Кырчынында кыйылган өмүр
7-апрелде каармандык менен авторитардык режимге каршы күрөшкөн дагы бир азамат бул дүйнө менен кош айтышканын кечээ гана эшиттик. Жаштайынан коомдогу терс көрүнүштөргө зээни кейип, эл-жериме кызмат кылсам деген ак тилеги менен аруу максаттары көкүрөгүндө уюган Иманкулов Марлен жакында болуп өткөн элдик көтөрүлүшкө активдүү катышып, жарадарларды ооруканага жеткирип, мөндүрдөй жааган окко карабай оор абалда жаткан каармандарга активдүү жардамдашып жүргөн. Жаңыдан гана он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Марлен ал апааттан аман калганы менен кудай ага узак жашоону буюрбаптыр. 5-июнда кокусунан автокырсыкка учурап, бул дүйнө менен кош айтышып кете берген. Биз азыноолак суроолорубуз менен кайгыга батып, сүйүктүү уулун жоктоп отурган Марлендин атасы Мухаммед Иманкуловго кайрылдык.


- Мухаммед байке, балаңыздын арты кайырлуу болсун. Уулуңуз Марлен тууралуу кыскача айтып берсеңиз?
- Марлен быйыл 23 жашка чыкмак. 38-орто мектепти жакшы окуп аяктаган. Улуттук университеттин экономика факультетин аяктап жаткан болучу. Жаштайынан чыйрак, боорукер, зээндүү болуп өстү. Ар дайым экөөбүз сүйлөшкөндө мамлекеттеги оор кырдаалды, жогорку бийликтегилердин адилетсиз саясатын сындап жүрчү. Анан 7-апрелде элдик көтөрүлүш болгондо аябагандай активдүү катышыптыр уулум. Аны кийин мага достору айтты. Өзү болсо жашырып жүргөн. Бизди тынчсызданбасын, кейибесин дегенби, айтор мен башка жактамын, кафеде балдар менен отурам деп эле жашырып жүрө бериптир. Аны биз каза болгондон кийин досторунан угуп жатпайбызбы. Ошол жерде каза болгондорду, оорулууларды машинеси менен ооруканага ташып жүрүптүр. Эртең менен досторун алып алып "Форумдун" алдына барып, ал жерден аянтка келиптир. Анан ал жерден колонналарды ата башташыптыр. Каза болгондорду, кулап калгандарды машина менен ташып жүрүптүр да байкуш. Болгондо дагы ак үйдүн жанына барып, каза болгондорду көтөрүп, жарадарларды жетелеп, коркпой аралашып жүрүптүр. Быйыл окууну бүтмөк. Акыркы экзаменге даярданып жаткан. Экзаменге бараардын алдында Көлгө эс алганы барып келейин деп, ошону менен каза болуп калды. Сүйлөшкөн кызы экөө кетишкен. Анан келе жатканда кызы менен таарынышып кетишкен окшойт. Машинени катуу айдап келе жатып, Тамчы айылына жете бергенде ошол жерден кырсыкка учураптыр. Элге кызмат кылсам деген аруу тилегине жетпей калды.
- Уулуңуздун ыңкылапка катышканын билген жок белеңиз?
- Бизге айткан жок да. Ошол күнү кечке чейин апасы кайта-кайта телефон чалып, тынчсызданып жатканда "апа кыжаалат болбогула, мен балдар менен кафеде отурам, аянттан кетип калдым" деп бизди алдап коюптур. Бирок, анда аман-эсен келгени менен минтип кырсыктан каза таап отурат.
- Каза болгондо машинанын рулунда ким болгон?
- Өзү айдап жүргөн болучу. Бирок, ошентсе дагы ооруканадагы врачтар, МАИ кызматкерлери шалаакылык кылышпаса, баламды сактап калууга болот эле. Анткени Чолпон-Атадан тез жардам чакырса алар бизге карабайт дешип, келбей коюшуптур. Ал эми Балыкчыдагылар болсо, биздин территория эмес деп алар да келбей коюшуптур. Анан ошол жерден өтүп бара жаткан Эшеналиев Бакыт деген жигит машинасына салып, уулумду Балыкчы ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткириптир. Бирок, ортодон кан көп кетип калганына байланыштуу үзүлүп кетиптир. Ал жерден дагы баланы жакшы карабай коюшуптур. Аракет кылышса сактап калышмак эле.
- Бул жерде врачтардын күнөөсү бар дейсизби?
- Албетте, аларда да күнөө бар. Эгерде убагында аянбастан капельница куюшуп, кан басымын жакшылап карашканда аман калмак экен.
- Аларга тиешелүү чара көрүүнү талап кылган жоксузбу?
- Мен баламдын сөөгүн алып жатканда "эч кимге дооматым жок" деп тил кат жазып бердим. Эми калганы кудайдын колунда. Жаткан жери жайлуу болсун.
- Мамлекет башчыларынан кандай камкордук күтөсүз?
- Алар мамлекетти оор учурда башкарып жатышат. Ансыз да түйшүктөрү көп. Мен жетекчилерден эч кандай жардам күтпөйм. Өзүбүз деле бардар турабыз. Болгону жакында "Мекен шейиттери" деген китеп басылганы жатыптыр. Ошого Марлендин эмгегин да кошуп коюшса дейм. Андан башка өтүнүчүм жок.
- Сиздин оюңузча бүгүнкү бийлик ошол мекен үчүн шейит болгон азаматтардын эмгегин актоого аракет кылып жатабы?
- Аракет бар албетте. Бирок акыркы убакта Акаев менен Бакиевдин кызматын кылган эски кадрлардан куралган техникалык өкмөткө ишеним азыраак болуп жатат. Алардын ордуна билими күчтүү, четтен окуп келген жаштар бар эле, ошолорду дайындаса болмок. Бирок, бул каталарды дагы бара-бара жоюшат деген ишеничтемин. Жалпысынан азыркы бийликке ишенсе болот.
Маектешкен
Адилет АЙТИКЕЕВ
adilet77@mail.ru