Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




  Башаламан

Ошто кош бийлик жана эки жүздүү саясат
Учурда башаламан суроолуу саясат жүрүп жатат. Байкуш эл эмне кылаарын билбей алдастап турган кези. Аны ойлогон бир жан жок. Эптеп эле элдин, акчанын арты менен кызматка келип, өз көмөчүнө күл тартканды адатка айлантышты. Акыркы үмүт - дегенден деги тажабас болдук. Эми "дагы чыдагыла парламенттик шайлоо акыркы үмүт" дешип, элди үмүттөндүргөндөн тажабай, уялбай, бетибиз кызарбай келет. Айт - айтпа баары бир сыяктуу. Неси болсо да, өз көмөчүнө күл тарткандарды арбактарга гана коебуз. Абийирлери болсо, кийинки бала-чакасын ойлошсо арбактан коркушар. Жарасы айыкпай араң турган Ошко бийлик кайрадан бүлүк салып, жараатын ырбатып отурат. Деги Мырзакматовду кызматтан алчу кезби өзү? Ал деген 7-апрелден бери кызмат ордун бекемдеп, белин бууп, элдин башын айлантып алганын бийлик кантип билбейт? Мырзакматовду кызматтан алууга кеч болуп калганын Роза айым түшүнбөй турабы? Мына кечээ эле Вице-Премьер болгон Азимбек Бекназаров жакшы киши болуп, "Мелисти кызматтан алууга каршы болгом"-деп өзүн Ош элине өйдө көрсөтүп отурат. Ал бул сөзү менен Роза айымдын артын ачып отурганын сезди бекен? А балким, атайын кылгандыр. Бир Кудай өзү билет. Болбосо Роза айымды эркек башы менен кодулабай, колдоо көрсөтсө абдан жакшы болмок. Кантсе да буларга окшогон адамдарга ишенип болбой калды. Алдыга аялды салып коюшуп, артынан ит өлүгүн артып жатышканы уят эмей эмне.


Мызакматов баатырбы?
Мырзакматов баатырбы? - дешет аны жакындан билбегендер. Ал баатыр болбосо да улутчул экени жалган эмес. "Ак жол" партиясын түптөгөн алгачкылардын биримин" деп жүргөн Мырзакматовду эмне үчүн Ош эли туш тарабынан колдоп келишет? Мунун себеби эмнеде экенин билбей Роза эжекебиздин да башы маң болууда. Бийликтегилер баштарын оорутпай тереңирээк ойлонушса эң сонун болор эле. Мелис "баатыр" Оштун көркүн чыгарып, гүлдөтүп койгон деген сөздөрдү ар дайым аны колдогон бир бөлүк эл ооздон түшүрбөй келишет. А чындыгында Мырзакматов Ош шаарын гүлдөтүп деле ийген эмес. Жолдору аң-дөң болуп, чак-чалакей будуң-чаң. Көп болсо шаардын жарымын менчиктештирүүгө белсенип, базарлардын багын ачып жатканы эле болбосо, жарытылуу деле иш кылганы көрүнбөйт.

Анда аны эл эмнеге колдоп жатышат? Мунун сыры өтө жөнөкөй.
Биринчиден Мырзакматовдун атайын даярдалган жүздөй спортсмен балдары бар. Үйрөтүлгөн иттей болгон отуздан ашык ажаан аялдары бар. Анан албетте, айт дегенде кабарды туш тарапка жеткирчү чагымчыл чабармандары бар. Мына булар Мелис Мырзакматовдун күчтүү куралдары. Мындай куралдарга каршы туруу өтө кыйын. Анткени алар атайын даярдалып, машыгуунун бир топ баскычтарын басып өтүп, "чемпион" болушкан. Аларга бир гана "фас" деген буйрук болсо эле болду. Мындай таасири күчтүү мэрди кызматтан алам деген Отунбаева эжекебиз да кызык экен. Эгер Отунбаева Мырзакматовду кызматтан алгысы келсе 7-апрелден кийин дароо бошотуу керек болчу. Же болбосо, түштүк окуясында алмаштыруу зарыл эле. Ошол учурда шаардын эки вице-мэри чырылдап, анын иш-аракеттери ошол кезде массалык маалымат каражаттарында кенен чагылдырылып, журналисттер жамааты Мырзакматов кызматынан кетет деген ойдо болгонбуз. Бирок, андай болгон жок. Демек, ар нерсени өз убагында жасай албагандан кийин, элди дүрбөтүп, араң турган түштүктүн түбүнө жетүүнүн кажети жок.
Учурда Ошто кош бийлик. Областтык администрациянын жарымын Мелис Мырзакматов ээлеп алган. Ал тараптан облустун губернатору Сооронбай Жээнбековго тымызын кысым көрсөтүүлөр болуп турары айтпаса да түшүнүктүү. Деги эле Сооронбай мырза учурда абдан оор кырдаалда турат. Кечээ Мырзакматовду кызматтан алам деген Роза Отунбаева оюнан кайтып, Ошто кош бийлик орнотууга кенен жол ачып берип койгонун сезди бекен? Анткени, Мырзакматов элди ачыктан ачык экиге бөлүп жатат.

Президентке маалымат жетпейт…
Бул жерде Президентке Улуттук коопсуздук кызматынан жана Ички иштер министрлигинен жетиштүү деңгээлде маалымат жетпей жатканы ачык көрүнүп турат. Анткени Ош шаарында кандайдыр бир кызыкчылык менен уюшулган беш-алты топ гана чагым салып, хан айымды "кан айым" катары жек көрсөтүп жатканын кантип жашырабыз. Ошондой эле гезиттерге мындай маалыматтар байма-бай берилип турат. Демек, президенттин басма сөз кызматы толук кандуу иш алып барбайт. Кубатбек Байболов мырза бул жакта орун басарлары менен кайым айтышканды токтотуп, Ош аймагындагы укук коргоо кызматкерлерин башка региондорго чачыратып, ал жакка жаңы кадрларды жиберсе деген тилек. Мына ошондо маалыматтар туура, так жетип, ишенимдүү болмок. Ошто элдин баарысы эле Мырзакматовду колдобойт. Болгону өзбек десе эси чыккан кыргыздарга чагымчылар "Отунбаева Мырзакматовду кетирип, ордуна өзбек Алишер Сабировду коет экен" деген сөз таратышкан. Натыйжада жаалданган эл түшүнүп түшүнбөй Мырзакматовду колдоого чыгышкан. Ошол маалда редакцияга тындырбай телефон чалган эл "Мелисти алса алсын. Бирок, ордуна өзбекти эмес кыргызды койсун" дешти. Демек Мырзаматовдун кызматында калышына элдин эч кандай кызыкчылыгы жок.

Түштүк кримдери эмне үчүн колго түшпөйт?
Түштүктөгү криминалдарга чара көрүлбөгөнү таңгалдырып жатат. Анткени, алардын бардыгы Жаныштын жалданма желдеттери экени талашсыз. Өткөндө бир гезитке "Ошту кармаган кримавторитет издөөдө" деп берилген эле. Ал туурасында иликтеп көрсөк, укук коргоо органдары кримавторитетке официалдуу түрдө издөө жарыялабастан жөн гана баштарынан сылап коюшуптур. Бул эмнени билдирет? Мындай адамдын изин укук коргоо органдары өздөрү тазалап коюп жатканы кыжырды гана кайнатат эмеспи. Анткени, милициялар кримавторитеттерден айлык алып, аларды "крышовать" этишээри ачык да жашыруун да айтылып жүрбөйбү. Муну колубуз менен кармап албаганыбыз эле болбосо, жүз пайыз чындыкка коошуп турат. Балким, алар ай сайын алган мыйзамсыз айлыгынан айрылгылары келбей жаткан чыгаар. ИИМ министри Кубатбек Байболов буга эмнеге чара көрбөйт? Кандай болгон күндө да кыргыз милициясы алкымдарын тыйып, акылдарына келмейинче өлкөнүн ички коопсуздугун сактайт деп эч ким кепил боло албайт. Учурда бул кримдер менен Мелис Мырзакматовдун байланышы бар болушу мүмкүн. Болбосо тишине чейин куралданган аскерлер Мырзакматовду кайтарып жүргөнүн кандай түшүнсөк болот? Андан да Роза Отунбаева Мырзакматовду кызматтан алуу кадамын артка кайтарганы акылга сыйбаган иш болду. Криминалдардын, бакиевчилердин чырагына дагы бир жолу май тамып, бийлик алсыз экенин ачык билдирип койду. Дагы бир айта кетчү жагдай бул ирет Отунбаеваны Ош элине Азимбек мырза мокочо көрсөтүп, эки жүздүү саясаттын башын кылтыйтты. Бул эмнени билдирет??? Жанында Мырзакматов "Акаевди, Бакиевди кетирдик"-деп кабатыр болуп, капаланып кыйкырып жатса Азимбек мырзанын оозун ачып турганы өтө эле пас көрүндү.
Баян Көлбаева




