Бейне

АЙКӨЛ КУЛОВ, ЖАЛМАҢДАГАН ЖАПАРОВ
"Ар-Намыс" партиясынын аксакалчан мүдүрү урматтуу Феликс Шаршенбаевич өзүнө окшогон "соратниктерин" чогултуп алып, биз партиялык тизме менен өтүүчү депутаттык шайлоодо кеминде эле 45 орун алабыз, мени 45-орунга эле коюп койгулачы деп айкөлдүүлүк кылганын айрым ММКлар баса белгилеп өтүштү.

Карыя Куловдун 2007-жылкы жаз айларындагы экс президент Бакиевге карата жасаган айкөл "дерзский-демаршын" эске алсак, албетте генерал Кулов баштаган "Ар-Намыс" партиясы шайлоодо 45 депутаттык орун эмес, балким партиялык тизме боюнча татыктуу 45-орунду эч кимге ыраа көрбөй ээлеп алары толук мүмкүн. Себеби, өзгөчө ошол башаламанга катышышып шылдың болушуп, катыгы чыккан жана мыйзам жообуна тартылган шордуу шайлоочулар эле эмес, аларды көрүп угуп турган башка шайлоочулар да жакшы түшүнүшөт. Анын үстүнө, урматтуу генерал Кулов экс президент Бакиевдин өзү эле эмес, анын уулу Макс Бакиев менен дагы өтө ысык мамиледе болгону шайлоочуларга кеңири маалым окшобойбу. Муну өзү дагы өтө ишенимдүү коомчулукта баса белгилеп жүрчү дешет. Ошондуктан, шайлоодо генерал жетектеген "Ар-Намыс" партиясы шайлоочулар тарабынан "кеңири" колдоо табарына күмөн санабай деле койсоңор болот. Дагы бир "Ар-Намыс" партиясы үчүн шайлоодо эң оңтойлуу жагдай, бул урматтуу генералга куйрук улай жалмаңдаган Жапаровдун жабышып алганы. Өңгөсүн билбейм, бирок, экс президент Бакиевдин жана баласы Макстын досу, ошол убакта министр кейпи менен алагүү болуп алып, соо адамдардын үстүнөн башкарган, Москванын "менттеринен" бөтөлкө талашып "Московский" КПЗга отуруп чыккан, кадимки эле койлорго паспорт бермекчимин деп өзүн эле эмес, кыргыз элин дүйнөгө шылдың кылган, ал аз келгенсип Таластыктардан төпөштөлүп, жердештери Кочкорлуктардан кордук көргөн "атактуу" политикан Жапаров Кочкордон, Таластан жана Москвадагы шайлоочулардын колдоосуна эле эмес, дээрлик жалпы шайлоочулардын колдоосуна "татып" генералды өтө "ыраазы" кылышы толук мүмкүн. Ошентип, ушул эки саясый "фигура" эле шайлоонун жалпы көркүн чыгарып койбойт дешке да эртелик кылат. Балким, 45 эмес 90 депутаттык орун алышып, 90-орунга ыргып кетишери да ажеп эмес. "Приехали"-деп, сөзүмдү жыйынтыктап, ушул макаланы иретке келтирип атсам, "Алиби" гезитинин 31-август күнкү №55 санына туңгуч президент Акаевдин "Суталинов, Айтбаев, Иманкулов, Керимкуловдор тымызын Бакиев менен кызматташкан" деген макаласы жарык көрдү. Экс президент Акаевдин "тымызын кызматташкан" деген "культурный" сөздөрүн кыргыздын кара сөзүнө которсоңор "мени сатып кеткен саткынчылар" деп эле которулушу мүмкүн. Өңгөсүн азырынча билбейм, бирок, "айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле", же "темирди ысык кезинде чап" - демекчи, мен "анча-мынча" тааныган Иманкулов Калык Айтыгулович жөнүндө элдин дагы жана "башкалардын" дагы өтө эле "бүйүрлөрүн" кызыткан макаланы ММКларга чаап салсамбы деген өзүмдүн бүйүрүмдү кызыткан негиздүү ой жана көз карашым пайда болду.

Автандил САКЫБАЕВ,
Адвокат жана эркин журналист





Кудай сакта!
Батышта техниканын күчү менен
адамдарды маңкуртка айлантабы?
Редакциядан:
Жакында бир мекендешибиз өз башынан өткөн окуяларды тизмектеп жазып, редакцияга келиптир. Анын сөздөрүн окуп отуруп, көтөргөн көйгөйү жалпы улуттук экендигине ынабай койбойсуң. "Менин тагдырымды эч ким кайталап калбаса экен" деп безеленет кыргыздын ал жигити. Ал эми анын баяндаган окуяларынын чын-төгүнүн окурмандар өздөрү талдап алар. Анда эмесе, кеп ал жигиттин өзүндө болсун.

(Уландысы, Башы өткөн санда)

2002-жылдын күзүндө ден соолугума байланыштуу шашылыш Кыргызстанга кетүүгө аргасыз болдум. Сүйлөгөнүмдө тилимде таң калыштуу чайналуулар, "э-э-ээ" деп, кекечтенип калуулар пайда болду. Бирок, муну алгач мен өзүм байкаган жокмун, жакындарым айткандан кийин гана билдим. Чындыгында, сүйлөө ыргагынын бузулушу психотрондук куралдын колдонулганынын бирден-бир белгилери болуп эсептелет.
Кийин 2008-жылдын январь айынан баштап, CTBTO (Comprehensive Test Ban Treaty Organization www.ctbto.org, Вена шаары, Австрия) иштеп калдым.
Март айларында болсо керек, сантиметрдик толкунду колдонуу менен аң-сезимди көзөмөлдөөчү эксперимент башталды. Дайыма мени менен иштеген радионуклиддик технология боюнча инженер Тим Хамптон (Timothy Hampton) таң калыштуу жагдайларда каза болуп калды. Анын денесин Венадагы бир имараттын Е комплексинин шахталык тепкичинин түбүнөн табышты.
Менин бөлмөмдү сантиметрдик толкун менен нурландыруу да март айында башталгандай болду. Менде таңкалыштуудай адамдарды өлтүрүүгө болгон каалоо, бардыгын томкоруп жиберчүдөй болгон түрдүү агрессиялык сезимдер пайда болду. 2008-жылдын ноябрь айында ден соолугум чукул начарлап, иштөө жөндөмдүүлүгүмдү жоготтум. Натыйжада, шашылыш Кыргызстанга кетүүгө мажбур болдум, албетте амбулаториялык дарылануудан өтүү үчүн. Кандын анализин текшергенде анын курамы абдан начар болуп чыкты.
Тарыхка кайрылсак, аң-сезимди көзөмөлдөө тажрыйбалары фашисттик Германияда колдонулуп башталган. Аны менен ССтердин окульттук (мистикалык) Аненербе (Бабалар мурасы) уюму шугулданган. Адамдарды тирүүлөй микротолкундуу камераларга кайнатышып, электроддорду мээсине киргизген. Жырткычтык эксперименттерге негизденген эбегейсий илимий тажрыйбалар жүргүзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин ал материалдарды АКШга алып кетишкени айтылып жүрөт .
Жеке баамымда, мага карата микротолкундуу нурланууну колдонууда MKULTRA программасынын алкагында Джон Гиттингерддин методикасын колдонушкан. Бул ыкма адамдын өздүгүнө баа берип, анын жүрүш-турушун аныктайт. Бул ыкманы колдонууда адамдын психотиптик өзгөчөлүгүн байкоо үчүн алгач, адамды ысытат. Андан соң, психотиптик өзгөрүүсүн билүү максатында адамды атайын стресстик абалдарга кептейт. Ошентип, адамдын жүрүм-турумун мурдагы тажрыйбаларда чогултулган компьютердеги жүз миңдеген маалыматтар менен салыштырып көрүшөт.
Бул сыяктуу атайын техникалык каражаттар адамдын аң-сезимин кайра программалоого мүмкүндүк берет. Муну мен өзүмдүн башымдан өткөрдүм. Менде бул сындуу нурландырууларды аныктаган биологиялык жогорку мүмкүнчүлүк пайда болду. Ошондон улам мени тинтүүгө алышты. Менден микротолкундуу нурларды чыгаруучу детекторду издешти. Жумушчу бөлмө экрандаштырылган эле. Бөлмөнүн дубалы, потологу жана полу темир менен капталган болчу. Мунун өзү кыйыр болсо да, радио нурландыруу тажрыйбасын жүргүзүүгө далил.
Мындан тышкары, менин үстүмдөн биологиялык организмге таасир этүүчү радиоактивдүү радон газы жана радиоактивдүү чаң менен сыноо жүргүзгөн да болушу мүмкүн.
(Уландысы бар)

Урмат
Табалдиев