Бетпарда

Бекназаров арбак алдында акпы, же "акча жыйнамай" саясатпы?
7-апрелден кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн ишмердиги туурасында ар кыл кеп сөздөр айтылып келет. Бирөөлөр "жаңы бийлик жыргатып жатат. Светти арзандатты, Бакиевдин менчиктерин мамлекетке кайтарып жатат" дешсе, кай бири: "Булар деле жыргатпай калды. Келээри менен "миллиондон" башташты. Кайра эле Акаев менен Бакиевдин коррупционерлерин бийликке алып келишти" ж.б.у.с сөздөр эл ичинде байма-бай айтылууда.

Алардын ичинде балээнин баарын баштап, массалык баш аламандыктын аркасы менен бийликти басып алабыз деп опурулуп, этегинде түрмөгө түшкөнүнө карабастан кайра бошотулгандар дагы бар. Бул маселе албетте, соттордун колунда. Ал эми алардын башында баягы эле "укук коргоо тармагынын куратору" турат. Баарынан да ушу кишинин ар кыл жүрүштөрү кыйладан бери шек жаратып келе жатканы мага эле эмес, өзгөлөргө деле белгилүү. Тээ Бакиев маалында деле Азикенин жүрүш-турушу ар кандай шек шыбыштардын ордосу болгон. Башкасын коюп, эки эле жагдайды айтайын. 7-апрель күнү ошол кездеги оппозициянын бардык лидерлери УККнын абагына түшүп, Шерниязов баш болуп, темир тор артында сурактан башы чыкпай отурган кезде Азикебиз Нарында ээн-эркин сайрандап жүргөн. Эмне үчүн? Эгерде ошончолук эле Бекназаров мырза чыныгы оппозиция лидери болсо, Бакиевчилер аны эл алдында "эркелетип" отурбай дароо тишине чейин куралданган немелер баса калып абакка тыкмак. Бирок, Бишкекте жүргөн лидерлерден баштап Ошто жүргөн Анвар Артыков, Дүйшөн Чотоновго чейин укуругу жеткен бийлик, Азикеге келгенде алсыз болуп калганына таң каласың.
Ал эми Азикенин "эрке талтаң" уулу Руслан тууралуу да ар кыл кеп сөздөр айтылып жүрөт. Кыязы ал, "Максим менен Айдардан эмнем кем?" принцибине өтсө керек да. Эгерде таптаза болсо, эл арасында мынчалык күбүр-шыбыр айтылбайт эле да. Башкасын коелу, баарынан да Бакиев режими каршы чыккандарды четинен жайлап, өрттөгөнгө чейин батынып турган маалда Азикебиз бийликти канчалык "ата-жотосун" калтырбай шыбаганына карабас-тан анын уулу Руслан Бекназаровдун УКК кызматкери болуп, ээн-эркин иштеп жүргөнү дагы бир катар шектенүүлөргө жол ачат. Бакиевдин убагында Азикебиз түзбөгөн уюм, бирикме калган жок. Бир кезде жылан чакпай, жылкы теппей эле Бакиевди кетирмекке революциялык кыймыл дегенди түзө коюп, ал ортодо "мына жаз келсе эле жайлайбыз, күз келсе өлдүңөр" деп отуруп 2 жылды узатты. Акырында Азикенин жайнаган элди алып чыкчу "Ормон опузасына" эч ким ишенбей деле калды. А түгүл 7-апрель күнү өзүнүн киндик каны тамган, бир кезде баатырындай коргогон Аксыга бара албай, Нарынга зуу коюп кеткенин кандай түшүнсөк болот? Тарыхта тайманбастыгы, эркиндикти сүйгөн эрендиги менен белгилүү болгон аксылык туугандарыбыз акыркы күндөрү Азикеден көңүлдөрү үч көчкөн журттай калгандыгын жашырууга болбойт. 2005-жылы өлкөнүн баш прокурорлугун ээлеп турганда дагы кудум эле азыркыдай болуп, мурдагы бийликтин миллиондорун чукулоого өткөн. Ортодон чууруп чыккан миллиондор менен дипломат көтөрүп кудага түшкөндөр азгырдыбы, айтор Азикенин башкы милдеттеринин бири болгон Аксы окуясын тергөө иши четте калды. Баарынан да Акаевдин миллиондорун Аксы окуясынан бийик койгонуна тан бересиң. Бийликке келгенде көзүн май баскан Азикең Аксыны качан гана жылуу ордунан шыпырылып түшкөндө эстеди. Адатынча анысын бетке кармап, митинг аттууларда трибуна берген жок. Эл алдында эргип, ак көбүгүн чачыратып, Акаев менен Бакиевдин сазайын бергенин айтып бапылдаса, карап тургандар көздөрүнө жаш алып иери бышык. Саясатчылардын мылжыйган жасалма жылмаюусунун артында анын бокочо портрети тургандыгын карапайым эл байкуш кайдан билсин. Кооз сөзгө кол чапканы чапкан.
Эми Азимбек Бекназаровдун ыңкылаптан кийин жасап жаткан иштерине токтоло турган болсок, айта турган сөз али алдыда. Кырчындай балдардын канына жамынып, бийликке келип алган Убактылуу өкмөт аттуу бир ууч топтун арасында жүрүмүш эткен жарыктык киши Нарындан келип түз эле дал өзү мурдатан кызыгып жүргөн сот, прокурорлордун "сазайын берүүчү" кызмат түзүп, үстүнө отуруп алды. Айрым учурлардагы жасаган жакшылыктарын жашырууга болбойт. Айрыкча улутташтыруу маселесине келгенде кыйла эле иш кылды. Бирок, убадасынан тайып, бийлигин өткөрүп берүүдө "мансапкор" экенин көрсөтүп койду. Кызматта калган себебин сурагандарга ыңкылапта кан төккөн балдардын мээнетин актоо үчүн калганын, баштаган иштерди аягына чыгаруу үчүн калган имиш. Бул курулай гана актануу. Анткени өзүнүн шашылышта түзө койгон БЭК аттуу аты бар, жыты жок партиясы менен жеңишке жетмек тургай региондордон алынуучу 0,5 процент босогодон аша албай орто жолдо калаары турулуу иш. Анысын жакшы билген Азикең ар шылтоонун башын чыгарып, бийликти атасынан калган дүнүйөдөн бетер мыкчып отурганы ошондон. Эгерде УКК же ИИМ жетекчилериндей болуп өлкөнүн коопсуздугун көзөмөлдөгөн жооптуу тармакты башкарып, майын чыгара иштеп жатса анда жалпы журт өзү суранып отуруп калтырмак. Бирок, тилекке каршы акыркы 20 жылда эки режимдин тушунда тең жагалданмай менен жасакерлик жагынан алдына ат салдырбаган соттор менен прокурорлордун сары суусун сыгып, ар кимди бир сындап отура берүү иттен оңой иш. Апрель ыңкылабынан бери 5 айдан ашыгыраак убакыт өттү. Ошондон бери камакка алынган бакиевчилердин бири дагы сотто тийиштүү жазасын алыша элек. Алмак турсун, тескерисинче бошотулуп жатат. ортодо бийликти тартып алмакчы болуп, темир тор артына түшкөн Үсөн аке баш болуп, камалгандардын баары кайра эле ден соолугуна, карылыгына шылтоолонуп "үй камагы" деген жарлык менен боштондукка чыгарылды. Атап айтсак Каныбек Жороев, Нурлан Сулайманов, Үсөн Сыдыков, Исхак Масалиев, Оксана Малеваная, Молдомуса Конгантиев айтор, айта берсек тизме узарып кете берет.

(Уландысы 6-бетте)