ТАЛАСТЫН АЛТЫНЫ
УШУНЧАЛЫК ТАЗАБЫ?
Өткөн жылдан бери Талас районундагы Кууганды айыл өкмөтүнө караштуу Чөңөрдүн Бар-Көл деген жеринен чыгышка карай Талды-Булакка чейинки жериндеги алтын кенине россиялык " Копер Гольд" деген фирма көз артып жатат. Айыл Кеңешинин депутаттары өткөн жылы ал жерге кен изилдөөчүлөрдү киргизбейбиз деген чечим кабыл алышканда райондон келген милийсалар депутаттарды коркутуп, "Чудиновдун токтому бар, кол койбосоңор силерди таратып жиберебиз" деген ормон опуза жасашкан. Депутаттар айла жок кол коюшкан. Ошентип тигилер 3 ай иштеп, айылдын "Таза суу" долбооруна 150 миң сом которуп берип, упчу эмизип кетип калышкан.
Быйыл болсо фирма май айында кайра келип, элге лотерея ойнотуп, балдарыңарды Ысык-Көлгө эс алдырабыз деп алдап баштаган. Натыйжада 13 депутат кайра чогулуп,сессияда кирбесин деп чечим кабыл алышат. Бирок, чет элдиктер буга карабастан анализ алабыз деп Бар-Көлгө бир нече жолу жашыруун кирип кетишкен. Нааразы болгон эл 9-августтан бери жол тосуп, ал турмак фирманын өкүлү Асел Жолдошевди барымтага да кармап алышты. Мындай тирешүүнүн себебин айылдык Кеңештин депутаты Эркин Борбиевдин айтымында, фирма өткөн жылы казуу иштерин жүргүзгөн 50 чарчы метр аянттын кыртышын калыбына келтирбей кеткендиги себеп болгон. Экинчиден, казуу иштери суунун жээгинде жүрүп, ал эми ал суудан айылдын эли пайдаланат. Бар-Көлгө айылдын эли жайында малын алып чыгып отурукташып, тиричилик өткөрүшөт.
Тирешүү кандайча чечилери али белгисиз.
Таластын алтынына байланыштуу эки фирманын ортосундагы ушул сыяктуу тирешүү жакында Жер -Үй алтын кенинде да болуп өттү. Ал чатакка обладминистрация киришип, маселе убактылуу дымып турат.




Чара көрбөйсүңөрбү "туугандар"?
Закиржанды кетирсек эле заңгыраган жашоого барабыз деген үмүт акырындан үзүлүп, бийликти аралаган "келемиштер" өлкөнү мурункудан ашыра талап-тоноо үстүндө. Буга Бишкектин жол коопсуздугун тейлеген кызматты кошсок болот. Бакиев учурунда бадырайып иштеген светофорлор иштебей, Бишкектин чоң көчөлөрүндө кагышкан унаалардын саны көбөйгөнүнө шаардын тургундары күн сайын эмес, саат сайын күбө болууда. Маселен, Бишкектин Манас менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишкен жериндеги светофор иштебегендигинин айынан бир суткада төрт жол кырсыгы катталган. Бактыга жараша адам курмандыктары болбоптур. Бирок, кымбат баадагы унааларга келтирилген зыян миңдеген долларлар менен өлчөнүүдө. Сутка ичиндеги төртүнчү кырсыкка кабылган унаалардын номери 6566 жана 6567. Албетте, аталган кырсыктардын эң башкы күнөөкөрү мамлекет. Анын ичинде жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматы. Угушубузга караганда, элдик революциядан кийин ал кызматка кыргыздарга кылы кыйшайбаган "жөөттөрдүн" бири отурган. Анын азабын минтип ондогон жарандар, кыргыздар тартып отурат. Кечээ, Белоконь, Надель, Елисеев, Ширшов, Никитин, Каганер, Гурьевичтердин азабын тартсак, бүгүн башкалардыкын тартып жатабыз. Азыркы учурдагы ээрде отурган азаматтар Бакиевди кулатарда жөөттөргө каршы сүйлөп жүрбөдү беле… Кыргыз деп жалгандан сүйлөгөн бийлик билермандарынын алар менен шилекейлешип алганын кантип түшүнөбүз. Чара көрбөйсүңөрбү "туугандар"?


Шералы деген шер чыкты
Мамлекеттик мүлк министрлиги түзүгүрөөк жетекчиге жетпей, багы ачылбай келет. Өлкөдөн качкан эки президенттин тушунда Турдумамбетовдун май-талканына айланып, кичинесинен баштап мамлекеттик маанидеги обьектилерге чейин майкандап жибергенин элдин баары билет. А киши азыр үй камагында отурганы гана болбосо, беш салаасынан май агып, жети муунга жете турган байлыкты чекесинен кемирип жатыр. Апрель окуясынан кийин, аталган орунду кучактаган Шералы Абдылдаев деген азаматтын кумарпоз экендиги жөнүндөгү кептер эл арасында желдей тарады. Маммүлккө келери менен капчыгы калыңдаганбы айтор, учурда шаардагы "казинолордун эшигин жыртууда" дешет. Жакында эле Чүй-Карпинка көчөлөрүндө жайгашкан "Вегас" аттуу кумар клубуна 400 доллар уттуруп койгонун көзү менен көргөндөр айтып келишип, мамлекеттик үлкөн чиновниктин жосунсуз жоругуна таң берип кетишти. Эми мындай чиновниктер үчүн 400 доллар эмес 4 миң деле чымын чаккандай болбостугу белгилүү деңизчи, бирок, элге үлгү болор мамлекеттик чиновниктин минтип жүрүшү акылга сыйса да абийирге сыйбастыр. Таскагы ташты жарган таластык Шералы мырзанын колдогон тизгиндөөчүлөрү барбы же анын таянганы "Опол" тообу.


Алтай - Ала-Тоо жүрүшүнөн
Манас атабыздын арбагын сыйлагандар Алтайга карай бет алганын баары билет. Алтайга барган ала тоолук зыяратчылар Алтай Республикасынын борборунан 250 чакырым алыстыкта жайгашкан Чамалган өрөөнүндөгү Манастын туулган жери катары белгилүү Кан-Тоого чыгып, сыйынуу ырым-жырымдарын өткөрүп, Кан-Тоонун жанындагы көлгө жетип, жүз чайып тилек айтып, сыйынып, ошол жердин топурагынан алып кайра тартты. Бизге жеткен маалыматтар боюнча кырк жылкы минип кайра тартчу топтун түйшүгү көбөйүп, ветеринардык кагаздары жоктугунан чек ара бекеттеринен өтүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Албетте, биз мындай түйшүктөр чукул арада чечилип, Манас атабыздын арбагын ыраазы кылар иш-чара өз нугунда, белгиленген мөөнөтү бүтүшүн тилеп турубуз. Кандай кыйынчылык болсо да, кыргыз жигиттери аны жеңерине ишенебиз.


Токтогулда суу кекиртектен
Закиржандын убагында түбү тешилген Токтогул суу сактагычы анын кетиши менен толкуп-ташып, суу мелмилдеп эле жатып калды. Тактап айтсак, суу сактагычтагы суунун көлөмү19 млрд. 319 миллион болду. Бул толду деген сөз. Анткени, Токтогул суу сактагычына 19 жарым миллиард куб суу батат. Белгилей кетсек былтыр ушул маалда 12 миллиардга жетпеген суу болгон. Кудай буюрса, быйыл элибиз тезек тербей, жарык үйдө кышты тосчудай болуп калды.


Аламанга 57 партия аттанды
Дарамети жеткени-жетпегени да, элден колдоо таба алар-албасы дагы "ат дарбыса эшек кошо дарбыйт" болуп, Парламенттик шайлоого жалпысынан 57 партия арыз жолдоду. Эми кол топтоодон, акча корунан, тизме түзүүдөн бир канчасы кулашы мүмкүн. Анткени партиялар шайлоого катышуу алдында күрөөгө 500 миң сом каражатын төлөшү керек. Андан соң өз талапкерлерин көрсөтүү боюнча курултайларды өткөрүп, тизмесин тизүүсү кажет. Аламанга аттангандардын көп болгону бир жагынан алгылыктуу иш болсо, экинчиден коркунучтуу жагы бар. Алгылыктуусу демократиянын өсүшүнө чоң салым кошуп, көп пикирдин болушун шарттай алат. Коркунучтуусу өтпөй калган партиялар жеке амбицияга алдырып, катар-катар митингдерди өткөрүп, мамлекеттин өнүгүшүнө, өлкөнүн тынчтыгына кедергесин тийгизиши ыктымал. Кандай болгон күндө да эл башкарам деген эрендер кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн ойлошсо.


"Алиби" пресс