Кыргыз Республикасынын
Президенти Р.Отунбаевага

көчүрмөлөрү: Вице-Премьер министр А.Бекназаровго
Кыргыз Республикасынын
Акыйкатчысы Т.Акунга
Бардык саясый партиялардын
лидерлерине
Укук коргоочулар:
А.Токталиевге, А.Абдурасуловага,
Д.Ошурахуновага, Т.Умөталиевага берилди

Кайрылуу
Урматтуу Роза Исаковна!
Эгемен элдин кызыкчылыгын коргойт деп ишенген биздин мамлекет 20 жыл калкты тоноп, кызыкчылыгын тепсеп, Президенттери баш, чиновниктери каш болуп, бийликке мас, өз элине кас, пара алууга маш, "балык башынан сасыйт" болуп келди. Алар Кудайдын каарына, элдин убалына калып, шерменде, маскара болушту. Мамлекеттик коррупциядан тажаган эл эки жолу революция жасап, мамлекетти ордосу-очогу болгон Ак үйү менен кошо талкалады. Элине кыянатчылык кылган, чыккынчы, саткын Президенттерди элден кууп салды. Бирок, азыр Сиз жетектеген мамлекет адамдары, мурдагы президенттерди жазалоо, улутташтыруу сыяктуу эл көксөгөн прогрессивдүү кадамдарга барганы менен, тилекке каршы жалпысынан азыр деле алардын көпчүлүгү ошол кандуу революциядан сабак албастан, элдин каны менен келген креслодо "акаевдик-бакиевдик" мамлекеттик коррупция-мафиянын эски системасын кайра түзүү аракеттерин жасап жатат.
Мисалы, жыйырма жылдан бери мамлекет тараптан чет элдик экстремисттик диний секталар каттоого шыр алынып, эл ичин диний бузуку агымдар каптап кетти. Алардын мамлекеттик коопсуздукка болгон коркунучу улам күчөп, акыры Оштогу "азандуу кагылышууга" алып келди. Айрыкча, акчалуу "хадж сапарын" уюштурууда мамлекеттик мафия динге катуу аралашып, ортодо мамлекеттик-диндик коррупция кылмыштуу уюшкандык менен жыл сайын мусулмандардан 1-2 миллион АКШ долларлык акысын уурдап келишти. Мындай бийлик аралашкан мафияга мамлекеттик-диндик коррупциялык тармактар кирип, "Кыргыз Республикасынын жарандарын Меккеге зыяратка баруусун даярдоо жана ишке ашыруу боюнча ведомостволор аралык комиссия" деген кооз ат менен иштеп келди. Аны сырттан Президенттин жакын адамдары жана коррупционер чиновник жетектеп, алар "доля" катары 500.000 АКШ долларын алып турган. Ал мамлекеттик мафиянын курамына: Мамлекеттик дин иштери боюнча агенттик, Мамлекеттик Улуттук коопсуздук кызматы, Мамлекеттик Маалымат жана технология боюнча каттоо кызматы, Мамлекеттик Транспорт жана коммуникация министрлиги, Мамлекеттик Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик Тышкы иштер министрлиги, Мамлекеттик Чек ара кызматы жана Муфтияттын "ишенимдүү өкүлдөрү" кирген. Ошентип, Кудайдан коркпогон корруционерлер тараптан Аллахтын 5-улуу парз ибаадаты зыяраттык сыйынуудан калып, мафиялык бизнеске айланып, ага жетекчилик кылуу маселесин Муфтияттык жана мамлекеттик коррупция ар жылы талашып келген. Алар "хадж сапар"- бул мусулмандардын акыреттик "бейиш" тагдырын кепилдей турган улуу ибаадат, мусулмандык улуу укук-милдет экендигин унутта калтырышкан. Мамлекеттик коррупционерлер бул ибаадатты туристтик бизнеске айландырып, турфирмалар менен ишке ашырып, бизде убактылуу жаран болуп жашаган чет элдик мусулмандарга (кытайлык уйгурларга, өзбектерге, тажиктерге ж.б.) коммерциялык наркта квоталарды жең ичинен сатышып, мафиялык киреше 2-3 миллион АКШ долларга чейин жеткен. Ал кирешенин жарымы ортодо кызмат аткаруучу "хадж башчылар" жана турфирмалар тараптан баш аламан талоончулукка түшүп, уурдалган. Алар да эч кандай мамлекеттик салык же социалдык взнос төлөгөн эмес.
Муфтиятта "хадж сапар" боюнча кадимкидей коррупциялык жашыруун тармак пайда болуп, анда "экинчи бухгалтерия" иштеп турган. Бул кылмыштуу маселе боюнча мусулмандардын талабы менен биринчи элдик революциядан кийин 2006-жылы атайын "биздин коомдук комиссия" иштеп, ал боюнча "Кыргыз туусу" газетасына "Диндеги Кудайдан коркпогон коррупция" деген ат менен бир басма табак материал жарыяланып, андагы кылмыштар боюнча иш козгоо маселеси Жогорку Кенештин 2006-жылдын 6-июнундагы №1048-III токтому менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилген. Бирок, Президент баш болгон мамлекеттик мафия ал кылмыш ишти жаап салган. Ал тургай акыркы жылдары "хадж сапары" боюнча бул "долясы ири" 500 000 АКШ доллар болгон кылмыштуу ишти сырттан жетектөө Жаныш Бакиев, Максим Бакиевдердин талашына да айланган.
2010-жылы 7-апрелде экинчи элдик революция болгондо, мусулмандар тараптан да Муфтиятка нааразылыктар айтылып, анын эски коррупциялык уставдык системасын жоюу, жокко чыгаруу, кайра уюштуруу талабы коюлган. Ошондо А.Бекназаров тараптан Муфтиятты тазалоо, реформалоо маселеси теле аркылуу да айтылып, экс-Муфтийдин эски оорусу кармап, дарыланууга кеткен. Ошондон баштап, ээн калган "майлуу хадж системаны" ээлеп калуу боюнча мамлекеттик жана муфтияттык кылмыштык системалар ортосунда айыгышкан күрөш башталды. Ал талашта кыска эле үч ай ичинде 4 жолу Муфтий алмаштырды, эки Муфтий ур токмок жеп, 1 Муфтий каза болуп, 1 Муфтийдин кеңешчиси чак түштө атылып өлтүрүлдү. Экинчи революциядан кийин Муфтияттагы бул коррупциялашкан баш аламандыкты теске салуу, уставдык реформалык таза иштерди аткаруу боюнча "Мусулмандардын укугун коргоо боюнча элдик убактылуу комитет" уюмдашып, ага 22 диний коомдук уюмдардын жетекчилери, адис коомдук эксперттер, илимий-ишмерлер тартылган. Биздин бул комиссиянын алгылыктуу иштери ошол кездеги Мамлекеттик Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси К.Осмоналиев тараптан 2010-жылдын 26-апрелдеги №40 буйругу менен колодоого алынып, Муфтинин 3-июндагы №63 чечими менен "Муфтияттын ишине уставдык негизде реформалап мыйзамдаштыруу боюнча коомдук комиссия" иштей баштадык. Комиссиянын коррупциялашкан Муфтияттык эски системаны жоюучу, аны реформалап кайра уюштуруучу аракеттери Муфтияттагы эскичил "аткаминерлерге" жакпай, алар бул боюнча Убактылуу өкмөткө даттанышат. "Разборкага" биз К.Осмоналиев менен бирге бардык. Биз азыркы УӨнүн айрым мүчөлөрүнө жолуксак: "Бөлүшөбүз, ажылыктын пайдасын чогуу көрөбүз. Эмнеге эле тополоң салып атасыңар" деп ички ой-ниетин балп этип ачык айтып салды. Ал адамдын айрым жоруктарын ачык айтпасак да эл азап тарткан Акаев доорунда Дин иштери боюнча комиссияны көп жыл башкарган, дин иштердин ики-чикисин толук кийлигишип келген адам экенин айтууга мажбурбуз. Убагында ал Кыргызстандын аймактарына 130 дан ашык секталарды кийирүүгө жол ачкан жана мунусу азыр элдин бөлүнүп-жарылуусуна алып баратат. Анын азыркы кездеги өлкөнүн диний сферасындагы саясаты УӨтөн акыйкаттык издеген бизди бушайманга салды. Биз анын Муфтият, хадж боюнча ой-ниети таза эместигин ачык газетага жаздык. Ошондон баштап, ал бул маселеге атайын катуу киришип, К.Осмоналиевди кызматтан кетирип, анын ордуна ал ишке ишенимдүү жердеши Б.Абдырахмановду кызматка алып келди. Акыркы убакта, "хадж сапар" жакындаган сайын мамлекеттик тараптын тынчы кетип, уйкусу бузулуп, мыйзам бузуу менен болгон аракети күчөдү:
- Мамлекеттик Башмыйзам Конституциядагы "светский" деген эл аралык "нарктуу" принципти одоно бузуп, эми Муфтияттын ишине түз эле аралашып, "Уламалар Кенешинин" алдын алып, мамлекеттик кабинеттеринде "хадж сапарда" чалыкпай иштеп бере турган дилгир "чабандестерди" издеп, аларды Муфтий кылууда "Уламалар Кеңешинин" "Муфтий шайлоо" саясый оюнунун сцеранийин даярдашып, "чабандес-молдо" менен 5-6 саат чалыкпастан репетиция жасашып, акыркы эптеп-септеп Уламалар Кеңешин чала-була "результат" менен өткөрүүгө жетишишти; Бирок, Кудайдын каалоосу менен Чубак Жалилов муфтийликке шайланып калды.
- Муфтияттын реформасын токтотуп, эски коррупциялык системасын алдыдагы "хаджга" карата сактап калуу максатта Мамлекеттик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жаңы директору Б.Абдырахманов 2010-жылдын 31-майдагы №59 буйругу менен эски директор К.Осмоналиевдин Муфтияттын уставдык жактан тезинен кайра реформалоо боюнча № 40-буйругун жокко чыгарып, реформаны токтотуп салды;
- Кийин Конституцияны одоно бузуп, Муфтияттын эч макулдугу жок эле туруп, 2010-жылдын 9-августунда өкмөттүк №153 Токтомун токуй салып, анын негизинде Мамлекеттик Дин иштер боюнча комиссияга Исламдын 5-улуу парз ибаадаты болгон "хадж" сапарды ыйгарып, дароо бийликтин чиновник "светский молдосуна" айлана калышты.
- Ошол эле обу жок Антиконституциялык Токтом менен эски "акаевдик-бакиевдик" мафиялык мамлекеттик система түзүүнүн эски коррупциялык ыкмасын колдонушуп, "мамлекеттик ведомостволор аралык комиссияны" да дароо түзө салышкан. (Оштогу "азандуу согуштун" алдын алып ушундай ыкчап чара көрүшсө, балким ал каргашалуу кандуу окуя болбой калат беле?!);
- Эми алар, бул кылмыштуу, мыйзамсыз аракеттерине, мусулмандар, Муфтият эмне дейт таризинде, Муфтийдин артынан акмалап, биздин чечимге макул болсоңор ар хадждан Силерге 20 АКШ долларын ыйгарабыз, Муфтият көп акча каражатына ээ болот деп "кудалап" калды. Бул жерде мамлекеттик бийлик өкүлдөрү Муфтияттын ишине одоно түрдө кийлигишип, "хаджылыктан" түшкөн каржаттан өөнөп алууга кылган аракети көрүнүүдө. Аларга Уламалар Кеңешинин "чала-бучук" чечими тоскоол болуп, Муфтий Чубак-ажы аларга азыр макул болбой турат.
Урматтуу Роза Исаковна, мурда элде: "качып кеткен Коррупционер Президенттер А.Акаев менен К.Бакиевди "жакынкы адамдары" (окружениеси) алдап, адаштырып, пайдаланып жатат, өздөрү таза эле адамдар" деген саясат бар эле, бирок, ал саясат турмушта орунсуз обу жок кеп болуп, элдин "балык башынан сасыйт" деген нарктуу сөзү чындык болуп чыга келген. Деги динге байланыштуу бул чырлуу коррупциядан Сиз өзүңүз этият болуңузчу, тарых кайра кайталанып калуучу эле! Биз токулган антиконституциялык Токтомдорду жокко чыгарып, кайтарып салуунузду суранабыз?!
Сиздерди терең урматтоо менен,

"Кыргызстан жана Орто Азия
Мусулмандар Конгресси" уюму
менен "Мусулмандар укугун коргоо боюнча
элдик убактылуу
комитеттин" Төрагасы

Б.Нурдинов