Текебаев уйгурбу?
Шайлоо жакындаганы кара пияр катуу колдонулуп саясий аренадагы аттуу баштуу саясатчылар тууралуу үч уктаса түшкө кирбеген окуялар айтылууда. Мисалы, Чүй, Бишкекте Өмүрбек Текебаевдин улуту уйгур экен деген кептер тарай баштады. Буга ким ишенет. Жок дегенде, аты Адахам, же атасынын аты Кимсанбай, жок дегенде чоң атасы эле Мадумар сыяктуу болсо анан айтышса кичине окшошмок да. Анан, чоң атасы Текебай, өзүнүн аты Өмүрбек, атасы Чиркеш болуп турганына карабай эле уйгур дегенге ким ишенет ыя!
Эми, бу, атамекенчилердин анабашынын "антисемит, националист" экенин эшиткенбиз, ал эми "уйгур" экенин укканда оозубуз Ошту эле карап калды. Ал эми,Ош, Жалал-Абадагы регионалисттер Өмүкени өзбекке жантарткыч, кыргызга душман кылып, "почти өзбек кылып койдук" деп жатышканы, кайра Баткен (Кадамжай) тараптагы тажик туугандарга "Текебаев националист" деп сөз таркатып жатышкандары айтылууда. Кызык, булар, "көрүнгөн жерде ар кайсыны айта берип, эртең билинсе уят болуп калабыз го" деп ойлошпойбу? Мындан сырткары бирөөлөр "Ата Мекен" партиясын "Ак жолго" теңеп жибериптир. Жөнү жок "асыла" берүүнүн кажети канча деп жакасын кармангандар редакцияга баш бакты. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген атамекенчилер поспорт алалбай жүргөн этникалык кыргыздарга жардам берүү демилгесин көтөрүштү. Бали! - дедик.




Кыргызды какшаткан Мусаевдер…
Көл кылаасындагы бир топ майлуу жерлерди чемичкедей чагып, атургай кулачы борборду кучактай жыгылган бир тууган Мусаевдердин жосунсуз жоруктары элге шардана боло баштады. Эки бийликте ээн эркин чалчаңдаган үй-бүлөлүк "кландык" топтун апрель революциясынан кийинки шайы ооп туру. Көрсө, булардын кылыгы кокодон ашыптыр. Анан эч нерсени билбеген таризде бирөөлөрдүн үстүнөн арызданып, тоголок кат жазып, жамандаганын кантесиң. Мустафа Кидибаев дегени Улуттук илимдер академиясын колго алуу жандалбасын көрүп, жетекчисин каралаган маалыматтары түккө турбай калды го.




Жапаров Орустардан колдоо издеп жүрөбү?
Бакиевдин вице- Премьер-Министри, учурдагы "Ар-Намыс" партиясынын мүчөсү Акылбек Жапаров Орусиянын Кыргызстандагы элчилигин айланчыктап калыптыр. Сыягы, мекендештеринин колдоосунан биротоло кол жууган Жапаров эми орустардын колтугуна кирип, алдыдагы шайлоодо "Ар-Намысты" алдыга сүрөгөнү турат окшойт. Бир жагынан улуу держава деген Орусияң деле, Азиянын саясатын али дурустап түшүнө электей. Болбосо, Кулов менен Жапаровго үмүт артып, булар кайсы муратка жеткени жүргөндөрүнө башыбыз маң.


Султан палван "крыша" издөөдө
Куулган президенттерге килем болуп төшөлүп, анын аркасында кызматын сактап, адамга тик карай албаган жер көз Султан деген агабыз бар. Министрликтин башын беш жыл кучактаса дагы көрүнүктүү иш кылалган жок. Илең-салаң саясат менен иштеп келди. Кыргыздын идеологиясын иштөө тапшырмасы унутта калды. Маданиятты көтөрүүдө жүз чакырыгы аягына жетпей үзүлдү. Сүйрөлүп отуруп министрликтин түбүнө жетип, агенттикке айлантып, акыры "көчүккө" жеген. Э.Ибраимованын аркасы менен кайра бийликке илээшти. Аялын ээрчитип дүйнө кыдыргандан башканы билбеген Султан палван, жөн жатпай үлкөн партиялардын босогосун шимшилеп, партлидерлердин бутуна жыгыла баштаганы айтыла баштады. Бир күн мурун "Ата-Журт" партиясынан көргөндөр, эртеси "Ата Мекен" менен "СДПда" жүрөт дешти. Эл колдоосуна арзыймын деген лидерлер мындай адамдардан алысыраак болсо дейбиз. Бөөдө партиясына көлөкө түшүрүп албай.


А-уу, Алмаз мырза!
Кызматын өткөрүп, шайлоонун шайтан оюндарына аттангандан бери Алмаз Атамбаевден такыр дайын жок. Байкагандар анын мындай кадамын кандайдыр бир учурду күтүү катары баалап жатышат. Ал ортодо Социал-демократиялык партиянын жергиликтүү бөлүмдөрүндө лидерлер арасында ар түрдүү интригаларды уюштурушуп, ортодо партияны жаманатты кылып жатышкандыктарын байма-бай саймедирешүүдө. Жакында эле партиянын борбордук аппараты тарабынан Таласка жөнөтүлгөн Асылбек Найзабеков деген эргул бараары менен эле 20-30 кишини чогултуп өзүн координаторлукка, ал эми Нургелди деген жигитти Талас райондук партиялык уюмдун башчысы кылып, эч кандай протоколу жок эле кыргызча шайлай коюшуптур. Алардын мындай жоруктарына нааразы болгон партиянын жаштарына Асылбек мырза догурунуп:"Билгениңерди кылгыла, мени Атамбаев өзү колдойт. Каалабасаңар партиядан чыгып кеткиле" деп опурулган экен, бир топ мүчөлөр партиядан чыгууга белсенип жатыптыр. Баарынан дагы таң калыштуусу Асылбек Найзабеков менен Нургелди шайланып бүткөндөн кийин кайра Бишкекке кетип калышкандыктары маалым болду. Айтымдарында партияны телефон аркылуу башкарышат дейт. Ал эми Талас районун тейлемиш этип жүргөн Нургелди мырза эл арасында Атамбаевди жамандап, Бабановду мактап жүргөндүгүн тастыктап берчүлөр толтура. Мунун баарын Алмаз мырза көзөмөлдөөнүн ордуна эч кимди кабыл албай отуруп алганы өкүнүчтүү.


Кыраакылар кыймылдай элек
7-апрель революциясынан кийин жан бүткөн козу карын партиялардын таскагы таш жарып жатканда, эл арасында салмагы салмоордун ташындай партиялар үн катпай туру. Алардын катарында чет өлкөдө иштеген же сырткы мамлекеттер менен байланышы бар кыргыздарга кадыр-баркы тоодой болгон "Замандаш" партиясы бар. Акчасы элдикиндей саман болсо да, элчилеп сапырууга шашыла элек. Бир нерсени күтүп жаткандай. Саясаттын оош-кыйышын, ысык-суугун сезип калган Мухтар мырза "чабал өрдөк мурда учат" болбоюн деген го. Чын-чынына келгенде каканагы жарыла элек жатып төр талашкан партияларга салыштырмалуу "Замандаштын" орду чоң. Ийгилик! - дей туралы.


"Алиби" пресс