Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
  мезгил талабы

Алмамбет Шыкмаматов, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы:
"Добушту бурмалайм деген жетекчи оңбой калышы мүмкүн"
Түштүк окуяларында миңдеген адамдардын үй-жайга болгон документтери жана инсандыгын аныктаган күбөлүктөрү күйүп, жоголуп кеткен. Алардын документтерин калыбына келтирүү иши кандай болууда? Ошондой эле, редакциябызга Ош облусунун Папан-жана Төлөйкөн айыл округдарынын ортосундагы жер чатагы боюнча келген катка жооп берүүсү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго бир топ суроолор менен кайрылган элек.


- Ош облусунун Папан жана Төлөйкөн айылдык округдардын ортосундагы жер чатагы боюнча айтып берсеңиз. Ал жерде эл эки жаат болуп урушканга чейин барып жатышат дешүүдө ?
- Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык округунун Учар жана Жапалак айылдарынын жашоочулары, реформа учурунда Учар айылына жакын сугат жерлер туура эмес бөлүштүрүлгөндүгүн айтышып, 2000-жылы 15 га, 2003-жылы 20 га жана 2005-жылы 42 га жерди Папандыктарга жеке менчик турак үй курууга бергендигине нааразы болушуп, трансформация болгон 42 га сугат жер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун жокко чыгарууну талап кылышкан талаш кырдаал түзүлгөн.
Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде бир нече комиссиялар түзүлүп, жерлерди тактоо иштери жеринде жүргүзүлүп, кетирилген каталарды оңдоо боюнча жана бул кырдаалдан чыгуу боюнча бир катар сунуштар берилген.
Азыркы учурда мыйзам чегинде иш алып баруу менен маселелерди толук калыбына келтирүү иши Папан жана Төлөйкөн айылдык округдарында жүргүзүлүшү керек. Анткени, жерди бөлүштүрүү вазыйпасы мыйзам талабына ылайык, жергиликтүү бийлик органдарынын компетенциясына кирет. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы ошол чечимдердин негизинде, жерге болгон укуктарды каттайт.
- Жер бөлүштүрүүгө мораторий кабыл алынганын билебиз. Учурда жер тилкелери бөлүнүп жатабы же дагы эле токтоп турабы?
- 2009-жылы "Сугат, айдоо жана жарактуу жерлерди башка категорияларга жана түрлөргө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, сугат жана айдоо жерлерин башка категорияларга же түрлөрүнө которуу токтотулган. Азыркы учурда бул мыйзам күчүндө. Мораторийди алуу жаңы Жогорку Кеңеш шайлангандан кийин гана депутаттар тарабынан каралуусу мүмкүн.
- Түштүктөгү окуяларда документтерин жоготуп алгандарга кайра документ берүү жагы кандай болууда?
- 2010-жылдын июнь айларында Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Араван райондорунда болуп өткөн массалык баш аламандыктардын натыйжасында аталган райондордун, айрыкча Кара-Суу районунун миңдеген тургундары үй-жайсыз жана өздүгүн аныктоочу документсиз калышты. Ош облустук паспорт, виза кызматкерлери, жана биздин башка структуралар баш аламандык учурунда жана андан кийин да күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат.
Тактап айтканда, башаламандыкта жабыр тарткан элди документтештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, 2010-жылдын 23-июнунда №99 сандуу "Кыргыз Республикасынын жарандарына убактылуу инсандын күбөлүгүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү" жөнүндө токтому чыккан. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан №145 "Ош шаары, Ош жана Жалалабад облустарында болгон окуяларга байланыштуу документтерин жоготкон атуулдарга убактылуу инсандыгын аныктаган күбөлүк берүү" жөнүндө тескеме чыгарылып, анын негизинде бекитилген тизмеге ылайык, жарандарга инсандын убактылуу күбөлүктөрү берилди.
Андан тышкары, Мамлекеттик кызматтын жетекчилиги калкты каттоо Департаментинин жетекчилиги негизинде жайгашкан БУУнун качкындар боюнча комиссиясынын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, паспорт кызматына оргтехника, байланыш каражаттары алынды. Тактап айтканда, 4 компьютер, 2 ноутбук, 4 түстүү принтер, 10 факс-аппарат, 22 CDMA түрүндөгү телефондор алынды. Мукташ болгон райондорго таркатылып, учурда колдонулуп жатат.
БУУнун качкындар боюнча комиссиясы тарабынан 6 машинанын ижара акысы төлөнүп берилип, паспорт кызматкерлери үчүн 3 мобилдик топ түзүлүп, айыл-кыштактарда паспорт столуна келүүгө мүмкүнчүлүгү жок атуулдарга барып, жеринде документтерин кабыл алып, иш жүргүзүп жатышат. Ар бир мобилдик топто паспорттук столдон, айыл-өкмөттөн жооптуу катчы, фотограф, социалдык кызматкер бирге жүрүп иштеп жатышат.
Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, паспорттору өрттөнүп кеткен атуулдарга өз убагында сапаттуу документтештирүү үчүн бирден фотоаппарат жана керектелүүчү атайын сүрөт чыгаруучу кагаздарды бөлүп берди. Аталган каражаттар өз убагында ишке киришип, жер-жерлерде атайын фотограф жалдап, калкты акысыз сүрөткө тартуу жүргүзүлдү. Мындан сырткары, күйүп кеткен Нариман паспорт столунун имаратынын ордуна, Эл аралык миграция уюмунун жардамы менен контейнерден убактылуу имарат орнотулду. Анын ичинин жасалгасы, мебели УВКБ ООН тарабынан жардам катары алып берилди. Аталган контейнер, 14-15-август күндөрү орнотулуп, 15-16-августта жасалгаланып 18-августтан баштап ишке кирди.
Ошондой эле, жоголгон документтерди калыбына келтирүү максатында МКК тарабынан САРП программасы Кара-Суу, Нариман паспорт столдоруна орнотулду. Бул программа калк үчүн документтерди калыбына келтирүүдө бир топ жеңилдикти түзөт. Бирок, өз убагында программанын базасы жаңыланып турбаса, акыркы жоголгон паспорттор жөнүндө маалымат жок болуп чыгат экен.
Учурда паспорт кызматкерлери тарабынан жоголгон документтерди калыбына келтирүү боюнча иш улантылууда. Атуулдар башында убактылуу инсандын күбөлүгүн алууга кызыкдар болушкан. Анткени, өз учурунда гуманитардык жардам алуу үчүн, өздүгүн тактоо үчүн алып жатышкан. Ал эми азыркы учурда, убактылуу инсандын күбөлүгүнө болгон талап бир топ басаңдап, атуулдар кайрадан паспортторун калыбына келтирүү үчүн документтерин тапшырып жатышат.
- Сиз буга чейин "Ата-Мекен" партиясынын аппарат башчысы элеңиз. Андыктан, бүгүн кызматта туруп, "Ата-Мекен" партиясына жан тартып, колуңуздагы административдик ресурсту пайдаланбайсызбы?
- Бир эмес, эки революцияны башынан өткөргөн кыргыз эли кайрадан оор күндөрдү башынан өткөрүп жатканы кимге сыр? Кыргыз эли президент тандаганда да эки жолу жаңылды. Биринчи президентти "акылдуу, билимдүү" - деп мактап отуруп, акыр-аягы эмнеге алып келди?! Экинчисин дагы "мыкты өндүрүшчү, бардык жагынан төп келишкен жетекчи болот" деп отуруп, аны да көрдүк. Ошондуктан, бул шайлоодо эл өзүнүн бийлигин биротоло орнотот. Эл административдик ресурсту колдонууга бир да чиновникке жол бербейт. Биз ушуну түшүнүшүбүз керек. Ушул жолу элдин добушун бурмалайм деген жетекчи же жооптуу кызматкер оңбой калышы мүмкүн. Анткени, эл азыр башкача. Өз укугун жедирбейт. Тескерисинче, административдик ресурсту колдонгон партиядан шайлоочу жийиркенип, көңүлү калып калышы толук ыктымал. Ошондуктан, мен шайлоодо мыйзам бузууга жол бербейм, шайлоочунун укугуна жана намысына шек келтирбейм жана шек келтире албайм.
- Сиз жетектеп жаткан кызмат былтыр Бакиевдин реформасынын натыйжасында түзүлүп, бардык каттоо кызматтары ушул жерге чогултулган эле. Ал кездеги оппозиция муну "бийлик ылайыксыз адамдардын мүлктөрүн каттоого алып, алардын үстүнөн көзөмөл кылыш үчүн түзүүдө" деп айыптап чыгышкан эле. Мурдагы оппозиционер, азыр ошол кызматты жетектеп жаткан адам катары сиздин оюңузду уксак кандай?
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2009-жылдын 22-октябрындагы №283 мыйзамынын негизинде түзүлгөн. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, мыйзамды артка кайрууга мүмкүн эмес. Негизи бул системанын түзүлүшүнүн туура жагы да терс жагы да бар. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй бир эле адамга тиешелүү маалыматтар: жер жөнүндөгү укугу, үй-бүлөсү тууралуу, паспорту, айдоочулук укугу, жана архивдик материалдары бир базада болушу өтө ыңгайлуу болмок. Мындай система өнүккөн көп мамлекетте эффективдүү жемишин берип келе жатат..
Жаңыдан түзүлүп келе жаткан Парламенттик өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн, ар тараптуу министерство, агентство, департаменттердин ордуна бир эле чоң структура (Мамлекеттик каттоо кызматы) орношу, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө, бюджеттик акчанын сарамжалдуу пайдаланышына көмөк көрсөтмөк деп ойлойм. Бирок, шайлоонун жыйынтыгы көрсөтөт. Бийликке келген партия же партиялар мамлекеттик бийлик институттарынын эффективдүүлүгү боюнча өз программасы, көз карашы болот эмеспи. Ошондуктан, элдин колдоосуна ээ болуп, көпчүлүктүн батасын алган партиялар чечим кабыл алат деген ойдомун.

Суроо салган
Заирбек БАКТЫБАЕВ









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика