"32 миллион
сомду күчкө салып өз
эсептерине которуп алышкан"
Жакында президент Роза Отунбаеванын буйругу менен Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын 367 кызматкерин Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыккан. Бул указ чыккан күндөн баштап аталган эки мекеменин жетекчилигинин ортосунда келишпестик орун алып, кайым айтышуулар күчөп кетти. Аталган маселенин айланасында биз Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын башчысы Сартбай Жайчыбековго кайрылдык.


- Сартбай мырза, учурдагы Финансы полициясы мурдагы бийликтин убагындагыга караганда жакшы жагына өзгөрө алдыбы? Бул жаатта жетекчилик кандай аракеттерди көрүп жатат?
- Негизинен мурдагы Финполиция менен азыркысынын эч кандай деле айырмасы жок. Себеби мурдагы система менен, ошол учурда түзүлгөн закондордун негизинде гана иштеп жатат. Бирок, мурдагы бийликтин тушунда бул кызмат тарабынан коррупция менен күнөөлөнгөн чиновниктердин жеген акчаларын кустуруп, ошол эле учурда "сени камап койбосун, ошонун алдын алалы" деген шылтоо менен акча жыйналган. Ал эми азыр, кайсы бир коррупционердин жеген акчасын толугу менен мамлекетке кайтаргандан кийин, андан опузалап акча алуу токтоду. Эгерде акчаны ордуна койсо, мыйзамдын негизинде кылмыш иши кыскартылып, ал эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт. Ал эми алдамчылык, уурулук беренелери боюнча айта турган болсок, андай учурда кармалгандар сот жообуна тартылышат. Кыскасы ортодо айырма аз. Бирок, мурдагы финполициянын деле казынаны калыбына келтирүү боюнча жасаган иштерине токтоло турган болсок жакшы эле иштешкен. Албетте, азыркыдай эмес. Анткени кайсы бир кылмыш иши ачылгандан баштап, үй-бүлөнүн контролунда болуп, кээ бири сотко жетип турган. Ал эми кай бири Бакиевге жакпай калган учурларда түп орду менен "тазаланган". Азыр андай эмес, баары мыйзамдын чегинде жүргүзүлөт.
- Буга чейинки эки бийликтин учурунда тең коррупция гүлдөгөнү баарыбызга маалым. Учурда канча чиновник камакка алынып, канчасы сот жообуна тартылды?
- Муну цифра менен так айта албайм. Аткени, бир нечеси сотко жете элек, кээ бирлери суракта. Ошол эле учурда Кылмыш Кодекси тарабынан келтирилген зыянды төлөп кутулуу мүмкүнчүлүгү берилгендигине байланыштуу кимдин күнөөлүү экенин так айтууга болбойт. Бизге тескерисинче муну өндүрүлгөн акчанын көлөмү менен аныктоо ылайык. Мисалы 2009-жылы коррупциялык зыяндын ордун толтуруу боюнча Финполиция тарабынан мамлекетке 1 миллиардка жакын каражат түшсө, быйыл ортодо тополоң, чыр чатак көп болгонуна карабастан, өткөн 7 айда 500 миллион сом өндүрдүк. Бул былтыркыга салыштырмалуу аз. Бирок, апрелден беркини эсептегенде 268 миллион сомго жетти. Ортодо Ош окуясы орун алганга байланыштуу 30 кызматкерибиз ал жакта милицияга жардамдашып жүрөт. Бул коогалаңга шылтоолоп, жоопко тартылуучу адамдар фирмаларын жаап, өрттөнүп кетти деген шылтоо менен четке чыгып кетишти.
- Жакында президент Роза Отунбаеванын буйругу менен Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын 367 кызматкерин Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыккан. Бул чечим Финполициянын жетекчилиги тарабынан катуу каршылыкка учурап жатат. Себеби эмнеде?
- Мындай тескеме чыккан. Анын аткарылышын, туура же туура эмесин Каптагаев башында турган атайын комиссия карап, тиешелүү корутунду чыккандан кийин гана ошого жараша иш жасалышы керек эле. Анткендин ордуна ИИМдин жетекчилиги тарабынан атайын каралоолор, коомдук пикир түзүү максатында бир топ популисттик билдирүүлөр ММКлар тарабынан жайылтылууда. Анысы аз келгенсип, бизде иштеп жаткан кызматкерлердин айлыктарына төлөнө турган 32 миллион сомду күчкө салып, өз эсептерине которуп алышкан. Муну ишке ашырыш үчүн эң алды менен 367 адамды ИИМге кабыл алып туруп, андан кийин гана которуш керек эле. А тескерисинче кызматкерлерди бизге калтырып, айлыктарын өздөрүнө алып алганга акылары жок болчу.
- Которулуп кеткен 32 миллион сом кайра кайтарылдыбы? Эгер болбосо кайдан таап бердиңиздер?
- Бул маселе боюнча биз дароо эле финансы министрлигине, башкы прокуратурага кайрылып, которуп кеткен адамдарды таап, акчаны кайтарып алдык. Эми ошол акчаны которгондор кимдер? Финансы министринин милдетин аткарып турганда Темир Сариев бул сумманы мыйзамсыз которуп туруп, анан кызматын таштап шайлоого кеткен. Бул жерде менимче Сариевдин дагы жеке кызыкчылыгы бар. Ошол эле ИИМдин жетекчилигинин дагы кызыкчылыгы бар. Мен ойлойм, Байболов дагы, Сариев дагы мамлекеттик кызматкерлер эмес. Бул экөөнүн тең өздөрүнүн жеке ишканалары бар. Демек алар Финполициянын ишин токтотууга кызыкдар. Анткени бир учурда алар Финполициянын тузагына илинишкен. Мен экөөнүн тең мурдагы делолорун карап отуруп, көп бүдөмүк нерселерди байкадым.
- Сиздерде жалпы жонунан канча кызматкер иштейт?
- Жалпысынан бизде 600гө жакын кызматкер бар. Анын ичинде атайын кылмыш иштери менен алек боло турган 205 гана кызматкер бар. Андан тышкары 100гө жакыны тергөөчүлөр. Калгандары техникалык кызматкерлер.
- 367 кызматкер ИИМге кете турган болсо, Финполициянын иши токтоп калбайбы?
- Токтоп калбайт го. Бирок мурдагыдай коррупция менен күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк болбой калат да. Мен тактап коеюн, бизде иштеген 205 оперативдик кызматкердин ар бирине быйыл мамлекетке өндүрүлгөн каражатты чача турган болсок, ар бир кызматкер 1 миллион 827 миң акча өндүргөн болуп эсептелет экен. Менимче мындай иштөө темпине жогорудагы кыскартуулар кедергисин сөзсүз тийгизет. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, финансы полициясынын ички экономикалык абалды турукташтырып кармап турууга салымы чоң. Өткөндө Байболов айтып атат: "Финполиция өз кызматын аткара албай жатат. Ишкерлер менен ИИМдин ортосунда союз түзүлдү" деп. Деги эле милиция менен ишкерлердин ортосунда союз түзүлүшү мүмкүнбү? Бир гана шартта мүмкүн. Мисалы ишкер, "мен сатайын, сен карап тур" же болбосо "мен арак чыгарып, кардарга сатам, мас болгондон кийин сен аны камап, акча өндүр" деп гана биригиши мүмкүн. Башка эч кандай союз түзүү мүмкүн эмес. Экөө тең өз милдеттерин мыйзамдын чегинде гана аткарышы керек. Ишкерге эч бир орган жөндөн жөн тийишпеш керек. Мен бир мисалды айтып берейин. Бир жолу Балыкчынын постунда бир милиция кызматкери менен финполициянын бир өкүлү күзөттө турушат. Анан бир бечара той берем деп эки ящик арак алып өтүп баратса, милиция аны контрабанда деп туруп алат. Тигил финполдун кызматкери ага каршы чыгат. Аны көргөн милиция сен контрабандистке болушуп жатасын деп күнөөлөп, жанагы немени арак алган жерине кайра алып барып, 2 күн кармап, тойго алып бара жатканына ишенгенден кийин гана кое берген. Эгерде жанагы президенттин указы ишке аша турган болсо мындай окуялар күндө кайталанбаса мага кел.
- Мурдагы адвокат катары учурдагы укук коргоо органдарынын ишине кандай карайсыз?
- Учурдагы укук коргоо органдарынын жалпы ишине канааттануу мүмкүн эмес. Мисалга ала турган болсок өткөн 7 айда экономикалык кылмыштар боюнча кайра өндүрүлгөн каражатын эсептегенде ИИМ тарабынан болгону 9 милион сом өндүрүлгөн. Бул деген аныкталган зыяндын 35 гана проценти. Бул деген бекерчи дегенди түшүндүрөт. Ал эми финансы полициясы келтирилген жалпы зыяндын 67 процентин өндүрдү. Ал ортодо 30 кызматкер 11-июндан бери тынымсыз Ош окуясы боюнча иштеп жатышат. Ошол кызматкерлердин төртөөсү ИИМдин медалын сыйлык катары милиция кызматкерлеринен мурда алышты. Эң алгачкылардан болуп Ош окуясын уюштургандарды тапкандардын бири биздин кызматкерлер. Жалпысынан Ош облусу боюнча 24 кылмыштын бетин ачышты. 100 миллион сомдук зыянды кимдер жасаганын аныкташты. Жалал-Абад облусу боюнча 11 кылмыштын бетин ачышты.
Маектешкен
Адилет АЙТИКЕЕВ