Тектир саз

Өмүрбек Абрахманов, ишкер:
"Азыркы бийликте коррупционер адам отурат"
- Амангелди Муралиевдин күзүндө эларалык жанкечтилер Кыргызстанга басып келет дегенин кандай кабылдадыңыз?
- Мамлекеттин башында туруп алып, базарда отурган кемпилердей көрөгөчтүк менен элди дүрбөтүү эси жоктук жана элге каршы саясат. Эгер Муралиевдин көзү ачык болсо Бакиевдин "Ынтымак курултайына" барып, анын кылмыштуу саясатын, үйбүлөлүк диктатурасын колдобойт болчу. Бул киши күзүндө чыр чыгат деп алдыдагы шайлоону болтурбай, үч айлык бийлигин узартууга далалат жасоодо. Мындай жетекчилерден алыс болуп, бийликке такыр жолотпошубуз керек.
- Бийликтин башына бакиев-акаевчилерди койду дегенге кошуласызбы?
- Кимди койсо аны койсун. Булар үч айлык. Бир нерсени өзгөртүп да жибере албайт. Эптеп айлыгын алып, туруп берсе болду. Техникалык өкмөт ушундай максатта куралган. Тилекке каршы, булар саясатка кийлигишип, күзүндө чыр чыгат дешип элди дүрбөтүп, өкмөткө коррупционерлерди чогултуп баштады.
- Коррупционер деп кимди айта аласыз?
- Эскини кайталап, "туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" дегендей болбошубуз керек. Мындай адамдар эмне үчүн бийликке келип жатат деген суроо туулат. Албетте, акжолчулар акча менен бийликке туруп үйрөнгөн. Муну эл ачык эле айтып жатат. Мен ага кошулам. Демек, азыркы бийликте дагы коррупционер адам отурат. Каптагаевби, башкасыбы айтор кимиси экенин билбейм. Үч айдын ичинде эптеп бир нерсе топтоп алайын деп калышкан өңдөнөт. Биз ага жол бербешибиз керек.
- Үч айлык мөөнөт узарып кетпейт деп айта аласызбы?
- Узарбайт. Бирок, булар аракет кылып жатат. Эмдигиче шайлоону жарыялабай создуктуруп, биздин оппонентерди, демократиянын каршылаштарын таңдан кечке КТРден рекаламалап, эскилердин чырагына май тамызууда. Албетте, эл ага жол бербейт. Шайлоо өз убагында болуш керек. Эгер өткөзбөйбүз дешсе, техникалык өкмөт "бир жакка" учуп кетиши ажеп эмес.
- Кантип…
- Жакында УӨнүн мүчөлөрү чогулуп эмне үчүн шайлоо жарыяланбай жатканын кабыргасынан койду дейт. Эгер кабыргасынан койгону чын болсо шайлоону өткөргөнгө мажбур болот. Жок ага да болбой койсо эл көтөрүлөт.
- Демек, Президенттин тегерегине мурдагы эле шылуундар бириктиби?
- Бириккени көрүнүп эле турбайбы. Өкмөткө жаштарды көбүрөк тартыш керек болчу. Тилекке каршы андай болбоду. Муралиев кыйын болсо партиясын элге көрсөтөт эле го. Партиясына он кишинин башын бириктире албаган адам өкмөттү башкарып жыргатабы. Ушундайлыгынан күзүндө тигиндей-мындай болот деп көзачыктык кылып жатат.





Шайлоо Кодексинде чыр башталды
Шайлоо Кодекси көк бөрүгө түшүп, ар кайсы топтор өз кызыкчылыгына карай бурууга аракеттенсе, айрымдар элдин көзүнө көрүнүү үчүн жумурткадан кыр издөөдө. Кодекстин 22-беренесинин 3-пунктунда белгиленгендей, жарандардын туруктуу жашаган, катталган жеринен эмес, убактылуу жашаган жеринен т.а. айтканда шайлоо күнү кайсы жерде болсоң, ошол жерден шайлоого катышууга боло турганы талаштын башатын түздү. Албетте, ар кимиси катталган жеринде добуш берсе дурус болмок, тилекке каршы, акыркы айлардагы кандуу коогалаң жарандарды ар кайсы тарапка чачыратты. Экинчиден, жумушчу күчтүн ички миграциясы да бар. Үчүнчүдөн, стунденттер, ЖОЖдордун босогосун жаңы аттагандардын добушу сыртта калышы мүмкүн. Ушул жагдайларды эске алганда жогорудагы өзгөртүү, ар бир жаран кайсы жерде болсо, ошол жердеги шайлоо учусткасында өз добушун берүү чечими туура кадам болот. Муну бүткүл эл колдоп жатыр. Ал эми "карусель" болот дегендер ар бир шайлоо учаскасынын кире беришине өз адамдарын коюп, маркерди текшерүүчү жерден эки жолу кирбегендей тыкыр көзөмөлдөсө болот.


