Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Базарда баары асмандын баасы,
а чөнтөктө атаңдын башы
Тоокту сойсо да касапчы сойгону жакшы эмеспи. Дегеним, улам Кыргызстан ичинде кымбаттап бара жаткан баанын себебин кризистин капшабы деп жаткандар да бар. Экономика илиминин кандидаты Айылчы Сарыбаев өлкөдөгү кымбатчылык өзүбүздүн эле жетекчилерден болоорун айтып, анын негизги себеби катары ар бир кызматта жетик, такшалган адис кызматын так аткарса эле өлкөдөгү баалардын асман чапчыган аппетити тартылып каларын белгиледи. Чыны менен эле ошондой болсо керек. Баам салып карасак, айрым жетекчилерибиз эл, мамлекет менен иши жок өздөрүнүн жылуу орундарынын ооруусу менен алек болуп калгандай көрүнөт. Тийиштүү жетекчиликтер алардын чоо жайын, себебин ачыкка чыгара элек. Өкмөттүк бюджеттин чама-чаркы ченелүү экенин эске алсак анда эл жыйган элеттин эгин, унуна кудай кубат берсин. Бирок, өкмөт элден ундун жогорку баада сатып алабыз деген мааниде сөз башын кылытты, жалпы бюджеттин көлөмү 22 млрд сомду түздү бирок, бул бюджет менен элди эптеп сооротуп турууга да болбойт. Элге өкмөттүн азыркы бюджетинин кебетеси бештен белгилүү. Ошондуктан мындай азап-тозоктон өкмөт мүчөлөрүнүн жигер күч аракети гана керек.


Пара-пара партиялар
Санай келсең сапатынан саны укмуш партиялардын катары көп. Асан менен Үсөдүн да өздөрүнө үлкөн сезилген партиялары бар. Балээнин баары партиялык башкаруудан башталып кетти көрүнөт. Айтор, "а" десең алтоо, "б" деп койсоң бешөө оозуңа урунат. Күпүлдөп баары шайлоонун үгүт иштери болбой жатып, күкүк обон сала башташты. Катарын кара таан элге чогулта беришип, кимисин талапкер кылып көрсөтөөрүн өздөрү деле билбей калган көрүнөт. Ушул кезге чейин шайлоодо кимдер партиялар аркылуу депутат болуп келээрин, элге эр жүрөктүк кылып ким иштеп берээрин ачыкташпай бир да партия БШКга талапкерлеринин тизмесин өткөрө элек экен. Негизи, мыйзамдын негизинде 26-августта аякташы керек. Бирок, жок деген бир партия тизмелерин берсе толкундун этеги 26-августка чейин созулат дээр элек, бир да партия катарынан мыктыларды сүйрөп чыга албай жатканы баягы эле саясатпы деп турабыз.


КыТыРымай кытырым, уксаң келет кытыгың
"Мен ишенбейм", бир кезде ушундай уюмбу айтор жаштардын тобу чыкты эле. Ушулар кайда жүрдү экен. Ошолорго эле колубузду көккө көтөрүп туруп кошулуп кетсекпи. Неге, дебейсиңерби? Ишенген кожолорубуздун баарысы улам сууга агып жатышпайбы. Азыры КТРди жетектеп турган Кубат мырзаны ушинтет деп ким ойлоптур. Бул КТР башында ишти жакшы баштап ачык-айкын айрымдарын азын-оолак сынга алып жатышты эле, акырындап булардын да таскагы тайсалдап баштады көрүнөт. "Куугунтукка кабылгандар" деген атайын көрсөтүү уюштуруп, Бакиев мезгилинде куугунтукка кабылгандарды четинен көрсөтө баштаган эле. Дал ошол көрсөтүүгө "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловду тартып кетишип бирок, себептерден улам аны көрсөтпөө чечимин чыгарышыптыр. Кайсыл кара теке Кубат мырзаны сүзүп жиберди экен. Ага-ини нарындыктардын мынчалык таарынычы деле болбосо керек эле, тээтигил жактан бирөөнүн көрсөтмөсү эле го. Ушинтип бир кезде Бакиевдер да жаңылышкан эле.


Аскар Акаев "Алибиге" маек курду
Жакында Кыргызстандыктар Эгемендүүлүктүн 19-жылын белгилешет. Жакшыбы-жаманбы эгемендүүлүктүн тарыхына, өткөнгө бир кылчайып, ар бир көрүнүшкө калыс баа берүү баарыбыздын милдетибиз. Алакандай мекенибиз эгемендүүлүк алган алгачкы 14 жылда мамлекет башында турган Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаев менен кабарчыбыз Адилет Айтикеев кызыктуу маек курду. Мурдагы өлкө башчысынын бул баарлашуусунда бүгүнкү бийликтин саясаты, эл аралык мамилелер, чек ара маселеси, коомдук саясий ишмерлер Насирдин Исанов менен Анарбек Бакаевдин өлүмү, Чыңгыз Айтматов менен жеке мамилеси, Аксы трагедиясы, Курманбек Бакиев менен Бекмамат Осмоновдун тиреши, ата-энеси, бала чагы ж.б толгон токой кызыктуу жагдайлардын тегерегинде сөз болот. Эмесе "Алиби" гезитинин келээрки сандарынан күтө бериңиздер.


Өлө албай жатып өлөң айтып...
Бакиев бийлигинин тушунда транстпорт тармагын майкандаган экс-министр бар Нурлан Сулайманов деген. Алгач эл дүрбөсө кошо дүрбөп, Бакиевдер менен тең жарыша чыга качкан. Анан мурдагы кожосу өзүнүн айласын таба албай калганда андан үмүт үздүбү же ийинде жата бергенден тажадыбы айтор, өзү келип колго түшүп, мурдагы кожоюндарына каршы көрсөтмө бере баштаган. Эми өлө албай жатып өлөң айтып, үй камагында жатканына карабай өңчөй Бакиевчилерден куралган "Ата-Журт" партиясынын алдыңкы сабынан орун алыптыр. Биздин мыйзам ошондойбу же биздин күндүн алдында баары өсө береби, айтор кой деп койгон жан табылбай жатыр. Же өгүнү Мырзакматовдун сөзү дем бердиби белгисиз. Эмнеси болсо да, мыйзам деген буйлаланган төө болуп калды буларга.


Жыртылып бүтсө да жыргаткан ошол болду
Эски кыргыздын айтканы менен жазганы эгерим туура эмес болуп калбайт. Адам байлыкка анан бийликке келсе дароо өзгөрүп кетет турбайбы.
Азыркы мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алманбет Шыкмаматов бир кезде бир буту Нарында, бир буту Бишкекте болуп элдик азамат болуп эски кара ботосунан кара түтүн чыгып кетчи эле. Көргөн кишинин көөнү ооруп "Ата журт деген азамат экен го" дешээр эле. Эми минтип кызматка келгени бир буту үйдө, бир буту мамлекеттик каттоо кызматында эле болуп калды. Жер деген байкуштардын бир көйгөйү чечилген жок. Көйгөйүн көп жолу айтып эл журтка жеткирген революционерчилерин деле эсине алган жок. Эмне кылып жүргөнүн бир кудай билбесе… Эл тарапта ага карата айтылган сын-пикир, нааразычылыктар арбыгандан арбып эле баратат. Жетекчи болуп туруп жакында теледен "паспорттун баасы канча болуп жатканын билбейм" деп оозду ачырды. "Бул билбесе, анда ким билет" деп жакасын кармагандар көп. Төлөйкан, Папан деген Оштогу жерлерди иретке салып койбой, иштин аягын чубактын кунундай чубалтып жүрү. Ал тарап жер деп отуруп кырылып бүттү. Алмакебиздин жер тепкилеп жүрүп жешилип бүткөн ботосы үйүндө илинип турду бекен же ылайлап калды деп ыргытып ийди бекен?

"Алиби" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика