Кайсы мамлекетте жашап жатабыз?
Закиржандын мезгилинде үй-бүлө менен чогуу гүлдөгөн крим чөйрө өлкөнү муунтканга өттү. Билеги жоон "акмактар" мамлекеттин капчыгын толтурган бизнесмендерге салык салып, жон териси менен тапкан мээнеттерин шыпырып жатканын ар бирибиз угуп жатабыз. Акча бербегендерин ит аткандай кылып, үй-бүлөсү менен кырып жатканына баарыбыз күбө болдук. Ушундай негизде 20-август күнү ишкер 1963-жылы туулган Жолдошбек Керимкуловду, жубайы жана 20 жаштагы кызы, 15 жаштагы баласы менен чогуу өлтүрүп, үйүн тоноп кеткен. 26-августта Токтогул районунун Өзгөрүш айылында анаша терип жүргөндөрдү кармаган жети милиция кызматкерин, чогулган криминалдык күчтөр өлөрчө тепкилеп, колдорун чагып, аттарга сүйрөтүп өрттөгөнү жаткан жеринен кошумча күч жетип, келип куткарып калыптыр. Ал эми Маевкада ун сатып иштеген бир жигитти өлүм менен коркутуп, бир жарым миллион сомун алып кетишкенин айтып келишти. Ушул сындуу мисалдарды тизмектей берсек, оголе көп экен, бардыгын жазганга кагаз бети түткүдөй эмес. Жогорудагыдай төбө чачты тик тургузган окуяларды угуп, калктын коопсуздугун камсыз кылчу бийлик төбөлдөрү кайда карап отурат деген ойго келесиң. Крим чөйрө менен үзөңгүлөш иштеп, өздөрүнүн жанын коргой албаган милиционерлер элин коргоп жыргатабы? Деги биз криминал дегенден кутулабызбы же өмүр бою коркуп жашайлыбы? Элдин эсебинен курсагыңарды кампайткандан кийин калктын коопсуздугун камсыз кылып бересиңерби же жокпу? Урматтуу эл билермандары, ушуга жооп бергилечи?..


ЕККУ полицейлери жакында келбейт
Өзбек сепаратисттеринин кутум саясатынын негизинде бейкүнөө кыргызстандыктар кырылып жаткан мезгилде жардамга келбеген ЕККУнун полицейлери, тынчтык орноп, биримдик келе баштаган учурда полицейлердин өлкөбүзгө кирүүгө белсенгени бир топ нааразычылыктарды жаратты. Ар бир региондо митингдер өтүп, үлкөн саясатчылар каршылыгын билдирген. Жыйынтыгында ЕККУнун полицейлерине чаңкагандардын тилеги таш каап, элдин сүрүнөн корккон билермандар ЕККУ полиция кеңешчилер тобун Кыргызстанга киргизүү боюнча меморандумга кол коюу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Муну эки тараптын ортосунда полиция тобунун мандаты боюнча кайчы пикирлердин жөнгө салынбай жатышы менен байланыштырышууда. Бирок, ушуну менен биротоло бүттү дегенге болбойт. Саналуу күндөрдөн кийин аталган маселе кайра козголуп, далай мамлекеттерди талкалаган полицейлер өлкөбүзгө кирип келиши ыктымал. Сак бололу кыргыздар!


Этият бололу
Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамында Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов эмнегедир көрүнбөдү. Айрымдар бийликтин басым-кысымы күчөгөндүктөн болду дешсе, кээ бирлери эс алуу өргүүсүндө жүрөт дешти. Ошол эле маалда ММКлар жакын арада Мелисти кызматтан кетирүү үчүн чукул чараларды көрөрүн жазып жиберишти. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, айтылгандар жөн жерден чыгып жатпаганын акыркы окуялардан улам байкасак болот. Негизи, апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн өтүнүчү менен Ош шаарына Закиржан Бакиевди киргизбей кууп чыгып, азыркыларга чоң эмгек жасаганын жашырганыбыз болбос. Улуттар аралык жаңжалда дагы Опол тоодой эмгек жасады. Эми "эшек ылайдан өткөн соң" аны куугунтуктоо кимге пайда алып келет. Өзгөчө кыргыз чайпалып, кан төгүлүп, кыйын абалда турганда бир муштумга биригип, акылга келгенибиз дурустур. Итти да сабай берсең тишин көрсөтөт дегендей өзүбүздөн душман издеп, ичибизден иригенибиз бөтөн улуттарга майрам болуп жүрбөсүн… Ошондуктан, өткөн окуяларга сереп салып, бир пикирге келгенибиз оң болоор.
"Алиби" пресс




  Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат

Аппак периштелер
Кадимки "Ата журт" партиясынын саясий кеңеши Роза Отунбаевага ачык кат жолдоптур. Мынчалык ачык кат менен кайрылып жаткандан кийин бир маанилүү маселени козгоп жаткан го деген ой келбей койбот экен кишиге. Арийне, "Ата журтчулар", тагыраак айтканда, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Садыр Жапаровдордун ал каты Роза Отунбаеваны коркутууга арналыптыр. Бакиевдерди бала-чакасы, урук-тууганы менен Кыргызстандан дал ушулар кубалап чыккансып, Отунбаевага "Бакиевдин тагдырын кайталап калбаңыз" деп эскертүү кылгандарына күлкүң келбей койбойт экен. Бир жагынан, антип коркуткандары өтө эле олдоксон да көрүндү. Кыргызда "Ичкен кудугуңа түкүрбө" деген асыл сөз бар эмеспи. Аны "Ата журтчулар" билбейт дегенден алысмын. Бирок, булардын кечээ эле Бакиевдин батасын алып, агарып-көгөргөндөрүн бүгүн унутуп койгондугу, бери эле дегенде кесирлик эмей эмне?!


Кыялга катуу баткан "Ата журтчулар" президентибиздин айым экендигин да эстеринен чыгарышып жибергендей. Анан да, бул "мырзалар" кандай эле бүгүн баатыр болуп чыга келди деп, таң калсак болор эле. Бирок, ал бизге анчейин кажетсиз. "Үйдө баатыр жоодо жок" мырзалардын "баатырлыгына" суктанууга убактыбыз да жок. Ошентсе да бир нерсени эске салбай коюуга болбос.
Бакиевдер бүткүл Кыргызстанды жалмап, эч нерсесин койбой жеп жатканда, "чот-балтасын" көтөрө жүгүрүп, жанында коштоп, "кийик аттыргандар" дал ушулар болчу. Садыр Жапаров Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук агенттикти жетектеп туруп, кайсы бир чиновникти жоопко тартып, мыйзамдуулук деп чуркаганын көргөн эмеспиз. А Келдибеков андан ашып түшүп, Бакиевдердин "батасы" менен май талкандуу Салык кызматынын башчысына келгенине "сүйүнүп", Кыргызстандагы мыйзамсыздыкка "лам" деп ооз ачкан эмес. Ошол эле учурда, миңдеген мекендештерибиздин алдында туруп, Бакиевдерди кубалап, миңдеген кыргызстандыктарды, анын ичинде "Ата журтчуларды" да, Бакиевдердин тирандык башкаруусунан бошотууга негизги салым кошкон Убактылуу өкмөткө, баарынан мурун Роза Отунбаевага "Ата журт" партиясынын лидерлери ыраазычылык билдирүүлөрү керек эле. Бирок, алар антүүнүн ордуна бүгүн "баатыр" болуп чыга келишип, президентибизди зекип, тарыхты бурмалагылары бар. А буга не дейбиз?! Бул "Ата журтчулардын" "аш менен урганды таш менен урган" дагы бир кесирлиги эмеспи?!
Экинчи жагынан Президентке жазылган катта алар партиялаштары Нариман Түлеев менен Роман Шинди коргоого алышыптыр, кудум "периште" сымал. Ал экөөсү тең "Ата журт" партиясынан шайлоого аттанып жатышкандыгын бардыгы тең эле биле бербесе керек. Ушул жерден бир суроо туулат. Өңчөй бакиевдерден куралган "Ата журт" партиясынан эмнени күтсөк болот? Мейли, бербей жүргөн добуш беле, балким, берешен кыргыз элим "Ата журтка" да өз добушун берер. А бирок, алар жыргал, бейпил турмушту камсыздап бере алабы? Бакиевчесинен убадасынан тайып, эртең элге каршы күч колдонбойт, демократиялык принциптерден четтебейт дегенге кепилдик барбы? Ал эми Роман Шин менен Нариман Түлеевди катарына кошуп, шайлоого аттангандарын дегеле түшүнүп болбойт. Муну менен алар карапайым кыргызстандыктарды дагы бир ирет шылдыңдап жатышкан сыяктуу.

Тариел
Абакиров