Дүйнөнүн чокусундагы маек

Майрамбек Тойчиев, Мургаб районунун акими:
"Берекелүү кыргыз жергесине тынччылык, бейпилдик орносун"
Тажик республикасынын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусуна караштуу Мургаб районунун акими, Тажикстан жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, "Барбол, Сарыкол", "Кулжа наама" аттуу ыр жыйнактардын автору, сарыколчу (памирлик) кыргыздардын котормочусу жана акыны Тойчиев Майрамбек Токоновичти кепке тарттык.

- Майрамбек Токонович, Мургабда жашаган сарыколчу кыргыздар жөнүндө кебибизди баштасак, элиңиздин абалы кандай, эмне менен алектенип жатышат?
- Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун курамындагы Мургаб району Тажикстандагы эң бийик тоолуу, территориясы боюнча да эң чоң район. Аянты 38 миң чарчы километрден ашат. Бирок, калктын жыштыгы абдан төмөн. Ушундай эбегейсиз чоң аянтта болгону 14 миңден ашуун гана адам жердеп, тиричилигин өткөрүп турат. Калктын сексен пайызын кыргыздар түзүп, кылымдар бою тажик калкы менен туугандык, достук мамиледе турмуштун ачуу-таттуусун бирге баштан кечирип келүүдө. Райондо алты жамаат (айыл өкмөтү), он төрт мектеп бар. Өздөрүн "сарыколчу" деп аташкан мургабдык кыргыздар атам замандан бери мал чарбачылыгы менен алектенишип, топоз, кой, эчки багышат. Биздин эл бул чарбанын чыныгы кесипкөй чеберлери болуп саналышат. Кудайга шүгүр азыркы мезгилде мал чарбачылыгы өнүгүүнүн жолунда. Айрыкча өлкөнүн Президенти топоз чарбачылыгын өнүктүрүү жаатында 2007-жылы Өкмөттүн атайын токтомун кабыл алгандан бери майда малга катарлаш топоздун, уйдун башы өсө баштады. Дегеним, элдин жашоосу оңолуунун жолунда баратат.
- Кыргызстан менен болгон карым-катыш кандай негизде өнүгүүдө. Ортодо чечилбеген көйгөйлөр барбы?..
- Сарыколчулар өз жашоосун Кыргызстансыз элестете алышпайт десем аша чапкандык болбосо керек. Жердештеримдин Кыргызстанда жашашкан тууган-урук , дос-жары менен болгон карым-катышы үзүлгүс. Сарыколдун базары дагы негизинен Кыргызстандан ташылган товарлардын эсебинен иштейт. Күздө, бышыкчылык болуп, бизде айтылгандай "той сезону" башталган учурда өндүргөн малын Оштун базарына сатышат. Кем-карчын ошол жактан толуктайт. Билим жаатына келсек, Кыргызстанда окугандар абдан көп. Эки өлкөнүн билим берүү министрликтеринин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жыл сайын Кыргызстандын ЖОЖдорунан атайын орундар бөлүнүп, улан-кыздарыбыз окууга жөнөтүлүп турат. Албетте, көйгөйлөр да жок эмес. Алардын эң башкысы - чек-арадан өтүүдөгү тиешелүү эрежелерге байланыштуу болууда. Оштон соода-сатык жасагандар же жөн эле жумуштап жүргөндөр, окууга барган студенттер кыргыз чек-арачыларынын, бажыкерлеринин атайын чет өлкөгө чыкканда берилчү паспортту талап кылып, кыйнашаары тууралуу көп арызданышат. Ушул жерде чиеленишкен чоң көйгөй бар. Кыргызстан Тажикстан менен Согд облусу аркылуу да чектешет. Бирок, ал жакта мындай көйгөйлөрдүн жок экендиги айтылып келет. Атайын паспорт талап кылынбастан Тажикстандын жарандык паспорту менен эле Кыргызстанга кирип-чыга берсе болот экен. Бул тууралуу ушу жылдын башында Ош облусунун башчылыгына атайын кат жолдогонбуз. Тынччылык болсо, келечекте чечилип калат деген чоң үмүттө отурабыз.
- Сары-Кол кыргыздары Кыргыз өлкөсү тараптан чукул арада чечилчү кандай жардамдарга муктаж?
- Чукул жардам дей турган деле нерсе жок. Биздин азыр күткөнүбүз, Кыргызстанда абал тезирээк турукташып, тынч-тык орносо, сарыколчулар үчүн чоң бакыт. Биздин эл коркпой-үркпөй, мурункусундай каттап турганы эле биз үчүн чоң жардам. Башка маселелер, байланыштар, көйгөйлөр жөнүндө анан сөз кылсак болот.
- Кыргызстанда болгон окуялар чет жерде жашаган боордошторго кандай таасирин тийгизди?
- Албетте, Кыргызстанда болгон кайгылуу, каргашалуу окуялар сарыколчулардын турмушуна тескери таасирин катуу тийгизди. Эң башкы таасири моралдык жаатта болду. Элдин көңүлү чөгүңкү болду. Шалдайып, шайыбыз ооп, кадимкидей аза күттүк. Азыркы абалдын турукташып баратканына чоң канааттануу менен назар салуудабыз. Тезирээк тынчтык орношун каалап, жаңы бийликтин тезирээк кубаттанып, өлкөдө бейпилдик өкүм сүрүшүн тилеп отурабыз.
- Кадр даярдоо маселеси жана балдарды мектепте окутуу проблемалары кандай чечилүүдө?
- Кадр даярдоо маселеси абдан орчун экендиги жашыруун эмес. Врачтар, инженерлер, көптөгөн предметтик мугалимдер, деги эле бардык тармактар боюнча кесипкөй адистер жетишсиз. Кыргыз элинин башында турган жетекчилер ЖОЖдордон орун берүүдө ушуну ойлонушса дегим келет. Биз да жөн отуруп калбай, бул маселеде колдон келген иштерди жасап жатабыз. Жылыштар, ийгиликтер жок эмес. Кыргызстандан гана эмес, Америка, Кытай, Жапон өлкөлөрүнөн окугандар, батыш-чыгыштын тилин билгендер пайда болгону кубандырып турат. Анан да Кыргызча окутмалардын мектептерде жетишсиздиги - орчун көйгөйлөрдүн бири. Бул жаатта Кыргызстан менен байланыштар болуп келген мындан ары жигердүү ишке киришет деген ишеним бар.
- Жакында Президент Э.Рахмон Мургаб жергесинде болду, эмне максат менен келип, элге кандай жаңылык тартуулады?
- Өзүң белгилеп кеткендей 25-июнда Президент Эмомали Рахмон районубузга жылда белгиленчү мамлекеттик чоң майрам "Ынтымак күнүнө" байланыштуу келип, калк менен жолугушуп кетти. Бул райондун калкы үчүн чоң тарыхый окуя болду десек болот. Анткени, элдин көптөн күткөн мүдөөсү болгон жаңы ГЭСтин курулушунун башталышы Президенттин дал ушул келишине байланыштуу болду. Союз тозугандан бери электр энергиясынын жетишсиздигинен элдин көкөйү кесилип бүткөн эле. Эми Кудаа кааласа эки-үч жылдын ичинде 2 - 2.5 мВт кубаттуулуктагы анча чоң эмес ГЭСтин курулушу бүтүп калса, элдин турмуш-тиричилигинин кескин жакшырышына, кичи жана орто ишкердиктин кубаттанышына шарт түзүлмөкчү. Мындан тышкары Президент өз сөзүндө кыргыз менен тажик элинин ортосундагы туугандык мамилени тарых айдыңынан Манас ата менен Каныкей энеге байланыштыра тастыктап, кыргыз тилинин, каада-салттарынын сакталып, андан ары өрчүп-өнүгүшү маанилүү экендигин баса белгилегени элдин эсинде бекем орноду окшойт. Калкыбыз Президенттин жасаган аяр, жылуу мамилесине абдан ыраазы жана бүгүнкү өлкө саясатын толугу менен колдойт.
- Өзүңүздү акимдиктен сырткары чыгармачыл адам катары билебиз. Эки ишти айкалыштыруу кыйын болсо керек. Бүгүнкү күнгө чейин кандай ийгиликтерге жетишип, эмнени багындыра албай турасыз?
- Албетте саясат менен көркөм адабиятты бирдей алып кетүү оңой иш эмес. Өзүң билгендей мындан мурунку жылдарда эки ыр жыйнагым Оштон жарык көрүп, окурмандардын жаман эмес пикирине арзыган эле. Бул ишке келгенден бери чыгармачылыкка бир аз кол бошобой жатканы ырас. Бирок, убакыт таап кээде чиймелей коюп, которо коюп дегендей, чыгармачылыктан алыстай элекмин. Буйруса, "Добулдагы кыргыззаада" аттуу жаңы жыйнагымды бу сапар Бишкектин өзүнөн чыгартайын деген ниетим бар.
- Кыргыз журтчулугуна тилегиңиз?
- Ылайым берекелүү, ыйык кыргыз жергесине тынччылык, бейпилдик орноп, Кыргыз өлкөсү дүйнөлүк, эл аралык айдыңда татыктуу орунду ээлесин!

Маектешкен
Зулпукаар САПАНОВ