Бабыр кеп!

"Ийри таяктан түз көлөкө түшпөйт"
РЕДАКЦИЯдан:
"Учур" гезитинин 10-июлдагы санында "Алиби" гезитинин кожоюну Бабырбек Жээнбековду, анын уулу Равшан Жээнбековду далили жок, каралаган автору Турдухан Жумабекова болуп көрсөтүлгөн "Ийри таяктан түз көлөкө түшпөйт" деген макала жарык көрдү. Биз бул макаланы "Алиби" гезитинин окурмандары да окуп, таразалап көрүүсү үчүн чып-чыргасын коротпой, толугу менен кайра жарыялайбыз. Бул макаланын артында ким турганы бизге белгилүү. Ушак менен ууландырылып жазылган макаланы басып чыгарган "Учур" гезитин өз абийирине койдук.

Бабырбек Жээнбеков дегенди эзели эч ким таанычу эмес. Катардагы эле аты-жыты жок бирөө болчу. Баласы Равшан министрлик орунга келип, мамлекеттик мүлк жаатында "катуу иштеп", бай-бачага айланганы эле чыга калды. Угушубузга караганда, ал буга чейин адвокаттык кылып жүргөн имиш. Бирок, биз Бабырбек деген адвокатты деле байкаган жок элек. Анан эле "Алиби" деген гезит ачып, айгай сала баштады. Же бир журналистикага мурда-кийин тиешеси болсочу. Бабырап эле башаламан нерселерди басма сөзгө бажарып жүрдү. "Пулуң болсо, иштеп берем" деген заманда профессионал жазмакерлер келип, аталган гезиттин атын чыгарды. Ал гезит тууралуу "Ата-баланын эмгек кылган гезити" дегендер да арабызда аз эмес.


Эми ошол Бабырбек кайран "Алиби" гезити аркылуу ар кимди согуп жазып, өзгөчө Таластын көзгө басар чыгаан жигиттерин жамандап, аларга бут тосуп, кылбаганды кылууда дейт. Гезитин ача калсаң эле Таластын бир мыктысын төпөштөп жаткан болот. Башка региондун редакторлору өз өрөөнүнөн чыккан мыкты жигит-кыздарын мактап, жактап, жаманын жашырып, жакшысын ашырып жазып келишет. Ал эми Бабырбек болсо, ар качан таластыктарга тиш салып, өз уулун гана асмандан түшкөн периштедей кылып суу жуктурбай, сандан-санга сүйрөп, сүрөтү менен мактап чыгарып келет. Равшанчик болсо уялбай этпей эле гезитинин биринчи бетине өзүнүн сүйүктүү сүрөтүн койдуруп, ичине ойду-тоону оттогон материалдарын байма-бай жарыялайт.
Баса, өткөндө 7-апрелден кийин абактагысы абактан, алыстагысы алыстан чогулуп келип кызмат бөлүштүрө баштаганда Бабырбек оозу-мурду кыйшайбай туруп, "Мага Юстиция министрлигин, уулума Тышкы иштер министрлигин бергиле" дегенби? Анысы алиге чейин анекдот болуп айтылып жүрөт. Аргасыздан бир кездери "бийлик алмашып калса, Башпрокурорлукту мага бергиле" дегени да эске түштү. "Кайран киши ченебей амбиция күтүп, эпсиз мансапкор болгонбу?" деп баш чайкап тим болосуң. "Акыретчил акыры жетет" болуп атып, аягында Монополияга каршы мамлекеттик агенттикти алып жаны тынды. Ал жерде кантип иштеп, не кылып жатканы да табышмак.
Баарынан кызыгы, азыркы күндө "Алибисине" айтылуу чоң "шыбакчы" Асан Шыгаев дегенди башкы редактор кылып алып келди. Асан шер кезинде, Акаевдин оппозициячыларын армансыз шыбап атып, 3 бөлмөлүү үй алган эле мамлекет башчысынын колунан. Аны өз кесиптештери эле Асан "Шыбаев" дешип, шыбакчылыгына татыктуу ысым ыйгарып коюшкан. Бабырбек кайран баласы Равшандын кадыры Таласта таптакыр эле жок калганын жону менен сезип, эмитен эле ага жол тазалагысы келип, таластык мыкты чыкмаларды мээлеп алып, маселен, кадыр-барктуу Өмүрбек Бабановго армансыз асылып, жумадан-жумага созулган жөө жомокторду ойлоп таап, анысын баарын алиги шыбакчысына чиймелетип жатат. Бу Асан кургур да парламенттик шайлоолордон кийин аянбай кылган эмгеги үчүн ата-бала Жээнбековдордун колунан 2-3 бөлмө үй алып калышы мүмкүн.
Ал эми андай үй тартуулап коюш буларга кеп эмес. Анткени, кезинде Равшанчик министр болуп турганда катуу боюн көтөрүп, бай-бачадай байыган. Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Асыл-Таш" пансионаты эле "чего стоит"? Анын башка мүлктөрүн санабай эле коелу. Атүгүл атасына да Аламедин кичи району тараптагы нан заводду тартуулап жиберген дейт. Атасы болсо, нан заводду нандай туурап, кирпичине чейин сатып туруп, "чыйт" түкүрүп басып жүрөт. Элибиз эзелтен эле нанды улук тутуп, нандын касиетин асмандатып келет эмеспи. Ал эми Бабырбек баатырдын нан заводун нандай чайнап жутуп салганы неси?
Баса, ушул күндөрү "Алибиге" атасы Бабырбек келип, "СДПКга тил тийгизбе, Ата Мекенди сок" десе, баласы Равшанчик келип, "Ата Мекенге тийбе, СДПКны сок" деп редакция жамаатынын мээсин айлантып, ал байкуштарга да убал болуп жатканын угуп калдык. Мындан өткөн кызык болорбу?
Биз буга чейин атасына жабышып жатып адам болуп алган балдарды, эрине эрмешип атып эптеп кыйын болуп чыга келген аялдарды көрүп келгенбиз. Ал эми баласына чырмалып, анын аркасы менен адам болгон кишини биринчи көрүшүбүз. Мындайда жакабызды кармап, келме келтиргенден башка арга таппадык. Анын үстүнө "Ийри таяктан түз көлөкө түшпөйт" деген эмеспи, кеменгер кыргыз элибиз.
А.Акаев менен аялы Майрам апчеси алдейлеп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, кызматтан кызмат тандатып, бапестеп келген Равшанчиги 2005-жылкы парламенттик шайлоодо "ойт" берип, акаевдерди дүңүнөн "сатып" туруп баса берди. Бала кезден жетелеп жүрүп жетилткен немеси каратып туруп сатып кеткенде, экс-президент менен экс-канайымдын эстери ооп, күйбөгөн жерлери күл болсо керек. Атүгүл, Равшанчиктин мындай жоругуна жумурай журттун оозу ачылып, Алласы оозунан түшпөдүбү ошондо. Атасынан алтымыш эсе көп жакшылык кылган адамдарын ойлонбой туруп "кидайт" эткен неме, кимге жакшылык кылып, кимдин чекесин жылытмак эле деген ойдо калдык баарыбыз.
Ошондо Таластан Жалал-Абадка сабалап бара калып, Бакиевдердин митингинде бакырып сүйлөп, батасын алып, баарыбыздын оозубузду ошту каратты. Жакабызды кармап, келме келтирип тим болдук. "Мал арыгын семиртсең ооз майлайт, киши арыгын семиртсең ооз кандайт" деген ушул экен дедик ошондо. Ага чейин Алладан мурун Акаевге сыйынган, Айдар, Берметтердин алдында дос болуп жүргөн неменин андагы жоругу саткынчылыктын эң бийик үлгүсү болуп калды. Атаңдын көрү, мындай өтө ыплас касиет бала-чака, эл-журтка жукпай өз башы менен кетсе экен. Илгери айтылуу Чыңгыз хан өз өкүмдарларын сатып келген чыккынчылардын башын алып салчу. Равшанчиктин ошол доордо эмес, азыркы заманда жашап калганы абийир болуптур. Учуру келгенде ушул күндөрдүн да тарыхы жазылып, балдарга окутулар. Ошондо жаш жеткинчектер эң начар, туруксуз, саткынчы балдарды "Равшан" деп чычалатышпаса болду. Аман болсок ал күндөр да алыс эмес.
Ал аз келгенсип, Таластагы шайлоого барып, арадай жерге чарадай чыр салып, дөө-шаа саясатчыдан эмес, катардагы эле бир карапайым фермерден жеңилип калган. "Эр эсептен жаңылса да, эл эсептен жаңылбайт" деген чын экен, жумурай журт өз таман акы, маңдай тери менен оокат кылган фермерди түп көтөрүлө колдоп, а Равшанга сыртын салып койгон. Ошол шайлоодо атасы Бабырбек бир жагынан таластыктардын шайын оодарган. Акыр аягында Равшан салпылдап ээрчип жүргөн санаалаштарынан да жүзүн буруп, баса берген. Ошондо, айрым аялдар көтөрүп чаап алышып, "сен эркек эмессиң" деп аялуу жерине аябай зыян келтирип жиберген дешет. Кийин "АКШда окуп жүрөм" деп чыкканда, "Окубай эле баягы жерин дарылатып жатат" деп жүрүшкөнүн кулагыбыз чалган.
Неси болсо да, булар абийир, уят, ар-намыс деген түшүнүктөрдү уруп койбой сабалап бара жатышат. Эл элеги гана буларды эсине келтирээр эртеңки шайлоодо.
Мына ушундай. Ал эми "Алиби" гезити аркылуу тыңчыкма Өмүрбек Бабановго баткак чачыратып, көөлөп, аны көралбай атышканы кандай? Астыда шайлоо келатат, дал ошол күрөштө Өмүрбек мырза Равшандын өз айылынан жогорку добуш алып кетсечи? Бизге белгилүү болгондой, таластыктардын басымдуу көпчүлүгү татыктуу ой-пикирин ортого салат деп ишенебиз. Кимдин-ким экенин билип калышты!


Турдухан
ЖУМАБЕКОВА