Тергөө

Гезитибиздин өткөн санында түштүк коогалаңында ажал тапкан Базар-Коргон районунун тургуну, милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун кандайча болуп өлтүрүлгөнүн жазганбыз. Ошондой эле бул окуя туурасында Жалал-Абад облустук прокуратурасынын иликтөөсү чагылдырылган. Анда Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө себепкер Азимжан Аскаров жана Ш.Мирзалимов экендиги айтылган. Гезитибиздин бул санында Сулаймановдун өлүмү боюнча тергөө ишинин иликтөөсү төмөндө уланат.


Мыктыбек Сулаймановдун аянычтуу өлүмү
аянычтуу өлүмү
(Уландысы. Башы өткөн санда)

Азимжан Аскаровдун айыбы угузулуп жатканда жогорку көрсөткүчтөгү адвокаттар А.Абылакимов жана атайын Бишкектен келген М.Токтакунов катышып, алар өздөрүнүн коргоосундагы Аскаров, Мирзалимовдор менен кенен жана тоскоолдуксуз сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Жогорудагы кылмышка шектүү деп аталган адамдардын айыбын сурак учурунда ондон ашык күбө тастыктаган.
24-июнда Жалал-Абад областтык прокуратурасына айыпталуучу Азимжан Аскаровго милиция тарабынан уруп-согуу болуп жатат деген арыз менен жактоочусу Н.Токтакунов кайрылган. Жазылган арыздын негизинде Жалал-Абад областтык прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада камакта чогуу отурган М.Махмуджанов ич ара келишпестиктеринен улам А.Аскаровго кол көтөргөн. 25-июнда айыпталуучу А.Аскаров Жалал-Абад областык прокуратурасына М.Махмуджановдун ага болгон аракети үчүн эч кандай кылмыш жообуна тартпоосу жөнүндө арыз жазган. Ошондой эле ал арызында милиция кызматкерлерине карата эч кандай доосу жок экенин белгилеген. Экинчи жолу сотмедэкспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Азимжан Аскаров Базар-Коргон РИИБнин ИВСтинде отурганда төрт жолу коомдук уюмдардын укук коргоочулары менен жолуккан. Ошондой эле 17-июнда "Хьюман райтс вотч" аттуу өзгөчө кырдаал боюнча уюмдун директорунун орунбасары Анной Нейстат, 22-июнда "Акыйкат" уюмунун директору В.Гриценко, 23-июндан 9-июлга чейин "Красный кресттин" өкүлү Елена Ешану жана Малхаз Харибабан менен жолугушкан. Андан сырткары, А.Аскаров жактоочулары А.Абылакимов, Н.Токтакунов менен дайыма тоскоолдуксуз байланышып турат.
5-июлда облустук прокуратуранын иликтөөсү "Азимжан Аскаров камерада чогуу отурган Махмуджанов менен уруша кетип, денесине жаракат алган. Ал эми милиция кызматкерлери тарабынан уруп-согуу катталган эмес"-деп белгилеген. Базар-Коргон райондук прокуратурасы, айыпталуучу Азимжан Аскаровго сурак жүргүзүп жаткан учурда анын жанында сөзсүз түрдө адвокаттары катышат деп билдиришет. Ошондой эле сот тарабынан айыпталуучулардын баш коргоо чаралары өзгөртүлбөстөн камактагы бойдон калтырылган. Айыпталуучу Азимжан Аскаров кылмыш иши боюнча коюлган айыптарга макул эмес. Ал эми Мыктыбек Сулаймановдун үй-бүлөсү, туугандары, райондун эли камактагылардын баш коргоо чарасы өзгөртүлбөшүн жана бардык иш мыйзам чегинде, акыйкаттуулук менен чечилишин талап кылышат. Учурда жогорудагы окуя боюнча Жалал-Абад прокуратурасынын тергөөсү уланууда. Облустун прокурору Каныбек Турдумамбетов жогорудагы кылмыш иши боюнча тергөө аяктап калганын, жакында сотко өткөрүлөрүн билдирди.

Базар-Коргондун элин жана чоң көпүрөнү сактап калган Мыктыбек Эл Баатырлыгына татыксызбы?
Мыктыбек Сулайманов курман болгондон кийин майор чини берилди. 13-июнда Бишкек-Ош жолунда Базар-Коргон көпүрөсүнө колдоруна ар кандай куралдарды, темирлерди кармаган 500 өзбек улутундагы адамдар чогулган. Базар-Коргондуктардын айтымында, чогулган өзбек туугандар көпүрөнү жардырышмак. Мына ошондо Сузактан кыргыздар бери өтө албай калмак да, өзбек туугандар районду канга боеп, Өзбекстанды көздөй өтүп кетишмек экен. Бул жерден Мыктыбектин мыктылыгын айта кетпесек болбойт. Чогулган өзбек туугандарга Базар-Коргон РИИБнин начальниги баш болгон отуздай милиция кызматкери сүйлөшүүгө куралсыз барышкан. Мына ошондо чогулган өзбек туугандардын арсынан чагымчылар чыгып, начальник милицияны таш бараңга алышат. Начальнигин коргоо милициянын милдети болгондуктан, Мыктыбек аны коргоого аракет кылат. Ошондо өзбек туугандар Мыктыбекти курчап калышат. Ал эми калган милициялар токмоктолуп артка кайтышып, куралдарын алып коогалаңчыларды басууга келишет. Өкүнүчтүүсү алар жардамга келген маалда Мыктыбектин жансыз денеси табылган. Коогалаңчылар Мыктыбекти өлтүрүп алгандан кийин гана эстерине келишип, "мостту жардырабыз" деген чагымчылардын тилектери ишке ашпай туш-тушка тарап качып кетишкен. Мына ошентип, бир капитандын өлүмү менен Базар-Коргондун көпүрөсү жардырылбастан, эли жабыркабастан аман калган. Мындан улам эрдик менен ажал тапкан капитан - Кыргыз Эл Баатырына татыксызбы деген суроо туулат? Кыргыз милициясы жабыркап, жапа чегип турганда Мыктыбек Сулаймановдой кызматкерге Эл Баатыры наамы берилсе, артында калган кесиптештерине дем, күч, кубат кошулуп, эл жерине болгон патриоттуулугу артат деп ишенебиз!!! Ошондой эле Сулаймановго Эл Баатыры наамын берүүнү Базар-Коргон районунун эли да суранып, редакцияга Президент Роза Отунбаеванын наамына жазылган 1000 адамдын колу коюлган кайрылуу жолдошту. Ал кайрылуу гезитибиздин келерки санында жарык көрөт. Жогорудагы окуянын орган тарабынан иликтениши жана сот процесстеринин жүрүшү сөзсүз түрдө редакциянын көзөмөлүнө алынат. Дагы бир айтып кетчү жагдай Базар-Коргондо өзбек туугандар көпкөн чагымчылардын айынан гана акылсыздыкка барышканы ачык көрүнүп турат. Бул туурасында кененирээк маалыматтар, иликтөөлөр гезиттин кийинки сандарында жарык көрөт.

Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек




  Шумдугуң кур десе

ИСА ӨМҮРКУЛОВ КИМДЕРДИ ЧЕЧИНДИРЕТ?
"ШАРШЕМБИ САЙЫН ЧЕЧИН" деген ураан менен Бишкекте "сулуулардын акциясы" өтүп жатканын жарнамаларды жайгаштырууга жооптуу Бишкек мэриясы демилгечи болгон окшойт. Болбосо алардын уруксаты жок КР кылмыш-жазык Кодексинин 129-133-беренелеринде каралган кылмышка чакырган бул жарнамалар Бишкектин ар кайсы көчөлөрүнүн көрүнүктүү жерлерине илинбейт эле го?
Ооба, ар шаршемби сайын тийиштүү жерге барып, тийиштүү адамдардын көрсөтмөсү менен чечинип, анан ар жагы... эмне болоору эки эле адамга белгилүү. Ушинтип чечинсең жумасына 3000 сом, ар токсон күндө 50 миң сом, жылына 100 миң сом табат экенсиң?!
Ким чечинмек эле? Албетте аялзатынын өкүлдөрү -менин, сиздин, айылдагы тууганыбыздын, бажа, бөлө, таеке, жээнибиздин - кыскасы кыргыздын кыз-келиндери. Аюуга окшоп апсайган эркектин чечингенине ким эле 3 миң сом берер дейсиң?
Бишкектин көчөлөрүнө илинген бул жарнамаларды Бишкек мэри Иса Өмүркулов кантип эле билбей калсын? Аларды ким илдирип жатканы да белгилүү, ал бадырайып эле PLATINUM деп жазылып турбайбы. Акчасын ким төлөп жатканы да белгилүү - ал айтылуу Максим инибизге тиешелүү болуп жүргөн MegaCom. Мэрия кошумча тактагысы келсе (0554) 999-999 же (0554) 444-444 телефондоруна чала койсо же бир участкалык милиционерди чаптыра койсо эле белгилүү болоор.
"Алиби" пресс.