Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 2
  Жаштарга жол жокпу?

Кубанычбек Кадыров, экс-депутат:
"Эгер мен акча алсам, 200 миллион сомго кылмыш ишин козготуп, 45 миллионду төктүрөт белем"
- Кубаныч мырза, учурда эмне менен алектенип жатасыз, дегеним, акыркы күндөрү Сиздин ишмердүүлүгүңүз боюнча, саясий жүрүшүңүз боюнча ар кандай кептер айтылууда.
- Өзүңүздөр күбө болуп, эл менен чогуу жүрүп, Бакиевдин криминалдык бийлигин кулаттык. Өкүнүчтүүсү, ондогон жигиттерибиз шейит кетип, жүздөгөн мекендештерибиз түрдүү жарааттарды алды. Муну эч качан унутпашыбыз керек. Анткени, жеңиш оңой-олтоң келген жок. Ал окуядан кийин Бакиевдер менен кармашып, анын саясатына макул болбогондор Убактылуу өкмөттү түзүп, бийликке келди. Алардын катарында мен да ИИМ министри Болот Эсентаевичтин буйругу менен аталган тармактын орун басарлыгына бекидим.
- ИИМ орун басарлары Президенттин буйругу менен бекийт дегендер болду…
- Президент качып, революция жасалып, оор кырдаал түзүлгөндө УӨ тарабынан Болот Шерниязга орун басарларынды өзүң бекиткин да иштегин деген укук берилген экен. Ошол укуктун негизинде бизди бекитип, он беш күндөй өз кабинетибизде түнөп иш алпардык. Жыйынтыгында бир топ ийгиликтерге жетиштик десем болот. Ошондо мага экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы башкармалыкты беришкен. Бакиевдер чыйыр салган коррупциялык системаны сындырганга аракет кылдым. Үйбүлөлүк клан менен бирге иш кылган адамдарды кармап, мамлекеттин акчаларын кайтарганга аракет жасадык.
- Кандай иштер жүрдү…
- Бакиевдер мамлекеттик Азык-түлүк корпорациясын түзүшкөн. Анын башында Максим туруп, бюджеттен миллиарддаган акчаларды бөлүшкөн. Корпорациянын башында турган адамдар жүз миллиондогон акчаларды сугунушкан. Мен күтүп отурбастан ыкчам оперативдик топ түзүп, кылмыш иштерин ачып, бардыгынын артынан түшкөм. Алар мамлекетке 200 миллион сом зыян келтиришкен. Биз 45 миллионго чукулун мамлекетке төктүрдүк. Референдумдан кийин Болот мырза шайлоого аттангандыгына байланыштуу кызматынан кетип, ордуна мурунку КГБнын полковниги К.Байболов бекиди. Ошол жерде 14 миң милициянын ичинен министрликке татыктуу бирөө жокпу деген нааразычылык болду. Алгач бардыгы менен чогуу иштешерин билдирген, анан эле мен киришкен бөлүмдү өзүнө алды. Мага бир ооз айтпады. Жетекчи катары кандай чечим чыгарганга укуктуу бирок, эмне үчүн так ошол коррупциялык тармакты өзүнө алганы түшүнүксүз. Экинчиден, элдик көтөрүлүштө Талас УВДсынын начальниги андан кийин коррупция тармагын жетектеген У.Момбеков деген адам менен мени эч кандай негизи жок кызматтан кетирди. Жумуштан аларда кандайдыр бир себеп болуш керек, аныңар барбы деп мен Байболовдон сурасам, "эч бир себеп жок" дейт. Экинчи жолу сурасам, коллегияда айтам дейт. Коллегияны чакырыңыз дедим. Тилекке каршы, чакыра албады.
- Сиз баштаган иш улантылып, уурдалган акчаларды кустуруу улантылып жатабы?
- Ачык эле айтып коёюн, мен кеткенден кийин ал иш токтоду. Бул киши бизнесмен адам, алар менен сүйлөшүп алган өңдөнөт. Себеби, "калк айтса калп айтпайт" дегендей элдин баары айтып жатат. Муну төгүлүп жаткан акчалардын токтогону да далилдей алат. Ал эми мени туура эмес буйрук менен алганын сот текшерүүдө. Өзүм жөн жатпастан эл түйшүгүн көтөрүү үчүн "Ак Шумкар" партиясына кирип, эл сыноосуна түшөйүн деп турам.
- Кызматтан алынганыңызды туура көрбөгөндөр көп болду. Жаш кадрды, айрыкча Бакиевдер менен чечкиндүү күрөшкөн адамдын кызматтан кетишин каалабагандар көп экендигине күбө болдук. Митинг өткөрүү демилгелери болгон, алардын жолун тосуп койдуңузбу?
- Бул жерде элге ыраазылык билдирип коёюн, бардык региондон келип, он миңдеген адамдар көчөгө чыгабыз дешти. Мен аларды сабырдуулукка чакырып, токтоттум. Жеке амбицияны элдин кызыкчылыгы менен алмаштырууну туура көрбөдүм. Анткени, көлгө эс алуучулар аз келди. Бирин-серин келип жаткандарган тоскоолдук жаратып, өзүмдүн жердештеримдин тиричилигин оорлотпоюн дедим. Экинчиден, Улуу Рамазан айында элди көтөрүү болбостугун түшүндүм. Жети региондон өкүлдөр келип, коргоо комитетин түзүшүп, маалымат жыйындарын өткөрүштү. Ошону түзүктөп көрсөткөн жок. Менин капа болгонум Бакиевдин убагындай маалыматтын буулганы болду. Эгер ошол жол менен кете турган болсок революцияны эмнеге жасадык? К.Оторбаев ушуну тереңирээк ойлонсо. Мындан сырткары Роза Отунбаевага да нааразы болдум. Бүт региондон келип, өз пикирин айтайын дегендерди кабыл албай койду. Жок дегенде угуп койсо болбойт беле? Же Президент митинг өткөргөндөрдү эле кабыл алабы деген ой келет экен. Роза Исаковна оппозицияда чогуу жүргөндөгү оор күндөрдү унутуп калганына таң калам. Далай оор күндөрдү башыбыздан өткөргөн учурда К. Байболов кайда жүрдү эле?
- Кызматтан алынышыңызга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
- Коррупциялык негиздеги чоң иштерди жүргүзө баштаганым кээ бирөөлөргө жакпай калды. Мисалы, Пайзулла Рахмоновдун Мамрезервдеги иштерин, Максим Бакиевдин Континент деген бизнесин тыкыр текшерүүгө алгам. Мындан сырткары да бир топ иштер бар болчу. Бул жерде коррупциялык системанын заказы аткарылды десем болот. Азыр менин атыма карата түрдүү сөздөрдү чыгарганга аракеттенишүүдө. Алардан акча алды дешиптир. Эгер мен алардан акча алсам, 200 миллион сомго кылмыш ишин козготуп, 45 миллионун төктүрөт белем? Бул 5 миллион доллар деген сөз. ИИМдин 85 жылдык тарыхында мынча көлөмдөгү акча мамлекетке кайтарылбаптыр. Бул биринчи жолу болуп жатат.
- 7-апрелден кийин Бакиевдердин жек-жаатынан түзүлгөн күч органдары, анын ичинде ИИМ кызматкерлери баш ийбей жатат, бакиевчилер менен түнү чай ичишип жүрөт деген сөздөр чыккан, алардан тазаландыбы?
- ИИМ кызматкерлери устав жана буйрук менен жүрөт. Жогорку наамдагылар буйрук бергенде аткарат. Милициянын баары жакшы дегенден алысмын, актагым келбейт. Арасында уяты жок, паракорлору бар. Мындайларды акырындан тазалап, жок кылыш керек. Бирок, милицияны Акаевдики, Бакиевдики, Отунбаеваныкы деп бөлбөшүбүз керек. Аларга ыраазылык билдиришибиз керек. Эгер милиционерлер болбогондо 7-апрелден кийинки оор кырдаалдар өлкөнү кыйын кырдаалга кептемек. Ошондуктан, ИИМ кызматкерлерине алкыш гана айтышыбыз кажет.
- Азыркы бийлик кадр маселесинде аксап жатат дегендерге кошуласызбы?
- Эл да айтып жатат, мен да аларга кошулам, баягы Акаев-Бакиевдин жолуна түштү.

Зулпукаар САПАНОВ




  Калыстык үчүн

КУРБАНОВДун ИШИНЕН ИЛИНЧЕК ТАБЫЛБАДЫ
Гезитибиздин №54 санында "Курбановдун "курмандыктары" аттуу макала жарык көргөн эле. Анда "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Чүй областтык бөлүмүнүн башчысы Алымбек Курбанов туурасында сын-пикирлер айтылган. Бул макала ошол эле жогоруда аталган ишкананын айрым кызматкерлеринин арызданып, кайрылуусунун негизинде жазылган. Андан бери Курбановду жактап, чогуу иштешкен коллегаларынан, ошондой эле бардык почта түйүндөрүнөн редакциябызга каттар, кайрылуулар келип түштү. Редакция бул ишти колго алып, журналисттик иликтөө жүргүздүк. Бирок, Курбановдун үстүнөн аноним түрүндө каралоо каттарын жазып кайрылгандардын үндөрү чындыкка коошпой калды. Тескерисинче анын жүргүзгөн иштери жакшы натыйжа берип жатыптыр. Ошондой эле кайрылуу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жаткан прокуратура кызматы да Курбановдун ишинен илинчек таба алган эмес.
Бул эмнени түшүндүрөт? Албетте учурдан пайдаланып, кимдир бирөөнүн короосуна таш ыргытып, анын ордун тартып алууну көздөгөн адамдардын гана максаты демекчибиз. Кандай болгон күндө да мындай жагдайларга убакыт өз баасын берет деп ойлойбуз.
"Алиби" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 44

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 44

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 44


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 44

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 44

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 44


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 44

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 44

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0903_6.htm on line 44