Мен - кыргызмын!

ТУРАНААК ЧҮКӨҢДҮ САКА КЫЛ,
ТЫҢЫРААК ҮКАҢДЫ АКА КЫЛ!
Экинчи борбор Оштун мэри Мелис Мырзакматовду иштен алабыз-албайбыздын тегерегиндеги ызы-чуу Кыргызстандагы саясий абалдын дагы деле кыл көпүрөдөй кылтылдап турганын көрсөттү. Эки жээкти бириктирип турган асма көпүрөнүн тирөөчтөрүн эки жээкте тең суу жеп, бүгүн - эртең кулап түшчү жардын кейпин элестетет. Мэрди кызматтан алыш керек деген сунушка көнө баштаган бийлик бул чечиминен баш тартты. Ушунусу менен ал артка бир кадам жасаганы менен, алдыны көздөй эки кадам жасай ала тургандыгын көрсөттү. Бул шахматчылардын тили менен айтканда, ладьяны берип, ферзаны алуу дегендик.


Ферза качан алынат -ал парламенттик шайлоодон кийин билинет. Саясий таймашта жеңишке кайсы партия жетишкендигине карап, Оштун мэринин тагдыры ошондо чечилет шекилдүү.
Мелис мырза жаштык жалынына салыппы же июндагы коогалаңда ага борбордук бийлик менен анын жүрөгү түшүп калган күч органдары жакындан жардам бералбай, ал эски "Ак жолчу" партиялаштарынан көбүрөөк таяныч тапкандыгы үчүнбү - Убактылуу өкмөттүн аракеттерин анча таназарга албай, "Ата Журт" партиясына мүчө болуп алышкан эски досторунун аттарын асмандата мактап жиберди. Сыягы Бишкекте "Элчи бол, токой чарбасын жетектеп бер" деп 3-4 кызматтын башын айтып, анын ачуусуна тийип коюшса керек. (Орусиялык бир гезит учуртуп жаздыбы же кутуруп жаздыбы - 18-августта Мелис Мырзакматов ЕККУнун өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө келген учурда аны СОБР менен ички аскер кызматынын булчуңдуу балдары кармайбыз деген экен, Мелистин жанында жүргөн алардан өткөн булчуңдуулар башынан бир тал чач түшүрбөй сактап калыптыр.)
Буга кошул-ташыл болуп, анын кызматтан кетүүсүн жаңжалдын экинчи тарабында жабыр тарткан негизинен өзбек туугандар, аларды тымызын колдогон кайсы бир күчтөр, лидерлер, ошондой эле Мелистин саясий оппоненттери "ашкере улутчул" деп колтукка суу бүркүп жаткандай. Дал ушундай шарттарда Ошту экинчи борбор катары генплан боюнча учур талабына ылайыкташтырып көп кабаттуу имараттарды, турак үйлөрдү куруу менен калыбына келтирүү, жепирейген "махаллалардын" калдыктарын буздуруу , жаңжалдын чыгышына күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу, партизандык ыкма менен ар кандай провокациялык, ал турмак террордук акцияларды уюштуруучуларга каршы чечкиндүү кадамдарга баруу мэрди улутчул катары көрсөтүп жатса керек.
"Ну и что ж?" дечи беле. Көрсөтсө көрсөтсүн. "Туранаак чүкөңдү сака кыл, тыңыраак үкаңды ака кыл" деп айтчы аталарыбыз. Эл аралык уюмдар бир четинен, дүйнөлүк бир катар массалык маалымдоо каражаттары экинчи жагынан окуянын чоо-жайын терең изилдеп, аныктабай туруп эле кыргыздарды кан жуткуч, мыкаачы, түркөй, өзбектерди тукум курут кылып жоюп-кырып жаткан эл кылып көрсөтүп, жазып, жарыялап жатканда тың чыкма бир үкабызды ака кылып туралы. Калганын парламенттик шайлоо өткөндөн кийин көрө жатарбыз.
20 жылдан бери Батышча демократия куралбай жатканыбыз менен 20-30 кылымдык тарыхыбызда "уруу башы", "эл башы", "журт башы", "баатыр", "бек", "манап", "аке" дегендерге баш ийип, бүллүтөнү жок эле башчыларын шайлап, ошолорго баш ийип келгенбиз. Парламенттик шайлоодон кийин кайсы партия көп ишенимге ээ болсо аны көч башы, калгандары артынан ээрчип, уруш-талашы жок эле Кыргызстанды мекендеп жашагандар кыргызын алдыга салып алып бир эл, бир журт болуп тирилигибизди жүргүзө беребиз.
Бирок, ачууга алдырган Мелис мырзанын "борбордук бийликти тааныбайм" деп терс аяктык кылып жатышын кеменгер кыргыз кечирээр. "Бийликти биринчи биз кулатканбыз" деп Таластын тың чыкмалары чыйт түкүрүп туруп алса, "Текебаевди тебелегиңер келеби" деп Жалал-Абад, Ноокен жарылса, "Баткен да бош кевейт" деп Балтабаев, Айбалаевдер бир жагынан жиресе - Кыргызстанды көк бөрү кылчу андай тың чыкма жигиттер толтура. Кыйын-кысталыш учурда "бөлүнсөк бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөтөн элге кеп кетет" деген накыл кепти Мелис мырза Ош Технология университетинде окуп жүргөндө окутуучуларынан уккан жайы бардыр.
Машакбай
РАХМАНКУЛОВ





Мелис МЫРЗАКМАТОВ ким?

Кырктын кырына жаңы келген Мелис Акаев учурунда салык инспекциясында иштеп байлык топтой баштаган. Андан пайда аз дедиби - Ош базарында майда соода иши менен алектенет. Капчыгы кампайгандан кийин курулуш компанияларына ар кайсы өлкөлөрдөн жыгач,тактай ташып келип сата баштайт. Кара-Суу районундагы чоң базарда "Оомат", кийин Ош шаарында "Таатан" соода түйүндөрүн ачат. Азыр канат-бутагы бир топ жайылып - кудайга шүгүр.
Саясатка айтылуу 2007-жылкы парламенттик шайлоодо аралашып, "Ак жолдун" тизмеси менен депутат болот. 2009-жылдын башында К.Бакиев аны Оштун мэри кылып дайындайт. Бакиев бийликтен кулагандан кийин ага бир топ эле жан тартат. Бирок, ал Белорусияга качып кеткенден кийин деле мэрлик орунун сактап калды. Июнь окуясынан кийин Мелис Мырзакматовдун ташы өйдө кулап, башка "Ак жолчуларга" караганда салмагы бир топ оорлоду.