Өкмөткө сунуш

Суу менен көмүрдү кечип жүрсөк да кедейбиз

Акыркы жылдары кыргызстандыктар күйүүчү майларга: бензинге, керосинге, мазутка, газга, таш көмүргө жетишпей, муктаждык күндөн-күнгө курч маселеге айланган. Күйүүчү май жетишсиздигинен, баасынын өтө кымбаттыгынан көп айдоо жерлер айдалбай кысыр калып жатса, убактысында айдап, сээп түшүмүн жыйнай албай, айыл чарба өсүмдүктөрүнөн көп жоготууларга дуушар болуп, дыйкандар чыгым тартууда. Натыйжада ач калбас үчүн эл кошуналардан данды, унду кымбат баага сатып алганга мажбур.

Кыргызстан таш көмүр, мазут жана газды кымбат баада сатып алууга мажбур. Өзбекстан газды каалаганда берет, каалабаса жаап коёт, газ пайдалануучулар дайыма коркунучта.
Энергетика министрлиги негизинен Токтогул суу сактагычынын суусунун көлөмүн күнүгө эсептеп, "быйыл суу жетиштүү электр энергиясы өчпөйт" деп - ынандырганга бүт аракетин жумшоо менен башка мүмкүнчүлүктөрдү сунуштабайт.
Тармактын кызматкерлери милдети катары изденип иштешсе, көп жолдорун таап сунуштап, ишке киргизгенге толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошонун бирин сунуштаймын.
Таш көмүрдүн түрлөрүнөн күйүүчү майларды пиролиз ыкмасы менен алуу өткөн кылымдын башында эле иштелип чыккан. Германия экинчи дүйнөлүк согуш маалында бул ыкманы ийгиликтүү колдонгон. СССРде болсо, бул технологияга 1950-жылдарда арзан мунай зат булактары ачылганына байланыштуу өтө чоң маани берилген эмес. Ал убакта мунай заттын бир баррелинин баасы эки доллар гана болчу, ошондуктан бул технология колдонууга ээ боло алган эмес. Азыркы учурда мунай заттын баасы ошол мезгилге караганда 35-40 эсе кымбат. Ошондуктан көмүрдөй күйүүчү май алуу айрыкча биздин республика үчүн өтө маанилүү.

Ушундай технология менен иштөөчү заводдор Түштүк Африка Республикасында, Индонезияда, Малайзияда, Кытайда, АКШда ж.б. өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатат. Россиянын Алтай аймагына караштуу Бийск шаарындагы "Полимер" деп аталган илимий-өндүрүштүк бирикме "Энергия" илимий-өндүрүштүк ишканасы жана Ыраакы Чыгыш академиясы менен бирдикте 2006-жылы күрөң көмүрдү кайра иштетүү жана андан бензин, дизель майын, мазут алуу үчүн тез ылдамдыктагы, жогорку температурадагы пролиз ыкмасынын жабдуусун иштеп чыкты жана патентин алды. Биздин республика газ, бензин, солярка жетишпей жатканда, бул маселени технологиялык жактан чечүүнүн бир гана ыкмасы бар. Ал - таш көмүрдү пиролиз ыкмасы менен кайра иштетүү жана өлкөнү кеңири масштабда газдаштыруу. Биздин республика бир убактарда коңшу республикаларды жана өзүбүздүн ички керектөөбүздү таш көмүр менен толук камсыз кылып турган "Орто Азиянын көмүрчүсү" деген атка конуп, көптөгөн кендерден таш көмүр казып алынып турган. геологдор биздин өлкөнү көмүр запастарына өтө бай жана алар көптөгөн жылдарга, бир нече муундарга жетет деп белгилешүүдө. Тилекке каршы, көптөгөн белгилүү кен чыккан жайлар, шахталар ишти, өндүрүштү туура уюштура албагандыктан, чет элдик инвесторлорду кызыктырып, тартып келе албагандыктан иштебей турат. Ал эми иштеп жаткандары толук кубаттуулукта эмес. "Кара алтындын" өтө чоң запасына ээ болуп туруп, эмне үчүн тилемчи болуп газ жана мунай зат продуктыларын дүйнөлүк баада "тууганбыз" деген кошуналардан кымбат баага сатып алабыз? Окумуштуулардын жүргүзгөн эсептөөлөрүндө, Жер шарында мунай заттын реалдуу запасы 40-50 жылга, табигый газдыкы 30-40 жылга, ал эми көмүрдүкү 200-250 жылга жетет. Көмүрдүн геологиялык запасы жер жүзүндөгү күйүүчү ресурстардын 90 пайызын, ал эми газ менен мунай заттын запасы 3 жана 10 пайызды гана түзөт.
Таш көмүрдү кайра иштетүүнүн экологиялык ыңгайлуу бир нече ыкмалары бар. Аны кайра иштетип, газга айландыруу ыкмасы универсалдуу ыкмалардын бири.
Пиролиз - жылуулук жана электр энергиясын алуу үчүн катуу отунду газ түрүндөгү отунга айландыруу процесси.
Газ генераторун иштетүүнүн негизин - катуу отун менен эң аз өлчөмдөгү кычкылтекти аралаштырып, жогорку температуранын күчү менен газга айландыруу болуп эсептелет. Пиролиз деп аталган ушул процесстин натыйжасында генератордук, жыгач же көмүр газдары иштелип чыгат. Газдын эсептелинген кубаттуулугу 1100 килокалорий куб. метрди түзөт.
Газ иштеп чыгаруучу генератордун конструкциясы өтө эле жөнөкөй, аны иштетүүгө атайын окуп келген адистин деле кереги жок. Газ генератору үч негизги бөлүктөн турат: газды пайда кылуу камерасы, күйүү камерасы жана көмүр салынуучу бункер.
Жогорку температурада иштөөчү деталдар ысыкка өтө чыдамдуу материалдардан жасалат.
Ошондой эле турмуш - тиричилик, тамак даярдоо жана турак үйдү жылытуу үчүн табигый газды иштеп чыгарып бере турган жабдуу да бар.
Азыркы учурда катуу отундун бардык түрүн: чым көңдү, күрөң көмүрдү, таш көмүрдү, антрацитти химиялык составы, күлдүүлүгү канча, күкүрттүн кошулмасынын өлчөмү канча, чоң-кичинелигине карабастан газдаштыруу ыкмасы аркылуу таза суутектен баштап (Н), көмүртектин оксидин (СО), метанды (N) жана алардын ар кандай пропорциядагы аралашмаларын алып жүрүшөт.
Республикабызда электр энергиясы түшүнүксүз жагдайларда жетишпей жаткан азыркы ыңгайсыз шарттарда эң көп өлчөмдөгү таш көмүрдүн бай запастарын пайдалануу, аларды кайра иштетип газ жана мунай зат продуктыларын алуу азыркы учурдун эң маанилүү маселеси. Ар бир областта таш көмүрдү кайра иштетүүчү жок дегенде бир ишкана курулуп, ачылып калса, электр энергиясын ар күнү өчүрүп, элдин кыжырын келтирип жаткан азыркы шартта мунун өзү нааразычылыкты аз да болсо жеңилдетмек.
Шахталардагы ишти жандандырсак, ал жерлерде биз айткан жабдууларды орнотуп, ишти уюштурсак, элди иш менен камсыз кылуу, газ менен нефть продуктыларын туш тарапка ташып жеткирүүнү уюштуруу, иштеп жаткандардын турмуш-тиричилик, социалдык шарттарын түзүү сыяктуу көптөгөн көйгөй маселелери чечилмек.
Мунун өзү республикабызга жарымынан көбү сырттан ташылып келип жактан энергия кубаттуулуктарын пайдаланып иштеген завод-фабрикалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн жандандырмак.
Бул импортту азайтуу жана үнөмдөлгөн көптөгөн каражатты өлкөбүздүн экономикасын жумшоо дегендик.
Россия жакынкы арада бере турган каржы түрүндөгү жардамынын бир бөлүгүн, кредиттин бардыгын болбосо да негизги бөлүгүн ушул максаттарга жумшап, жогорудагы айтылган жабдуулар Россиядан чыккандыктан, ошол жардамын жабдуу түрүндө, жана орус адистердин консультациясы катары беришсе бизге бул маселени чечүүгө жеңил болмок.
Ошондой эле, айрыкча өлкөнүн тоолуу алыскы аймактарында экономикалык себептерден улам ири электр линияларын тартуу же чакан ГЭСтерди куруу кымбат жана мүмкүн болбогон жерлерде энергия алуунун кошумча булактары болгон күндүн, шамалдын энергиясын иштеп чыгарууга, биогаз жабдууларын орнотууга да жумшалышы зарыл.
Маселе ушундай чечилсе, Кыргыз Республикасы жакынкы бир-эки жыл ичинде сунушталып жаткан өзбек газы менен мунай зат продуктыларынан баш тартар эле.

Калкаш
БАТЫРКАНОВ,
эмгек ардагери