Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Аскар Акаев:
"Кандай гана бийлик болбосун,
бир тамчы адам канына татыбайт!"
Бир нече күндөн кийин Кыргызстан эгемендүүлүктүн 19 жылын белгилейт. Адаттагыдай эле мамлекет жетекчилери атайын даярдалган кагаздагы көнүмүш сөздөрүн күн ысыкта, майрам көрүү үчүн топтолгон элдин алдында окуп беришет. Анда Кыргызстандын эгемендүүлүгү мактаныч катары айтылганы менен адатынча "Акаевдин коррупциялык доору" кенен сүрөттөлөт. Ал эми анын башкаруусуна туш келген Кыргызстандын ички жана тышкы саясаттагы жетишкендиктери туурасында ныпым эскерүү жасалбайт. Анын ордуна азыркы бийликтин тушундагы "жетишкендиктер", элдин "бактылуу жашоосу" туурасында абдан көркөм "икаялар" айтылат...

Ал эми биз ошол эгемендүүлүктүн түркүгүн Кыргызстанга алып келүүгө зор салым кошкон туңгуч президент Аскар Акаев менен өткөн тарыхты эстеп, ага калыс баа берүүгө аракет кылдык. Буга чейинки журналисттердин маектешүүлөрүнөн айырмаланып, бул ирет ал кишиге ачуу-таттуу суроолорду аралаш жаадырдык.
- Аскар Акаевич, алгачкы сөздү учур маселесинен баштасак. Учурдагы кырдаалды сырттан көз салып турган байкоочу катары мекениңиздеги акыркы көрүнүштөрдү кандай баалап жатасыз?
- Эми Кыргызстандын ар бир кенедей жакшылыктарын, кубанычтарын мен жогору канааттануу менен кабыл алам. Бирок, тилекке каршы акыркы 5 жылда мамлекеттин акыбалы начарлагандан начарлап жатканы мени абдан кейитет. Өзүңөр жакшы билесиңер, мен бийликте турганда азыркыдай массалык баш аламандык деген болчу эмес. Албетте, ар бир бийликтин тушунда кемчиликтер орун алат. Бирок, азыркыдай чегинен ашкан анархияга жол берилчү эмес. Мисалы, Оштун мэри Мырзакматов тууралуу ар кыл сөздөрдү угуп жатам. Байкашыма караганда кадимки эле, Афганистандын талаа командирлеринин эле өзү. Мына Отунбаеванын бийлиги аны кызматтан алууну чечкен экен, Мырзакматов дагы элди чогулта коюп, өзүнүн жеке бийлигин сактап калды. Анткени азыр Кыргызстанда бийликтин кадыры дагы, күчү дагы жок. Аны эч ким чымындай да көрбөй калды. Анткени бир кезде Сербияда, Грузияда кийин Украинада "түстүү ыңкылап" жасагандар акыры Орто Азиядан Кыргызстанды тандашкан экен, акыры максатына жетип тынышты. Бул кадимки эле коркунучтуу вирус. Тагыраак айтканда, глобализациянын алгачкы белгилери десек туура болот. Акырындап бийлик ошондой талаа командирлерине, криминалдык авторитеттерге өтүп кетеби деп чоочулайм. Мен ишенимдүү жана сыймыктануу менен айта алам, менин убагымда мунун бири да жок болчу. Эч бир жергиликтүү жетекчилер жогорку бийликтин чыгарган документтерине баш ийбей койчу эмес. Болбосо, криминалдык элементтер аянтка чыкканын көрдүңөр беле?
Менимче азыр кыргыз бийлиги демократиялык эмес, укуктук мамлекет куруунун үстүндө иштеш керек. Мамлекетте жеке адамдын же болбосо кандайдыр бир топтордун эмес, укуктун бийлиги орногондо гана адилеттүүлүк орнойт. Коомдо калыстык, адилеттүүлүк орномоюнча мамлекет оң жолго түшө албайт. Азыр эмне болуп жатат? Параллелдүү эки өкмөт иштеп жатат. Роза Отунбаева бир күнү президент катары документ чыгарат. Экинчи күнү болсо Убактылуу өкмөттүн төрайымы катары, ал эми кийинки күндөрү техникалык өкмөттүн төрайымы катары документ кабыл алат. Анан кантип ушундай мамлекетте туруктуулук, жылыш болот? Мына ушунун баарын алып келген - 2005-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш. Чындыгын айта турган болсок, ошондон бери эле Кыргызстанда легитимдүү бийлик жок. Мына ушундай көрүнүштөр мени абдан тынчсыздандырат.
- Жакында эле Сиздин кол тийбестигиңиз боюнча чыгарылган Убактылуу өкмөттүн декретин кандай кабыл алдыңыз?
- Бул чечим мен үчүн күтүлгөн эле нерсе болчу. Кадимкидей эле кабыл алдым. Роза Отунбаева бул чечимге Убактылуу өкмөттүн төрайымы катары кол койгонун укканда эле түшүндүм саясий документ экенин. Эгерде ал киши президент катары кол койсо, анда маселе башкача болмок. Менимче ал өзү дагы бул документ курулай саясий популизм экенин түшүнүп турат. Анткени, ал чечимдин эч кандай юридикалык күчү жок. Ошондуктан Отунбаева бул документке Убактылуу өкмөттүн төрайымы катары кол коюп отурат. Мен алардын мындай аракетине эч кандай деле капа болгонум жок, себеби буга чейин 5 жыл бою Бакиевдин бийлиги тарабынан адам чыдагыс жамандоолор, мага каршы ар түрдүү пиар компаниялар жүргүзүлүп келген. Буга мен көнүп деле калгам. Адилет иним, өзүң деле жакшы билесиң, бул күнөөлөр мага Бакиевдин ошол кездеги прокурору Азимбек Бекназаров тарабынан 5 жыл мурун эле коюлуп, бирөөсү дагы далилденбегендиктен жабылган. Андан тышкары, ондогон кылмыш иштери ачылганы менен анын бири дагы эч кандай натыйжа берген эмес. Андыктан, мындан кандайдыр бир өзгөчөлүк издөөнүн өзү туура эмес деп ойлойм.
- Эл арасында 24-марттагы Сиздин өлкөдөн чыгып кетишиңиз боюнча эки версия бар. Биринчиси, Сизди өлкөдөн качып кетти деген версия. Ал эми экинчиси, күч органдарындагы 3 генерал атайын кутум чыгарып, күч менен эвакуация кылып салыптыр деген сөз бар. Бул эки версиянын кайсынысы чындыкка жакын же башка да барбы?
- Адилет иним, тилекке каршы сен айткан эки вариант тең туура эмес. Мен өзүмдүн вариантымды айтып берейин. Мен бир гана нерсеге таң калдым. Эртең менен өзүмдүн иш бөлмөмө барсам өңчөй он миңдеген криминалдык элементтер чогулуп алышыптыр. Жакшылап карап көрүп, абалдын татаал экенин байкадым. Мен кадимки эле нааразы болгон карапайым адамдар келген экен деп ойлогом. Бирок, кырдаал мен ойлогондой эмес экен. Муну кийин бийликке келген соң өздөрү да тастыкташпадыбы. Ыраматылык Баяман Эркинбаев парламенттин трибунасынан "Эй, туугандар, мен бийликти кулатуу үчүн түштүктөн төрт миң боевикти алып келип, бийликти алып бергем. Мага эмне үчүн биринчи бийликти бербейсиңер?" - деп бийлик талашпады беле. Андан кийин бүгүнкү Убактылуу өкмөттүн төрайымы дейбизби же техникалык өкмөттүн төрайымы дейбизби, президент дейбизби, Роза Отунбаева өзү жазып чыккан "Назаралиевдин боевиктерин мен алып келүүгө көндүргөм" деп. Анан ошончо боевикти токтотуштун бир гана жолу бар болчу. Ал курал колдонуу эле. Ал гана эмес мага ошол генералдар сунуш да кылышкан "Аскар Акаевич, акыбалды көрүп турасыз, күч колдонбосок болбойт" деп. Бирок бул жол, башынан менин жан дүйнөмдөгү гуманисттик принциптерге түп тамырынан каршы келет эле. Ошондуктан мен алардын сунушунан баш тартып, өзүмдүн башкы командачы катары акыркы приказымда эч качан курал колдонбоону буйрук кылдым да өкмөт үйүнөн чыгып кеттим. Эмне үчүн мен Кыргызстандан чыгып кеттим? Себеби ошол күнү кечке минут сайын курчуп жаткан кырдаалды терең анализдеп, кандай болгон күндө дагы Кыргызстандан 2-3 күнгө болсо да сыртка чыгып турууну туура көрдүм. Анын үстүнө, эртеси Кемин тараптан дагы он миңдеген адамдар Бишкекти көздөй жөө жүрүш жасап келишип, аларды Токмокко келгенде суранып отуруп токтоттум. Кандай болгон күндө да тынччылыкты камсыз кылыш керек эле.
Эгерде ошондо мен курал колдонууга буйрук бергенде түндүк-түштүк жарасы күч алмак. Ал эми, мен өмүр бою ошол түндүк менен түштүктү бириктирүү үчүн болгон аракетимди жасап келдим. Өзүңөр билесиңер, эң биринчи алган ири суммадагы кредитке Түндүк менен түштүктү байланыштырган автомагистраль курдук. Ага чейин Оштон Бишкекке келүү өзүнчө тозок болгон. Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанды аралап өтүп, баш-аягы 7 чек ара постунан текшерилип анан келишчү. Кээ бирлер тамашалап калышчу: "Келгенче костюм-шымыбызга чейин чечип алат" дешип.
Мындан тышкары 15 жыл бою түштүк регионун көтөрүү үчүн кандай гана аракеттерди жасадым, аны жакшы билесиңер. Тээ президент боло электе эле, Улуттук илимдер академиясын жетектеп турганда академиянын түштүктөгү филиалын ачканбыз. Ага чейин түштүктөн бир гана академик бар эле, Жаныбек Жээнбаев деген ыраматылык аксакалыбыз. Ал эми калган академиктердин баары менин жетекчилигимде өсүп чыгышты. Ошондой эле бир топ окуу жайларды атайын Ошко ачтык. Тээ Союз убагында Ошто бир эле пединститут бар болчу. Жалал-Абадда дагы бир катар окуу-жайлар ачылды. Ошону менен катар эле бир топ жардамдарды, айыл-чарба кредиттеринин 80 процентин атайын түштүккө жумшадым. Өзүңөр билесиңер, Ош менен Жалал-Абадда 90-жылдардын башында бир топ жаратылыш кырсыктары орун алып жатты. Ондогон миң үйлөр жаздан күзгө чейин курулуп калып жатты. Болбосо азыр Россияда ысыктан 3 миң үй күйүп кеткен экен, ошону куруш килейген Россия мамлекети үчүн кыйынга туруп жатат. Анан ошол кездеги биз тарткан кыйынчылыкты элестетсең өзүң. Эгерде мен ок атканда, ошонун баары негативге айланмак да. Ошондуктан, ок атпай мамлекеттен чыгып кеткенимди эң туура кадам деп эсептейм. Анткени, мен үчүн кандай бийлик болбосун, бир тамчы адам канына татыбайт!
(Уландысы кийинки
сандарыбызда)
Маектешкен
Адилет АЙТИКЕЕВ
adilet77@mail.ru








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика