Ошто шайлоо шайдоот
өтпөй калды көрүнөт
Элге болгон жетекчилердин мамилеси аз да болсо оңолуп бара жатканын билсек болот. ОшИИбинин жетекчиси Курсан Асанов Ош окуяларынын кайталанып кетиши, алдыдагы боло турган шайлоолордо бийликтин административдик ресурстарды колдонуп жибериши себеп болушун айтыптыр. Ош окуяларынын тынчышына Курсан мырзанын кошкон салымы чоң. Ал жактын чычкан жатагына чейин жакшы билет. Керек болсо, тымызын тынчытып жаткан окуяларды алдын ала деле билсе керек. Кимдер тарабынан уюшулганын деле билиши мүмкүн. Курсан мырзанын айтуусу боюнча окуялар шайлоолордо эле тутанып кетиши күтүлүп турган болсо, анда Ош шаары же ал жактагы күчтүү агитацияларды жүргүзүп жаткан "Бүтүн Кыргызстан" менен "Ата Журт" партияларынын дем күчү алибеттүү эле экен. Айтор, түштүк аймактын бул шайлоого даярдыгы күч көрүнүп калды.

Максим Бакиев Лондон адвокаттарын жалдады
Максим Бакиев убагында орусиялык олигарх Борис Березовскийди Москванын каарынан калкалап калган адвокатты жалдаганы жатканын ачыкка чыгарды. Максим Бакиевдин ишин Лондондо саясий башпаанек издеген бай жана таасирдүү адамдардын укугун коргоо жагынан аты чыккан Carter-Ruck аттуу адвокаттык фирма алып барат. Бул фирма убагында орусиялык олигарх Борис Березовский, бир катар араб шейхтери, чечендердин бозгун лидери Ахмед Закаев жана башка мурдагы мамлекет башчылары, саясатчы, бизнесмендерге юридикалык жактан жардам берип, Британияда туруктуу жашоо шартын түзүп берип келатат. Эми бул адвокатуралык контора биздин бозгун президенттин уулу Максим Бакиевди коргоого алганы жатыптыр. Кыязы Максимди дагы ошол олигархтарынын арасына кошуп берет көрүнөт. Араб шейхтерине, чечен байларына тете адвокат жалдап жатса, биздин Максим деле бир далай эле акчалуу болгон экен да. Атасы айтмакчы тоба кылдык.


К.Батыровдун түштүк окуяларына күнөөлүү экендиги аныкталды
Оштогу болгон окуялардын чоо жайын билбей көбүбүз ар түрдүү ойлордо калып жүрдү элек. Анын жандырмагын кээ бир билгендер айтып жүргөндөй эле чындыгы чыкты көрүнөт. КР Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары политологиялык экспертиза өткөрүп, Кадыржан Батыровдун улуттар аралык араздашууга алып келген иш-аракеттерди жасап, сөздөрдү сүйлөгөнүн далилдешти. Адистер май айындагы Батыровдун сүйлөгөн сөздөрүн анализдеп, анын чакыруулары "эки тараптан тең чоң адамдык курмандыктарга алып келген Кыргызстандын түштүгүндөгү башаламандыктын жана этника аралык кагылышуулардын эң биринчи себеби жана күчтүү башталгычы болду" деген тыянакка келишти. Эми Батыров колго түшсө, оңбой эле калды го.


Кайрадан жаңжал чыгышы мүмкүн
Мындай сөздү оозангандан заарканасың. "Эл аралык кризис тобу" уюму "Кыргызстандын түштүгүндө июнда болгон улут аралык жаңжалдын себептери тезирээк изилденбесе жана өкмөттүн көзөмөлү күчөтүлбөсө, өлкө түштүгүндө кайрадан жаңжал чыгышы мүмкүн" деп эскертти.
Бул уюм "күчөп жаткан улутчул маанай алсыз өкмөткө терс таасирин тийгизиши мүмкүн" деп билдирүүдө. "Эл аралык кризис тобунун" байланыштар боюнча директору Эндрю Штролейн болсо:"Эми, биз Түштүк Кыргызстанда алып барчу жумуш үчүн куралчан эмес, чакан 52 полиция кеңешчилери жетиштүү деп эсептейбиз. Бул жерде биз июнь айында болуп өткөн талкалоолордон улам, үйлөрүнөн качкан он миңдеген кишилер тууралуу сөз кылуудабыз. Миңдеген үйлөр өрттөлгөн. Бул окуя координацияланганы жана уюштурулганы тууралуу көп далилдер бар. Менимче, дагы ушундай жаңжал чыгып кетсе, бул чакан полиция тобунун ага көз салууга күчү жетпей калышы мүмкүн" деп билдирген ал. Келип-келбей жатып, булардын минтип айтышы биздин мамлекеттеги патриот атуулдардын көтөрүп жаткан боолгоолоруна жооп болду көрүнөт. "Башында 52 кирет, кийин 200 кирет анан аларды чыгара албай убара тартабыз" деген биз тараптагыларга Штролейн мырза, өз оозу менен ачыктап айтып берди көрүнөт. Биздин атка минерлер анын бул ойлорун сынга алат болду бекен?


Бишкек-Ош жолунда жарылып кетмек экенбиз
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын кабарлашынча, Бишкек-Ош жолунун 133-километринде саперлор жарыла элек зениттик снарядды таап, зыянсыздандырышты. Бул снаряддар - 2008-2009-2010-жылдары кыш-жаз айларында унаа жүрүүчү жолдун айрым участкаларында кар көчкүсүн алдын алуу максатында пайдаланылган зениттик снаряддардын жарылбай калган калдыгы болуп саналат. Аларды зыянсыздандыруу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругуна ылайык, 20-августтан тарта жолдо тазалоо иштери башталган.


БШК эми ойгонуптур
БШКчылар эми ойгонду көрүнөт. Буга чейин партиялардын бир тобу шаардын көчөлөрүнүн көбүнө өздөрүнүн үгүт иштерин жүргүзгөн жарнактарды катар илип алышкан эле. Аларды жаңы көргөнсүп, Борбордук шайлоо комиссиясы БШКнын мыйзамдарына ылайык үгүт иштерине уруксат берилгенче үгүт иштерин жүргүзгөн партияларга чара көрүлөрүн айтып чыкты. Мындай маалыматты БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди. Анын айтымында, Шайлоо кодекси боюнча саясий партиялар бир дагы жарнамасын көрнөк-жарнак такталарына илбеши жана маалымат каражаттары аркылуу бербеши керек экен. Шайлоо мөөнөтү жарыяланган күнү шайлоого катышуу ниетин билдирген бардык партияларга жарнамаларын алып салуу боюнча эскертүү каттары жөнөтүлүп, алар өз жарнамаларын алып салышкан. Эгер андай партиялар аныктала турган болсо, БШК аларды шайлоо өнөктүгүнөн алып салууга укуктуу. Ошондой эле, маалымат каражаттары да кайсы бир партияны үгүт иштери башталганга чейин жарнамалай албайт.


"Алиби" пресс