НЕБЕРЕ
(Уландысы. Башы өткөн санда)
- Сиз баарына макулсузбу?! Менин курсагымдагы менен алганга макулсузбу?!- деп зиркилдеп жиберди Чолпонай.
- Мм...-деп эки колун ушалап, жер тиктеди күйөө болчу жигит. Анын азыр эле бозоруп турган бетине кан чачырагандай кыпкызыл болуп кетти. Көздөрү жашылданып чыккандай болду. Азыркы эле тартынчаак мүнөзү жоголуп, Чолпонайга тике басып келди.
- А сен эч кимдин эшигин аттай элексиң го. Мен сени качантан бери билемин. Сыртыңдан акмалап, сыртыңдан жактырып жүргөм... Мен сени бир башкача жакшы көрөөрүмдү мойнума алам...
- Эгер акмалап жүрсөңүз, анда жигитим тууралуу деле билерсиз...
Чолпонай бастай түштү. Алдында турган мобу адамдын сөздөрүнө абдаарый түштү.
- Ооба, билемин. Классташ балаң менен кыз-жигит болуп жүрөсүң. Андай балалык сүйүүлөр кимдин башынан өтпөйт. Ал эми турмуш куруп, үйлөнүп жубай болуп жашоо - таптакыр башка да.
- Антсе да...мен чынымды айтып жатам. Менин боюмда бар.
- Антип тамашалабачы...
- Чын эле! А бирок, Бакыт экөөбүз үйлөнүү тууралуу сүйлөшө элек болчубуз.
Чолпонай ушул сөздү калп сүйлөп койду. Эмесе, Бакытка канча ирет бул тууралуу айтып, үйүңө качан алып кетесиң деп жаш төкпөдү!
Күйөө болчу жигит төшөктүн четине отура кетти. Экөө тең бир топко чейин үн катпай отурушту. Анан, салмактуу үн катты күйөө:
- Менин да дос-туугандарым бар. Атам менен энемди жер караткым келбейт. Досторумдун алдында өзүм да уят болууну каалабайм. Алып келген кызы отурбай кетти деген сөзгө калгым келбейт. Эгер, сен ...макул болсоң, отуруп калчы, мени менен кал...
Бул сөздү уккан Чолпонай букулдап ыйлап жиберди. Ага эле оңой болуп отурган жок да. Акыркы күндөрү ал шаарга качып, көздөн далдоо болуп кетейин деп жүргөн. Анан, анын болгон түйшүгүн мойнуна алып жаткан мобу адамга кантип эреркебей коет! Бардыгына макул болуп жатпайбы. Балким, Чолпонайга Жараткан өзү боору ооруп, ушул адамды жөнөткөндүр...
Бир нече минуттун ичинде эле бир тагдырды чечип койчу ушундай бир татаал суроого жооп табылганына ичинен сүйүнүп да кетти. Ыйлап атып "макул" дегендей башын ийкегиледи...
ХХХ
Ошентип жашап калышкан. Андан бери 4-5 жыл өтүп кетти. Экинчисин төрөп отурбайбы. Апасы кызын, неберелерин көргөнгө барганы жаткан...
Түнү менен түйшөлүп уктай албай чыкты Зулайка. Кызы ага ошондо эч нерсени айтпаганы менен эненин жүрөгү бир балээни сезген. Антип-минтип сурап, чындыгына чыккыча эле тиги өйүздөгү Кумар деген жигит алып качып кетпедиби. Анда да бир жүрөгү түшкөн. Кызы отурбай, асман-айдан түйүлгөндө да жаны кашайган. Өзүнүн бүшүркөп жүргөн нерсеси чын чыгып калбаса экен деп тиленген. Ошон үчүн кызына: "эгерде, ал жерге отурбасаң..." деп катуу айттырган. Анан, кудай жалгап эле кызы тымпыйып отуруп калганына сүйүнгөнүн айтпа! Абийири бир жабылганын сезип, абысындарынын арасында жаркылдап чыга келген. Андан бери ушунча жыл өтө чыкканын карасаң эй!
...Чолпонайдын туну - кыз. Барганына жети ай өтүп-өтпөй көз жарган. Андай болоорун бир барганда билген апасы. Кызынын курсагы челкейип, башы-көзү барбайып көөп эле калыптыр болчу. Ошондо кызын өзүнчө чыгарып алып кеңешкен.
- Мейли, мага айтпадың. Айтпасаң дагы билемин. Мейли, Кумар өзү макул болсо - болду да...-деп сөз баштап келатканда эле чунаң этти кызы:
- Апа, эмне деп жатасың? Мен түшүнгөн жокмун!
- Башкага ошентип айт. Мен сенин тынып кеткениңе төбөм көккө жетип, Кудайга миң мертебе ыраазылыгымды билдирип келем. Күйөөңө айт да, эртең эле ооруканага бар. Врачка аны-муну берип, "жети айлык төрөдү" деген сөз тарат...
Апасынын бул сөзүн кызы "лам" дебей кабыл алды. Анык акыл. Бир нече күн ооруканада жатып, "Байкуш Чолпонай угроза болуп больницага жатып, кызын жети айлык кылып төрөдү" деген сөз айыл ичине желдей тараган...
- Андан бери ошондо бир...эки...үч...төрт...оо, беш жыл өтүп кетиптир! Ошондо, Асемасы - кызы бешке чыгып калган тура, -деп жууркан ичинен манжаларын ачып-жуумп өзүнчө эсептеп жаткан Зулайка таңга маал гана көзү илинип кетти. Байкуш эне канча түндөрдү уйкусуз өткөрүп, Кудайдан кызына кол башындай бала сурап тиленип чыкпады! "Төрөп алса болот эле, Кумар жаман бала эмес. Ортосунда бала болуп, экөө таттуу жашап калса экен" деген тилеги күндүз оюнда, түндө жүрөгүндө турчу. Капыстан ушул ой менен түн уйкусунан ойгонгон күндөрү канча дейсиң. Кызына ар бир барышында күйөө баланын кабак-кашын аңдып отурганы отурган. А Кумар эч нерсе менен деле иши жок. Томполоңдоп чуркап жүргөн кичинекей Асеманы мойнуна көтөрүп, өөп-жыттап... Муну көрүп, ичинен кубанып, ичинен тынып кайтчу Зулайка.
А бул, ким эле...Бакыт тууралуу таптакыр эле унутуп калгандай. Анүстүнө, "жаман бала" деп уккандан соң деги эле аны эстегиси да жок. Ошол бала турбайбы. Коңшу айылдык болгондуктан, деги эле аны менен иши жок да.Чын эле унутуп калыптыр. Анан ал "эртең менен мен алып барып келем" дебедиби...
Көзү илинип-илинбей эле Зулайка кайра туруп алды.
- Ой, али убакыт боло элек го. Карга бок чокуй электе эмнеге туруп алдың? Адамдын да уйкусун буздуң го! - деп сүйлөнгөн абышкасына карап да койгон жок. Таңкы автобуска түшүп кетүүгө өзүнчө кам уруп атты. Жаңы көйнөгүн кийип, чачык жоолугун салынып алды. Кечинде куюп койгон термустагы чайынан бир чыны куюп ичти да, кечинде эле даярдап койгон сомкесин алып сыртка жөнөдү.
- Ай, сага эмне болгон? Алиги бала машинеси менен алып барып келем дебеди беле...Эмнеге эле шашып жатасың? Бир саатта келип калат го!
Абышкасы чыны менен ачууланды кемпирине. Кайсы кыялы кармап калганын билбейт.
- Аптобус менен эле барам. Өзүм эле барып жүргөм. Кечетен бери эле каяктагы немени таап алдың?! Качан эле машине минип калдык эле?!
Өзүнчө кагынып-силкинип калган кемпирин абышкасы анчейин түшүнө албай турду. Кечинде эле макул болуп, "келсең - келип кал, астановкадан бир топ алыс, алардын үйү" деп айтып атпайт беле тиги балага. Эми бүгүн минтип калыптыр го...
Үйдөн бирөө кармап кала тургансып Зулайка шашылыш чыгып кетти. Түнү менен акыл тегереткени жакшы болбодубу. Эмнеге эле "мен машине менен алып бара коеюн" деп жатат деп шекшингени да жакшы болбодубу. Кызым орун-очок алып, жакшынакай жашап атканда... А бул баланы өгүнү дагы бирөөдөн угуп калган. Аялы менен оту күйүшпөй, азыр үйүндө апасы экөө эле калды деп. Анан, ким билет, бир кездеги ысык сезимдерге алдырып кетпейт деп буларга ким кепилдик берет ыя?! Кой, кереги жок. Өткөн нерсе - өтүп кетти, эми артка кайрылуудан эч ким эч нерсе таппайт. Жалаң жүрөгүңдү оорутуп, сезимиңди ыйлаткандан башка не табасың?
Ушундай бурганактаган ойлорго алдырган Зулайка аялдамага али эч ким келе электе эле жетип барыптыр го. Күйүгүп кетти. Артынан бирөө кууп келаткансып өтө шашып келди.
ХХХ
- Оо, апам келаткан турбайбы! - деп дарбазаны жаңы ачып аткан Кумар Зулайканын алдынан тосо шашып калды. - Кандай жатасыздар? Атам кандай?
- Жакшы, жакшы. Бешик бооңор бек бек болсун! - деп күйөө баласынын маңдайынан өптү Зулайка.
- Ырахмат, ырахмат, апа...- деп барбалаңдаган Кумарбектин кубакай жүзүнө кан жүгүрүп, кайненесинин колунан сумкасын ала койду.- Жүрүңүз...атын атам койду - Тынарбек деп...
Үйгө кирип эле өздөрүнүн бөлмөсүндө баласын балкылдатып эмизип отурган кызын көрдү. Жанында Асемасы уктап атыптыр.
- Асема, кызым, тура гой. Карачы, таене келди... карачы,- деп анын быйтыйган буттарынан кармалап, эркелетип ойготуп атты Кумар. Кызы бир апасын, бир күйөөсүн, бир балдарын карап, бакытка балкып отурду...
(Уландысы бар)

Нурбүбү
БӨДӨШОВА.