Окуя чордонунан репортаж

Революциянын акыркы октору же атуулдук согуштун алгачкы үч күнү
13-май. Биринчи күн
Кулатылган президенттин жактоочулары облустук мамлекеттик администрацияны басып алды. Баскынчылык Жалал-Абад облустук ИИБнин атайын бөлүгү мамлекеттик мекеменин жанында каз-катар тизилип турган учурда жасалган. Милиция кызматкерлери ага эч кандай чара көрбөстөн, аянтта саат жетиге чейин тура берген. Качан гана бакиевчилер мекемени басып алганга көзү жеткенде алар катары менен бурулуп, аянттан чыгып кетишкен.
СОБР кызматкерлери да активдүүлүк көрсөтпөй, облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановду коргоого жана администрация имаратынан алып чыгып кетүүгө гана аракет кылышкан. Жаңы бийликтин каршылаштары облус жетекчисинин кийимин тытып, муштум көтөрүшкөнгө чейин барышкан. Аны эч ким коргогон эмес. (Кызыгы ал Үсөн Сыдыков менен телефондук сүйлөшүүдө кайсы 500 автоматчик жөнүндө айтты экен ?).
Облустук имаратты басып алышкандан кийин жеңүүчүлөр кайдандыр Курманбек Бакиевдин эки сүрөтүн таап келип, аны көтөрүп алып африкалык уруулар сымал имаратты тегерене бийлей башташкан. Ошол күнү облустук телеканалдан экс-президентти колдоо иретиндеги мыкты монтаждалган программаны коё беришет. Анын авторлору да акылдуу өңдөнөт, көрүүчүлөрдү Бакиевди колдоого түздөн түз чакырык таштабаптыр. Эл Убактылуу өкмөттү же Курманбек Салиевичтин кайсынысын тандайт, бул укукту элдин өзүнө калтырган. Айтмакчы, ал теле берүүнүн сапаты жаңы бийликтин теле үгүт роликттерине караганда алдаканча мыкты болгон.

14-май. Экинчи күн.
Эртең менен активдүү "атамекенчи", эски таанышым чалып, кырдаал туурасында сурады. Анын алдында эле мен облустук администрациянын алдында болуп келгем. Эшик алдында жүзгө чукул бакиевчилер жүргөн. Айрымдар (аялдар) келме келтирип, калганы, айрыкча, жаштар музыка угуп ары-бери басып жүрүшкөн. Менин "атамекенчим" Базар-Коргондо жүргөнүн айтып, азыр Жалал-Абадга келип, баскынчыларды кууп чыгарын билдирди.
Бир жарым-эки саат өткөндө каз-катар тизилген адамдардын колоннасы көрүндү. Партиясынын кызыл желегин көтөргөн "атамекенчилер" алдыда экен. Топтун арасында бир топ тааныштарымды көрүп, аларга кошулдум. Менин катарымдагы адамдардан курал көрбөдүм, айрымдары жыгач таяк көтөрүп алыптыр.
Алардын алдын торой бакиевчилер обладминистрацияны курчап алышты. Алар бир нече катар тизилип, алдына "ОБОН" атыккан ажаан аялдарды чыгарышты. Баары бир тутанат өңдөнүп калган кагылыштын алдында сүрөткө тартууга ылайык турак жер тандайын дегиче, эч ким күтпөгөн окуя башталып, "тах-тах-тах!" деген үндөр таңкы абаны жарып кетти.
Ок бакиевчилер тараптан чыкты. Окту улай алдын ала даярдалган карылуу жигиттин муштумундай таштар жаай баштады. Корккон эл туш-тарапка кача баштады. Октун үнү басылган жок. Бакиевчилер тараптан таяк көтөргөн жаш жигиттер чуркап чыгып, качкандарды кууп жөнөдү. Элди жерге жыгып, тепкилеп, улам кийинкисинин артынан кубалап жатышты. Кызыгы, мени ал учурда окко кабылуудан да, башыма таш тийүү же таяктуулардын алдында калуу коркунучу күч болду.
Качкандардын көпчүлүгүн Жалал-Абад университетинин короосу сактады. Алардын артынан түшкөн бакиевчилер өз ордуна кайтып, ал эми бул окуяга эрксизден күбө болгон адамдар тротуардан жолго чыгууга аракет жасашканча кайра ок жаңырды. Эл кайра чачырай качты. Мезгил мезгили менен бирден атылган ок бара-бара автоматтык тездикте атыла баштады. "Бакиевчилерде пулемет бар экен" деди жанымдагылар. Апыртылды. Эгер Бакиевдерде пулемет болсо, баарыбыз асфальт кучактамакпыз…
Согуш шаардын чок ортосунда болуп жатты, бакиевчилер обладминстрациянын жанында, ал эми алардын каршылаштары жарым чакырымдай алыс, Токтогул-Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде турушту. Ал жерге биринчи кагылышка башынан катышпаган өзбектер көп чогулду. Алардын көпчүлүгү куралдуу болчу. Автомат, мылтык, кош ооз, чып этме… Жанымдан алгачкы жарадарлардын бирин үч жигит көтөрүп өттү. Бакиевчилерден дагы жоготуу болду окшойт, бизден өтүп, алар тарапка тез жардам унаасы кирди.
Аз өтпөй, самосвал кирип, көчөнүн чок ортосуна таш төгүп кетти. Аянтка ызырынган өзбек диаспорасынын өкүлдөрү кирди. Алар фотоаппаратымды тартып алганга аракет кылышты. Анча-мынча муштум жегениме карабай, жандалбастап атып, окуянын өнүгүшүндө тартып алган сүрөттөр толгон флешканы алдырдым, бирок, тилекке каршы, кармашып жаткан маалда ал жарактан чыгып калды. Ошол күнү Жалал-Абадда жалгыз жапа чеккен репортер мен болбоптурмун. Оштун "МезонТВ" телеканалынын операторун тепкилеп, камерасын талкалап салышыптыр. Белгисиз куралчан адамдар тарабынан эки америкалык журналист тонолгон.
Ошол күнкү мурунку бийликти жактагандар менен кагылышкан антибакиевдик топту шарттуу түрдө бир канча топко бөлүүгө болот. Биринчиси, "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү. Эң алгачкы куралчан бакиевчилерге куралы жок кагылышкан жападан жалгыз "атамекенчилер" болгон. Экинчи топ экс-депутат Кадыржан Батыровго таандык. Ошол күнү кимди көндүрө алса, ал ошолордун баарын, университетинин мугалимдерине чейин чыгарган. Батыровчулардын жарымында криминалдык топторго окшошкон түстөр жүрдү. Мүмкүн жаңылышып калаармын, дурус эле балдар, бирок, бир аз өзгөчөрөөк десек болот. Үчүнчүлөр - шейит кеткен депутат Баяман Эркинбаевдин адамдары. Төртүнчүлөр - кай жакка таандык экени түшүнүксүз жаш жигиттер, куралданган балдар.
Түштөн кийин бакиевчилерге бир машина таш апкелди. Тирешүү 1916-жылдагы биринчи дүйнөлүк согуштун батыш фронтуна окшошуп жатты. Бирок, эки тараптын эч кимисинде ашыкча күч болбоду. Ошондуктан, тараптардан активдүү аракет көрүлбөдү. Иш басаңдалган ок чыгаруу же жаңы бийликке тарапкер жаштардын чабуул коюсу менен чектелип турду. Алар ач кыйкырыктары менен каршылаштарына жетпеген таштарды ыргытып алдыга чуркап, быдыраган октордун тизмеги менен кайра качып, жарадарлардын санын көбөйтүп жатышты.
Түш оогончо "атамекенчилер" убада кылынган Оштун атайын күчтөрүн күтүштү. Бир кезде эки топ, Оштон эле эмес, Бишкектен дагы спецназдар келе жатканы айтылды. Бирок, ал күнү бир дагы күч органдарын көрө албадык. Кечке жуук "жомоктогу" атайын күчтөр тамашага айланды. "Алар Оштон жөө чыгышкан окшойт" деди Убактылуу өкмөттүн колдоочулары.
Саат 3тө (мүмкүн андан кечирээк) кырдаал курчуду. Кимдир бирөө "Алай" бут кийим фабрикасына жетип, ошол жактан оң келип, антибакиевдик күчтөр тараптарга ок чыгара баштаптыр. Тез жардам унаалары кайра кыймылдай баштады. Таш жана таяк көтөргөн балдар тобу мурунку фабриканын мекемесине кире качышты, бирок, ок басылган жок. Ушул убакта ортого жаңы адамдар, Жалал-Абаддын УКМКнын штаттагы кызматкерлери чыкты. Алар калканчтары менен улам алга карай жылганга аракет кылып, кайра ок жаңырганда артка чегинип жатышты. Жеке мен алар эмне үчүн аралашканына түшүнбөдүм. Жалал-Абаддын УКМКсынын алдында унаалардын жоктугу төлгөгө айланды. Эгер чекисттердин машинасы ордунда болсо, кырдаал тынч, кыжаалаттыктын кереги жок. Жок болсо ойлонууга туура келет. 14-майда унаа токтотуучу жай бош болгон.
…Үйгө келдим… Телефонум шыңгырап калды.
- Чыккын, биз аянтта администрациянын жанындабыз.
- Эмне, бүттүбү?
- Ооба.
Обладминистрациянын алды жаңы жеңүүчүлөргө толуптур. "А бакиевчилер кайда?" деп сурадым таанышымдан. "Жок болушту" деп жооп берди. Мен кубанууга эрте экенин түшүндүм. Бакиевчилер жөн гана чегиниптир, курал-жарагын сактап. Эми жаңы тополоң болушу да мүмкүн эле. Адаттагыдай эле жанараак бошой түшкөн аянтта митинг башталды. Асманда аскердик вертолет пайда болду.
- Мүмкүн атайын күчтөр келгендир…
- Качан гана баары бүткөндө.
Аянттын үстүн айлангандан кийин вертолет белгисиз тарапка житип кетти. Эки автоматчик коштогон губернатордун м.а. Б.Асанов келди. Чиновник таанышымдан "баятан бул кайда жүрдү?" деп сурасам, билбестигин айтты. Асанов трибунага көтөрүлгөндө кол чабуулардын ордуна нааразы үндөр көтөрүлдү. Бир канча таяк көтөргөн жигит губернатордун милдетин аткаруучуну кайтарган автоматчиктерге жулунду. Алар качканга аргасыз болду. Асановдун тегерегинде ызы-чуу башталды.
Бир аз мушташтан соң, эл алдына сөз менен чыга баштагандар болду. Эң "кызык" сөз Кадыржан Батыровдуку болду. Ал Тейит айылын уруштун очогу атап, аны тезинен "чечүү керектигин" билдирди. Качан Батыров трибунадан түшкөндө өзбектер чекеден жыла баштады. Түнү Тейиттеги Курманбек Бакиевдин туугандарынын үйү өрттөлүп, ошол эле айылдагы кримавторитет Айбек Мирсадыковдун (Черный айбек) особнягы күйдү.
Үрөй учурган нерсе кан төгүлүүдө да эмес (60тай адам жараат алып, расмий түрдө 2 адам өлгөнү, расмий эмес 3 адам дешет). Жалалабаддыктарга, өзгөчө ошол окуяга, анан да көчө мушташтарга катышкандар үчүн жагымсыз маанай - Убактылуу өкмөт өз көйгөйүн жөнөкөй жарандардын жардамы менен чечкени болду. Алар элге жашынды. Алар аз жерден өз жарандарын бири-бирине каршы койду. Биз, жалалабаддыктар октон качып дарактарга жашынып, жарадарларды ташып жатканда, аларга каршы бийликтин катыштыгы жок болгондугуна карабай, "кырдаал көзөмөлдө" деген билдирүүнү бүт өлкөгө жарыялап жатты.
Радмир Сафаров,
Жалал-Абад
шаары, 17-май, "Дело №"
гезитинен кыскартылып
которулду