57 жашында 1985-жылы өлүп тынды. Бүт эмгектеринин баары мамлекет, мамлекеттүүлүк, мамлекеттик-укуктук курам деген маанилүү маселелер жагынан эле. Алтын башы аман болуп арабызда жүргөндө, ардакталып ага шарт түзүлүп берилгенде, ал кишинин илимий эмгектери өлкөбүздүн өлкө болуп өнүгүшүнө өзөк болуп бермек.
Кыргыздын турмуш тиричилик философиясын терең билген, бул жагынан алгачкы илимий адис, философия илим доктору Батырбек Аманалиев деген адамгерчилиги, жигитчилиги күчтүү дагы бир чыныгы элдик атуул, хандан бектен кайра тартпагандык мүнөзүнөн улам куугунтукталып, атайылап артынан сая түшүп, жасалма күнөө жаап, сегиз жылга түрмөгө кесилип, ден соолугунан ажырап, ал киши да акыры 1996-жылы алтымыш жети жашында акыркы сапарга узатылды.
Самат Кадыровдун "Уңгу талаа теориясы" дүйнөлүк окумуштуулар тарабынан кылымдык ачылыш деп бааланды. Кыргыз элине, мамлекет башчысына куттуктоо телеграммалар келди. Кашайган кыргыз бийлиги кашайып кайдыгер болуп, ал кишинин кадырына жете албады, кыянатчылык жасады, кыпындай да колдоо көрсөтпөдү, ишине шарт түзүп бербеди, ардактай албады. Бул кишинин өзү жана эмгеги мамлекеттик деңгээлде колдоого алынганда элибиз дүйнөлүк даңазага бөлөнмөк. Көкүрөк толо ызалыкта жүрүп, бу киши да акыры жетимиш үч жашында кайрылбас жагына кете берди.
Мисал көп. Баарын айтсак өзүнчө бир китеп болчудай. Жазайын деп жүрөм. Бул керек. Азыркылар гана эмес, кийинки муундагыларга сабак болсун. Бирөөлөрдүн эл тагдырына татыктуу иштерин татыктуу баалоонун ордуна кыянатчылык кылуудан тазалана албасак, Манастын тукумубуз деп көөдөн көтөргөнүбүз курусун.
Эң соңку мисал. Муну айтпай кое албайм. Унчукпай коюуга дитим барбайт. Өзүмө өзүм чыккынчылык кыла албайм. Урмат Барыктабасовдун жокчулуктун азабын тартып сарсанаа болуп кыйналып турган кыргыздарга берген жардамынчалык иш мамлекет тарабынан жасалган жок. Эл эмнеден кыйналса, эмнеге муктаж болуп турса, ошого өзүнүн нечен жүздөгөн миллион акча каражатын жумшагандыгы тек гана марттык эмес, эли менен жаны бирге экендигинин далили.
Өлкөбүздөгү абалды талдоо сөзүндө жапониялык адис Суто Набухико мырза айтып атпайбы: "планыңар, программаңар жок экен" деп. Жок эмес, бар. Болгондо да эл турмушун, экономиканы оңуна келтирүү иштери жана алардын акча каражаттык булактары, өлкөбүздүн өзүндөгү ички мумкүндүктөрдү эле пайдаланып, өнүгүү жолуна чыгуу чаралары айтылган. Жүз миң нускада элге таратылган. Аны Урмат мырза күн түнү олтуруп өзү иштеп чыккан. Орус тилинде жазылганын мен кыргыз тилине которуп бергем. Мамлекет деңгээлинде маселенин көзүн таба билген адам гана ушундай программаны иштеп чыга алат. Кыргызстанда, анда айтылгандай, дүйнөлүк финансы жана соода агымдарынын борбору болуусуна толук мүмкүндүк бар. Аны өзү гана ишке ашыра алат. Ошондо республикабыз ар жылы ондогон миллиард доллар кирешеге ээ болуп, натыйжада жогорку окуу, адистик окуу жайларынын окутуучуларынын, мугалимдердин, дарыгерлердин, бюджеттегилердин, мамлекеттик катардагы кызматкерлердин, күч түзүмүндөгүлөрдүн айлык эмгек акылары 30-40 миң сомдон кем эмес деңгээлге көтөрүлмөкчү. Пенсия айына 20 миң сомдон жогору болмокчу. Билим берүү, кадрларды даярдоо иштери заман зарылчылыктарына жараша жаңыча болмокчу. Коррупцияны жок кылып салуу мүмкүн эмес деп жүз кайталап айтып атышпайбы, атайылап. Андай болбойт. Коррупция жок кылынат. Коом тазаланат. Түшүнүктөр, ой пикирлер, ниет, пейил баарынын азыркыдай эмес, башкача болуусуна, салттуу, нарктуу эл болуп жаңылануубузга негиздер түзүлөт. Программанын өзөгүндө ушул маселелер.
Чын-чынына келгенде 5-август күнү Элдик акыл-кеңеш жыйынга келаткандарды эмес, Урмат Барыктабасовдун кыргыз элине деген аруу тилек аракеттери - өлкөбүздүн өнүгүшүнө өзөк болуп берчү иш-чаралар аткылоого алынды.
Эки күн мурда, 14 сентябрда Урмат мырза 47 жашка толду. Тулпар тушунда, күлүк күнүндө. Элине иштей турган убагы. Иш колунан келген, рынок-экономикалык заман сырын, бизнес сырын жакшы билген, жоктон бар жарата алган, дүйнөлүк чоң ишкерлер чөйрөсүндө таанылган атуулдарга өлкөбүз өтө муктаж.
Урматка, анын мекенчилдигин, дасыккан иш билги экендигин түшүнө билгендердин катары калың. Сени Улуу Күчтүн өзү колдосун, Урмат. Ак ийилээр, сына койбос.

Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика