Майор Мыктыбек Сулаймановдун
Аянычтуу өлүмү
Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн оор кырдаал элди бир топ кайгыга салып, жүздөгөн балдар жетим калып, аялдар өмүрлүк жарынан, эркектер жубайларынан ажырашты. Мындан улам тынч жаткан элге бүлүк салып, адам кейпиндеги канкорлорго наалат айткандан башка арга жок. Көкүрөгүбүзгө жөлөп, боорубузга тарткан өзбек туугандарыбыз чагымчыл айбандардын тилине кирип, далыбызга бычак сайып, өзөгүбүзгө өрт коюп, жүрөгүбүздү жаралады. Эми ал жараат айыгып, көкүрөктөгү армандар калыбына келгенче далай жылдар талап кылынары бышык. Түштүк коогалаңында эл менен кошо жабыр тарткан кыргыз милициясы тууралуу баса белгилеп айтуу керек. Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда 13-июнь күнү милициянын капитаны Мыктыбек Сулайманов өлтүрүлгөн. Бул туурасында толук маалымат алуу үчүн маркум Мыктыбектин үй-бүлөсүнө жолуктук.
Кеп чынынан бузулбайт демекчи, буга чейин кыргыз милициясы жалаң гана бийликтин саясий "заказдарын" аткарып келгени жалган эмес. Милициянын башында туруп, бийлик менен бириккендери жабыр тартпастан карапайым катардагылары курмандыкка чалынып, элдин жек көрүнчүсүнө айланганы өкүнүчтүү. Түштүктөгү кандуу кагылышта да милициялар тикеси менен тик туруп, айрымдары душмандардын колунан ажал табышкан. Алардын арасында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милициянын майору Мыктыбек Сулайманов да бар. Мыктыбектин үй-бүлөсү акыйкаттык издеп бизге жазган кайрылуусуна кайдыгер карай албадык. Алар менен жолугушуу биз үчүн абдан оор жана аянычтуу болду.


Карамат СУЛАЙМАНОВА,
Мыктыбектин апасы:
- Балам Мыктыбек 12-июнда жанында тапанчасы жок келди. Үйдө атасы экөөбүз сыртта отурганбыз. Келип "апа иштен келдим, үйгө киргиле" деди. "Айланайын балам, тапанчаң кана?" десем, "куралыбызды алып койду. Ушундай көрсөтмө болду. Базар-Коргондо атышуу болуп жатат" деди. "Анда балам, ал жакка барбагын. Милициядан алып койсо да барба. Милицияны көп адамдар жаман көрөт, тапанчаң да жок экен" десем, "апа мен органда жыйырма жылдан ашык иштедим. Ким менен кандай сүйлөшүштү жакшы билем" деди. Анан бир маалда чогуу иштеген досу телефон чалып калып көчөгө "сүйлөшүп келем" деп чыгып кеткен. Мына ошол чыгып кеткен боюнча уулум кайрылып келген жок. Эртеси эртең менен уулумдун келинчеги "апалап" ыйлап жүгүрүп келди. Мага айтышпастан бардыгы өздөрүнчө ызы-чуу болуп калышты. Бир эмчегим зыркырап катуу ооруй баштады. Балдарым бир нерсе болсо, эмчегим ооручу эле деп, жүрөгүм бир жамандыкты сезип турду. Анан чалым "Мыктыбектин колуна эле ок тийиптир, азыр балдар ооруканадан алып келет" деп мени сооротумуш этти. Анан алысыраак барып, "сойдурбай алып келгиле. Ансыз да союп бүтүшүптүр сарттар" деп айтканын угуп калып, эсим ооп жыгылдым. Баламдын сөөгү келгенде Кудай андайды бербесин. Баламдын денесинде тамтык жок сайгылашкан. Башына катуу урганда көзү ичинде жарылып кетиптир. Ичегилери көрүнүп турат. Бетин ачсам баламдын бетине бензин чачып өрттөп жибериптир. Ошентип баламдан ажырап отуруп калдым. Аркасында жубайы жесир, балдары жетим болуп калды. Учурда менин уулумду өлтүргөн деген шек менен сегиз адам: Азимжан Аскаров, Шүкүржан Мырзамемов, Дилшат Розубаев, Минура Мамадалиева, Элмурад Расулов камакка алынган. Булардын бардыгы өзбектер. Азимжан Аскаров укук коргоочу Азиза Абдрасулова менен бирге иштейт экен. Учурда ошол Абдрасулова менин уулумду өлтүргөндөрдү камактан чыгаруунун амалын издеп, катуу аракет кылып жатат. Эгер анын аракеттери ишке ашып, мыкаачылар эркиндикке чыкса, анда Абдрасулованы эмне кылышты өзүм билем. Андан дагы анын күйгүзгөнү, телефон чалып "силерге эмне жардам керек. Экономикалык жардам керекпи?"-деп шылдыңдайт. Абдрасулова мыкаачыларга жан тартпастан тынч турса, ошол мага чоң жардам. Укук коргоочу эмне экенин түшүнчү да эмесмин. Көрсө, укук кордоочу турбайбы. Алар менин уулумду өлтүргөндөргө жолугуп,"милиция урбай элеби?" деп абалын сурап жатышыптыр. Ал эми бул жактагы жетимдердин абалын сураган жан жок. Эми уулумдун балдары "атабызды өзбектер өлтүрүп, эмгеги бааланбай унутта калган" деп намыстанып, жүрөгүндө өзбектерге болгон так, калбасын деп Мыктыбекке "Эл Баатыры" наамы өкмөт тарабынан берилсе жакшы болот эле. Кыргызстандын тынчтыгы үчүн кара салынып, көк көйнөгүбүздү сүйрөп алып, референдумга катышып, Отунбаеваны колдодук. Уулума наам берилсе деген үмүт менен Бишкекке барып Текебаевге кирсем, ал Отунбаева чечет деди. Отунбаевага кирмек түгүл, үнүмдү жеткире алган жокмун. Мен Отунбаевадан эне катары үмүтүм чоң эле. Аял адам президент болду. Энелердин сезимин жакшы түшүнөт деп сүйүнүп, балам өлгөндөн төрт-беш күн өткөндөн кийин эле референдум болуп, бала-чакамдын көк көйнөктөрүн сүйрөтүп шайлоодо добуш берип келдик. (Ыйлап) Шайлоодон кийин алдына ыйлап барсам, киргизбей койду. Отунбаева уулунан айрылган мени киргизбегенде кимди киргизет?! Кызым, ушуну жазчы, чыгарчы кагылайын.


Гүлнара СУЛАЙМАНОВА,
Мыктыбектин эжеси:
- Иним жогорку билимдүү, сабырдуу, токтоо жигит болчу. Анын иштерине мен дайыма жардам берет элем. Тилекке каршы кара кагазын да мен бүтүрүп калдым. Мыктыбек иним өзбектердин атайын даярдалган планынын негизинде мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Сөөгүн жерге берген күнү митинг болду. Отуз үч сыйлыгы бар экен. Жакында майор чинин алмак. Баткен согушуна да катышкан. Милициянын капитаны болчу. Өлгөндөн кийин майор чини берилди. Жүрөгүмдөгү күйүттөн иним үчүн ыр жараттым. Кагылайын сиңдим, ушул кошогумду Мыктыбектин урматына гезит бетине чагылдырып кой.

Баатырларча курман болгон
бир боорум Мыктыбекке
арналат
Тынчтыктын болдуң себеби үкөм.
Кудайдын болдуң кереги үкөм.
Кыйнап бир жаның алып кеткен
Шайтандын болдуң себеби үкөм.
Жаныңда бир аз боло албадым,
Сырыңды Сенин биле албадым.
Жүрөгүң ооруп, муңдандырган,
Арманың Сенин ай биле албадым.
Эки күн мурун келип ай үйүмө
Түшүңөн чоочуп калгандай болуп,
Эжеңди көпкө карап турдуң
Көздөрүң менен муңга толуп
Бирибиз да көңүлүң таба албадык
Калганда да сабырың суз болуп
Бирибиз да жаныңда боло албадык
Сайылганда жүрөгүң канга толуп
Эми минтип ыйлап жаткан көл-
шал болуп
Бул дүйнөдөн кеткениң арман болуп
Оо дүйнөгө кете бердиң жигит бойдон
Өз элиңде жериңде "каарман" болуп
Уул кызыңды чоңойтуп жайлай албай
Кете бердиң бир тууганга арман болуп
Өзүң курган үйлөрүңдө жашай албай
Кете бердиң өз жериңде курман болуп
Элиң жериң кылым бою жашай берет
Атам койгон атың Сенин калган болуп
Сенин сөзүң Сенин
кылган баатырлыгың
Кала берет өмүр бою арман болуп
Апам айтат: Мыктыбегим
жарыктыкка келээринде
Атаң көргөн "алтын мылтык"
түшүндө
Ошол көргөн "алтын мылтык"
Мыктыбек
Өлтүрүлдү өз элинде жеринде
Барбай эле койсоң болмок уулум дешип
Ата-энең артта калды санаа болуп
Жүрөктө: тытылган денең калды
Эстеп-эстеп көз жаштар салаа болуп
Кете бердиң көзүң ачып чын дүйнөгө
Ушул дүйнө сен үчүн жалган болуп
Куралы жок, жоого кирип барган үчүн
Ойсуздар, маңкурттар кала
берди каның соруп
Кашайып тез-тез сенден кабар албай
Калганың билбептирмин күнүң соолуп
Жаныңа эрте келип бир күн мурун
Жолтоо болуп тоспойт белем
жолуң тооруп
Айланып келсем үйүңө
Айланып тоскон иним жок
Акылын айтып кеңешип
Айбыгып турган иним жок
Сагынып келсем алыстап
Сагынып тоскон иним жок
Соолуп бир калса гүлдөрү
Сугарып коер иним жок
Сүйүнүп келсем үйүңө
Сүйүнүп тоскон иним жок
Ыйлап бир калса жубайы
Сүйүп бир коер иним жок
Жалбарып келсем үйүнө
Жалындап тоскон иним жок
Эскирип кетсе буюму
Жаңылап турган иним жок
Зарыгып барсам үйүнө
Зарыгып тоскон иним жок эми
Зыркырап ооруп бир калсак
Дарылавп турар иним жок эми
Санааркап барсам үйүнө
Сабырлуу тоскон иним жок эми
Санаама даба болуучу
Акылдуу менин иним жок эми
Ырыскың кетти төгүлүп
Кийимиң кетти сөгүлүп
Сен сактап калган элиңдин
Жаштары калды төгүлүп
Тапканың калды төгүлүп
Төшүң бир калды көрүнүп
Сен сактап калган жериңдин
Барктары калды төгүлүп
Күмүшүң кетти төгүлүп
Денең бир кетти сөгүлүп
Артыңда калды дос тууган
Эстелик коюп эскенрип
Алтының кетти төгүлүп
Төшөгүң кетти сөгүлүп
Өмүрлүк алган жубайың
Армандуу калды өкүрүп
Бар эле күчүң белиңде
Өлтүрүп кетти өз элиңде
Бар эле баркың элиңде
Көптөшүп кетти өз жериңде
Бар эле байлык белиңде
Чачып бир кетти элиңде
Каның бир кетти төгүлүп
Өзүң туулуп өскөн жериңде
Укугун коргоп элинин
Жалгандан акча алгандар
Кеч эми аттиң кылышты
Сени өлтүрүп салгандар

Кагылайындар, жан дүйнөм сыздап, жүрөгүм канап турат. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова кыргыздын патриот жигиттери өлтүрүлүп жатса, мыкаачылардын укугун коргогондон намыстанса болот эле. Ошол эжеке ушул ишке аралашпай эле койсо, ошол бизге чоң жардам болуп, инимдин арбагы ыраазы. Биз көк кийип шүмшүйүп отурсак, апамды курортко жаткызалы деп алдап жатышпайбы. Учурда инимди Базар-Коргон эли Эл Баатыры наамын берсин деп талап коюп жатышат. Мыктыбектин достору да жардам берүүдө. Президентибиз Отунбаева өзбек туугандарга жан тартып, теледен көп сүйлөп жатат. Мен муну атып салсаңар да айтам. Мындай нерсенин арты жаман болот. Бир боорума бычак сайылып өлтүрүлдү.

Чынара БЕЧЕЛОВА,
Мыктыбектин жубайы:
- Мен төрт балам менен жесир калдым. Аларды кантип багам. Роза Отунбаева жалаң гана өзбектердин үйүн салып берүү талабын катуу коюп жатат. Бизге окшогон жетим, жесирлерди эмне үчүн ойлобойт. Улуу кызым студент. Быйыл бир уулум мектепти аяктады. Окууга тапшырганга өкмөт тарабынан жеңилдик болбойт экен. Ошол себептүү ал да контрактта окуй турган болду. Эң кичүү балам сегиз жашта. Жолдошум Мыктыбектин мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн көрүп туруп, биз өзбектердин арасында кантип жашайбыз, билбейм. Отунбаева "жетим-жесирлерге жардам берем. Алар унутта калбайт" дегенде ал адамды мен эки колдоп асманга көтөрүп алат элем. Өзбектердин үйлөрү күйүп жабыркаса, биздин жан дүйнөбүз өрттөнүп, жүрөгүбүз күйдү го. Жашообуз токтоп калды го. Текебаевге барып жолдошума Кыргыз Эл Баатырын берүүнү сурандык. Ал киши "мен эч нерсе чечпейм. Андан башка жети милиция өлдү. Эл Баатырын берүү өтө кыйын. Аны бир гана Отунбаева чечет"-деп койду. Чындыгын айтканда, менин жолдошум баатырлык менен өлдү. Эмне дегенде, Базар-Коргондун өзбектери Бишкек-Ош жолундагы чоң көпүрөнү жардырабыз деп даярданышкан. Мына ошол көпүрөнү жардырбай алып калуу максатында Мыктыбек көпүрөнүн жанында чогулган өзбектер менен сүйлөшкөнү куралсыз барганда, алар жолдошумду мыкаачылык менен өлтүрүп салышкан. Бул Текебаев үчүн эрдик эмеспи, баатырлык эмеспи? Ошондо Текебаев өзү кайда жүрдү эле? Эгерде менин жолдошум кечээ ишке кирген сержант болсо, анда суранбайт элем. Эми менин балдарым "атабыз сарттардын колунан өлүп кетти эле" деп калып калабы? Өзбектер Мыктыбекти өлтүрүп алышкандан кийин кайра өздөрү бири-бири менен мушташып кетишиптир. Анткени Мыкын өзбек-кыргыз дебей баары менен сый мамиледе болчу. Өзбектер Мыкынды өлтүрүп алышканын кеч түшүнүшкөн дагы, качып кетишкен. Эгерде Мыктыбек болбогондо, өзбектер көпүрөнү жарып, Базар-Коргонду кызылга боеп туруп, Өзбекстанга өтүп кетишмек. Көпүрө жарылгандан кийин Жалал-Абад тараптан эч ким жардамга келе алмак эмес. Азыр Базар-Коргон РИИБнүн начальниги Мергентаевди иштен алып койду да, анын орунбасары өзбек Давран Каниевичти кызматтан кетиришкен жок. Мен ошол күнү "Мыкындын сөөгү кана?" деп ыйлап барганымда ал киши оозунан арак сасып, эч нерсе билбей жүргөн. Мергентаев ошол күнү жабыр тартты. Өзбектер аны да таш бараңга алышкан.

Мыктыбек Сулаймановдун армандуу энесинин, алсыз жубайынын, күйүттүү эжесинин көз жаш менен кошо чыккан үндөрүн уккан соң, кайрат, сабырдуулук деген эң оор сөздөрдү айткандан башка эч нерсе кыла албадык. Жалад-Абад облустук прокуратурасына барып, жогорудагы иштин тергелиши тууралуу маалымат алдык.
Алардын бизге берген маалыматы боюнча 2010-жылдын 12-июнь күнү саат 22:00 чамасында Базар-Коргон айылынын Сайдуллаева көчөсү менен Жалал-Абад көчөсүндө 400-500дүн тегерегинде өзбек улутундагы адамдар чогулуп, ал эми Жалал-Абад көчөсү менен Абдураимова көчөсүнүн кесилишинде 400-500 кыргыздар чогулган. Бирок, жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдагылардын аракеттери менен чогулган эл тараган. Эртеси 13-июнда саат:8:00 чамасында Бишкек-Ош жолунда Базар-Коргон көпүрөсүндө 500 өзбек улутундагы куралданган адамдар топтошуп, массалык башаламандыкты уюштурушкан. Окуя болгон жерге Базар-Коргон РИИБнүн начальниги баш болгон кызматкерлери келишкен. Мына ошондо агресивдүү болуп, жиндери кайнаган өзбек туугандар милицияларга кол салышкан. Натыйжада жети милиция оор жарадар болуп, капитан Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүшүп, чоң жолдон 100 метр алыс жайгашкан "Сахыл" чайханасынын жанына таштап коюшкан. Жогорудагы көрсөтүлгөн факты боюнча 13-июнда Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан КРнын КЖКнын 97-беренесинин 2-б, 4,6,9,10,15,16,-пунктары, 299-беренесинин 2-б, 1,3-пунктары, 233-беренесинин 1,2,3-б жана 340-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
16-июнда жогорудагы окуяга шектүү делинип, "Воздух" аттуу коомдук уюмдун жетекчиси Азимжан Аскаров жана Базар-Коргон Тиш дарылоочу клиникасынын Тиш догдуру Шүкүржан кармалышкан. Азимжан Аскаров колго түшөөр замат Мырзакулов аттуу укук коргоочу коргоого алган. Эртеси 17-июнда А.Абылакимов аттуу адвокат менен камсыз болгон. 17-июнда А.Аскаровго, Ш.Мирзалимовго жасалган кылмыштары боюнча күнөөсү аныкталып, КРнын КЖКнын 233-беренеси, 2,23-б, 299-беренеси, 2-б, 1,3-пунктары менен айыбы угузулуп, Базар-Коргон райондук соту тарабынан камакка алуу чечими чыккан.
Мыктыбек Сулаймановдун өлүмү боюнча Жалал-Абад прокуратурасынын иликтөөсү гезитибиздин кийинки санында улантылат. Ошондой эле укук коргоочу Азиза Абдрасулова менен байланышып, анын да пикирин чагылдырабыз.
(Уландысы кийинки санда)

Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек