Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Түрк туугандар кол сунду

Равшан Жээнбеков, экс-министр:
"Абдуллах Гүл: "Кыргызстанга демократия гана ийгиликтерди алып келет" деди"
- Равшан мырза, сөзүбүздү Түркия сапарынан баштайлы. Кандай саамалыктар болду?
- Өмүрбек Текебаев башында турган "Ата Мекен" партиясынын делегаттары Түркияга иш сапары менен барып, төрт күн болуп келдик. Төрт күндө Түркиянын бардык расмий адамдары менен жолугуштук. Алар Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл, Парламентинин башчысы, Тышкы иштер министри, Мамлекеттик министри, Парламентте отурган өкмөттүк жана оппозициялык партиялардын лидерлери менен жолугуштук. Келечекте өкмөттү курай турган партиялардын бири катары көрүп, кабыл алышты. Түркиянын президенти Абдуллах Гүл менен болгон жолугушуу абдан кызыктуу болду. Коңшу турган башка боордош мамлекеттерге караганда Түркия мамлекетинин башчысы Кыргызстандагы жаңы түзүлгөн Парламенттик системасын, Кыргызстандагы демократиялык процесстердин жүрүшүн жана өнүгүшүн колдой турганын расмий билдирди. Түркия 80 жылдан бери парламенттик системада жашаган мамлекет катары билим, тажрыйба адистиги жагынан жардам берип, моралдык жактан, келечекте материалдык жана финансылык жактан колдоо көргөзөрүн билдирди. Эң маанилүүсү Түркиянын Президенти Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдө, реформалардын жүрүшүндө "Ата Мекен" партиясынын ордун өзгөчө белгилеп, анын лидери Ө.Текебаевди ушул өзгөрүүлөрдү ишке ашырган, өзгөрүүлөрдүн башында турган адам катары белгилеп кетти.
- Президенттен башка адамдар менен болгон жолугушуу кандай өңүттө өттү?
- Мындан башка Тышкы иштер министри, Парламент башчысы менен жолугуштук. Алар дагы Түркия Президентинин сөзүн бекемдеп, Түркия тарабынан Кыргызстанга берилип жаткан жардамдарды көбөйтүп, Кыргызстанды боордош мамлекет катары ар дайым колдошорун белгилешти. Маселен Ош окуяларынан кийин Түркия Кыргызстанга 21 миллион доллар бөлгөн. Ошонун 10 миллиону бүгүнкү күндө которулуптур. Ал эми 11 миллионун Ош окуясынан жапа чеккен жарандарга үй куруусу үчүн, курулуш материалдарын алышы үчүн жакын арада бөлүнөрүн баса белгилешти.
Тышкы иштер министри менен жолугушканда буга чейин билинбеген же алар айтпаган бир нерсе ачыкталды. Мындан кийин Түркия мамлекеттеринин дүйнө жүзүндөгү элчиликтери Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой турган элчилик болорун билдиришти. Түркиянын башка мамлекеттердеги элчиликтерине Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоого расмий тапшырма бергендигин Тышкы иштер министри белгилеп кетти.
- Сулейман Демирел менен да жолугушту деген кабар жетти эле...
- Эң маанилүү жолугушуулардын бири Түркиянын мурунку Президенти, түрк дүйнөсүнүн аксакалы Сулейман Демирел болгон баарлашуу болду. Ал бизге келечекте мамлекетти башкара турган партия катары Ө.Текебаевге жана делегациянын мүчөлөрүнө акыл насаатын, кеңешин берди. Демирел мырза алты жолу бийликтен кетип, жети жолу бийликке келген адам экендигин белгилеп кетти. Ал киши да бир топ жыл режим менен күрөшкөн адам катары, жети жыл үй камагында отурган оппозиция катарында биздин партиянын чечкиндүү күрөшүн түшүнөрүн жана колдорун белгиледи. Кетер күнү Сулейман Демирел менен болгон жолугушууда Кыргызстанда жаңы бийлик куралып, жаңы өкмөт түзүлө турган болсо барып, акыл-насаатыңызды кыргыз жетекчилерине айтып кетесизби десем, (тамашага сала күлүп) "эгер "Ата Мекен" партиясы өкмөттү курай турган болсо, алдыңкы орунду ала турган болсо, мен барып куттуктап кетем" деген сөзүн айтты. Мамлекеттик деңгээлдеги саясатчыларга негизги сапат жана керек нерсе катарында эң башкы маселе мамлекеттин биримдигин сактоону сунуш кылды. Сулейман Демирел: "Кайсы партия, кайсы адам болбосун эгер мамлекетти башкарууга келе турган болсо, сөзсүз түрдө биринчи улуттун жана элитанын биримдигин камсыз кылышы кажет. Эгерде кайсы бир партия, кайсы бир лидер мамлекет башкарууга жетип, бир гана партиянын же кайсы бир топтун гана кызыкчылыгын көздөй турган болсо, анда ал адам эл ишениминен ажырап, мамлекетти башкарууга укугу болбой калат" деген насаатын берди.
- Дүйнө элине белгилүү саясатчыга Сиз деле суроо салгандырсыз?
- Сулейман Демирел мырзага, мамлекетти башкара турган адамда кандай негизги сапаттар болуш керек деген суроо узаттым. Мен Түркияга, дүйнөгө белгилүү болгон адам мамлекетти башкара турган адам мыкты адис болуш керек, кайсы бир тармакты жакшы билиш керек деп айтат ко дегем. Ал киши такыр башкача жооп берди. "Мамлекет башкара турган адам өзүнүн мекендештерин жаманына-жакшысына, улутуна, кембагалдыгына карабастан бардыгын бирдей сүйүшү керек. Ар бир жолуккан мекендешин кучак жайып, күлүп тосуп алган адам болушу керек" деп жооп берди. Бул туура. Өзүңдүн элиңди, мамлекетиңди сүйбөй туруп, мамлекетти башкарууга мүмкүн эмес. Оппозиция лидери, президент катары Түркия мамлекетинде бир топ жыл кызмат кылды. 90го жакындап калганына карабастан акылы тунук, көз карашы так экен. Ушул адам менен жолугуп чыккандан кийин абдан жакшы таасир алдык. Жакшы сезимдер пайда болуп, айткан акылы, сүйлөгөн сөздөрү дем берди. Таң калыштуусу, Сулейман Демирел Орто Азия мамлекеттери жаңы эгемендүүлүккө ээ болгондо келип, "Булар мамлекетти түзүүдө бир топ кыйынчылыктар болот. Эзелки мамлекет болгондон кийин өзүбүздүн тажрыйбабызды алпарып берели деп, Түркиядага мыкты адистерди чогултуп, мамлекет түзүүдөгү кеңештерди, ойлорду беш президентке тапшырдым эле" деди. Биз Орто Азия Президенттери аны окубаптыр же Сизди укпаптыр деп күлүп калдык.
- Кыргызстандагы саясий партиялардын бир дагы лидерин мамлекеттик деңгээлдеги чет өлкөлүк жетекчилер кабыл ала элек болчу. "Ата Мекен" партиясы Түркиянын бийик кызматтагы адамдары менен жолугушканын кандай кабылдайбыз?
- Ө.Текебаев башында турган биздин партиянын делегаттарын Түркия мамлекетинин кабыл алышы жакшылыктын белгиси десек болот. Чындыгында эле бийликке келе элек партияны эч бир мамлекет расмий кабыл албайт. Бул "Ата Мекен" партиясынан үмүтү абдан чоң экендигин билдирет. Алардын изилдөөлөрү, анализдери боюнча келечекте "Ата Мекен" партиясы өкмөттү курай турган, мамлекетти башкара турган партия болот деген ишенимде отурат.
- Эмне үчүн Түркиядан башталды.
- Биз башка мамлекеттер менен дагы мамилебиз бар, кээ бири менен түзгөнгө аракеттенип жатабыз. Ал эми Түркиядан баштаганыбыз, биздин тарыхый, маданий байланышыбыз бир болгондугунан улам. Каалайбызбы, каалабайбызбы булар биздин бир тууганыбыз, боордошторубуз. Экинчиден, Түрк дүйнөсү Европаны кучагына камтыган, демократияга умтулган мамлекеттерден болуп эсептелинет. Биздин менталитетибиз, динибиз, дүйнөгө болгон көз карашыбыз жалпысынан бир элбиз. Ошондуктан, түрк дүйнөсүнөн көп нерсени үйрөнүп, Түрк мамлекети аркылуу алгылыктуу өзгөрүүлөрдү жасасак болот. Түрк мамлекети 80 жылдан бери парламенттик системада жашап келаткан өлкө. Биз бүгүн алгачкы кадамды жасаганы турабыз. Парламентаризм системасын жакшы билген мамлекет катарында жетекчилеринен, адистеринен көп нерселерди үйрөнсөк болот. Биз алдыңкы катарда туруп, Парламенттик башкарууну киргизген партия катары, анын өнүгүшүнө жоопкербиз. Билбеген нерселерди алардан үйрөнүп, өлкөнү өргө карай сүйрөө керек.
- Мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө эмнелер керек дегендей нерселерди сурадыңыздарбы?
- Абдуллах Гүл Дүйнөлүк банкта, эл аралык финансы уюмдарында иштеген, англисчени мыкты билген, Орто Азия, түрк тилдүү мамлекеттердин тарыхын мыкты билген адам. Ал киши мамлекеттик бүтүндүк, мамлекеттик биримдик жөнүндө көп сөздөрдү айтты. Өзгөчө өзбек-кыргыз урушуна кыйналып, жүрөгү ооруганын байкадык. "Биз бир тууган элбиз, бириңерден экинчиңерди өйдө көрбөйбүз, түбүбүз бир" деп, "Мамлекет өнүгүшү үчүн, чет элден инвестициялар келиши үчүн, мамлекеттин экономикасы күчтүү болушу үчүн силерде бир гана жол бар. Ал демократияны сактоо. Борбор Азияда демократияга умтулган жалгыз өлкө болгондуктан, чет элдик инвестициялардын колдоосунун санын арттырасыңар. Ал үчүн демократияны сактоого, өнүктүрүүгө аракет кылгыла" деген оюн билдирди.
- Жаңы кабыл алынган Конституция жөнүндө сөз болгон жокпу?
- Парламентте "Жумурият калк" партиясы оппозиция экен. Өкмөт референдум өткөргөнү жатыптыр, ага алар, оппозиция каршы экен. Референдумда Президентти эл шайлоо, соттордун санын көбөйтүү маселелери камтылыптыр. "Силер парламенттик системага жаңы өтүп жатсаңар да, биздикинен алдыга озуп кетипсиңер" деп күлүштү. "Оппозицияга күчтүү орун берипсиңер, өкмөттү кураган партия 65 орундан жогорулабай, калганын оппозицияга берипсиңер, бул чоң жеңиш. Экинчиден, оппозицияга БШКнын үчтөн бирин, Эсептөө палатасынын үчтөн бирин, Улуттук каналдын кеңешинин үчтөн бирин жана парламенттеги Коопсуздук жана бюджеттик комитетин оппозицияга бергениңер чоң ийгилик. Бизде мындай нерселер жок" дешип, таң калышты.
Маектешкен
Зулпукаар САПАНОВ



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования