Кирдетүү оңой, тазартуу кыйын көңүлдү

"Леопольд, кечир, иттик
бизден кетти", дейби?
Өткөн апталарда (10.08.10) азан чакырган атын ачыктабай, адамдын үрөйүн учурган Быкый деп атын жашырган неме "Алибиге" сын жазып, Азимбек Бекназаровго асылып, имиш сөздөрдү жазып, беш өрдөгү ыксыз тукумдап кеткен. Элирген неме тоо-ташка урунуп, бийликке тимеле кыргыйынан тиет. Калыс карап, оор кырдаалда бардештик керек. Өлкөнүн жартысы бүлүнүп, кан төгүлүп, көкүрөк күйүткө толуп турганда, кыядан чыга калып сын айтыш жеңил, бүлүнгөндү бүтүрүш оор. Кыргыздын тамырын ыгы жок сындап атып, кыргыз соолутмай болду. Азимбекке "ичип атат, жеп атат" деп Быкый улам тырмышат. Акчасын алып аткан кезде Сиз шам чырак кармап турдуңуз беле? "Эл айтып атат" деп абстракттуу жалпы сөзгө жамынасыз, ошол элдин аты-жөнү менен фактыга таяп, аргумент менен баптап жар салбайсызбы? Бири билип, бири билбей айтат. Ошол учуртмалуу ушакты, Азикенин вицелик ордуна кызыгып, ат тезегин кургатпай, бири президентке кирип, экинчиси чабагандап түштүктөгү аксакалдардын атынан кат жаздырып, кай бири Акүйгө ортомчу салганы андан көп. Баш-аягы 35 уюм-ишкана улутташтырылып, айрымы аукционго коюлду. Ушулардын баарын улутташтыруу оңойго турбагандыр. Ар бир ишкананын артында акчасы сапырылган, лөктөр турат. Колунан токочун сууруп алган бай немелер, мамлекеттин карамагына өткөнүнө ичи туз куйгандай ачышып, эркин гезиттерге эбиреп-жебиреп, калпты чындай койгулаштырып, арадай жерге чарадай сөз чыгарып, Убактылуу өкмөттү шыбап турган кербези. Жадагалса, "эмне үчүн Нарынга бардың, кыйын болсоң, Азике Аксыга барбайсыңбы?" деп суу кечпеген доо коет. Бекназаровду Аксыга байлап койгондой бир колоттун баатыры эмес, Нарыны, Көлү, Таласына тегиз караган орток уул. Нарынга апрелдин алтысында манты же самсы жегени барган эмес, элге оор кезинде баш көз болуп, бир дубанда эл бийлигин орнотуп, жеңиш менен кайтты. Ошо өзүң мактаган Болот Шер менен 2008- жылы Таластагы элдин кылкылдаган жыйынында, айдактама милийсанын чып этме, тарс этме, татыраткан автоматынан коркпой-үркпөй митинг өткөргөнүн Быкый, сиз эстен чыгарсаңыз да, биздин эсибизге жара чыга элек. Оппозициядагы тараптагы көп аттуу-баштуу адамдар качып, бозуп, чабылган бычактай мокоп, четке чыкканда, Азике эл тарапта болду.
5 жыл мурунку ишинен шек санап, күбүр-шыбыр кеп айтасың. Ошол кызматын 5 жыл аркалаганда, Акаевдин далай ишин казып, кылмыш иштерин ачып, тергеле баштаганда, өлүү дүйнөсүнө кызыккан Жаныш, президент акасына "Же бизди, же Азимбекти танда" деп кокодон алганда, Азикени кызматтан алып, үй-бүлөлүк кландын тагдырын тандап алганын Сиз бизден жакшы билесиз. 2005- жылы кызматта болгону беш ай гана иштеди Аксы эли, парламентке депутат кылганын унутуп койдуңузбу? Мен Аксынын кызы боломун, менде жердештик инстинкт эмес, атуулдук мекенчил дух ойгонду. Аксы эмес, дубандын кайсы гана бурчуна барбасын, Бекназаровду түңдүгү-түштүгү дебей сый-урмат менен тосуп алат. "Ичти-жеди" деген ириген сөздү кызматынан шыпырылып, менчиги улутташтырылып ичи сыйрылган, элдин ырыскысына чап кенедей жабышып, мите курттай мүлжүп жеген Топчукем айтмакчы, "шүмшүктөрдүн, шумпайлардын, шылуундардын" ушагы. Элдикин элге берем деп, Азике өзүнө көп душман үйүп алды.
"Аксыга Азике бара албай калды" деп чеки жазгансың, киндик каны тамган жерге күн барсын, түн барсын, боз үй тигип, баглан козу союп, тосуп алууга аксылыктар дапдаяр. Иштен чолоосу тийбей, той-тополоң, быт-чыт замандан колу бошобогонун биз деле түшүнүп атабыз. Аксыга, Азике көп жардам берди жана берет. "Капсалаңдуу 7- апрелде Бекназаровду эмнеге камабайт?" деп камтама болупсуз, аны камаганда Быкый сизге мүйүз чыкмак беле? Бакиевдер камап деле коймок, булар биринчиден, Аксы элинин айбат-сүрүнөн коркту, экинчиден, дагы камап, эл алдында улуттук баатыр кылып албагай элек деп чочуду. Улуттук баатыр демекчи, аксылыктар чогуу-чаран отуруп, кол топтоп, " "Кыргыз эл баатыры" деген наам алып берсекпи деген жакшы ой келди. Быкый Чукуур биздин намысыбызга тийип койдуң.
Руслан, "Биримдик" деген жаштар кыймылын түзүп, оппозициянын саясий акцияларына 3 жылдан бери активдүү катышып келген. 7 - апрелде Акүй үйдүн алдында алдыңкы катарда жүрүп, аягына дейре турду. Кечээ, Ош, Жалалабаддагы июнь айындагы алааматта эл менен болуп, өзбек-кыргыз айылдарында бирге болуп, ок кечип, от кечип, кан көрүп буулуккан элди токтотууга аралашып жүрдү. Бийликчил партбосстордун балдары түгүл, өздөрү баралбай, Бишкекте жатканда, ата-бала Бекназаровдор түштүктү түрө кыдырып жүрүштү.
"Бакиевди кетирмекке, Бекназаров ревкомитет түздү" деп жазыпсың, ооба ошол түзүлгөн радикалдуу комитеттин кадамы 2 жылдан кийин өз үзүрүн берип, Бакиевди бийликтен сүйрөп түшүрбөдүбү, ага өзүң күбө, учкундан жалын тутанат деп ушуну айтат. Көлдөй көлкүлдөп, деңиздей толкуган эл бийликти сүрүп чыгарды, майда нерсе уланып отуруп, масштабдуу чоң толкунду жаратты. Балан-бастан түрмөдөн чыгып кетти деп түтөйсүң, чыкканы менен үй-түрмө абагында жатат, аны тыкыр изилдеп, бардык күнөөсүн далилдеп туруп абакка тыгыш керек, адам тагдыры оюнчук эмес.
Ал эми борборду Ошко көчүрүү демилгесин Ж.Жээнбеков, Т.Бакир уулу, К.Ташиев, карапайым оштук элдердин да гезиттерге Кайрылуусун окуганбыз. Дүйнөлүк эксперттердин айтымына караганда Фергана өрөөнүндө чуулгандуу окуялар болуп кетишин көп айтышат. Азике жыргаганынан эмес, коопсуздук маселесинен улам, борборду Ошко көчүрүү жагын эске алган. Керек болсо ниети түз, өлкөнүн тагдырын ойлогон адам гана ушундай демилге көтөрөт, бул Бекназаровдун эмес, карапайым түштүктөгү элдин мүдөөсү деп түшүнгүлө.
Эми төрт пансионаттын тагдыры, Каркыра боюнча, күч түзүмдөрүнүн вице-премьердин айткан оюн популизм дегениңе кошулбаймын. Былтыр президенттик шайлоодо А.Атамбаев: "Мен тизе бүгүп жалдырасам да, Назарбаевден Каркыраны кайтарып алам" деген. Балким бул азыр бышып жетилбеген маселе болсо, эртеби- кечпи келечектин иши деп туралы.
Азимбек Анаркуловичтин вице-премьер болгонуна ичиңде таруу айланбай турат. Туз насип буйруса иштей берсин. Таш чайнап, кум бүркөр кайраттуу кези, ооматты чуркаган эмес, буйруган алат. Атылгандардын тергөө ишин аягына чыгарып, сотко өткөрүп, ый-арман баскан ата-энелеринин, бир туугандарынын ажаатын ачып, сообуна калса жаманбы? Балтайтып бир бетке шыбап салып, анан "Леопольд, кечир иттик бизден кетти" демиш этип кечирим сурап, эмоцияга шылтап кутулуу-жигиттикке жатпайт. Карөзгөйлүк менен каралаган дейди эмоцияны тыя билиш керек Быкый Чукуур.
Тотукан Жумаева,
Аксы району