Керим Сарбашев:
"Түштүктүктөр коррупционер, ал эми түндүктүктөр "ак карга" дегени жакшылыкка алпарбайт"
Салык кызматында "бөрк ал десе баш алган" жасоолдордун айынан ич ара тиреш ыйлаакчадай шишип, жарылганы турат. Жердешчиликти туу туткан жетекчинин айынан өлкөнүн бир тармагы ички кризиске баткандай. Биз аталган тармактагы орунсуз текшерүүлөр боюнча гезиттин мурдакы сандарында маалымат бергенбиз. Ошону толуктап, кээ бир аткаминерлердин алешем саясатын ачыкка чыгарган маекти назарыңыздарга салууну эп көрдүк. Анда биз менен болуңуз.


- Керим Мырза текшерүүлөр токтодубу, кепти ушундан баштасак?
- Эй иним, бул текшерүүчүлөр ит эле болду. Эки айдан бери ИИМдин кызматкерлери менен Каржы полициясынын кызматкерлери бир ишти "мен текшерем, сен текшересиң" деп, бир эркекти талашкан эки аялдай чачташты. ИИМдин адамдары "Каржы полициясы жоюлган текшере албайт" дейт, "указды көрсөтчү жоюлду деген" деп каржы полиция кызматы чыгат. Иши кылса ит менен мышык.
- Акыры эмне менен бүттү?
- Каржы полиция кызматынын кызматкерлери Башкы прокуратурадан санкция алып келишти, ИИМдин адамдары оозунан жемин алдырган чымчыктай болушуп кабинетти, алган документтерди тапшырып беришип кетишти. Бирок, ИИМдин балдары кетери менен Бишкек шаарынын оперлери Нурбай уулу Советбек баш болгон топ, эч нерсеге карабай басмачылардай болушуп, решеткалардан секирип киришип, (далилдөөчү тасма бар) бизди алып кеткени келишиптир. Повестка бербейсиңерби десек Башкы Прокуратуранын санкциясын көрсөтүп, "начальник алып кел деди биз алып барышыбыз керек, повестка жок" дейт. "Биз силерге мал эмеспиз айдап кеткидей" деп баш тарттык. Аз жерден мушташ чыгып кете жаздады...
- Эми текшерүүнү Каржы полициясы калыс, маданияттуу жүргүзөр?..
- Эң кызыгы ушул жерде болуп жатпайбы. 2008-жылдын 15-декабрында форма тиктиргенге жана эмерек алганга Каржы министрлигинен кошумча акча бөлүнгөн, тендер өткөзөлү десек убакыт тар, 30 күн керек, болбосо акча күйүп кетет, жылдын аягы болуп калган. Ошондуктан, биз Мамлекеттик сатып алуу кызматына бир жерден алалы, форманы Коргоо министрлигинен тиктирели деп кат жазганбыз, айтмакчы Каржы полиция кызматы да форманы ошол жерден тиктирген. Бардыгы мыйзам чегинде бүткөн, 2009-жылы Эсеп палатасы менен Каржы полиция кызматы экөө текшерген, баары жайында. Эми кайрадан текшерип "эмеректи кымбат алгансыңар" дейт опер Нурлан Байботоев. Ал 2008-жылы Мамлекеттик сатып алуу кызматында уруксат берген бөлүмдү жетектеген, өзү текшерип "баары жайында" деп кол коюп макулдук берген. Эми Каржы полиция кызматына опер болуп алып, мыйзамды бузгансыңар дегени акылга сыйбайт. Мен сурадым: "эмнеге ошондо болбойт дебедиң, эмнеге уруксат бердиң, сени бирөө кыйнадыбы же сен Сталинге окшоп бир колуң менен жасатып, эмнеге жасадың деп экинчи колуң менен өлтүртөсүңбү?" десем, жооп бере албайт. Дагы кызыгы Финпол кат аркылуу 2008-жылдын башында өткөн счет-фактуранын тендерин сурады. Мен ойлодум бул жерде мыйзам бузуу бар эле, бир эмес 2008-2009-эки жылдык көлөмгө тендер өтүп калган, 16 млн. сом бөлдү деп, сураган документтерин бердим. Каржы полиция кызматы карап көрүп, иш козгобой койду. Көрсө, А.Келдибеков эмес андан мурдагы төрага Т.Курманбековдун кезинде өткөн тендер экен. Кимди издеп жатканын өзүңүз түшүнөрсүз. Э.Булекбаев адилетсиздикти өтө эле көп көргөн, намаз окуган таза киши, ошондуктан оперлердин жоруктарына бөгөт коет деген ишенимдебиз.
- Мамлекеттик кызматтын башчысы Ч.Арабаев өзү жыйналыш өткөзүп, салыкчылардын арасында түндүк-түштүк маселеси өтө күчтүү экенин моюндады дешет, чынбы?
- Бул жерде трайбализм, трайбализм жана трайбализм. Мына 7-апрелден кийин Убактылуу Өкмөт келип, Президент шайлап, эми жаңы турмушка кадам таштайбыз деп үмүт кылдык, бирок, кээ бир жетекчилердин айынан кайрадан артка кетип жатабыз. Бизге Адылбек Касымалиев жетекчи болгондон бери борбордук аппараттан, Бишкек шаарынын райондорунан, жети башкармалыктын жетекчилери, орун басарлары, көптөгөн бөлүм жетекчилери жана адистер ар кандай себептер менен жумуштан алынган, көрсө ошолордун баары түштүктүн кулундары экен. Эмне үчүн түндүктүн балдарынын бирөө да жумуштан алынбайт, жок дегенде бир-экөөн жумуштан алып, ушулардын катарына кошуп койбойбу… Түштүктүктөр коррупционерлер, ал эми түндүктүктөр "ак карга" дегени жакшылыкка алпарбайт. Маселен, алты айлыкта Ленин району 114 пайыз өсүш, 1-май району 113%пайыз өсүш берди. Бирок, бул жетекчилер жумуштан алынды. Ушинтип эң алдынкы балдар жумуштан кетип жатышат. Болгон шылтоолору эле шаардын мэри И.Өмүркүлов "жумуштан алгыла" деп түштүктүн балдарына көрсөтмө кат (представление) берип жатыптыр, план боюнча Республикада алдыңкы болсо да, кызматтан шыпырылды. Республика боюнча эң начар иштеген, алты айлык планды аткара албаган Токмоктун салык кызматынын орун басарын дайындады. Ал киши кетери менен Токмокто план 104% пайызга көтөрүлдү. Муну А.Касымалиевге кошулуп Бишкек шаардык салык кызматынын жетекчиси Кылычбек Жаныкулов жасоодо. Мэрдин бир тууган өкүл баласы. К.Жаныкулов жумуштан кетпесе трайбализм эч качан токтобойт. Ушул маалымат чыгып калса, И.Өмүркулов он мүнөт көңүл буруп, өкүл баласы эмне кылып жатканын териштирет деген үмүттөмүн. Мен көп эле жерде иштедим, бирок, А.Касымалиев, К.Жаныкуловдой түндүк-түштүккө бөлгөн трайбалист адамдарды көргөн эмесмин.
- Арабаев агабыз буларды билдиби?
- Ч.Арабаев бизди кунт коюп укту, болгонун болгондой айттык. А.Касымалиев башын көтөрө албай, тердеп, колдору титиреп, эч нерсе айталбады. Актанарга сөз таппады. Ч.Арабаев аябай уяткарды, "түндүк-түштүк проблемасын козгогон адам бул кыргыз элинин душманы. Мен Роза Отунбаева менен тез-тез сүйлөшүп турам, ал адам эч качан түндүк-түштүккө бөлбөйт, эч кимге эч кандай тапшырма бербейт" деди. Анткени, А.Касымалиев дайыма эле жогорку жактарга шылтоолой берчү эле "Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, Т.Сариев, мына ошолор ал деп жатат" деп. Эгер Ч.Арабаевдин таамай сөздөрү А.Касымалиевге жетсе, өзү эле К.Жаныкуловду ээрчитип, кетип калса болот.
- Эми эмне кылалы деп жатасыздар?
- Ч.Арабаев жыйналыш өткөзгөндө сыртта балдар чогулуп калыптыр. Мен чыгып, "азыр тополоң кылбагыла" дедим. Алар "эки-үч күн күтөбүз, андан кийин газетага жазабыз. Эгер жыйынтык болбосо бир күн пикетке чыгабыз, дагы болбосо эки күн ачкачылык жарыялайбыз, анда да болбосо Ош-Эркештам жолун жаап жатып алабыз. Бизге кимди койсо да иштеп беребиз, бирок А.Касымалиев, К.Жаныкуловго окшогон трайбалисттер кетсе болду" дешүүдө.
- Айтыңызчы, мындай жаман илдеттен качан кутулабыз?
- Мындан 4-5 жыл мурун Равшан Жээнбеков "Байтур" мончосунда айтты эле: "Биз кыргыздар качан өч алууну токтотуп, кечиримдүү, айкөл, бир туугандай болгондо оңолобуз" деп. Мен ошондо көп көңүл бурган эмес экенмин, ал жерде отурган элдер "бали" дешти эле. Равшандын ошондогу сөзүнө мен эми маани берип жатам.

Памир МАНАС