Айыл жетекчиси мыйзамды уруп ойнобойбу?
2010- жылдын апрель окуялары Талас менен Нарын облусунда башталганы баарыбызга маалым. Ушул эки аймактын тургундары Бакиев бийлигин кетирүүдө өздөрүнүн өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Тилекке каршы, ошол кан жыттанган Бакиев бийлигинин мөөнөтүн узартууга опол тоодой салым кошкон айылдык деңгээлдеги жетекчилердин айрымдары бүгүн да өз дооронун сүрүшүүдө. Себеби, булар да Бакиевдер сыяктуу өз бийлигин чырмоок сымал чырмап, абдан бекемдеп алгандай.
Атап айтсак, Таластын Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сайдын айыл өкмөтү Шамурат Мамбетов болсо, анын бир тууган карындашы Замира 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо айылдык шайлоо комиссиясынын төрайымынын милдетин аткарат. Ал эми айыл өкмөттө аскерге кетчү балдарды тейлеген Курман Султанов деген "Ак Жол" партиясынын айылдагы координатору болуп, шайлоо маалында буту-бутуна тийбей чуркап жүргөнүн көргөн айылдаштары баскан изине түкүрүшкөн. Бирок, Курман "абийир, намыс дегенди чөнтөгүнө катып коюп, "эртең элдин бетин кантип карайм?"- деп ойлонуунун ордуна, кара жолдо баратса да, өзүн ак жолдо бараткандай сезип кете берген.
Ошентип, шайлоо күнү "Ак Жолго" эч ким добуш бербөөсүн түшүнгөн айыл өкмөтү Шамурат менен бийлик партиясынын координатору Курмандын эмне кылаарын билбей баштары маң болуп, акырында 10%ке жетпеген "Ак жолдун" добушун 95%ка көтөрүп ташташат. Кантип, көтөрүп таштаганы да узун сабак, узун кеп.
Эң кызыгы, бүгүнкү күндө Шамурат отпускага кетип, өзүнүн ордуна айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу кылып, Курманды дайындап кеткендигинде. Мыйзамга ылайык, айыл өкмөтү отпускага кеткенде, анын милдетин катчысы (орун басар болуп эсептелет) же жер адиси аркалаш керек эле, тилекке каршы, мыйзамыңды уруп ойнобойм деген Шамурат мырза өзүнүн табакташын дайындап олтурат. Деги элдин нааразычылыгын туудурган мындай терс көрүнүштөрдү тизгиндеп койчу адамдар барбы бизде же жокпу, ыя?
Дагы бир кызыгы, Шамурат менен Курман өкмөткө төкчү айылдагы малдардын салыгын 2009-жылы өздөрүнүн казынасына төгүшкөн. Буга ачык далил, бул экөө 2010-жылда Көк-Сай боюнча малдын башы 20 миң деп салык төгүшсө, өткөн жылы болгону 8 миң эле башка салык төгүшкөн. Эмне бул эки эргул бир жыл ичинде, бир малды үчтөн туудуруп жиберүүгө жетиштиби, ыя?

Алтынбек Муратов,
Кара-Буура району




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика