Адашкан жол

Революция.
Грузия жана Кыргызстан.
2004-жылы Грузия эли көтөрүлүп, бийликтеги Шеварнадзени аңтарып түшүшкөн. Жаңы бийликке Саакашвили келген. Ал ошондо 38 жашта эле. 2005-жылдын март айында кан төгүүсүз, чыныгы революция биздин Кыргызстанда да болуп өттү. Бирок, жыйынтыгында революциябыз чыныгы революция болбой, бир ууч адамдардын кызыкчылыгы үчүн болгон "төңкөрүш" же элдин мансапкорлорго алданып калышы менен аяктады.


Кыргыз эли мансапкор шумпайларга алданып калганын кийинчерээк түшүндү. 2005-жылдын ноябрь айларында Кыргыз-славян университетинин чакыруусу менен биздин жергебизге Грузия Парламентинин мүчөсү физкультура, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Каха Шенгелия келген. Ал, университеттин студенттери менен болгон жолугушуудан кийин, ошол кездеги "Алас" гезитинин кабарчысы менен жолугушуп, анын берген суроолоруна төмөнкүдөй жоопторду берген. Алардын айрымдарын келтире кетели.
"Алас" : Каха, Грузияда жашоо кандай?
К.Шенгелия: Союз мезгилиндеги жашоонун деңгээлиндегидей.
"Алас": Эң минималдуу эмгек акы канча?
К.Шегелия: 130 доллар.
"Алас": Аны кимдер алышат?
К.шенгелия: Кароолчулар менен пол жуугучтар.
"Алас": Милиция кызматкерлеринин эмгек акысы канча?
К.Шенгелия: Бизде милиция эмес, полиция дейбиз. Участковый полиция кызматкерлери эң эле болбоду дегенде 500 доллар, алды 800 доллардан алышат. Чинине жана стажына жараша.
"Алас": Эң төмөнкү пенсия канча?
К.Шенгелия: 150 доллардан төмөн пенсия жок.
"Алас": Мугалим, медиктердин айлыктары кандай?
К.Шенгелия: Жогорку билимдүү мугалимдер жана врачтар 500 доллардан кем алышпайт. Эмгек стаждарына карап эки эсеге чейин алышат.
"Алас": Грузиянын бир жылдык бюджети канча?
К.Шенгелия: Шеварнадзенин мезгилинде 300 млн $ болчу. А, бүгүн болсо бир жылдык бюджетибиз 3 млрд. $.
"Алас": Анча акчаны эмненин эсебинен таап жатасыңар?
К.Шенгелия: 40 % бажы жана салык төлөмдөрдүн эсебинен 10 % өнөр жайлардын эсебинен. А, калганы негизинен 50 % коррупционерлердин эсебинен.
"Алас": Кантип?
К.Шенгелия: Ушинтип эле. Бизде билесизби, Саакашвили бийликке келиши менен эле коррупцияга каршы күрөшүүчү комиссияны түзүп, аны жеке өзүнүн көзөмөлүнө алып, Шеварнадзенин мезгилиндеги ичип-жеген экс-чиновниктерди четинен кармап түрмөгө отургузган. Бүгүнкү күнү 2700 дөн ашык экс-чиновниктер түрмөдө отурушат. Алардын арты 5 жыл, алды 20 жылдап жана өмүр бою кесилишкен. Шеварнадзенин кызы жана күйөө балдарынан бери түрмөдө олтурушат. Алардын бардыгы тең ичип-жегендерин кусуп жатышат.
"Алас": Жеген-ичкендерин толук кусса түрмөдөн бошотулабы?
К.Шенгелия: Жок. Жеген-ичкенин да толук кусат жана соттун өкүмү боюнча канчага кесилген болсо, мөөнөтүн да толук өтөп анан чыгат.
К.Шенгелия сөзүн андан ары улап, "Биз президентти тандоодон адашкан жокпуз. Ошондуктан, биз алдыга кеттик. Ал эми силер президентиңерди туура тандай алган жоксуңар. Ошондуктан, кайра эле экинчи жолу дагы бир нече жылга артка кеттиңер" деп айтты.
Андан бери 4,5 жыл убакыт өттү. Элибиз кайрадан көтөрүлүп, чоң жоготуу, кан төгүү менен бийликти дагы бир ирет кулатып, экинчи ирет жаңылады. Бүгүнкү күнү ошол жеп-ичкен экс-чиновниктер же коррупционерлер кармалып, камалып жатабы? Жеген-ичкендерин ошол Грузиядагыдай болуп кусуп жатышабы? Менимче, бүгүнкү күнү баарыбызды өтө терең ойлондурган, жүрөгүбүздү өйүгөн негизги суроолордун бири ушул болуп жүрбөсүн? 7-апрель кандуу өттү. Канкорлор качып кетти. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин кимдер кармалды да, кимдер камалды? Эптеп беш-алты адамды кармашты. Бирок, түрдүү себептерди шылтоолоп түрмөдөн "үй камагына" чыгарышты. Ал эми башкы камала турган адамдар изделбей-этпей эле жүрбөйбү? Давыдов, Ширшов, Балкыбеков, Үсөнов, Түлеев, Суталинов, Чудинов, Рүстөмбеков, Баекова, Турдумамбетов жана "Шрек", "Мрек" дегендер толуп жатат. 100 дөн ашык аттуу-баштуу азаматтарыбызды баш кылып буюртма жол менен атып өлтүрүшпөдү беле? 50 дөн ашык журналисттер сабалып, А.Саипов, А.Ташиев жана Г.Павлюкту кандайча кылып өлтүрүштү эле? Эми бүгүн ушулардын баарын заматта эле унутуп калабызбы?
Акырында Ак үйдүн алдында ок тийип каза болгон жигиттерибиздин саны бүгүнкү күнү 89 га жетти. Акыркысы Ысык-Көлдүк Б.Чаргынов деген жапжаш жигит болду. Ондогон жигиттерибиз түбөлүк майып болушту. Ушулардын баарын айтып коюп, санап коюп, эскерип коюп, акырындап барып олтуруп баарын унутуп коюп жүрбөйлү?
Менин жекече оюм: күнөөлүүлөр жазаланмайынча элдин нааразычылыгы басылбайт да, токтобойт. Тескерисинче күчөйт. Биринчи кезекте аянттагы азаматтарды аткан канкорлор соттолуп, жазаланышы керек.
Экинчи, кыргыз элинин мүлкүн кен-байлыктарын, акчасын карактап-тоногон жеп-ичкичтер, коррупционерлер жана уурулар соттолуп камалышы керек. Мамлекеттик казынаны талап-тоногондор ж.б. бири да соо калбашы керек.
Үчүнчү мурдагы "Алга Кыргызстанчы" кийинки "Ак жолчу" депутат сөрөйлөрдүн ар бирин бирден карап, алардын кылмыш иштерине тиешелүүлүгүн кылдат карап, тиешеси барын, мыйзам чегинде аёосуз жоопко тартыш керек.
Кылмышкерлер жазаланмайынча мамлекетте тартип болбойт. Кайра эле улана берет. Президентти тандаганды, коррупционерлерди камаганды жана кустурганды грузин элинен жана Саакашвилиден үйрөнүүбүз керек.
Болбосо, бүгүнкү күнү жети баштуу желмогуздун башына караганда, анын куйруктары менен күрөшүү биз үчүн он эсеге кыйынга туруп жатат.
Абдибакир
Имаров