Эскерүү

Гүласал Садырбаева:
"Жетекчилердин улуттук сезиминин жоктугу - эне тилге болгон мамилесинен билинет"
"Жетекчилердин улуттук сезиминин жоктугу - эне тилге болгон мамилесинен билинет"
Эл-жер, кыргыз деп жүргөн доорубуздун улуу инсаны Дооронбек агабызды шум ажал жулуп кеткенине эки жыл айланды. Бакиевдин чекесине чыккан чыйкан болгондуктан, а кишини түзүктөп барктабады. 7-апрель окуясынан кийин Докеге көңүл бурула баштагандай таасир жаралууда. А кишинин керээзин орундатып санаалаштары, шакирттери Ала-Бел ашуусуна үстөл үстүндө тамекисин түтөтүп, ойлонуп отурган Докенин айкелин орноткону жатканын угуп, сүйүнүп турабыз. Биз ардактуу агабыздын бир тууган карындашы Гүласал эжеге кезигип, ат жалында агасы жана өзү тууралуу чай кайнам баарлаштык.

- Гүласал эже, сөзүбүздү Дооронбек агабыздан баштайлы…
- 1954-жыл биз үчүн кыйын жылдардан болду. Төрт кыз, эки уулунун эр жеткенин көргөзбөй шум ажал атабызды бул дүйнөдөн алып кетти. Баарыбыз жаш элек. Эң кичүүбүз жети айлык болчу. Ошондо мен эки жарым жашта элем. Түйшүктүн баары апам менен Дооронбек агама жүктөлдү. Дооронбек акем атадай мээримин төгүп, бизди кусалыкка батырган жок. Атабыздын жок экенин билгизбеди.
- Кесибин өзү тандады беле?
- Мектепти бүткөндөн кийин акем Бишкекке келип, өз күчү менен Медициналык институтка өттү. Эч ким жардам берген жок. Төртүнчү курста окуп жаткан кезинде Токтогулдун жаш кезиндеги ролун аткарып, тасмага тартылып калат. Ошондо талантынын кайда экендигин билип, төрт жыл окуган окуусун таштап, искусство жагына өттү. Анан телевидениеде диктор, режиссердун жардамчысы, режиссер болуп иштеп жүрүп, ошол аралыкта Ленинграддагы кинематография институтун бүтүрдү.
- Кыргызга опол тоодой эмгек жасаган агабыздын кайсы сапаттары Сиз үчүн баалуу эле?
- Акемдин өтө жөнөкөйлүгү, жупунулугу адамгерчилигинин бийиктигин көрсөтүп турар эле. Башкаларчылап бой көтөргөндү билчү эмес. Муну жалпы кыргыз эли билет. Акем тазалыкты, тактыкты жактырчу. Өтө эмгекчил адам болчу. Өз күчү менен көп нерселерге жетишти. Ошондуктан, мектепти бүтүрүп жатканда Дооронбек агам: "Борборго окууга келем дегениңер акылыңар барыңар, өз күчүңөр менен окуй ала турганыңар келгиле. Мен бир окуу жайдын мугалимине барып, мына бул карындашымдын же инимдин башы иштебейт эле, жардам берип койчу деп суранбайм" дечү. Акемдин айтканын жерге калтырбадык, жаман окуган жокпуз, бардыгыбыз жогорку билимге ээ болдук.
Акем эл колдоосуна арзып, Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты болду. Өз элин-жерин чын жүрөгү менен сүйөрүн, кыргыздын накта уулу экендигин ал жерде дагы көрсөттү. 2005-жылкы шайлоодо өтө оор учурларга кабылды. Бийликтин басым-кысымы өтө күчтүү болду. Шайлоодон кийинки окуялар, өзгөчө Каркыранын казактарга кетиши акеме оор тийди. Абдан кайгырып жүрдү. Ден соолугу жакшы эле болчу, билбейм… ажал экен өтүп кетти.
- Гүласал эже, сөздү өзүңүздүн кесибиңизге бурсак, мугалим катары мектептерде эң көйгөйлүү маселелер кайсылар? Маселен, мектептердеги акча чогултмай жөрөлгөсү токтодубу?
- Мугалимдик - ардактуу, түйшүктүү кесип. Анын баркына жетпей калдык. Ал эми акча чогултуу маселеси тилекке каршы токтой элек. Китептер үчүн ижара, мектептерди оңдоого жардам дегендей нерселерге акча чогултмай уланып эле келүүдө. Азыр кээ бир саясатчылар бекер кылабыз деген убадаларды айтышууда. Кээ бирөөсү медицина тармагын бекер кылабыз дешүүдө. Бирок, эки ажо белчеден карызга батырган мамлекетте дароо эле баарын бекер кылуу кыйынга турса керек. Акырындык менен, баскыч-баскыч аркылуу жасала турган иш.
Менин жүрөгүм өйүгөн дагы бир маселе кыргыз тилинин көйгөйү. Мамлекеттик тилдин абалы оорлоп баратат. Жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жалаң расмий тилде өткөнү өтө өкүнүчтүү. Чоңдорубуз маалымат жыйындарында расмий тилде сүйлөшүп, анан гана мамлекеттик тилге өтүшөт. Кээ бир учурда кыргыз тилинде сүйлөбөй да коюшат. Бул кыргыз мамлекетин башкарам деген жетекчилердин улуттук сезиминин жоктугу, элине болгон кайдыргерлиги десек болчудай. Алар сүйлөгөн орусча сөздөрдү айрым журналисттер туура эмес которушуп, элдин аң-сезимин, түшүнүгүн бузушууда. Бир мисал келтирейин. Жакында мамлекеттик эмдөө жүргүзүлгөндө "ЭлТР" каналынан "Улуттук шал оорусуна каршы эмдөө" деп, улам кайталашат. Шал оорусун улуттук кылып, кыргызга энчилеп беришти. Намыстанасың. Үйдө отуруп жиниң кайнайт. "Шал оорусуна каршы улуттук эмдөө" десе болот да. Ушуну карап койбойбу, төбөсүндө отургандар.
- Бакиев учурунда Түштүккө өзгөчө көңүл бурулду деген ураандар айтылып келди. Эмнелерди өзгөртө алды?
- Кайсы жагын караганын билбейм. Мен айылдын тургуну катары эч бир өзгөрүүнү көрө албадым. Турмуш оңолуп кеткен жок. Образдуу айтканда өз киндигибизди өзүбүз кесип келе жатабыз. Айла жоктон балдарыбызды Россияга, Казакстанга жөнөтүп, алар жөнөткөн акчага тирилигибизди өткөрүп келүүдөбүз. Өкмөт тарабынан кандайдыр бир жардам берилгенин көргөн жокмун. Маселен, күйүүчү майлардын кымбаттыгынан жүздөгөн гектар жерлер айдалбай калууда. Эгер мамлекеттин камкордугу болгондо ал жерлердин пайдасын көрсө болмок. Жеке биздин айыл үчүн Бакиев эч нерсе кылбады. Жол же мекемелер курулбады. Эскилиги жеткен мектеп ошол бойдон турат. Жардамын көрбөдүк.
- Айыл тургундарына эң көйгөйлүү, түйшүк жараткан маселе деп кайсы проблеманы айтаар элеңиз?
- Медицина тармагын айтар элем. Каалайбы-каалабайбы ар бир адам бул тармакка кайрылууга мажбур болот экен. Азыр медицинада коррупция болуп көрбөгөндөй өстү. Жалаң акча менен болуп калды. Мен көпчүлүк учурда ачык, бетке айтам деп, далай жолу жаман көрүндүм. Учурда кишини кабыл алып, көргөнү үчүн акча берүүгө өттү. Мейли, дары-дармегине, анализине, ийнесине ж.б. төлөйлү, бирок кабыл алганы, көргөнү үчүн акча алганы акылга сыйбаган көрүнүшкө айланды. Айла жок экен, аталган көйгөй күн санап көбөйүүдө. Үй шартында капельница алгандарга дарыгерлер ийне сайып бергени үчүн акча алышат. Мындай боло берсе жакшылыкка барбайбыз.
- Мектептеги рэкетчиликти кантип жоебуз. Бул маселе Сизге тааныштыр?
- Биздин мектеп-интернатта мындай проблема жок. Ал эми коңшу мектептерде коомчулукту каптаган бул илдет бар. Анын жаман кесепети бир нече ирет кайталанып, зыян алып келгенин билебиз. Рэкет деген сөздүн өзүнүн кыргыз лексикасынан жоголушун каалар элем. Мындай жаман сөз кыргызда болгон эмес. Рэкет деген баскынчы. Тескерисинче, азыр рэкет деген өтө кадырлуу, кыйын адам болуп калды. Мен ушуга таң калам, бирөөнүн эсебинен жашаган баскынчыны барктап калганыбызды. Кымбат унааларды минип, эмнесине кыйын болгонуна түшүнбөдүм. Күчтүүрөгү жардам берүүнүн ордуна бечарасын тоноп жатат. "Балык башынан сасыйт" дегендей, буга жетекчилер күнөөлүү. Муну мамлекеттик деңгээлде тазалаш керек. Ошондо, мектептеги рекетчилик өзүнөн-өзү жоюлат. Мен рэкетчиликтин айынан бир мектептин директорун кетире албай койдум. Жамааттын ичинде айыбы ачылып, кызматтан кеткен. Ордуна келген кишини коркутуп отуруп, кетирип тынышпадыбы. Анткени, анын балдары рэкет экен. "Бишкекте окуган балдарыңды жок кылам" деп, жаңы келген деректирди чүнчүтүшпөдүбү.

Зулпукаар САПАНОВ