Учур маек

Мирослав Ниязов, экс-Коопсуздук кеңешинин катчысы:
"Добушун акчага баалагандар, кан жутуп кайгырганда же жакырланып кул болгондо капаланбасын"
- Мирослав мырза, саясатчы катары азыркы өлкөнүн абалын, кырдаалын кандай баалайсыз?
- Биз эгемендүү, көз карандысыз мамлекетпиз, эркиндик, демократия үчүн күрөшөбүз деп ооз толтуруп келатпайбызбы. Бирок, эгемендүүлүк, эркиндик, демократия эмне экендигин ойлонбостон айта беребиз. Бул сөздөрдү модага айландырып алдык. А чындыгында биз эгемендүү өлкөбүзбү, эркиндик барбы, демократия барбы? Кыргызстандын абалы күндөн-күнгө оорлоодо. Өлкөнүн келечеги кандай болоорун эч ким айта албайт, бүдөмүк бойдон калды. Мамлекетибиз сакталабы-жокпу, түндүк-түштүккө бөлүнүп кетпейби деп ойлонушубуз керек. Акылыбыз жетпегендиктен сырткы күчтөргө жалдырап отурабыз. Өзүбүздү өзүбүз эптей-жөндөй албай, анан кантип эгемендүү, көз карандысыз мамлекетпиз дейбиз. Сот системасы, билим берүү, укук коргоо, медицина, социалдык, экономикалык, миграциялык жактан караганда дүйнөдө эң артта калган өлкөлөргө кирдик. Мактана турган бир да тармагыбыз жок.
- Мындайга кантип келип калдык?
- Мамлекеттик түзүлүш дегенди билбеген, тажрыйбасыз, жоопкерчиликсиз адамдарды бийликке алып келгенден болду. Президенттер дагы, бир да депутат мамлекетти ушундай абалга апкелгендиги үчүн күнөөнү мойнуна алган жок. Көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна тил менен тегиздегенди абдан өздөштүрдүк. Сайрасак эч ким тең келбейт. Сүйлөсөк балта менен чапкандай, кылыч менен шылыгандай. Чечилген маселе жок. Мансап күтүп гана жашады. Мындай мамлекеттин өмүрү болбойт.
- Эмне кылышыбыз керек. Канткенде оңолобуз?
- Жоопкерчиликтен коркпогон, айыптын баарын мойнуна алган Президенттик бийлик орногондо оңолобуз. Мамлекеттин ичинде эмне болсо, ошону түз мойнуна алган ишмер келгенде алдыга жылабыз. Чийки саясатчылар тил эмизип, сөз менен баарын бүтүргөнү бүгүнкү күнгө апкелди.
- Азыркыларда шыпыра турган күнөөсү жок, таптаза саясатчы барбы?
- Азыркы саясатчылардын баарынын күнөөсү бар. Анын ичинде меники да. Бийликти жамандаса эле "ой, мыкты экен" деп келдик. Мына жамандагандардын колуна бийлик тийди эле эмне кылды? Колунан коко тыйын келбеди. Башмыйзамды оңдосок эле жыргайбыз деген болбогон кеп. Кеп мамлекеттик кызматкерлерде. Күнөө мамлекеттик кызматта иштеген адамдарда. Таза, тажрыйбалуу, түз жүргөн профессионалдар келмейинче бул мансапкорлор менен келечегибизди куралбайбыз.
- Сиз айткандай жетекчи азыр жок да…
- Эмне үчүн жок. Эгер жок болсо, улут болбой эле коелу. Мындай оор кырдаалда улуттук лидер чыкпай койбойт. Буларды ат чабышка салганда, элдин элегинен өткөргөндө өзү тандалат. Баарына бирдей шарт түзүп беришибиз керек. Ар бири өз акылын, тажрыйбасын көрсөтсүн. Маселе мамлекеттик бийликке келген адам элдин эмес, үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын өйдө койгонунда болуп жатат. Ага бардыгыбыз күнөөлүүбүз. Биз "элибиз таза, шумдук, бийлигибиз эле жаман" деп жатабыз. Элге жараша бийлик болот. Канчалаган шайлоолорду өткөрдүк. Бир кап унга, бир бөтөлкө аракка келечегибизди, добушубузду сатып келбедикпи. Азыр да партиялар элдин добушун сатып алууга киришти.
- Сиз өз сөзүңүздө баарына тең шарт түзүп берсин дедиңиз. Тең шарт түзгөн жерде акчалуулар маселени чечип жатпайбы?
- Ар бир адам өз добушун сатканда мамлекеттин кызыкчылыгын сатканга барабар экенин түшүнбөй жатат. Азыр кээ бир саясатчылар элге болуп көрбөгөндөй акчаларды таратып, мамлекетти дүңүнөн сатып алганга аракеттенүүдө. Айтаар элем, кыргызстандыктар саясатчылардын тагдырын чечпей, өзүнүн тагдырын чечкенге үйрөнүшсө. Элибиз жакшы, бийлик жаман дегенибиз туура эмес. Элге жараша бийлик куралат. Эгер добушун саткандан кийин кыйын, оор заманга туш болсо же дагы кан төгүлсө эч кимиси кайгырбасын. Анткени, добушту акылы менен эмес курсагы менен берген. Курсак менен берген добуштун жыйынтыгын көрбөдүкпү. Эл таарынбасын, ошол саясатчы бийликке келгенде тараткан акчасын он эсе көп чогултуп алат. Элдин кызыкчылыгын эмес, өзүнүн кызыкчылыгын чечет. Акаев элди тоноп качтыбы-качты. Акчага добушун саткан эл оозун ачып кала берди. Бакиевдин шайлоолору таза өттүбү? Миллиондорду бөктөрүп, чекеси канабай чекеге чыкты. Келечегин акчага баалаган эл кан жутуп, үй-жайынан айрылып, тополоңу-тоз болду.
- Сиз Адахан Мадумаровго кошулдуңуз. Сиз айткан таза киши ушул адам болуп жүрбөсүн?
- Биринчиден, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы биз менен бир пикирде, бир максатта. Алар да президенттик башкаруунун колдоочулары. Экинчиден, түндүк-түштүк биримдигин көрсөтүү максатында бириккенбиз. Андан кийин бизди бириктирген нерсе жалаң гана адамдык ресурс эмес, партиянын каражаттык маселеси. Себеби, азыр шайлоого катышуу үчүн фондуңда 100 миллион, күрөөгө 500 миң сомуң болуш керек экен. Андай каражат бир партияда болушу кыйын. Ошондуктан партиялар биригүү аракетинде.
Албетте, ар бир саясатчынын жеке амбициясы бар. Болгон ресурстарды колдонуп, амбицияларды жыйыштырып, саясатта биригүү чечимине келип отурабыз.
Бул жерде мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Шайлоого аттанган партиялар мынча каражатты кайдан алат? Партиялар дээрлик чийки, идеясы, партиялык курулуш боюнча тажрыйбасы жок, каражат маселесинен алсыз болуп турган шартта аларды кайсы бир радикалдуу күчтөр, исламдык экстремисттер же сырткы күчтөр колдошу мүмкүн. Кеп каяктан болсо да акча табуу туурасында болуп жаткан соң коомдун, элдин кызыкчылыгы жөнүндө сөз болушу мүмкүнбү? Албетте жок. Ушундай опурталдуу жолго түшкөнгө аргасыз болуп жатпайбызбы. Бизди ушул жолго жаңы кабыл алынган Конституция түртүп жатат.
- Сиздин оюңузча эгер максат бир болсо бийликке жетүү үчүн криминал, коррупционер, элин-жерин саткан чыккынчы экендигине карабай биригиш керекпи?
- Мадумаровду коррупционер деп ким айта алат. Мен коррупцияга малынганын билбейм. Эгер силер билсеңер мага айтып бергиле…
- Адахан мырза коррупционер экендигин айта албайбыз, бирок Каркыраны казактарга энчилөө маселесинде куйругуна калбыр байлаганын кайда катабыз?
- Туура, мындай нерселерди ачык айтышыбыз керек. Таптакыр тиешеси жок дей албайм. Ал жерде депутаттык корпус макулдугу менен кабыл албадыбы. Мадумаров спикер катары көпчүлүк депутаттар кабыл алган чечимге кол коюуга милдеттүү. Экинчиден, бул маселе 2001-жылы 15-декабрда Астана шаарында Назарбаев менен Акаевдин колдору коюлган документ менен чечилген. Маселе мындан 9 жыл илгери бүткөн. Мен актап, же жактап жаткан жерим жок. Тарыхта адилеттүүлүк болуш үчүн айтып жатам. Ал киши бакиевдик оюндарга каршылык көрсөтүп, аягында өзүнүн ыктыяры менен спикерликтен кеткени анык.
- "Ак жол" партиясындагылардын көпчүлүгүн Кыргызстандын келечегин уруп ойнобогон байлар, мамлекет деген эмне экенин түшүнбөгөн адамдар түзгөнүн билебиз. Бакиев эмне десе аткарып, ал бийликтен кеткен соң кошо жоголо турган адамдар болчу. Бирок, Адахан Мадумаров саясатка бышкан, ак менен караны так ажыраткан, келечектеги президент катары көргөн адамыбыз болчу да. Анан ушул киши, ошондой деңгээлдеги адамдарды айдактап, элге каршы жасаган иши акылга сыябы? Эгер элге күйсө, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлосо мындай ишке бармак эмес да…
- Бул кишинин мекен сүйүү сезими күчтүү, ал элге маалым. Башында ошол командага киргенде кандайдыр бир ишенимдерди көпчүлүк элдин бири катары Мадумаровго да артса керек. Бирок, кийинчерээк Бакиевдин нукура ою анык болгондо өтө ыңгайсыз жагдайга туш болду. Андан кийинки аракеттеринин баары ушул карама-каршылык менен жүрдү.
Мага таптаза, бир да кемчилиги жок адамды көрсөткүлөчү. Андай адам жок. Кемчилиги жок адамдарды музейге гана жаткырып коюшубуз керек. Өзүн ошондой сезгендер ошол жерге жатканы оң. Ар бир адамдын кемчилиги болот. Кемчилиги көбүрөөк же азыраактыгы менен айырмаланат. Таптаза адам бул дүйнөдө болбойт.
- Адамдын кемчилиги менен саясатчынын кемчилиги эки башка го дейм…
- Анда бүгүнкү саясатчылардын арасында күнөөсү жок адамы барбы?
- Жаштардын арасында бар.
- Таза, жаш болгону менен мамлекеттик ишти билиши керек. Мамлекеттик иш жөнөкөй эмес. Аны кесиптик жана турмуштук тажрыйбасы бар профессионалдар гана аткара алат. Өткөн кемчиликтеринен сабак алып, жыйынтык чыгарып, мамлекетти тазалай турган адамды колдошубуз кажет. Мамлекетти ушундай жол менен тазалабасак, башка жолду көрбөй турам.
- Азыркы башаламан саясатты кандай карап турасыз. Кадрлык жүрүштөр боюнча айта турган оюңуз бардыр…
- Кадрлык саясат боюнча айтууга ооз барбайт. Негизи эле Убактылуу өкмөт бийликке келип, эмне кыларын билбей калды. Булардын тажрыйбасы, кээ биринин билими жетишпейт. Мамлекеттик иштерде булардын эч кимиси иштеген жок, муну ачык айтып коёюн. Отунбаеванын негизги кесиби мугалимдик. Түбүнөн өйдөгө карай тепкич менен бирөөсү да көтөрүлбөдү. Экинчиден, буларда биримдик жогу оркоюп турат. "Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын", сен тийишпе, мен катылбайын деген таризде келе жатышат. Ич ара бирин бири жейин деп турат. Ошондойдун айынан Ошто кан төгүлдү. Канча адам өлгөнү белгисиз болуп жатат. Ага ким күнөөлүү? Ушуну мойнуна алган адам барбы? Жок. Ошол эле маалда "бул окуя болорун бир ай мурун билгенбиз" деп айтышууда. Кудай урбадыбы, билсе эмне үчүн алдын ала чара колдонбоду. Аны токтотуп калса болмок. Мен 1990-жылы катышкам, азыр да барып келдим. Жүздөгөн адамдардын канын төкпөй, жүздөгөн үйлөрдү өрттөбөй, миңдеген адамдарды майып кылбай токтотуп калса болмок. Мен ошондуктан толук, ачык айталам Түтүштүктөгү кан төгүүгө Утурумдук өкмөт күнөөлүү. Тилекке каршы, эски ажолордой булар дагы жоопкерчиликтен качып жатышат. Конституция кан менен жазылды. Ишенип кой, бул Конституцияны дагы алып ыргытабыз.
- Канча убакыттан кийин ушундай болушу мүмкүн?
- Ашып кетсе эки жыл, болбосо бир жылдын тегерегинде оокаты бүтөт. Булардын иши жүрбөйт, бири көлгө, экинчиси чөлгө тартып тура берет. Өнүгүү болбойт. Өлкөнү ким башкарып жатканын азыр эч ким билбейт. Отунбаеванын сөлөкөтү гана бар. Ал башкарбаганын баарыбыз билип турабыз. Бирок, ким башкарганы белгисиз. Оштогулар борбордо алынган чечимдерди аткарбайбыз, күчү жок деп ачык эле айтууда. Эл буларга ишенбейт. Булар иштеген кабинеттерин гана көзөмөлдөп отурушат. Т.а. муну дагы эл кетирет. Кетирген жагынан тажрыйбалуу болуп калбадыкпы. Эки жолу айдаган үчүнчүсүнөн коркмок белек.
- Үчүнчү революцияны мамлекет көтөрө алабы?
- Бийлик бизнес катары кабылданып калды. Саясатчылар элге эмес, үй-бүлөбүзгө пайдасы тийсин деген ураанга жамынып алды. Бул жаман адат. Революцияларды токтотуш үчүн биз демократиянын негизги принцибин колдонушубуз керек. Акырындык менен жер-жерлерге бийлик бермейинче, дагы бир революция болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Шайлоо алдында дагы бир айта кетчү сөз, Элдин итиркейин келтирген нерсе - шайлоолорду өткөрүүдө административдик күч колдонуу. Муну токтотпосок жер-жерлердеги элдин нааразычылыгы республикалык масштабга өсүп кетиши толук мүмкүн.
- Бийлик талаш бизнесине четте карап турбай аралашышы керек деп жатасыздар да, туурабы?
- Ыплас иштерге чек коюу үчүн аралашканга аргасызбыз. Кир саясатты токтотпосок болбой калды. Бир адамдын башкаруусуна мүмкүнчүлүк берип, парламент көзөмөлдөй турган системаны орнотушубуз кажет.

Маектешкен
Зулпукаар САПАНОВ