Тагдыр

АРЗУУ
- Неге мынча кечигип жатат? Келээр маалынан өтүп барат го.Деги жакшылык эле болсо экен...
Өзү менен өзү күбүрөнүп сүйлөшкөн Айша кичинекей ашканасындагы кичинекей столунан тургусу келбей отура берди. Ана, тиги бөлмөдөгү сааты түнкү 1ди какты! А тиги... Айдарбеги али жок го. Жана кечинде жасаган тамактан алгач ага тарелкага куюп, анан өзүнө куйган.А тамагын ичип бүткөнү кача-аан! Артынан чай ичти. Айдарбегине деп кооз чыныга чай да куйду...
- Кой, келээр түрү жок. Жатайынчы...
Оо түн бир оокум болуп кеткенде барып жаздыкка баш койду. Ошондо да жанындагы бош калган жаздыкты сылап-сылап койду. Айдарбегинин жаздыгы. Келсе, ушу куш жаздыкка баш коюп уктайт да. Анан, баш-аягы көрүнбөгөн баягы сары санаага кайрадан малынды. Азыр эле кирпиги кирпигине жабышып, сокур молдо жетелеген Айшанын кареги оттой чачырады. Уйкусу кайда кеткенин өзү да билбей калды.

ХХХ
Айша менен Айдарбек экөө ушу шаардан таанышкан. Окууга өтпөй калган Айша кайра айылына кетүүдөн намыстанып, "эмки жылга чейин шаарда жүрө турайын" деп камвольныйга ишке кирип алган. Анда эмне, борбордо фабрика-заводдор күжүлдөп иштеп, республиканын кай бурчунан келбесин, жаштарды ошол замат ишке алып, жатакана менен камсыздап турушчу эмес беле.
Айша ошентип кездемени сорттоочу цехке орношту. "Азырынча ушул жерде иштеп тур, бул жер оңоюраак. Кийин башка цехтерге которобуз" деген кадрлар бөлүмүнөн. Чын эле иши оңой экен. Каш тергичтей болгон кыпчуур менен жаңы эле токуу цехинен чыккан кездеменин туура эмес, кошо токулуп кеткен жиптерин абайлап чымчып алып салыш керек. Ошентип, отуруп, кечинде кыздын көз алдында жашыл-кызыл жиптер менен кыпчуур эле тартылып тура берчү болду.
Жумушка таң эрте барат. Жатаканада чогуу жаткан кыздар радиодон Гимн жаңырганда шарт ыргып турушат. Шапа-шуп жуунушуп, бирдемени шам-шум этип алышып эле жүгүрүп кетмей... Айша да ал турмушка көнүп баратты. Азыр да Гимн ойнолгондо, ошо - бир кездеги үрүл-бүрүл таңды элестетет...
Жүрөгү ойгонуп-ойгоно электе камволныйга жүгүрүп бараткан. Дал вахтадан өтө берерде, бирөө менен ийиндери кагылышып кетти. Ал да өз цехине чуркап бараткан неме экенин билди.
- Кечиресиз, чоң кыз,- деп ал кыздан кечирим суроого үлгүрдү.
Чуркап баратса да артына шарт бурулуп кароого үлгүрдү кыз. Аны карап кол булгап турган жигитти көрдү. Узун бойлуу, тармалданган капкара чачын артына тараган күлүңдөп турган жигит эсинде калды...түбөлүккө! Айша да ага кол булгап коюп чуркап кете берди.
Балким, мурда деле көрүп жүргөндүр. А бирок, анда ага көңүл бурган эмес окшойт. Түшкү тамактанууга ашканага барганда өчүрөттүн алды жагында турганын көрдү тигинин. Жигит Айшага карап дагы жаркылдай түштү:
- Келиңиз, бул жерге эле тура бериңиз кезекке...
Айша тиги жигиттин чакырганына барбады, кыздар менен чогуу келген да. Анан кантип беш-алтоо болуп өчүрөттүн алдына кирип кетсин.
... Кыздар менен шашпай тамактанып сыртка чыгышканда, ашкананын алдында алиги жигит турганын көрдү. Айшаны көрө сала аны көздөй басты.
- А мен сизди мурда көрбөптүрмүн, жаңы эле келгенсиз го...
- Жок, бир топ эле болуп калды...бир айча...
- Бир ай да боло элек болсо, демек, жаңы келипсиз. Кайсы цехте иштеп жатасыз?..
Кыз-жигит чогуу басып калышты.
- Менин атым - Айдарбек.
Жигит шадылуу колун сунду кызга.
- Айша.
- Ошентип, экөөбүз таанышып алдык! - деди кубануу менен жигит.
Кыз "ооба" дегендей башын ийкеди.

ХХХ
Андан бери канча айлар айланып өткөнүн балким, Айдарбек билбес. А бирок, ошол күндөн тартып Айшанын тагдыр ташы башка нукка түшүп дөңгөлөнүп кете берди. Айдарбекке көнүмүш болгон нерселер Айша үчүн кымбат баалуу нерсе болуп, жүрөгүнө алтын тамгалар менен калып атты.
Бир күнү, ишембиде Айшаны киного чакырды Айдарбек. Ошондогу толкунданганын айтпа! Кайсы көйнөгүн кийип барарын билбей, чемоданын астын-үстүн кылып жиберди. Акыры, мектепти бүтүп атканда атайын тиктирип кийген аппак кооз көйнөгүн кийип чыкты.
- Тим эле колуктуга окшоп калдың! - деп суктанышкан ошондо бөлмөдөгү кыздар. Кыздарга унчукпай, күлүп койгону менен, ниетинде өзү Айдарбектин колуктусу болууну эңсеп жатканын эч кимге айткан эмес анда.
- Оо-иий! Көйнөгүң өзүңө аябай жарашат турбайбы!- деп Айдарбек да суктанган. Экөө парк аралай басып, кино көрүшкөн. Ошондо бул кино жаңы алып келинсе керек. "Октябрь" кинотеатрында бир күндө үч-төрт жолудан көрсөтүлүп, анда да белет жетпей, адамдар кылкылдап турган мезгил болчу. Кино - "Унесенные ветром" деп аталган америкалык кино экенин жакшы билет.
Кеч чыгышты. Эки эмес, төрт серия болсо керек, фильм өтө кеч бүткөн ошондо. Жатаканага киргизбей койбосун деп дикилдей шашып бараткан кызды белинен имере тартып өз сүйүүсүн билдирген Айдарбек. Жигиттин, болгондо да жүрөк каалап турган жигит илебин жакындан туйган Айшанын анда башы айлана түшкөн.
...Сырттан кирип келген Айшаны көрүп бөлмөдөгү кыздар жамырап кое беришти.
- Ой, бир нерсе болгон...
- Көздөрүң шоктонуп турат...
- Ии-ий, чын эле көздөрүн карасаңар, коймолжуп, маска окшошуп калыптыр...
Кыздардан мындай сөздөрдү уккан Айша түз эле күзгү алдына келди. Чын эле аны, шарап ичкенсип бети анардай албырган, чачтары бир аз иретинен бузулган көздөрү шоктонгон кыз карап туруптур.
Өзүн бактылуу сезген учуру ошол болду. Башы асманга жете сыймыктанып, Айдарбектин арзуусуна татыганына өзүнө өзү ыраазы болуп турган.

ХХХ
Ошентип жүрүп, экөөнүн ортосунда баш кошуу тууралуу маселе козголду. Чын-чынына келгенде, бул маселени Айша козгоду.
- Айдан, а биз качан элчилеп бир үйдөн түтүн булатып жашайбыз? - деди бир күнү Айша.
Бул - акыры айтыла турган сөз эле. Бирок, бул сөздү укканда жигит негедир өзүнөн өзү чочуп кеткенсиди.
- А-аа, аны жакшылап ойлонуш керек да...
- Ошо, ойлонуп эле келатасың го.
- Азыр... үйдө шарт жакшы болбой жатпайбы. Апама айткам, "үйлөнөм" дегем...
- Анан...
- Анан, алар "бир аз токтой турчу" дешти...
- А мени апамдар урушуп жатышат. "Качан да болсо соксоңдоп ошо бала менен басып жүрөт экенсиң. Деги, үйлөнө турган оюңарда барбы?" деп атышпайбы.
Айдарбек унчукпай өзүнчө бир обонду дыңылдап мурдунан ырдап отура берди. Ошону менен бул сүйлөшүү аягына чыккандай болду да калды.

ХХХ
Айша өз өмүрүндө бир адамды гана сүйүптүр көрсө. Айдарбекти гана. Алгачкы да, акыркы да сүйүүсү ушул Айдарбек болуптур эй! Алгачкы да, акыркы да арзуусу! Ушундай да адамдар кезигет экен ээ турмушта. Анысын өзү деле билбейт, бирок айланасындагылардын баары "Айдарбек, Айдан" деп эле эки сөзүнүн бири Айдарбек болуп калган кызды боор ооруп карашчу болду. Дал ушул Айдарбектин айынан "кийинки жылы окууга тапшырам" деген кыздын планы да өзгөрүлүп кетти. Окуу эмес эле, Айшанын акыл-эсинин баарын Айдарбек ээлеп алган болучу.
- Мен Россияга жакка барып иштеп келсемби деп жатам,- деди бир күнү Айдарбек. Айша безге сайгандай секирди.
- А менчи?!
- Сен эмне? - деп таң калуу менен кызды карап турду жигит.
- Менин эч болбо дегенде бетимди ачып кетсең болбойбу!
- А-аа... Каткырып күлүп жиберди Айдарбек. Россиядан көп акча менен келем. Ошондо той берип, свадьба берип үйлөнөбүз!
(Уландысы бар)
Нурбүбү БӨДӨШОВА