Кыйкырсаң кызыл шапкечендер келет, анан азабыңды берет
Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылып турушкан кызыл шапкечендердин акыбалы улам алмашкан бийликтин шарапаты менен курчуп бара жатабы же айдакталганга көнүп алышканбы айтор, ушулардан эл тарабында калыс пикирде жакшы сөз укпайсың. Көчөдө бирөө колуңдан сумкенди жула качса, жаныңда турган милицияга деле ишенип болбойт. Кайра өзүңдү суракка алып айлаңды алты кетирет. Ушундан улам канча жылдан бери элибизде милицияга болгон ишеним аз. Өкмөт тарабынан колдоолор болбой жатат, абалыбыз абдан начар дешсе үндөрү кудайга жетсин. Кайсыл гана жетекчилик келбесин дароо эле тартип сакчыларынын айлык маянасын көтөрүүдөн баштайт. Үй салып, далайы үйлүү болушту. Эми жарыктык буларың элди эзип, уруп сабагандан кайра тартышпай, эски жоруктары кайрадан башталып жатыптыр. Колго түшкөн коенду кое берген онобу деген кызыл шапкечендердин ыйык дефисинин алдында иш алып барышып жатканы жакшы эмес. Өлкөдө эки бийлик алмашты. Жапа чегип элден кордук көргөндөр ушулар болду. Анын себеби бир эле элди эмес бийликти коргойсуңар деген кыждырлануу эместигин, алардын жөн жай элди кээде азапка салып, көчөдөн машинеге салып барып сабагандары да кошул-ташыл болгондугун эл аралап жүрүп укканбыз. Эми деле кээ бир СИЗО жайларында уруп сабоо күч экенин эл кыжырлануу менен белгилешүүдө. Бул тартипке келтирүүнүн негизги жолу эмес. Муну Кубат мырза билсе бир жөнгө салып, катарлаштарын кадимки кыргыз айкөлдүгүнүн чегинде иш алып баруусуна чакырып коер.


Кыргыздын "кымбатын" билбеген Князев
Орто Азия мамлекеттеринин ичинде бараандуу саясий серепчи болуп жүргөн Александр Князев акыркы кездеги Кыргызстандагы болгон окуялардын айланасында "Фергана ру" сайтына өзү тектүү аталган сайттын баш редактору Даниил Кислов менен маек куруптур. Өзгөчө түштүк аймактагы тарыхый эскиликтерге кайрылып ОШ, Жалал-Абад шаарлары бир кезде өзбектердики болгондугун кеп кылып, кыргыздар кийин гана Эне-Сайдан, Тянь-Шань тоолорунан көчүп келишкен деген тантырак сөздөрдү айтып, эки элди кайраштырууга үндөдү. Кыргызстандын түштүгүндө бир кезде кыргыздардан көбүрөөк өзбектер менен орустар жашап ал жакты жылуу конушгтарына айлантканын, кийин гана кыргыздар көбөйүп, эми минтип ээлик кылып улут аралык жаңжалдардын башын кылтыйтып жатат таризде кептерди таштап, кыргыз журналистикасынын чабал экенин, алардын Ош окуяларында туура эмес маалыматтарды берип жаткандыктарын белгилеп өзбек тарапка жан тартыптыр. Князевдин Орто Азия мамлекеттеринин арасында мынчалык деңгээлде барк күткөнүнө таң кала берсе болот. Ал бир мамлекеттин саясаты же көз карашы менен саясый оюн бир чекит айланасында жүргүзүүгө акылуу эмес болчу. Тагыраагы Кыргызстандын түштүк аймагындагы болгон окуялардын башаты кечээ гана эмес, ондогон жылдан бери тымызын өзбек тараптагылардын аракети менен Ошто автономия алуу максаттар менен коштолгонун эмнеге Князев мырза эскербейт. Кыргыздын урматына түкүргөн көптөгөн улуттар жазасын ушундай гана алыш керек болчу. Бул Князев мырзаныкындай кыргыздарды өз боорубуздагы улуттарга тукуруу эмес, болгону кең пейил кыргыздын да шарын үйлөй берген улуттардын чоңураак жарылуусу түштүктө гана болгонун Князев серепчи катары сезсе болмок.


Алгандын бермейи бар да...
Аргасыз ушинтип, же күлө албай же ыйлай албай айтат экенсиң. Өзбекстандын чек ара кызматы 31-август күнү Кыргызстандын чек ара кызматынын офицерлери полковник З. Бегматов жана подполковник А. Анарбаев Өзбекстандын аймагында мас абалында кармалганын билдирген эле. Аларды Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча сүйлөшүүлөр майнапсыз болуп жатат. Биз тараптын билдирүүсү боюнча алар өзбек тарапка атайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча гана бара жатышкан.


Эрки бош эмес Эркинге эмне болду?
Эркин мырза канча жылдан бери кыргыздар менен дос-куда болуп жүрбөсүн дилинен, ой тилинен жаңылган жок. Тили абдан жумшак. Кыргыздыкына бир аз окшобогон үн айтор. Ошол тилдигиненби кайсыл гана митинг болбосун Эркин мырзанын колунан кичине үн күчөткүч түшчү эмес. Бакиевдерге каршы өткөрүлгөн митингдердин баардыгында анын карааны болду. Ошентип жүрүп Петровка окуясында бир кылтакка илинип калды. Андагы бир эрдиги бакиевчил сотторду поктоп сөккөнү болду. Бактысы бар экен, түрмөдөн курутуп коер бекен дегиче өлкөдө кайрадан эркиндик орноп Эркин мырза эркин боло калды. Дароо эле каржы полициясы кызматына отурду. Бүгүн анын кылган аракеттери жакшы сөздөр менен айтылбай жатканы өкүндүрө баштады. №1-колониясында отуруп, бир даары криминалдык чөйрөдөн тааныш күткөнбү, анын жетекчилиги айрым криминалдык чөйрөнүн адамдарынын колдору менен башкарыла баштаганын айтышууда. Айрым кызматкерлер негизсиз эле себептер менен алынып, кайдагы финансылык тармакта түшүнүгү жок адамдардын кызмат орундарга келгенин орунсуз сезип жатышкандар көбөйүптүр. Эркин мырзадан мындайды күтпөгөн жаныбыз күйүп-бышып айтып жатабыз. "Ата Мекен" лидери Текебаевдин криминалдык чөйрөнүн бийликке аралашып жатканын, алар жакында арылаарын ушундай себептерден улам кылтыйтып жаткан тура.


КЫРГЫЗ КИТЕПТЕРИНИН ИЙГИЛИГИ
1-сентябрдан бери Москвада өтүп жаткан 23-эл аралык китеп көргөзмөсүндө Кыргызстандан басып чыгарылган китептер ийгиликке жетишти. "Кут-Аалам" басмасынан чыккан "Жеңиш" аттуу китеп "Жеңиш" номинациясы боюнча, "Раритет" басма үйүнөн чыккан "Кыргызстан" деген сүрөт альбому "Арт искусство" номинациясы боюнча үчүнчү байгеге татыктуу болду. Дипломдор мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловго тапшырылды. Бул ишке Маданият министрлигинен каражат бөлүүгө чөнтөк жука болгондуктан, байге ээлери Москвага бара алышкан жок. -Басмакана кожоюндары өздөрү келишкенде кеминде 20-30 миллион нускалык жаңы келишимдерге кол коюшуп, капчыктарын кампайтып кетишмек. Бирок мен да куру кол келген жокмун,-дейт ал. -Кыргызстандын ар кайсы басмаканаларынан чыгарылган 300 нускадан ашуун китептерди ала келип, көргөзмөгө койдум жана кызыккан эле кардарлар болсо аларды Кыргызстандын басмаканалары менен иштешүүгө тартканга мен да дилгирмин,-дейт К.Момункулов.
Эл аралык байгелерди ээлерине тапшыруу жакынкы күндөрдө өтөт.


"Ак жолчу" Акун кутура береби?
Алгач райбилим берүү бөлүмүндө иштеп, кийин арага адам салып жүрүп "чоң" болушту көксөгөн мугалим болуп жүрүп акимиатка кызматка келген Акун Асанов кызмат дегенде жантыгынан жата калып Ноокаттык туугандарды сарсанаага салды. Элпек жан экен, өйдөлөргө жагып, акыры райакимиаттын администрация башчылыгына жеткен..
Ошол жерде иштеп жүрүп, акимиатка кошумча курулган имараттын кирпичтерин "Жигулисине" ташып жүрүп, айылы - Кыргыз-Атага килейген үй салган. "Ак жол" париясына кире коюп, адам тоотпой, башкаларды киши ордуна санабай калган. "Ак жолчу" депутат Алтынбек Сулайманов деген күркүлдүн колуна суу куйган аптабачылыгы жагынан алдына жан салбай жүрүп, баласын Жогорку Кеңеште ага жардамчылыкка кызматка алдырган. Өзү болсо Ноокаттын билим берүү бөлүмүн башкарганга жетишкен.
"Ак жолчу", "Кирпич уурдап үй салган" деген лакаптары бар Акун Асановдун кайсы мектептин директорун кантип "алмаштырганы", пара бербесе кандайча кыйнагандыктары, кимден канча алгандыктары тууралуу макаланы жаңы окуу жылынын башталышы менен сиздерге кабардар кылабыз. Анткени, ал эргул доор алмашса деле ошол ордунда, ошондой "ишмердүүлүктөрүн" токтотпой келе жатат.
Сыягы билим берүү жагын тейлеген Канат Жалилов "аптабачы" Акуш Асановдун былыктарын биз айтып бермейин билбей, дагы эле кутурта берет өңдөнөт.
"Алиби" пресс