Эрке Кыз:
"Франциядагы Эйфель мунарасына чыккым келет"
Ар дайым эле тажатма саясаттын артынан түшө бербей ар тармактагы чыгармачыл чөйрөнүн жылдыздары менен маектешип, окурмандарга алардын жеке турмушу туурасында кеп салууну туура көрдүк. Бул ирет "Алмаз" радиосунун булбул үндүү ди-джейи, Эрке Кыз аттуу ысым менен жаш жигиттердин жүрөгүнө чок салып жүргөн Зарина Кадырбек кызы менен маектештик.

Балалыгым : Төрөлүп, өскөн жерим Сокулук районундагы Белек айылы. Балалыкта өтө деле шок эмес элем. Тескерисинче аябай адептүүрөөк болчумун. Апам айтат, "баладай болуп ыйлап койчу эмессин, аябай жоош болчусуң" деп, кичине эс тартып калганда оюнга тойбой, эртеден кечке эле көчөдө жүрчү экенмин. Тез-тезден кошуна балдар кыздарды чогултуп алып "мен концерт берем силер мага гүл бергиле деп мандайыңа тизип олтургузуп алчусуң" деп күлүп калышат. Үйдөгүлөр (байкуштар уккулары келбесе деле кол чаап, мага гүл беришчү) ошондон улам мени ырчы болот деп шаардагы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке берип коюшкан. Ал жерден өтө эле тың, жакшы окугам. Мамам мени эмнегедир ырчы болсо деп ойлочу экен. Бирок мен окууну аяктап, журналист болом деп 7-класстан бери кыялдангам. Ошол себептен үйдөгүлөрдүн айтканына көнбөй КУУга журналистикага тапшыргам. Кудайга шүгүр күздө диплом алам.
Жашоодо: Шайыр, ак көңүлмүн, бирөөнүн көңүлүн ооруткум келбейт. Эң негизгиси өтө ачыкмын. Кээде мамам урушат "кичине кыздардай болуп назданып жүрбөйсүңбү, ит менен куш менен деле сүйлөшө бересиң" деп, жоош адамдарды көргөндө буулугуп, кыйналып кетем сүйлөбөй кантип жүрүшөт деп.
Үй- бүлөбүз тууралуу айта турган болсом атанын да эненин да ролун ойноп келген мен идеал туткан жашоодогу эң эле күчтүү айым менин мамам Нуржан жана сүйүктүү байкем Чыңгыз. Тагдырдын буйругу экен, тилекке каршы папам мен бир жашка чыга электе каза болгон. Ошондон бери үчөөбүз жашап келебиз, байкем экономист. Мени "блатная" деп эркелетет.(Кээде кыйынсынып сүйлөп коем да ошон үчүн го) Мүнөзү катаал. Кээде курбулар менен бир жакка барыш үчүн мамамдан эмес, байкемден суранышым керек. Анткени анын сөзү биз үчүн мыйзам, эч жакка чыгарбайт! Жада калса курбуларымдын туулган күндөрүнө да жибербейт. Дагы мен жакшы көргөн ар убак урматтап сыйлап келген атам менен апам бар. Атамдын аты Женишбек, апам Алима. Аларга мен абдан ыраазымын. Кичинекейимде апам кимди жакшы көрөсүң, мени би же мамаңдыбы деп көп сурачу. Мамам десем апам таарынат, апам десем мамам таарынат деп мамам жаныбызда болсо жооп бербей качып кетчүмүн. Ал эми мамам жокто сизди жакшы көрөм, мамам жаман деп койчумун. Шаарда жүрүп, аларды абдан сагынам. Жума сайын айылга барганга аракет кылам.
Кыялым: Кыргызда сөз бар эмеспи "Атың чыкпаса жер өрттө" деген. Келечекте кыргыз элинин керегине жараган мекенимдин атактуу кызы болсом! (өтө мекенчилмин) Францияга барып Эйфель мунарасына чыккым келет. Ал үчүн чоң аракеттерди көрүүдөмүн, француз тилин үйрөнүп жатам. Буйруса кыялдарымды орундатууга алым жетишинче аракет кылам.
Сүйүүдө: Мен азыр жашмын. Бирок сүйүүгө туруктуу экенмин, жүрөгүмдө бир гана адамга арналган аруу сезим бар. Ал эми жетпей калган сүйүү гана чыныгы сүйүү деп эсептейм. Сүйүүнүн бар экенине ишенем, бирок сүйүү адамды бактылуу кыларына ишенбейм!

Баарлашкан Бейшен КАДЫР




КУТТУКТАЙБЫЗ!!!

"Алиби" гезитинин саясий баяндамачысы Машакбай РАХМАНКУЛОВду туулган күнү менен куттуктайбыз. Кесиптешибизге биринчиден ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайбыз! Ар дайым ишиңизди ийгиликтер коштоп, үй-бүлө, бир туугандарыңыз менен аман болуп, бар болуңуз!!!
"Алиби" гезитинин
эмгек жамааты





КУТТУКТОО!!!

Асанов Чыңгызды 19-август туулган күнү менен куттуктайбыз! Ар дайым ата-эне, бир туугандарың менен бирге болуп, балалыктын бактылуу күндөрүндө өмүр сүр. Келечекте кыргыз элинин керегине жараган патриот эр-азаматтардан бол.
Гүлзат, Элдияр





ИНСТИТУТ СОЦИАЛЬНОГО РАЗВИТИЯ И ПРЕДПРИНИМАТЕЛЬСТВА (ИСРиП)
объявляет набор абитуриентов на 2010/2011 учебный год на контрактной основе
по следующим специальностям (стоимость обучения очно/заочно в сомах, согласовано с Госагентством антимонопольного регулирования при ПКР, приказ №188 от 25 июня 2010года):
Лицензия АЛ № 260 от 26.09.2003г. Сертификат ЖОЖ № 000126 от 03.07.2009г.


Социальная работа (11 000/9 000)
Организатор социальной работы;
Работа с различными социальными группами.
Психолог-практик.
Финансы и кредит (14 000/11 000)
Налоги и налогообложение; Банковское дело;
Финансовый менеджмент.
Бухгалтерский учет, анализ и аудит
(14 000/11 000)
Бухучет, анализ и аудит в предприятиях;
Прикладная информатика (14 000/11 000)
Информатик-экономист;
Информатик-менеджер.
Социально-культурный сервис и туризм
(14 000/10000)
Менеджмент в гостинично-туристическом
бизнесе; Туристско-экскурсионная деятельность
(гид-переводчик).
Менеджмент организации (14 000/11 000)
Менеджмент в малом и среднем бизнесе;
Муниципальное управление

Сроки обучения: на базе общего среднего образования-5лет очно, 6-заочно; на базе среднего профессионального образования- не менее 3,5 года заочно; на базе высшего профессионального образования- не менее 2,5 года.
Зачисление проводится по результатам вступительных испытаний, в виде собеседования (бланочный опрос) в срок сдачи документов с 12 июля 2010 года.
По сертификату Республиканского тестирования абитуриенты принимаются на общих основаниях.
Институт осуществляет прием, перевод и восстановление студентов из других вузов.
Юношам очной формы обучения предоставляется отсрочка от службы в армии на весь срок обучения в институте.
Необходимые документы для поступления:
Документ об образовании (аттестат или диплом);
мед. справка ф. №086-у; 6 фото размером 3 4;
паспорт, военный билет или приписное свидетельство предъявляются лично.


Прием документов с 16 июня 2010 года очно до 20 августа, заочно- до 25 августа.
ИСРиП является государственным высшим учебным заведением.
Адрес: г. Бишкек, пр. Манаса,22а, тел.: 31-87-43, 31-86-32, 31-87-65