АЛИМЕНТ

(Уландысы. Башы өткөн санда).
Баласы биринчи класска бараар күздө өзү менен кошо алып кетип, шаардын мектептеринин бирине берди. Өзү болсо жайында көчөдө отуруп "Шоро" сатып, кеч күздө барып шаардын мектептеринин бирине ишке орношту. Шаардын чет жактарындагы жаңы конуштардын биринде батирде турду. Кышкысын свет өчүп, кылчылдаган суук болсо, жазгысын баткакка белчеден батып, жакшы эле жүдөдү. Анда да сыр бербеди. Эмне, андан башкалар эле жыргап жашап жатыптырбы? Мына, өзү менен иштегендердин деле, жашаган жериндеги кошуна-колоңдорунун деле жашоосун көрүп жатпайбы. Баары тең эле ал тарткан кыйынчылыктарды тартып атышат. Мейли айылдабы, мейли шаардабы, баары бир бүт кыргыз эли кыйналып турган мезгил эле.
Ошентип, ортодон он жыл кантип зуулдап өтүп кеткени билинбей деле калды. Баласы минтип класстан класска көчүп, улам колу-буту узарып, зоңкоюп эле баратат... Мунусуна Перизат бир эсе кубанса, кайра оозун баса өкүнүп калмайы да бар. "Олда айланайын балам ай, азырынча баласың да. Кийин чоңоюп, жигит болоорсуң. Ошондо таянаар кишиң болбогонуна ичиң сыйрылып, өзүңдөн өзүң кичирип, өзүңдөн өзүң ызаланаар бекенсиң! А ата сөрөйүң сени менен иши да жок. Ушунча жыл аралыгында бир-эки ирет келип көрүмүш болду сени..." деп ичинен кан өтө кайгырып да алмайы бар. Анан туруп кайра "Ээ койчу, эми ал өткөн мезгилди ойлоп башымды эмнеге оорутмак элем. Андан башка деле ойлоно турган проблемаларым толтура. Мына бул каралдым аман болсо болду. Эмне, элдин баарынын эле боору бүтүн бекен? Азыр ар бир үчүнчү аялдын эри жок керек болсо! Ошолор деле өлбөй-житпей күн көрүп жатпайбы. Эч нерсе эмес, "жетим - жетилет, кичине - чоңоет" деп коюшат го..." - деп белин бек бууп, кайраттанып калат.
Ушинтип канчалык кайраттанбасын, жүрөгүндө муштумдай ыза тургансыйт. Ал өзүнө деле билинбейт. А бирок, майлуу тамак жегенден кийин кылгырып тургансып, ал ыза кээде кадимкидей алкымдан алып калат. Бир кездеги өзүнүн мүнөзүнүн уяңдыгына, жумшактыгына жини келе түшөт. Өмүрү көрбөгөн бирөө ала качып алып кетсе эле отуруп калганы кандай?! Ушул суроону азыр өзүнө берет. Эгер, ошондо бүгүнкүдөй акылы, билими, эрктүүлүгү, көктүгү болсо - анда отурбайт эле. А эмне үчүн тастаңдап басып кеткен жок. Байкуш апасынын жеңесинен ыйлап-сыктап айттырып жиберген аманат сөзүнөн чыга албай койгон ошондо. "Таш түшкөн жеринде - оор" деп айтышкан кемпирлердин баары жабылып анда.
Анан эмне болду? Перизат "маңдайыма жазылганы ушул чыгар" деп отуруп калганы менен, Каленге деген тырмактын агындай да жылуулук таба албады өзүнөн. Сезими муздай-таштай болуп катып калган сыяктуу жибибей туруп алды. Башында Кален жакшы эле үйрүлүп түшчү. Бирок, улам мезгил өткөн сайын анын да Перизатка болгон сезими муздай баштады. Жоопсуз жакшы көрүү, жоопсуз сезимге өзү тушуккан адам гана түшүнөт болуш керек муну. Акыры, бир төшөктө жатканы менен, экөө таптакыр эки жээкте калган аралдай болуп биротоло алыстай беришти...алыстай беришти...
ХХХ
Ал күндөр деле артта калды дечи. А бирок, баласынын бир жолу да атасы тууралуу сураганын уга элек. Перизат ошого таң калат. А бир жолу отуруп, "А сен атаң жөнүндө ойлойсуңбу, деги?" деп сурап калды уулунан.
- Жок! Ал мен жөнүндө ойлонбосо, мен ал жөнүндө эмнеге ойломок элем,- деди уулу Алтай.
Баланын бул сөзү Перизатка чоң кишинин сөзүндөй эле тийди. "Чын эле,-деди өзүнчө.- Бир-эки жолу гана келди ушул жылдарда. Ошондо да, балама деп колуна бир момпосуй көтөрүп келген жок го. А бала дегенди атасы алчылантып эркелетип, каалаганын ичирип, каалаганын кийгизип багат да..." Ошондо да ичи сыйрыла ызаланган Перизат.
А бир жолу өзү иштеген мекемедеги кыз-келиндер менен чай ичишип отуруп калганда да ушул жөнүндө сөз козголуп кетти. Иштегилердин баары эле Перизаттын жалгыз бой аял экенин билишчү.
- А балаңдын атасы алимент төлөйбү?- деп сурап калышты.
- Жок, төлөбөйт деле,- деп жооп берди Перизат көңүл кош.
- А эмнеге?
- Алимент кестирген деле эмесмин.
- А эмне үчүн?
- Билбейм. Мен жөн эле өзүм кетип калгам.
- Жөн эле эч ким кетпейт. Жакшы күйөөдөн кетмек турсун, жабышып жашабайбы,- деди дагы бирөөсү.
- Ооба, ооба десең,- деп жаалап кетишти калганы.
- Айтор, алимент тууралуу ойлоп да койгон эмесмин. Андан бир тыйын алгым да келген эмес.
- Анда сен туура эмес кылгансың. Сени балким ал жигит алып качып кетпегенде, сен өзүңдүн жүрөгүң каалаган адамга турмушка чыгып, азыр бактылуу үй-бүлөлөрдөн болмоксуңар... Сенин багыңды байлаганы үчүн күйөөң күнөөлүү да. Мейли, сен кетип калган күндө да, баласына каралашып турууга милдеттүү. Мыйзамдуу түрдө алимент кестирип алышың керек болучу. "Ал баласы жөнүндө ойлобойт" дейсиң. Силер унчукпасаңар ойлобойт да. Бир келип кеткен коноктой болуп экинчи кайрылгыс болуп кетсеңер, албетте эсинен чыгып кетет да. Эгер ай сайын алимент төлөп турса, ай сайын эсине түшүп турат элеңер...
Өзү жаш болсо да тыпылдап сүйлөп аткан кыздын бул сөзүнө отургандар тегиз ынанышты.
- Аябай туура сөз. А бирок, бул акылды биз эмес, мобу тырмактай кыздын айтып жатканын карабайсыңбы!- деп каткырган улгайган аялдын сөзүнө баары күлүштү.
- Ой, өзүңүздөр эле ойлоп көрсөңүздөр. "Бала ыйлабаса, эмчек кайда" дешет го. Ошондой болуп жатпайбы. Андан көрө, азыр да кеч эмес, алиментти азыр да кестире аласыз.
- О, койчу, балам онго чыккандабы!
- Эч нерсе эмес, дагы сегиз жыл аласыңар...
ХХХ
Ушундай сүйлөшүүлөр болуп өткөн чай ичишүүдөн кийин Перизат чыны менен ойлонуп калды. Ансыз деле баласы улам чоңойгон сайын атасы тууралуу сурап калабы, ойлонобу деп эле түпөйүлдөнчү болгон. Балким, "Ошол менин атамбы, атам эмеспи? Эгер атам болсо, анда минтмек эмес беле?" десечи кийин...
Ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, акыры Календен алимент кестиргени сотко кайрылган. Убагында дал ушул маселе боюнча апасынын айтканына көнбөй койгон болучу. Эми ал маселени кызынын өзү козгоп атканы кандай? Апасынын көкүрөгүндө ушул суроо турса да, кызынан аны сураган деле жок. Эски жаранын оозун тырмабайын деди. Ансыз деле апасы кызынын алдында өмүр бою өзүн күнөөлүү сезип жүргөн. "Отурбайм" деп ыйлаганда эле колунан жетелеп баса берсе, багы ачылып, жашоосу башкача болот беле?!
ХХХ
Колундагы сотко чакыруу кагазын мыжып жыртып жибере жаздады Кален. Жини шакардай кайнап, Перизаттын соткасына чалды. Саламга да келбей омуроолоп кирди.
- Ай, катын, сен кандай концерт койгуң келип жатат?! Он жыл мурун кеткен немени мен тааныбай деле калдым деп айтам мен сотко...
Календин зоңкулдаган үнүнөн жүрөгү айланып турса да, Перизат ага теңелгиси келген жок. Өзүн өзү кармап, токтоолугун көрсөттү. Азыр ал жаш эмес да, турмуштан кагылып-согулуп калган аял болучу.
- Тааныбай калдыңбы, жокпу, баары бир мыйзам алдында берээр жообуң бар!
- Ай, жазында эле унчуккан жок элең го. Мындай ой качан келди сенин мээңе? Мен кайсы алиментти төлөйт элем сага?
- Мага эмес, балаңа төлөйсүң...
- А мен иштебей жатып алсамчы...
- Акыры иштейсиң да. Иштебесең катын-балаңды ким бакмак эле?
- Ооба, иштейм дечи! А мен сага ачык эле айтып коеюн, мен доктурлардан инвалид деген справка алып туруп өткөзүп коем сотуңа! А майыптардан алимент ала албайт эч ким! Ха-ха-ха!
Календин телефондон чыккан каткырыгы Перизаттын кулагынан өтүп, жүрөгүнө жетти. Шумдук! Өзүнүн канынан бүткөн баласына алимент төлөөдөн качып, инвалид болуп кубула калгысы келген атанын адамдыгы канчалык экени анын сезиминде кара так болуп биротоло катып калды.
- Ылайым инвалид болуп калсаң экен! - деп кыйкырды. А бирок бул кыйкырыгы көмөкөйүнөн чыккан жок, Каленге угулган жок. Күйөөсүнө деги мынчалык ызаланбаптыр! Ызасына буулугуп, көздөрүнөн жаш кулады...
(Уландысы бар)
Нурбүбү БӨДӨШОВА