Улутту унутпагын эштегим!
Кыргыздын каймактары т.а. эгемендүүлүктөн бери карай саясатта кыл чайнашкан элитасы улуттук маселеде чабал экендиктерин саясий турмушта, мамлекеттик башкарууда далилдеп беришти. Сайдын ташындай көбөйгөн ондогон лидер сөрөйлөрдөн улуттук маселедеги аткарган ишин таразага салсаң өйдө көтөрүлбөйт. Бийликтин бийик тепкичине көтөрүлүп, улуттук маселеге маани бергендерди санай келсең беш манжаң жумулбайт. Муну Түштүк окуяларында дагы көрдүк. Эми ЕККУнун полицияларын киргизүүдө саясий элита солдаттары макул дегендерин көрүп жаның кашайат. Эларалык уюмдардын эсебинен курсагын тойгузган, кыргыз кыйналган кезде талаалап качып жанын сактаган адамдар элдин пикирине назар салып, акыл калчабастан "кирсин эле кирсин" дегендери өтө өкүнтүүдө. Саясатчылар, журналисттер өлүп, 7-апрелде кыргыз жаштары атылып жатканда океандын ары жагында жашынып жаткандар сепаратистер түн ортосунда мыкаачылык менен кыргызды кырганын ойлошпойбу. Өлкө ичиндеги АКШ, Россия куралдуу күчтөрүнүн турганы аз келгенсип, эми Европанын полицияларын киргизүү наадандык. Алар бир кирсе, чаңтополоңун чыгармайынча чыкпайт. Кана АКШнын базасын чыгарганыңар?
ЕККУнун полициясын киргизүүнү самагандар, алардын киришин колдоп жаткандар саясий акылсыздыкка алдырып, Ош окуясына ким күнөлүү экенин таап чыгат дешип, алакан ушалап отурушканын кулагыбыз чалды. Мунун арты менен улуттун кызыкчылыгы үчүн баш көтөрүп, эл менен аралаш жүргөн айрым элдик лидерлердин түбүнө жетүүнү көздөшкөнүн билсек болот. Эх, кыргызым ушундай көралбастыкты койсоң болбойбу. Же улутка каршы саясат жүргүзгөн Акаевдердин, Бакиевдердин кейиштүү тагдырлары сабак болгон жокпу? Эгер ушундай негизде ЕККУ полициясын чакырып жатсаңар, анда терең жаңылышасыңар. Кыргыздын духун, улуттук сезимин эч качан сындыра албайсыңар. Эгер кыргыз дегендерге өзүңөрдүн алыңар жетпей, кармаганга же жумуштан кетиргенге батынбай, бирөөлөрдүн түктүү колу менен тазалоону максат кылсаңар, эч ким силерди кечирбейт. Улуу кыргыздын урпактары улутка каршы чыккандардын ар дайым катыгын берген, мындан ары да бере берет. Ушуну бир билгиле!

Төрүбүздө тайраңдагандар акыл айтты
Кыргыздардын койнунда жашап, Кыргызстандын суун ичип, абасын жутуп, жерин жердеген дунгандар менен түрктөр кылчайнашкан кырдаалда жөн жатпастан кыргыз патриотторуна каршы пикирин билдирип, чекесине бирөө черте электе ЕККУнун полициясы киришин талап кылышты. Ой тобоо. Эки элдин пикирин дунган коомунун президенти Сумар Насиза, түрк коомунун мүчөсү Эмиль Гамидов билдирди. Дуңган менен түрктөрдү Кыргызстандагы улуттар Ассамблеясынын катарына кирген 30 улут колдоп жатканын Ассамблеянын катчысы Светлана Пак жар салды. Эмне үчүн аталган улуттун өкүлдөрү жанталашып жатат дешиңиз мүмкүн. Түштүк окуяларынан кийин булардын тынч уйкусу бузулду. Корей, түрк, дунган улуттарынын тынчсызданганын түшүнсөк болот. Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбектердей, түндүгүндөгү эң бай адамдар ушул улуттан. Бишкектеги чоң-чоң бизнестер да ушулардыкы. Эмнеге Кыргызстанда эң көп жашаган орус улутундагылар мындай билдирүү жасап, ЕККУнун киришин талап кылбайт? Анын жүйөлүү себептери бар. Канча кылган менен орустар жөнөкөй, кыргыз менен пейли бир улут. Эки улуттун ортосунда араздашуулар, пикир келишпестиктер жок. Мындай улуттар кайсы жерде болбосун тынчтыкта жашай берет. Ал эми чебелектегендерди түшүнсөк болот. Элараласаң эле кимдин ким экенин билесиң. Айкөл кыргыз баарын кечирип, түшүнүп келди. Тарыхта койнубузда күн кечирген улуттар кыргызга жасаган иштери туурасында Т.Касымбековдун "Кел-Кел" романынан окусаңыз түшүнөсүз. Кыргыздын жөн эл эместигин, канында көп нерселер катылып жатканын, кекенгендин кегин, касташкандын катыгын оңой эле берип койорун жакында катар-катары менен көрсөттү. Эмне дейбиз, айкөл элдин намысы менен ойногондон абайласаңар бекен, ардактуу жердештер!


Бетти даярдаган Памир МАНАС