Эл аралык иликтөөлөр кимдерди чоочулатат?
10-15 -июнда өткөн коогалуу окуяларды эл аралык иликтөө тууралуу кыргыз өкмөтү кабыл алган чечимдер өлкө ичинде ар түрдүү карама-каршылыктарды жаратып жатканы жашыруун эмес. Калктын кайсы бир катмары бул иликтөө башаламандыктын себепчилерин таап чыгып, андан ары мындай тополоңдун чыгуусуна бөгөт коет дешсе, көпчүлүгү, анын ичинде бир катар таасирдүү саясатчылар чет элдиктердин аралашуусу кыргыз мамлекетинин суверенитетине шек келтирет деп белгилешет.
ОБСЕ, АКШ өкмөтү, Евросоюз күчтөрү менен иликтөө иштерин жүргүзүү керектиги тууралуу бир нече ирет үндөөлөрдөн кийин, 6-июлда УӨ башчысы Р.Отунбаева бул тууралуу Указ чыгарган. Отунбаева мурдараак коомдук ишмерлер, журналисттер жана укук коргоочулардан улуттук комиссия түзгөн эле. Анан эле 16-июлда берген пресс-конференцияда Отунбаева өз чечимин мындайча түшүндүрдү: Бүгүн биз эл аралык иликтөөлөрсүз эч нерсе кыла албайбыз. Биз эки этникалык коомчулукка тең (кыргыздар жана өзбектер) бул окуялардан сабак алууга жардам бере турган натыйжаларга ээ болушубуз керек. Чет элдик эксперттер менен эл аралык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган бул комиссияны ОБСЕнин Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Киммо Кильюнен жетектей турганын да билдирди.
Айрым эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү Отунбаеванын чечимин колдошту. Алардын айтуусунда, бул - өтө олуттуу кадам. Ошондой эле кыргыз өкмөтүнөн үмүтүн үзүп койгон көптөгөн өзбек улутундагы адамдарды да бул чечим кубанычка бөлөдү. "Иликтөөлөрдү эл аралык комиссия жүргүзүшү керек. Биз кыргыз комиссиясына ишене албайбыз. Алар (бийлик) телеэкрандан жетишерлик эле калптарды агытты" дейт атын атабаган Ош шаарынын өзбек пенсионери.
Антсе да, көптөгөн кыргыз саясатчылары Отунбаеванын бул кадамына сын көз менен карап жатышат. Вице-премьердин милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров журналисттерге: "Ар кайсы эл аралык уюмдар иликтөөлөргө катышпаш керек, себеби, биздин мамлекетибиздин суверендүүлүгүнө шек келип жатпайбы" деген ойду билдирген.Ушул жерден белгилей кетели, УӨнүн көпчүлүк лидерлери июлдун ортосунда эле отставкага кетишкен. Себеби, парламенттик шайлоолордо ат салыша тургандар Конституцияга ылайык кызматын таштоосу зарыл . А Бекназаров 21-июлда кыргыз журналисттери менен болгон маегинде отставкага кетүү ниети жоктугун билдирген.
Роза Отунбаеваны ушул бир эле - эл аралык иликтөөлөргө уруксат бергени үчүн эле сындап жатышкан жери жок. Июлдун башында улуттук телевидениеден сүйлөп жатып Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов: Кыргызстан чет өлкөлүк эксперттерге муктаж эмес - деген өзүнүн оюн билдирген. Мындан тышкары, ал мурда пландалгандай, ОБСЕнин полициялык-консультативдик тобун өлкөбүздүн аймагына киргизүүгө каршы чыккан. Отунбаева ОБСЕ менен бул маселе боюнча июндун ортосунан бери сүйлөшүү жүргүзүп келет, бирок алиге акыркы чечим кабыл алына элек.
ОБСЕнин полициялык миссиясына каршы болгон жеке гана Мырзакматов эмес. 22-июлда Бишкекте ОБСЕнин имаратынын алдында 200 адам өлкөгө полицияны киргизүүгө каршылык митингин өткөрүштү.
Айрым баяндамачылар: чет элдиктердин биздин саясатка аралашуусу - жергиликтүү бийликтин күнөөлөрүн айгине кылуу коркунучуна ээ деп эсептейт. Июндун башында бишкектик аналитик Александр Князев немецтик Дойче Велле маалымат кызматына: "Кыргыз коопсуздук кызматы бул конфликтте этникалык кыргыздар тарапта турушту, муну чындык менен моюнга алуу өтө маанилүү" деп билдирген.
Баяндамачылар жергиликтүү айрым чиновниктер эл аралык комиссиянын ишине тоскоолдук кылат деп чоочулап турушат. А. Князевдин пикирине караганда, чет элдик эксперттер менен алар ачык-айкын иштешүүсү арсар, тескерисинче, күбөлөрдү коркутуп, көрсөтмөлөрдү бурмалап, туура эмес көрсөтмөлөрдү бериши мүмкүн.
Мунун баары алдын ала айтылган сөздөр, божомолдоолор. Ал эми азыр аскасы асман тиреген Ала-Тоону мекендеп, өзү гана эмес, өзгөлөрдү да бооруна тартып батырган, конок деп төргө чыгара сыйлап, ийилип кымыз сунуп турган кыргыз элинин дал ушул азыр чындык деп чыркырап күйүп турганын ким жокко чыгара алат.




АДАМ ТАЗА СУУ ИЧҮҮГӨ УКУКТУУ!
Адамзаты толук кандуу жашоого укуктуу. Демек, ага көп нерселер керек. БУУ жакында кабыл алган резолюция муну ырастайт жана толуктайт. Адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келбеген таза суу ичүүгө укуктуу!
Бул резолюция бекеринен кабыл алынган жок. Жер шарында 800 млндой адам таза суу менен камсыз кылына элек, ал эми 2,5 млрддан ашык адам элементардык санитардык шарты жок жашоону башынан кечирип жатканын билип коюу керек. Демек, бул маселеде экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдө да проблемалар бар болуп чыгат. РФ президенти Д.Медведев ошон үчүн экология үчүн тынчсызданып, балким, бул сферада бизнес иштерин өнүктүрүү оң натыйжаларды берер бекен деген ойлорун ортого салат.
...А кыргызга мөлтүр кашка сууну жараткан өзү белекке берип койгон. Антсе да, "суунун да сурагы бар" деген накыл кепти эстен чыгарбасак.


АДИСТЕРДИН ТЫНЧЫН АЛГАН АБА ЫРАЙЫ
Францияда 2003-жылы катуу ысыктан миңдеген адам көз жумган. Ошондо Бүткүлдүйнөлүк табигый жаратылыш фондунун (ВВФ) адистери мындан ары да күндүн ушундай ысышы боло берерлигин айтып чыккан.
Эми аталган фонд Россиядагы ысык жөнүндө да өз божомолун чыгарып жатат. Эгер азыр Орусияда бир күндө бир гидрометеорологиялык кубулуш (суук же ысык) байкалса, 15 жылдан кийин аба ырайынын өзгөрүүсү бир күндө эки ирет болуп өтөт,-деп билдирет адистер.


ЧАЙКОВСКИЙ МЕНЕН ЛЕНИНДИН ТУУГАНЧЫЛЫГЫ
Пролетариаттын улуу жол башчысы В.И.Ленинди улуу муундар эч качан унутушпайт. А бирок, улам кийинки муундарга Ленин атабыз анчалык кызыгы жок болуп баратканын моюнга алган оң.
Володяны карапайым орус үй-бүлөсүнөн чыккан адам катары окуп келгенбиз. А бирок, апасынын тегин ХУ11 кылымга чейин иликтеп отурушуп, Лениндин канында немец, швед, еврейдин каны жүрүп турганын таап чыгышты. Алсак, Россиянын каржы министрлигинин соода жагын тейлеген Карл Гросшофп Володянын таекеси, 1980-жылы ФРГнын президенти болуп турган Рихард Вайцзеккер да апасынын жакын тууганы болуп чыкты. Баарынан кызыгы, улуу композитор Петр Чайковский да Ленинге кандаш болуп чыккан.
Кантсе да, генинде генийлик бар окшобойбу, номур биринчи коммунисттин...


Маалымат булактарынан алып даярдаган Нурбүбү БӨДӨШОВА.