![]() |
|
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Барктабасовдун ишенгени "көкүйдө!" Мамлекеттик саясатты жаш баланын оюнундай көрүп, бийликти басып алууну оюнчук сезген Урмат Барктабасовдун жүрүшү эч бир кыргызга жаккан жок. Элдин ишенимине толук орноп, өлүмдөн кайра тарткыс кылып, артынан ээрчитүү үчүн бир топ жыл керектелерин кайран жигит түшүнбөйт экен. Өз мекенине келгенине топук кылбай, Премьер-Министрдин ордун сураганы чүкөдөй башындагы чөйчөктөй мээси канчалык экенин дааналап берди. Эгер акылы кичине көбүрөөк болгондо бийликке койгон талаптардын ичине элдикинен бирөөнү кошуп коймок. Ошончо эл ээрчип келгенине карабай жалаң эле өзүнүн маселесин койбодубу. Кызыгы, аны Президенттин "жердеши" колдогону туурасында кеп тарады. Өлкөдөгү тополоң отун жандандырып, Өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүн узартуу аркылуу шайлоо мөөнөтүн узартууну көздөгөн дешүүдө. Шайлоонун кечендеши, албетте алардын бийлигин узартууга апкелет. Кышка анан жазга калса чөнтөктү кампайтууга шарт түзүлөт. Анан жазга чейин ким бар да ким жок. Акыл эмес бекен! "Ата Мекен" курултайын кимдер аксатты? Жыйырма жылдан бери диктаторлор менен күрөш жүргүзүп, акыры экөөсүн тең шылып түшкөнгө зор салым кошкон "Ата Мекен" партиясы сегизинчи курултайын жогорку деңгээлде өткөрдү. "Спартак" стадионуна кылкылдап эл батпай, футбол тепчү аянтка чейин тыгылып, республиканын ар кайсы аймагынан келген делегаттар партиянын мындан аркы кадамына назар салышты. Чет элден чакырылган коноктордун катарынан Россия, Швеция, Турциядан келген өкүлдөргө сөз берилди. Мындан "Ата Мекен" партиясынын алакасы кайсы тараптар менен болорун боолголосок болчудай. Кыргызстандын түрдүү аймагынан келген өкүлдөргө курултайды өтө орусташтырып жибергени жаккан жок. Ал өңү кыргыз, жан дүйнөсү киргиз болгон Ассоль Молдокматованын аралашканынан болгон окшойт. Ал эми улуу жазуучунун кызы Ширин Айтматованын өзбектерди мактаган орусча сөзүн уккусу келбеген эл ызы-чуу түшүп, аягына чыгарбай үзүп салды. Бул кыргыз намысынын ойгонушу, рухунун көтөрүлүшү. "Ата Мекендин" лидерлери мындай иштен туура жыйынтык чыгарып, Ч.Айтматов жазган тили менен дилин унуткан "маңкурттардан" оолагыраак болот деген ишенимдебиз. Эски илдеттен качан арылабыз? Эптеп бийликке жабышаары менен туугандарын же балдарын кызматка койгон оорудан "кыргызбайлар" жакында кутулбайт өңдөнөт. Мурункулардан сабак албаган, элден уялбаган "СССРдин" лидерлери кыргызга өрнөк болчудай эмес. Эскилер салган чыйыр жол менен өз жакындарын бийликке тарта баштады. Эч ким тааныбаган, элге белгисиз болгон Болот Отунбаев аттуу адамдын башы чыгып, саясатка бел байлады. Бул киши Президенттин карачечекей иниси. Демек, президенттин иниси баш батырган партия сөзсүз алдыга чыгаары турган иш. Мындай сюрприздин бирин А.Бекназаров жасады. 7-апрель окуясынан соң Максим менен Айдардын ордун жоктотпостугун аныктап, баласы Руслан Бекназаровду кыргыз саясатына тартты. Бул жигит келип-келе элек жатып эле бир топ ызы-чуунун башынан чыгып, атасынын атынан далай пансионатты ээлегени жана соттордон далай акча сындырганы айтылууда. Аттиң, булар уят, эл эмне дейт, эки ажонун кейпин кийбейли же элдин каргышы тийбесин, биз жол көрсөтөлү дебей калышты. Аларга Текебаевдерден өрнөк алгылачы дегибиз келет. Анткени, Асылбек Текебаевдин Түштүктө Бакиевдер менен жалгыз күрөшкөнүн эч кимибиз тана албайбыз. Ушул жигит кызматка барса, кызмат сураса жарашмак. Узакбаевдин укуругу узарууда Президент Роза Отунбаева мамлекеттик кызматта иштеген жетекчилерди саясатка аралашпоого, үгүт иштерин жүргүзбөөгө чыкырган. Мындай иш мыйзамга да туура келбейт. Бирок, эскиче иштеп көнгөн кээ бир жетекчилер үйрөнгөн жолоюна түшүп, тууганчылыкка алдырган же акчага азгырылган аткаминерлер кол алдында иштегендерди койдой үйрүп, кайсы бир партияны колдошун талап кылганы айтылып келет. Ошондой адамдардын бири Жал кичи районундагы балдар ооруканасынын мүдүрү Камчыбек Узакбаев десек болчудай. Чунак киши кол алдындагы кызматкерлерди өз менчигиндей калчап, "Республика" партиясына үгүт жүргүзүүгө үндөп жатыптыр. Ушундай өзүмбилемдикке алдырып, өтүгүн төргө илгендерге азыркылар чекит кое алар бекен же араңжан бийликтин алы келбейби?.. Аны турмуш көрсөтөр. Ал эми Отунбаеванын бийлигинен коркпой моюн толгогонуна караганда Камчыкенин казыгы катуу, каруусу бекем окшойт. Эсенаманов "эсен-аман" саясатка аттанды Акаев мезгилинде үлкөн кызматтардын башын кучактап, ар түрдүү жолдор аркылуу байлык топтоп, "Алга Кыргызстандын" катарында Жогорку Кеңештин мандатына ээ болуп, кийин элдик кишиге айлануу менен оппозиция катарынан ноябрь(2006)-апрель (2007) митингдеринде көрүнүп, анан Эшимканов, Карабеков, Кулов, Суваналиев, Бабановдордун катарында Бакиевге Жайыл районунун акимдик кызматына сатылып, 7-апрелде элдин сүрү менен ал орунду таштай качкан Замирбек Эсенаманов деген эргул "Республика" партиясынын катарында кайра саясатка башын сайды. Чүйдүн Панфилов районундагы тууган-туушкан, эски досторун чогултуп, аталган партияга киргизүүгө жандалбас урууга киришкени аз келгенсип, айыл өкмөттөрдөн баштап мектеп директорлоруна чейин акаев-бакиев доорундагыдай үстөмдүгүн көрсөтө баштаптыр. Аң-сезими, түшүнүгү өзгөргөн эл, "эски жолой менен элдин добушун сатып алып, анан "кидать" эткендерге эгерим добуш бербейбиз, бизди арам акчалар менен алдабасын" дегенин уктук. "Туран" партиясынын "боткосу" Бакиев учурунда баш көтөрө албаган акаевчилердин айрым тобу дагы бир партия менен чапанын жаңыртты. Ал акаичтин пресс-кызматын аркалоо менен "Учкунду" колтугуна кыскан Каныбек Иманалиев башында турган "Туран" партиясы. 38-жылы ушул партияны түзүү менен репрессияга кеткендердин атына жамынган азаматтар алдыдагы шайлоого катышууга камынып, арасына бакиевдердин "Ынтымак курултайынын" төрүн көркүнө чыгарган С.Жамалдиновдун "Асаба", Эмил Каптагаевдин "Улуу биримдик" жана элге аты-жыты белгисиз "Дыйкандар", "Улутман", "Эл кайраты" аттуу партияларды кошту. Шайлоодо улуттук маселеге басым коюп, Маскөөдөн жардам күтүп, көкүйдөгү адамга таяныч кылары айтылууда. Эмне дейбиз, демократия баарыбызга бирдей, бирок, ар кошкон аралашмадагы абийирибизди эл кантип таразалайт болду экен? "Алиби" пресс
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| ||||||||||||||||||||