Сыр сандык

Медетбековду Россия колдойбу?
Үстүбүздөгү жылдын апрель окуяларынан бери, Кыргызстандын саясий аренасында өзүнүн оригиналдуу ой-жүгүртүүсү жана солк эттире турган билдирүүлөрү менен айырмаланган Улуттук коопсуздук кызматынын генерал-майору Артур Медетбековдун ысымы көп угула баштады. Ал буга чейин күч структураларынын кызматкерлерине жакшы таанымал болгону менен карапайым калк үчүн белгисиз адам болгондугун танууга болбойт. Анын таржымалын сураштырып көрсөк, Советтер Союзу учурунда кыргыз киносунун корифейлеринин бири, СССР эл артисти таластык Капар Медетбековдун уулу болуп чыкса боло. Генерал Медетбеков Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басарлыгына чейин жетип, бирок Бакиевдер Түркмөнстандан алып келген 100 тонна ок-дарыны кармай коем деп, жыландын куйругун тебелеп, ишинен айдалганына 1,5 жылдай убакыт өткөн экен.


Апрель окуяларынан соң, ага-ини Бакиевдер өздөрү туулуп-өскөн Жалал-Абадда куралчан баш кесерлердин курчоосунда олтуруп алышып, бийлик, байлык үчүн алакандай кыргыз элин түндүк-түштүккө бөлүүгө далбас уруп жатканда, убактылуу өкмөт мүчөлөрү мыкты чекист, генерал Медетбековду (өздөрүнүн арасынан күч структураларынын башына келгендерден эч ким бара албаса) түштүк жергесине жөнөтүшөт.
Ал жалтактабай туруп, өзү менен кошо иштин көзүн билген УККнын профессионал жигиттерин алып, Жалал-Абадга бараары менен Бакиевдерди кармоого жогору жактын буйругун күтсө, Р.Отунбаева да, УККнын башына келген К.Дүйшөбаев да "эч кандай кан төгүлбөсүн, эмнеси болсо да, элди дүрбөлөңгө түшүргөн Бакиевди тынч эле чыгарып жибер"- дешкен экен. Анан алардын айткандарын аткарса, кийин креслосунан айрылып калуудан корккон бир генерал мырза "А.Медетбеков Бакиевдерди атайы качырып жиберди!"- деген суу кечпеген ушактарды таркатып жиберүүгө үлгүрөт. Себеби, "ит күлүгүн түлкү сүйбөйт"- деп кыргыздар айтып коет эмеспи.
Андан соң, түштүк жергесинде улуттар аралык жаңжал чыгып кеткенде, Артур мырза үйдө жатып албастан, Оштогу укук коргоо органдарына жардам берип, тартипти орнотуу максатында УККнын "Альфасында" иштеп кеткен жигиттерди чогултуп, ондогон тонна тамак-ашты өз каражаттарына алышып, учак менен учуп кетишет. Ал Ошко барары менен кабинетте олтуруп алып, кол алдындагыларды башкарбастан, алар менен кошо бир канча айылдагы тосмолорду алып, жолдорду ачканын Орусиянын "РЕН.ТВ" (биздеги "Пирамида") телеканалы көрсөтүп чыкты.
Эң кызыгы, ушул генералдын Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкан сүрөтү кокусунан колубузга тийип олтурат. Дүйнөдөгү үч державалардын бири болгон Орусиянын Тышкы иштер министри генерал Лавровдун кыргызстандык генерал менен жолугушуусунда кандай сыр жатат? Себеби, айрым кыргызстандык чиновниктер Орусиядагы аткаминерлер менен жолугушуп калса, өпкөсүн казандай кагып, оңду-солду интервью берип, жатып алмай адаттары бар эле. Ал эми бул тууралуу Медетбеков үн катайын дебейт. Же мындай жүрүшү менен Орусия тымызын Артур мырзаны колдоп жатканыбы же дагы биз билбеген башка себептери барбы? Айтор, суроолор көп, жооп жок... Бул туурасында Артур мырза менен байланышсак, жакын арада маек берүүгө макулдугун берди. Демек, алдыда Медетбековдун "сюрприздери" чыгып калышы да мүмкүн.

Назгүл Мамытова